СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Багыныңкы сүйлөмдүн түрү. Мезгил багыныңкы сүйлөм.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Видеосабак 9-класстар үчүн. Татаал сүйлөм, анын ичинен багыныңкы сүйлөм боюнча негизги маалыматтар берилди.

Просмотр содержимого документа
«Багыныңкы сүйлөмдүн түрү. Мезгил багыныңкы сүйлөм.»

КЫРГЫЗ ТИЛИ Кызжибек Миталипова 9-класс ОНЛАЙН САБАК Тема: Багыныңкы сүйлөмдүн түрлөрү. Мезгил багыныңкы  сүйлөм жана шарттуу багыныңкы сүйлөм.

КЫРГЫЗ ТИЛИ

Кызжибек Миталипова

9-класс

ОНЛАЙН САБАК

Тема: Багыныңкы сүйлөмдүн түрлөрү. Мезгил багыныңкы

сүйлөм жана шарттуу багыныңкы сүйлөм.

Сабактын максаты: Багыныңкы сүйлөм боюнча түшүнүктөрүн тереңдетишет, багыныңкы сүйлөмдүн түрлөрүн (мезгил, шарттуу) өздөштүрүшөт. Багыныңкы сүйлөмдүн түрлөрү боюнча сүйлөм түзүп,синтаксистик талдоо жүргүзүү менен билимдерин өнүктүрүшөт.

Сабактын максаты: Багыныңкы сүйлөм боюнча түшүнүктөрүн тереңдетишет, багыныңкы сүйлөмдүн

түрлөрүн (мезгил, шарттуу) өздөштүрүшөт. Багыныңкы сүйлөмдүн

түрлөрү боюнча сүйлөм түзүп,синтаксистик

талдоо жүргүзүү менен билимдерин өнүктүрүшөт.

Татаал сүйлөм Багыныңкы байланыштагы таттаал сүйлөм баш жана багыныңкы сүйлөмдөрдөн түзүлөт. 9-класс Тең байланыштагы татаал сүйлөм Багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөм Ойдун натыйжасын билдирсе, баш сүйлөм деп аталат Баш сүйлөмдүн ар кандай кырдаалын (мезгилин, сыпатын, себебин, ордун ж.б.) билдирсе, багыныңкы сүйлөм деп аталат. Мисалы: Атам устаканадан кайтканча , Садык байкемдин катына жооп жаздым. (Ч.А.)

Татаал сүйлөм

Багыныңкы байланыштагы таттаал сүйлөм баш жана багыныңкы сүйлөмдөрдөн түзүлөт.

9-класс

Тең байланыштагы татаал сүйлөм

Багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөм

Ойдун натыйжасын билдирсе, баш сүйлөм деп аталат

Баш сүйлөмдүн ар кандай кырдаалын (мезгилин, сыпатын, себебин, ордун ж.б.) билдирсе, багыныңкы сүйлөм деп аталат.

Мисалы: Атам устаканадан кайтканча , Садык байкемдин катына жооп жаздым. (Ч.А.)

Мааниси жана грамматикалык түзүлүшү боюнча багыңкы сүйлөмдүн төмөнкүдөй түрлөрү бар. 9-класс № Багыңкы сүйлөмдүн түрлөрү 1 Мезгил 2 Мисалдар Сапарчылар мейкинге чыкканда , майдалап кар жаады. Орун 3 Билим кайда болсо, өнөр да ошол жерде болот. Шарттуу 4 5 Асмандан жамгыр төгүлсө , чөптүн гүлү ачылат. Карама-каршы Ал канчалык аракет кылса да, минген аты баспай койду. Сыпат 6 Салыштырма Кош кубаныч жүрөгүн толкутуп, Кычан түндүн далайына чейин уктабады. 7 Тоого чыккан адам алысты көргөндөй, окуган адам дүйнөнү кең тааныйт. 8 Себеп Жол тайгак болгондуктан , Бектемир жай гана бастырып келе жатты. Максат 9 Нурлан тоого барып келсин үчүн, энеси кам көрө баштады. Сан-өлчөм Адам канчалык көп окуса , ошончолук көптү билет.

Мааниси жана грамматикалык түзүлүшү боюнча багыңкы сүйлөмдүн төмөнкүдөй түрлөрү бар.

9-класс

Багыңкы сүйлөмдүн түрлөрү

1

Мезгил

2

Мисалдар

Сапарчылар мейкинге чыкканда , майдалап кар жаады.

Орун

3

Билим кайда болсо, өнөр да ошол жерде болот.

Шарттуу

4

5

Асмандан жамгыр төгүлсө , чөптүн гүлү ачылат.

Карама-каршы

Ал канчалык аракет кылса да, минген аты баспай койду.

Сыпат

6

Салыштырма

Кош кубаныч жүрөгүн толкутуп, Кычан түндүн далайына чейин уктабады.

7

Тоого чыккан адам алысты көргөндөй, окуган адам дүйнөнү кең тааныйт.

8

Себеп

Жол тайгак болгондуктан , Бектемир жай гана бастырып келе жатты.

