1. 09.1959 - 08.1967: Өзгөн районундагы Шоро-Башат сегиз жылдык мектебинин окуучусу;
2. 09.1967 - 07.1969: Өзгөн районундагы А.С.Макаренко атындагы орто мектептин окуучусу;
3. 11.1969 - 07.1970: Кыргыз мамлекеттик университетинин даярдоо бөлүмүнүн угуучусу;
4. 08.1970 - 07.1975: СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин механико-математикалык факультетинин студенти; 1975-жылы июль айында математик, математика окутуучусу квалификациясына ээ болгон.
Просмотр содержимого документа
«Эмгек жолу жана билими (Менин өмүр баяным)»
Раманкулов Мухаммед-Назар, 27.09.1952, https://multiurok.ru/id0079333, [email protected]
Эмгек жолу
1. Өзгөн районундагы "Өзгөн" совхозу
2. Өзгөн районундагы Шоро-Башат (азыркы Тагай Асранов атындагы) орто мектеби:
08.1975-01.1989: мугалим (математика жана информатика предметтери боюнча);
02.1989-06.1992: директордун орун басары (окуу-тарбия иштери боюнча);
07.1992-08.1996: директор.
3. ОшТУнун Өзгөн филиалы (азыркы Ош технологиялык университетинин академик Бектемир Мурзубраимов атындагы эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институту):
09.1996: окутуучу (теориялык механика жана колдонмо математика предметтери);
11.1997: улук окутуучу (ОшТУнун Өзгөн филиалынын окумуштуу кеңешинде шайланган);
09.1999: улук окутуучу (информатика предмети);
2001, 2007: доцент (ОшТУнун Өзгөн технология жана билим берүү институтунун окумуштуу кеңештеринде шайланган);
12.1996 - 08.2006: кафедра башчысы
12.1996 - 08.1998: Табигый-техникалык жана жалпы кесиптик дисциплиналар;
09.1998 - 08.1999: Колдонмо механика жана техникалык дисциплиналар;
09.1999 - 08.2006: Колдонмо механика жана информатика.
09.2006 - 03.2010: Колдонмо механика жана информатика кафедрасынын доценти;
04.2010 - 08.2017: окуу-аналитикалык борбордун башчысы (Өзгөн технология жана билим берүү институту);
09.2017 - 08.2018: окуу бөлүмүнүн тескөөчүсү (Өзгөн технология жана билим берүү коллежи);
09.2018 - 08.2020: окуу бөлүмүнүн башчысы:
09.2018 - 10.2019: Өзгөн технология жана билим берүү коллежи;
11.2019 - 08.2020: Өзгөн технология жана билим берүү институту.
09.2020 – азыркы күнгө чейин: окуу бөлүмүнүн башкы адиси (Өзгөн технология жана билим берүү институту).
Билими
1. 09.1959 - 08.1967: Өзгөн районундагы Шоро-Башат сегиз жылдык мектебинин окуучусу;
2. 09.1967 - 07.1969: Өзгөн районундагы А.С.Макаренко атындагы орто мектептин окуучусу;
3. 11.1969 - 07.1970: Кыргыз мамлекеттик университетинин даярдоо бөлүмүнүн угуучусу;
4. 08.1970 - 07.1975: СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин механико-математикалык факультетинин студенти; 1975-жылы июль айында математик, математика окутуучусу квалификациясына ээ болгон.
КМУнун Механико-математикалык факультетиндеги Теориялык механика кафедрасында адистешүү менен "Идеалдык газдардын толкундук кыймылдары", "Газдардын жана суюктуктардын динамикасы", "Чоң ылдамдыктардын аэродинамикасы" (ф-м.и.к., доцент Карыбеков Назарбек), "Материалдардын каршылыгы" (техника и.к., доцент Чормонов Мелис Бакасович) предметтери боюнча атайын курстардан өткөн;
11.1974 - 05.1975: М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университе-тинин Механика илим-изилдөө институтундагы физика-математика илимдеринин доктору, профессор Владимир Петрович Стуловдун илимий лабораториясында өндүрүштүк жана диплом алдындагы практикалардан өтүп, "Сильный вдув на поверхности затупленного тела в сверзвуковом потоке" деген темада дипломдук ишин жазган.
6 илимий макаланын жана 18 окуу-усулдук эмгектердин автору.