СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Байыркы касиеттердин бүгүнкү көрүнүшү

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Байыркы касиеттердин бүгүнкү көрүнүшү»

Байыркы касиеттердин б\г\нк\ көрүн\ш\.

Сабактын максаты:
1. Ата-бабалардын адептик-ыймандык, маданий-рухий эн мыкты касиеттерин жоготпой, даназалоо менен уйронуу зарылдыгын тушундуруу.
2. Окуучуларга рухий-адептик жана патриоттук тарбия беруу.
3. Ата-бабаларыбыздын баа жеткис адамдык касиеттеринен улгу алууга жана озун-озу тарбиялоого багыт беруу.

Сабактын жабдылышы:

Сабактын журушу:
1. Уюштуруу:
2. Жаны теманы баяндоо:

Кылымдар бою түзүлгөн элдик мораль, ата-бабаларыбыз түзгөн улуу адептик-ыймандык нарк-дөөлөттөр – тарбия-таалимдин гүлазыгы.
Тарбия ишинин мазмундук пайдубалына уютку болуп жата турган дагы бир кубаттуу ресурс бул – күнүмдүккө эмес, түбөлүктүүлүккө эсептелген, калктын тарыхый тажрыйбасынан жаралып, доорлор сыноосунан өткөн көөнөрбөс элдик этикалык нарктар, адеп-ыймандык мурастар.  
Биздин элдик менталитетинде индивидуалисттик-коммерциялык жана технократиялык дүйнө жоготуп, таппай калган эң мыкты сапат-касиеттер бар. Ошолордун бири – коллективизм. Айдоого тукум сээп жатканда Баба дыйкан бизде мындай дейт: «Жылуу жерден конуш тап. Мунусу - жетим-жесирге, мунусу - алсыз карыпка, мунусу – курт-кумурскага, мунусу – сурамчы-тилемчиге, саламчыга, сизге, бизге, мага». Мына, жалпынын кызыкчылыгын көздөгөн элдин улуу коллективисттик, гуманисттик, адамгерчиликтүү этикасы. Калыгул даанышмандын гуманисттик этикасы насыяттайт: «Орой айтсаң адамга жукпайт, орой сөздү киши укпайт, сылык-сыпаа сөз жетет, ал мээге эмес, жүлүнгө кетет». Элдик кеменгер Калыгулдун ишениминде оройлукту назиктик, сылыктык, ачууну токтоолук, сабырдуулук, жек көрүүнү мээрим менен сүйүү жеңет. Улуттук менталитетибизде меймандостук, кайрымдуулук, күйүмдүүлүк, башкаларга жардамдашкан боордоштук касиети, керегелеш, үзөнгүлөш, канатташ жашаган калктар менен достук салты өнүккөн. “Эр достугу – эгиз, эл достугу – деңиз”, “Эки эрдин достугу бир белден ашырат, эки элдин достугу миң белден ашырат”. Кыргыз элинин салтындагы мындай достук этикасы – бүгүнкү улут аралык ынтымактын ачкычы.
Элдик этикада калыстык, чынчылдык, адилеттүүлүк, акыйкатчылдык, жоомарттык, “таш менен урганды аш менен урган” айкөлдүк, топуктуулук, сабырдуулук, сылык-сыпаалык, кечиримдүүлүк, мээримдүүлүк, ар намыстуулук, жоопкерчиликтүүлүк,  мекенчилдик ж.б. улуу сапаттар ар дайым даңазаланып, адамдык жүрүм-турумдун идеалы болуп келген.  

3. Талкуулоо:
 Ата-бабаларыбыз тузгон улуу адептик-ыймандык нарк-дөөлөттөрду муноздогон макал-лакап, накыл создордон айтып бергиле. Аларды чечмелегиле.
Мисалы, “Уят өлумдон кучтуу”, “Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат”, “Укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп уурулук кылба”, “Абийириңди жашындан сакта” ж.б. (Окуучулар менен талкуу жургузуу керек)
 Арийне, ата-баба салтында, ар бир элдин адебинде, урук, урууларда «кепке кемтик, сөзгө сөлтүк» болбошу үчүн этиет жүрүү, туура жолду багыттоо, нукура таалим-тарбия көрүү сыяктуу сапаттарды аркалашкан. Бироолор бир күнөө кетирсе, ал айыл ичинде белгилүү. Ууру кылса, ушак суйлесе, эр олтурсе, эриш бузса, кийинки муундары үчүн да бетке чиркоо болгон. «Алардын тукуму ушундай, ата-бабаларынан бери айтылып келе жаткан соз» -делет. Кеп-соз кыябы келе калганда башкача турде дал ошол айып-тарын, таалуу жерин толгоп, айтууга кыргыздар чебер да, чечен да, жүйөөлүү да болушат. Мында, «Силер эмнеңерге мактанасыңар, бизди билбейт дейсиңерби?» – деп, соз баштаганда кепке шылкыят. «Уят олумдон да катуу» – дегендей мындай жагдайларына алар сына түшөт. Ошон үчүн ар бир журтчулук аяр жүрүшкөн.
Элибизде балалык бардык жакшы нерсенин башаты экендиги эң сонун эске
алынган. «Баланы башынан» тарбиялап-көнүктүрүү, машыктыруу керектигине принциптүү мамиле жасалган. Ошондой тарбия гана баланы түрдүү өнөргө, адеп-ахлакка, эмгекке үйрөтүүдө келечектүү болору практикада сыналган. Ошон үчүн улуулар адеп-
ахлактын, эл-жерди сүйүүнүн, түрдүү эмгек менен өнөрдүн эң мыкты үлгүлөрүн бала кезден үйрөнүүсүнө катуу көңүл коюшкан. Адамдар нарктуу карыялардын айтканына балдарынын кулак салып, тыңшап үйрөнүүсүн талап кылган. Өнүп-өскөн, барктуу, нарктуу үй-бүлөлөрдүн тажрыйбаларын үйрөтүшкөн. Балдарын ошондой өсүшсө экен деп
тилек айтып, ырымдашкан.Ушундай элдик педагогикалык салттар, маданият жана балдарды тарбиялоого коюлган шарттар келечек муундардын татыктуу тарбия-таалим алышына карата түзүлүп, анын бекемдүүлүгүн жана келечектүүлүгүн камсыз кылган.

4. Жыйынтыктоо.
«Жакшы болуш аста-аста, жаман болуш бир паста», «Көрө-көрө көсөм болот,
сүйлөй–сүйлөй чечен болот», «Күлүк-күнүндө, тулпар тушунда»- деген накыл кептер тарбия-таалимдин жана адам баласынын таанып - билүүсүнүн үзгүлтүксүздүгүн, түбөлүктүүлүгүн белгилейт.


5. Уйго тапшырма беруу:
Ата-бабаларыбыздын адамдык касиеттери жонундо газета-журнал, китептерден таап жазып келгиле.


3



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Похожие файлы

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!