СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ата мекенге кызмат кылуу баарыбыздын милдетибиз

Нажмите, чтобы узнать подробности

Ата мекенге кызмат кылуу

 

Ата мекенге кызмат кылуу – баарыбыздын милдетибиз.

 

А. Окуучуларга суроолор

1.Мекенге кызмат кылуу деген эмне жана ага кантип кызмат кылса болот?

2.Силер өз мекениңер үчүн эмне кылгансыңар?

3.Элдин патриоттук сезимин канткенде ойготсо болот?

 

Б: Теманы түшүндүрүү

 

            Ата мекен – корголоп, уялап, жакындарыбыз менен бакыт издеп жашаган жер. Мамиле курабыз, эмгектенебиз, эс алабыз. Ата-мекен - ырыскыбыз чыккан жер. Коркпостон эмгектенип, адал эмгегибиз менен наныбызды тапкан жер. Ата-мекен - киндик каныбыз тамган жер. Төрөлүп, бапестелип, илим-билим алып, эрезеге жеткен жер. Ата-мекен – ата-бабаларыбыздын кылымдар бою ички жана сырткы душмандардан коргоп, бизге мурас жана аманат катары таштап кеткен жер. Аны коргоо жага кийинки муунга калтыруу биздин ыйык милдет.

            Жакшыга жетүү кыйын, ал эми жакшыны колдо кармап калуу андан да кыйын. Өлкөбүздүн тынчтыгын жана бейпилдигин сактап калуу үчүн ата-бабаларыбыз канчалаган салгылашууну башынан өткөргөнүн тарыхтан билебиз. Дүйнөлүк аренада башка мамлекеттерден артта калбаш үчүн кандай гана эмгек жасалбаганын жа жакын тарыхтан билебиз. Салынган завод-фабрикалар, иштетүүгө киргизилген талаалар, казылып алына баштаган кен байлыктар – улуттук байлыгыбыз. Сактап калып, өнүктүрүп, өнүгүүнүн дагы да жаңы багыттарын ачып кийинки муунга мурас калтыруунун амалдарын өздөштүрүшүбүз керек.

            Ата-мекенге кызмат кылуу - бул ар бир адамдын ыйык милдети. Аны аткарбай туруп адам эч качан мамлекетке же жашаган жерине, жанындагы элине нааразы болгонго акысы жок. Бул жерде, канткенде ата-мекенге кызмат кыла алам деген суроо пайда болот. Мекенге кызмат кылуу ар түрдүү болот. Булар:

Элин-жерин сүйүү, коргоо жана колдоо. Ар бир атуул элинин намысын, наркын жана маданий баалуулуктарын коргой билиши керек. Элин ойлоп, ар бир адамды жакшылыкка чакырып, аларды колунан келгени менен камсыздоо, жардам берүү, калыс мамиле жасоо, эч биринин акысын жебөө, уурулук кылбоо - бул мекенди колдоо жана коргоо дегенди түшүндүрөт. Душманга элин, жерин сатпоо, душман элге улуттун сырларын ачпоо, кол салган душманга колу менен, тили менен, акылы менен туруштук көрсөтүү мекенди чын дилден коргоо дегендик.

Жан дүйнөсү менен берилип, таза иштөө.  Ар бир атуул, кандай кесиптин адиси болбосун, өзүнүн ишин так жана таза аткарса, ал мекенине кызмат кылган болот. Врач чын дили менен иштесе мекендештери оорулуулардын саны аз болот, мугалим чын дили менен иштесе билимдүүлөрдүн саны көп болот, милиция кызматкери таза, чынчыл болсо кылмыштуулук аз болот. Кыскасы, ар ким ишин “элим үчүн, жерим үчүн” деп аткарса, таза иштесе, элибиздин жашоо стандарты жогору болмок, калкыбыз бейпилдик жана токчулукта жашамак.

Өз тарыхын унутпоо, каада-салтты көздүн карегиндей сактоо. Тегин унуткан манкурт болуп эсептенилет. Ал эми манкурттун элге да, жерге да зыяны гана тиет. Жакшы менен жаманды айырмалай билүү, жаш муунга жакшы насыйкат калтыруу да мекенге кызмат кылуу демек.

