Просмотр содержимого документа
«"Баарынан эмне таттуу эмгек таттуу" 3-класс»
Тема:Баарынан эмне таттуу .
Бекмурзаева Канымбү
Максаты:1) Окуучулар аңгеменин мазмунун түшунүшөт.2)Өз ойлорун айтып,сөз байлыгын өстүрөт.3) Жаныбарларга аяр мамиле жасаганга тарбияланышат.
Арстан падыша болуп турганда жан жаныбарлардын баары чогулду.Таттуудан эмне таттуу? Мына ушуну билип келгиле. Таппасанар башынарды алам! - деп буйрук берет.
Жан – жаныбарлар туш- тушка чабагандап жөнөшөт.
Арадан 6 күн өтүп кайрадан чогулушат
БУЛ ДҮЙНӨДӨ ТООКТУН ЭТИНЕН ТАТТУУ ЭЧ НЕРСЕ ЖОК, МЫНА СИЗГЕ АТАЙЫН АРНАП АЛЫП КЕЛДИМ-ДЕП ТҮЛКҮ ЖОЙПУЛАНЫП БАШТЫГЫНАН 3-4 БАЛАПАНДЫ АЛЫП ЧЫГАТ.
Арстан оозтийип аны да жактырбайт.
коңуздан таттуу эч нерсе жок-дейт кашкулак.
коңуз, поңузуң менен көзүмө көрүнбөй жоголгун-деп арстан кашкулакты кууп жиберет.
таттуудан таттуу таба албай эмне кылып жүрөсүңөр!? Баарыңардын башыңарды аламын-деп жер-сууну бузуп бакырып өкүрөт.
Жан жаныбарлар эмне кылаарын айласын таппай турушканда андан-мындан бир аттап жонуна бирдеме көтөргөн аюу келип калат. Айласы кетип турган жаныбарлар эми ылаажы табылаар бекен?-дешип, жарылып жол беришет.
Мына ушунун баары толтура таттуу-деп аюу көтөрүп келген челегин арстандын алдына таштайт.
Мунуң эмне?-дейт арстан күлмүңдөп, же сен да мени алдагы келип жатабы? Бул челектин ичиндеги нерсе бал деген болот. Балды жеген да жебеген да арманда-деп аюунун шилекейи агып челектин капкагын ачып жиберди.
Арстан балдан бир сугунуп алып тамшанып туруп калат. Апей мунуң аябай таттуу экен. Бул дүйнөдө балдан да ширин эч нерсе жок турбайбы-деп карс-карс күлүп балдан дагы алып жейин деп...
эңкейгенде челектин ичинен аарылар ызылдашып келип арстандын башы көзүн тамтык калтырбай чагып киришет.
Анан ары жакта отурган аюу, карышкыр, түлкү куушат жаныбар качып житип, араң кутулушат.
арстандын башы көзүнөн тамтыгы жок ордунан тура албай убайым, онтоп жатса жанынан атчан бир абышка өтүп бараткан экен. Арстан абышкага болгон окуяны айтып берет. Абышка тигинин сөзүн калтырбай угуп олтуруп аарынын балы таттуу болуп, уусунун ачуу болушу ошол балды чогултуудан көргөн мээнет менен тапканың дайым таттуу болот-деген акылман кеп ошондон калган.
Тапшырма: Эмгек деген сөзгө класстер түзүү.
Балдар силерге сабак жактыбы?
Эң сонун