Максат

9

Нурлан тоого барып келсин үчүн, энеси кам көрө баштады.

Сан-өлчөм

Адам канчалык көп окуса , ошончолук көптү билет.

Мезгил багыныңкы сүйлөм баш сүйлөмдөгү ойдун мезгилин билдирет. Качан? Качанга чейин? Качантан бери? Качанга дейре? Кайсы учурда? Кайсы убакта? деген суроолорго жооп берет. Мисалы: Турсун эшикке чыкканда, күн батып кеткен болчу. –Качан күн батып кеткен болчу?-Турсун эшикке чыкканда-мезгил багыныңкы сүйлөм. 1.Чакчыл мүчөлөр –а(й), -ганча, ганы, -гыча, -майынча: Жолдошторубуз кел+мейинче, биз мелдешке барбайбыз. 2. Атоочтуктун –ган мүчөсүнө жөндөмө мүчөлөр уланат, же жандоочтор айкашып келет. 1) Биз ээрчишип келе жат+кан+да, дүйнө башкача сезиле турган. 2) Меймандар отур+ган убакта , Токтогул комузун колуна алды. 3.Шарттуу ыңгайдын –са мүчөсү аркылуу. Балдар токойдон чыгыш+са, айлананы туман каптап калыптыр. Баш сүйлөм менен байланышууда мезгил багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочуна төмөнкүдөй мүчөлөр уланат.

Мезгил багыныңкы сүйлөм баш сүйлөмдөгү ойдун мезгилин билдирет. Качан? Качанга чейин? Качантан бери? Качанга дейре? Кайсы учурда? Кайсы убакта? деген суроолорго жооп берет.

Мисалы: Турсун эшикке чыкканда, күн батып кеткен болчу. –Качан күн батып кеткен болчу?-Турсун эшикке чыкканда-мезгил багыныңкы сүйлөм.

1.Чакчыл мүчөлөр –а(й), -ганча, ганы, -гыча, -майынча: Жолдошторубуз кел+мейинче, биз мелдешке барбайбыз.

2. Атоочтуктун –ган мүчөсүнө жөндөмө мүчөлөр уланат, же жандоочтор айкашып келет. 1) Биз ээрчишип келе жат+кан+да, дүйнө башкача сезиле турган. 2) Меймандар отур+ган убакта , Токтогул комузун колуна алды.

3.Шарттуу ыңгайдын –са мүчөсү аркылуу. Балдар токойдон чыгыш+са, айлананы туман каптап калыптыр.

Баш сүйлөм менен байланышууда мезгил багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочуна төмөнкүдөй мүчөлөр уланат.

Тапшырма Мезгил багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочу кандай формада түзүлгөнүн жазып көрсөткүлө. Баш сүйлөм менен кандайча байланышты? 1-бөлүк Чөп чабык жаңы башталган кезде, фронттон бир жарадар аскер келди. Эртеси малчылар белге чыгышса, борошолоп кар жаады. Күн чыга, Жыпар кырмандан келди. Чолпонбайлар жабылып сууга киргенде, душмандар көрүп калышты. Кыш ооп, жаз да келди.  Үлгү: Бир аз убакыт өткөндөн кийин, жаркырап электр шамы күйдү. качан?-бир аз убакыт өткөндөн кийин-мезгил багыныңкы сүйлөм; баяндоочу –көн+дөн кийин формасында түзүлдү; ушул эле формалар аны баш сүйлөм менен байланыштырды (-көн — атоочтук мүчө, -дөн — чыгыш жөндөмөнүн мүчөсү, кийин — жандооч). Көп чекиттин ордуна баш сүйлөмдү, тескерисинче, багыныңкы сүйлөмдү ойлоп таап жазгыла. Тыныш белгисин койгула. Кызмат аяктаган соң ... Сен бак-даракты сугарып бүткөнчө ... ... балдар жапырт гүл терүүгө чыгышты. ... ал ордунан обдулуп тура калды.

Тапшырма

Мезгил багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочу кандай формада түзүлгөнүн

жазып көрсөткүлө. Баш сүйлөм менен кандайча байланышты?

1-бөлүк

  • Чөп чабык жаңы башталган кезде, фронттон бир жарадар аскер келди.
  • Эртеси малчылар белге чыгышса, борошолоп кар жаады.
  • Күн чыга, Жыпар кырмандан келди.
  • Чолпонбайлар жабылып сууга киргенде, душмандар көрүп калышты.
  • Кыш ооп, жаз да келди.

Үлгү: Бир аз убакыт өткөндөн кийин, жаркырап электр шамы күйдү. качан?-бир аз убакыт

өткөндөн кийин-мезгил багыныңкы сүйлөм; баяндоочу –көн+дөн кийин формасында түзүлдү;

ушул эле формалар аны баш сүйлөм менен байланыштырды (-көн — атоочтук мүчө,

-дөн — чыгыш жөндөмөнүн мүчөсү, кийин — жандооч).