            Канчалаган элдер тарыхтан жок болуп кеткен! Канчалаганы ар кайсы чоочун өлкөлөлөрдө баш калкалап жатышат! Ошондуктан, сактап калган жерибиз, салтыбыз, тарыхыбыз үчүн ата-бабаларыбызга терең таазим кылуу менен мекенди бизден кийинки муунга да мурас кылып өткөрүп берүүгө тийишпиз.

            Сөздүн акырында Түркиянын Стамбул шаарында болгон окуяны кошуп кетмекчимин. Туркиянын эң эски жана тарыхый жактан зор мааниге ээ болгон Селимие мечитинин курулушу жүрүп жаткан. Ал жердеги эң оор болгон таштарды бөлүп тегиздөө иштеринде иштеген жумушчулардын ой пикирин билүү максатында Мимар Синан (мечиттин архитектору) алардын жанына барат. Алгач кезиккен ишчиден: «Тууган, эмне кылып жатасың?» - деп сурайт. Ошол эле замат: «Сен эмне көрсүңбү? – деп бакырат ал ишчи. – Мына бу кесилиши мүмкүн болбогон таштарды кесип, уста башчысынын каяктагы бир буйругу менен күн мээни кайнаткан ысыкта тозоктун ишин кылып жатамын». Мимар Синан ал жерден тез узап кетет. «Кайрымдуу иш кылып жатканы менен элдин баары ушундай ойлойбу?» - деп санааркай баштайт ал. Ошол эле ишти кылып жаткан экинчи кишинин жанына барат да ага суроосун кайталайт: «Тууган, эмне кылып жатасың бул жерде?» Ишчи: «Бул аска таштарын биздин уста башчысынын айтуусу боюнча планга ылайык жайгаштыруу үчүн формасына тууралап кесип жатам. Иш оор, кызыксыз, бирок үй бүлөм үчүн акча керек. Эмнеси болсо да ишим бар, бош жүргөн жокмун. Ак эмгек менен адал нан таап жатам. Ошого да шүгүр деп иштеп жатам. Мындан да жаман болушу мүмкүн эле да». Бир аз өзүнө келген Мимар Синан үчүнчү ишчиге барат да ошол эле «эмне кылып жатасың?» деген суроону берет. Анда ал ишчи: «Көргөн жоксуңбу, - деп колун көккө жаят, - Зор мечит салынып жатат бул жерге, а мен ошол мечиттин салынышына өз салымымды кошуп жатам. Урпактарга мураска калуучу улуу мечитти салууга ак эмгегимди жумшап жатам. Балдарыбыз жана неберелерибиз бизди кийин бизди ушул эмгегибиз менен эскерип турат. Бул улуу иштин кыйынчылыгын биз тартсак дагы жыргалчылыгын балдарыбыз көрөт эмеспи. Демек, бул жакшы иш».     

            Токтобостон, жүрүп жаткан эбегейсиз чоң курулуш бар, бул - өлкөбүз Кыргызстан. Жогоруда айтылган үч ишчинин кайсынысы биздикине туура келет. Ар дайым нааразы болгон биринчисиникиби? Же күнүмдүк жашоосуну тегиз кеткен экинчисиникиби? Же жасап жаткан ишинин жөнөкөй иш эмес экенин баамдап, аны кийинки урпактарга татыктуу кылып таштап кетүүнү эңсеген үчүнчүсүнүкүбү? Аны тандоо да өз колубузда. Кайсыл жерде, эмне гана иш кылбайлы, ал иштин кийинки урпактарга таасири тие турганын унутпаш керек.

 

В: Аңгеме

 

Француз аскери 1809-жылы Венага карай чабуул баштайт. Офицерлерден бири бир дыйканды карматып келип, өздөрүнө жол көрсөтүп берүүсүн талап кылат. Анткени француздар жолду билбегени үчүн туура эмес багытка кетип калуудан чоочулашты. Анын үстүнө кечинде бир баскын жасоону да пландап жатышкан. Бирок дыйкан жүрөктүүлүк менен минтип кыйкырды: «Кудай мени мындай кыянатчылыктан алыс кылсын. Мен эч качан мекениме чыккынчылык кылбайм». Офицер эмне кылаарын билбей, тайсалдай түшөт. Бир жол көрсөткүч болбосо, чабуул жасоо мүмкүн эмес эле. Ал эми дыйкан мекенимди сатпайм деп көшөрүп болбой койду. Командир ага бир кесе алтын берем деп убада кылды эле, жакыр дыйкан ага да болбоду. Ага чейин душман ордосунун калган бөлүгү да арттан жетип келди. Генерал туткун дыйкандын жол көрсөтпөйм дегенин укканда жаалданды. Жолду билген жалгыз кишинин бул милдетти кабыл албашы пландын ойрондолушуна себеп болмок. Генерал дыйканга: «Же бизге жол көрсөтөсүң, же сени атып өлтүрөбүз» дейт. Дыйкан тартынбастан: «Журтуна кыянаттык кылган киши катары тирүү жүргүчө, өлгөнүм миң эсе артык» деп жооп берет. Генерал мекенин сүйгөн дыйканга: «Сени кечирдим. Азамат жигит экенсиң. Эсен-аман элиңе кетип кал» деген экен.

