СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Байламталуу тен байланыштагы татаал суйломдун тугойлорунун маанилик катыштары. Сабактын иштелмеси. 9 - класс.

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Байламталуу тен байланыштагы татаал суйломдордун тугойлорунун маанилик катыштары жана аларга коюлуучу тыныш белгилер.

Просмотр содержимого документа
«Байламталуу тен байланыштагы татаал суйломдун тугойлорунун маанилик катыштары. Сабактын иштелмеси. 9 - класс.»

Сабактын темасы: Байламталуу теӊ байланыштагы татаал сүйлөм жана анын түгөйлөрүнүн маанилик катыштары. Алардын коюлуучу тыныш белгилери.

Сабактын максаттары:

1. Билим берүүчүлүк: Байламталуу теӊ байланыштагы татаал сүйлөмдөрдүн түгөйлөрүнүн маанилик катыштары жана тыныш белгилери боюнча маалымат алышат.

2. Өнүктүрүүчүлүк: Байламталуу теӊ байланыштагы татаал сүйлөмдөрдүн түгөйлөрүнүн маанилик катыштарын жана тыныш белгилерин тереӊдетип үйрөнүшөт.

3. Өз ара сыйлашууга, оюн толук, ачык түшүндүрө алууга, жакшы сапаттарга ээ болууга тарбияланышат.

Жогорудагы сапаттарга жетти деп эсептейбиз, эгерде окуучу…

1. Өз ара маанилик катыштарын өздөштүрсө;

2. Коюлуучу тыныш белгилерин билишсе;

3. Бири – биринин пикирин угуп, оюн ачык түшүндүрө алса;

Тилдик компетенттүүлүк:

- Байламталуу теӊ байланыштагы сүйлөмдөрдүн түгөйлөрүнүн маанилик катыштарын билет;

- алардын коюлуучу тыныш белгилерин билет;

Кептик компетенттүлүк:

- Маанилик катыштарын аныктай алат;

- Тексттен, же сүйлөмдөрдө тыныш белгилерин коюнун жолдорун билет;

3. Маданий компетенттүүлүк:

- Сөздүн маанисин түшүнүп баалай алат;

- Оозеки кепте тууру сүйлөөгө калыптанат;



Сабактын тиби: билимдеди жана билгичтиктерди калыптандыруу.

Сабактын методдору: интерактивдүү методдор.

Сабактын жабдылышы: окуу китеби, смайликтер, түстүү кагаздар.

Сабактын жүрүшү:

1. Уюштуруу. Жагымдуу маанай.

2. Үй тапшырмасын текшерүү.

Жуптар бири – биринин тапшырмаларын текшерип чыгышат.

3. Өтүлгөн теманы кайталоо.

Окуучуларды беш топко бөлүп алам.

1 – топ Мезгилдеш.

2 – топ Каршылаш.

3 – топ Салыштырма.

4 – топ. Себеп – натыйжалаш.

5 – топ Чечме.

Ар бир топ ушул бөлүнүш боюнча маалыматтарды берип, өтүлгөн теманы кайталашат.

4. Жаӊы теманы түшүндүрүү.

Татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөр өз ара байламталар аркылуу байланышса, байламталуу теӊ байланыштагы татаал сүйлөм деп аталат.

Мисалы: Эмне үчүн Тоголок Молдо бүгүн келген жок, же Айылчы акеси экөөнүн башка ою барбы?

Кыргыз тилинде жөнөкөй сүйлөмдөрдү бири менен бирин тутумдаштыруу үчүн колдонулган байламталар маанилерине карай байланыштыргыч (жана, жана да, да, дагы) каршылагыч( а, ал эми, бирок, антсе да, ошондо да, анткени менен, ошондой болсо да, ошондой болгону менен) божомолдогуч (же, же болбосо, мүмкүн) жана себеп байламталар ( анткени, себеби, андыктан, эмне үчүн десеӊ, ошондуктан, ошол себептүү) болуп бөлүнөт.

Байламталардын мындай маанилик ар түрдүүлүгүнө карата алар байланыштырган жөнөкөй сүйлөмдөрдүн өз ара маанилик катыштары да түрдүүчө болот.

1. Байланыштыргыч байламталар өз ара мезгилдеш жөнөкөй сүйлөмдөрдү байланыштырат.

Мисалы: Эшелон уламдан – улам ылдамдап, анан бат эле карааны үзүлдү да, көпкө чейин так – так этип тарсылдаганы угулуп турду.

Эскертүү: Байланыштыргыч байламталардын ичинен «да» байламтасы кээде каршылаш сүйлөмдөрдү да тутумдаштырат: Жаз болгондо келишет да, күз болгондо кетишет.

2. себеп байламталар себеп – натыйжалаш сүйлөмдөрдү байланыштырышат

Мисалы: Ажар турмуш туткуну, турмуш кулу, анткени анда ата да, эне да жок.

3. Каршылагыч байламталар бири – бирине каршы келген жөнөкөй сүйлөмдөрдү байланыштырышат.

Мисалы: Колу буту жок, ошентсе да терезеге сайма саят.

4. Божомолдогуч байламталар, негизинен бирдей, теӊ маанидеги с8йлөмдөрдү байланыштырууда колдонулат.

Мисалы: Апам бүгүн жолго чыгыт, же болбосо эртеӊ чыгышы мүмкүн.

Бышыктоо.

150 – көнүгүү. Көп чекиттин ордуна тиешелүү байламталарды койгула жана алар байланыштырган сүйлөмдөрдүн маанилик катыштарын аныктагыла.

Кезекти байламталуу теӊ байланыштагы татаал сүйлөмдөрдүн тыныш бегилерине беребиз.

1. «Жана» байламтасы аркылуу байланышкан жөнөкөй сүйлөмдөрдүн ортосуна эч кандай тыныш белгиси коюлбайт. Анткени «жана» байламтасы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн экөөнө теӊ бирдей тиешелүү болуп келет.

М: Аттардын көбү тынбай жол жүргөндүктөн жайлап калышты жана өзүбүз да алыс жолдо аябай чарчадык.

2. «Да», «дагы» байламтасы дайыма өзүнөн мурунку сүйлөмгө тиешелүү болуп айтылат, ошондуктан үтүр бул байламталардан кийин коюлат.

М: Алиман ордунан кайра ыргып турду да, чоӊ жолду көздөй атырылыып жөнөдү.

3. Калган байламталардын баары өзүнӊн кийинки сүйлөмгө тиешелүү болуп айтылгандыктан, үтүр дайыма ал байламталардан мурун коюлат.

М: Төрөгөн энелердин баары бирдей, ошндуктан айырмасы жок.

Бышыктоо.

152 – көнүгүү.

Көп чекиттин ордуна сүйлөмдүн маанисине ылайык келүүчү тиешелүү байламталарды жана тыныш белгилерин койгула.

Сабакты жыйынтыктоо.

«Рефлекция»

Үйгө тапшырма берүү.

153 – көнүгүү. Сүйлөмдөрдү схема түрүндө бергиле.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!