Көп чекиттин ордуна баш сүйлөмдү, тескерисинче, багыныңкы сүйлөмдү

ойлоп таап жазгыла. Тыныш белгисин койгула.

  • Кызмат аяктаган соң ...
  • Сен бак-даракты сугарып бүткөнчө ...
  • ... балдар жапырт гүл терүүгө чыгышты.
  • ... ал ордунан обдулуп тура калды.
Шарттуу багыныңкы сүйлөм баш сүйлөмдөгү ойдун шартын билдирип, эмне болсо? эмне болот? кандай болгондо? эмне болбой? деген суроолорго жооп берет. Мисалы: Сүрөт элге жакса, мен өзүмдү бактылуу деп эсептеймин. Эмне болсо мен өзүмдү бактылуу деп эсептеймин? —Сүрөт элге жакса — шарттуу багыныңкы сүйлөм. Шарттуу багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочу этиштин төмөнкүдөй мүчөлөрү аркылуу түзүлөт: Шарттуу ыңгайдын –са мүчөсү: Дыйканчылык көп болсо, жердин гүлү ачылат. -бай (-ба+й) мүчөсү: Ынтымак болбой, иш оңолбойт.

Шарттуу багыныңкы сүйлөм баш сүйлөмдөгү ойдун шартын билдирип, эмне болсо? эмне болот? кандай болгондо? эмне болбой? деген суроолорго жооп берет.

Мисалы: Сүрөт элге жакса, мен өзүмдү бактылуу деп эсептеймин. Эмне болсо мен өзүмдү бактылуу деп эсептеймин? —Сүрөт элге жакса — шарттуу багыныңкы сүйлөм.

Шарттуу багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочу этиштин төмөнкүдөй мүчөлөрү аркылуу түзүлөт:

Шарттуу ыңгайдын –са мүчөсү: Дыйканчылык көп болсо, жердин гүлү ачылат.

-бай (-ба+й) мүчөсү: Ынтымак болбой, иш оңолбойт.

Тапшырма Сүйлөмдөгү натыйжанын болушу үчүн шартты билдирген сүйлөмдү көрсөткүлө. Аккан суу түз кете албайт, сай бобосо.  Караңгы жырык болбойт, ай болбосо. (Б.А.) Шатыратып күн жааса,  Жерге жагат дечү эле. (Калыгул)  2-бөлүк Төмөнкү мүчөлөрдү багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочуна улап, багыныңкы  байланыштагы татаал сүйлөм түзгүлө. -ган убакта -ган+да -майынча -са -ба+й Үлгү: Мээнетиң катуу бол+со, тапканың таттуу болот.  Шарттуу багыныңкы сүйлөм.

Тапшырма

  • Сүйлөмдөгү натыйжанын болушу үчүн шартты билдирген сүйлөмдү көрсөткүлө.
  • Аккан суу түз кете албайт, сай бобосо.

Караңгы жырык болбойт, ай болбосо. (Б.А.)

  • Шатыратып күн жааса,

Жерге жагат дечү эле. (Калыгул)

2-бөлүк

  • Төмөнкү мүчөлөрдү багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочуна улап, багыныңкы

байланыштагы татаал сүйлөм түзгүлө.

  • -ган убакта
  • -ган+да
  • -майынча
  • -са
  • -ба+й

Үлгү: Мээнетиң катуу бол+со, тапканың таттуу болот.

Шарттуу багыныңкы сүйлөм.

Тапшырма  Төмөнкү схемалардын негизинде мезгил жана шарттуу багыныңкы  байланыштагы татаал сүйлөмдөрдү түзгүлө. ( ), [ ]. [ , ( ), ]. [ ] , ( ). 3-бөлүк Көңүл бургула! ( )- багыныңкы сүйлөм [ ]- баш сүйлөм Өскөн Даникеевдин «Кыздын сыры» повестинен мезгил жана шарттуу багыныңкы  татаал сүйлөмдөрдү таап көчүрүп жазгыла. Эскертүү: Сүйлөмдөрдүн саны төрттөн кем болбосун, алардын ичинен бир сүйлөмгө  синтаксистик талдоо жүргүзөбүз.

Тапшырма

  • Төмөнкү схемалардын негизинде мезгил жана шарттуу багыныңкы

байланыштагы татаал сүйлөмдөрдү түзгүлө.

  • ( ), [ ].
  • [ , ( ), ].
  • [ ] , ( ).

3-бөлүк

Көңүл бургула!

( )- багыныңкы сүйлөм

[ ]- баш сүйлөм

  • Өскөн Даникеевдин «Кыздын сыры» повестинен мезгил жана шарттуу багыныңкы

татаал сүйлөмдөрдү таап көчүрүп жазгыла.

Эскертүү: Сүйлөмдөрдүн саны төрттөн кем болбосун, алардын ичинен бир сүйлөмгө

синтаксистик талдоо жүргүзөбүз.

Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат ! m.nazirovajibek@gmail.com + 996777323906 Кызжибек Миталипова Кызжибек Миталипова

Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат !

[email protected]

+ 996777323906

Кызжибек Миталипова

Кызжибек Миталипова


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!