 

Г. Накыл сөздөр

 

Мекениңдин кадыры башка жакта билинет.

Эл үмүтүн эр актайт, эр атагын эл сактайт.

Эл үчүн эзил, калк үчүн кыйнал.

Эр жигит эл четинде, жоо бетинде.

Ата журтуң – алтын бешигиң.

Д. Ыр саптары

Ата-журт кыйын күнгө кабылганда,

Айлансын ар-бир уулу чагылганга.    Ж. Мамытов

Просмотр содержимого документа
«Ата мекенге кызмат кылуу баарыбыздын милдетибиз»

Кыргыз поэзиясынын өкүлү, таланттуу акын Алыкул Осмонов — 1915-жылы Панфилов районуна караштуу Каптал-Арык айылында туулган.

Алыкул Осмонов кыргыз элинин алгачкы жазма акындарынын эң ири өкүлдөрүнүн бири. Жаштайынан томолок жетим калып, Токмок балдар үйүндө тарбияланат. Мына ушул жерде адабий китептерге өтө кызыгып, өз алдынча ыр жазып баштайт.

14 жашында Фрунзе педагогикалык техникумга кирип 1928 – 1933-жж. окуйт. Ал жакта адабий ийримдерге катышып, орустун белгилүү жазуучуларынын чыгармалары менен таанышат. 

1930-жылы "Сабаттуу бол" гезитинин сентябрь айындагы санында биринчи жолу "Кызыл жүк" деген ыры басылып, адабий тушоосу кесилет. Ушундан баштап анын ырлары гезит, журналдарга үзбөй жарыяланат. 1933-жылы техникумду бүткөндөн тартып, ал биротоло чыгармачылыктын артынан түшөт. Дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүн үзбөй окуп, билимин, тажрыйбасын тереңдетет. 

Алыкул 1938-жылы 9-апрелде СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө өткөн. 1950-жылы Москвада орус тилинде жарык көргөн "Мой дом" аттуу ырлар жыйнагы адабият боюнча Сталиндик сыйлыктын талапкерлигине көрсөтүлгөн.

"Ленинчил жаш" гезитинде, "Чабуул" журналында иштеген. Кийин акындын бир нече ырлар жыйнагы басмадан жарык көргөн. Оригиналдуу акындык жүзү 1945-жылы чыккан "Махабат" аттуу жыйнагынан таасын көрүнгөн. Акындын поэтикалык жеңиши менен эстетикалык принциптери "Жаңы ырлар", "Менин жерим — ырдын жери", "Ата журт" жыйнактарында дагы бекемделген. Бул жыйнактар кыргыз поэзиясын мурда болбогон реалисттик жаңы табылгалар, терең философиялык мазмун менен байыткан.

Алыкул Осмонов 1935-1950-жылдар аралыгында ондон ашык ыр китептердин ээси болду. "Таңдагы ырлар", "Жылдыздуу жаштык", "Чолпонстан", "Махабат", "Жаңы ырлар", "Менин жерим — ырдын жери" деген жыйнактары жарык көрдү. "Мой дом" аттуу ырлар жыйнагы 1950-жылы Москвадан орус тилинде басылды. Бул китеп жалпы союздук окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынып, акындын атагын алыска таратты.

Кыргыз фольклоруна кайрылып, аларды кайрадан иштеп чыгуу боюнча да көп эмгектенген. Балдар адабиятына кошкон салымы чоң. Мындан сырткары, чоң котормочу экендигин дагы көрсөттү. Пушкиндин "Евгений Онегин", Крыловдун тамсилдерин, Шекспирдин "Он экинчи түн", "Отелло" трагедиясын, Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" жана башка авторлордун чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Ошондой эле, бир нече драмаларды жаратты. Көптөгөн ырларына обондор жаралды. 

Калемдеш жана замандаштарына караганда Алыкул Осмоновдун таланты да, тагдыры да бөлөкчө. "Кудайга миң мертебе калп айтса да, ырына миң мертебе калп айта албаган" бул акын өзүнүн керемет поэзиясы менен адамдардын жүрөгүнө жашоонун не бир ажайып сулуулугун, кымбаттыгын жеткире алган. Алыкул өз өмүрүн ырсыз элестете алган эмес. Ошондуктан өмүрүнүн акырына чейин поэзияны ыйык туткан. Кудурети күчтүү табияттан анын сураганы да бир гана нерсе эле. Ал ыр болчу:

Мен турмушта сараң, ачкөз эмесмин,
Өктөө кылып: "Ай, аз бердиң", — дебесмин.
Байлык, үй-жай, ден соолуктан ардактуу,
Мага берсе, эки сабак ыр берсин.

Осмоновдун акындык жана адамдык сапатын мына ушул төрт сап ыр эле аныктай алат. Ал өмүр бою бул шертинен тайган жок. Улуу адам кайталангыс таланты менен өзүн өлбөс кылып жаратат. Алыкул да ошондой таланттардын катарына кирет. 

Бар бололу, түгөнбөйлү, курдаштар,
Узак, узак, узак болсун бул сапар.
Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да,
Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар.

Менин күнүм өлбөсүнө түңүлбөйт,
Толкун урса тайызына сүрүлбөйт.
Тирүүлүктө жоктугуна жол бербей,
Жер түбүндө чирисе да, бир гүлдөйт.

Акындын бир нече жыйнактары, поэмалары жана балдарга арналган чыгармалары орус, англис, эстон, казак тилдерине которулуп, төрт ыры япон тилиндеги "Дүйнөлүк акындар" альманахына кирген.

Ошондой эле, анын чыгармалары орто мектептерде, жогорку окуу жайларда кеңири окутулат. Өмүрү, чыгармачылыгы боюнча көптөгөн адабий, публицистикалык жана илимий эмгектер, китептер жазылуу менен кыргыз адабият тарыхында Алыкул таануу багыты улам кеңири кулач жайган.

Алыкулдун айрым чыгармалары табышмактуу сөздөрдү камтыганын байкоого болот. Профессор Осмонакун Ибраимов акындын табышмактуу сырлары боюнча бир катар пикирлерин айтып чыккан. Анын айтымында Алыкул Осмоновдун чечиле элек сыры — анын саясатка болгон мамилеси. Акын аттуунун баары жабыла партияны, Ленин менен Сталинди асман-айга теңеп ырдап жаткан мезгилде Алыкул дээрлик үн каткан эмес. Учур саясатын же жакшы, же жаман дебей, негизинен түбөлүктүү темаларды жазган.

"А бирок суроо туулат: Касым Тыныстанов атылып, кыргыздын нечен мыктылары дайынсыз жок болуп кеткен катаал заманды Алыкул укпадыбы, көрбөдүбү? Же көрсө да көрмөксөнгө салдыбы? Бул табышмактуу чоң суроо. Жок, көрсө Алыкул баарын көрүп, баарын сезиптир, нечен түйшөлүптүр, бирок бороон-чапкындуу каар заманды ачык публицистиканын тили менен эмес, Эзоптун тили менен, метафоранын тили менен, каймана образ жана салыштыруулар менен так да, даана да кылып ачып бериптир", — дейт професссор Осмонакун Ибраимов. 

Айрыкча "Ата Журт" деген ырда Алыкул замандын портретин абдан эле элестүү жана жеткиликтүү кылып берген:

Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүүрсүң,
Кыш да катуу бороон улуп, кар уруп…
Суугуңду өз мойнума алайын,
Жол карайын, токтой турчу, Ата Журт!

Жазда башка жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!

Түндөр жаман кырсык салып кетпесин,
Наалат келип, ат тизгинин шарт буруп…
Азабыңды өз мойнума алайын,
Из карайын, токтой турчу, Ата Журт!

Жазда башка жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!