«Сиздин балаңыз окуучу болду!»
«Баланы жакшы адам кылуунун эң жакшы ыкмасы-аны алгач бактылуу кылуу»
Оскар Уайльд
англис драматургу,
акын, прозаик
Ата-эне бала мектепке ийгиликтүү
адаптация болуусу үчүн кандай
жардам берүүсү керек?
Балдарда кездешүүчү кыйынчылыктарды атагылачы?
Ата-энелер тарабынан балдарга жардам берүү эффективдүү, сабатуу болуу менен төмөнкүдөй
3 багытта болуусу зарыл:
күндөлүк режимин уюштуруу
үй тапшырманы аткаруусун көзөмөлдөө
өз алдынчалуулукка үйрөтүү
Бала мектепке ийгиликтүү адаптация болуусу үчүн күндөлүк режимин уюштуруудагы моменттер:
Өз алдынча жуунуп, кийинип, төшөнчүлөрүн жыйнаштыруу керек.Мындай көндүм мектепке окуганга чейин калыптануусу керек.Кыйкырбастан, шаштырбастан, жемелебестен таңды тосуу зарыл.
Мектепке келе жаткан жолдо жагымдуу маанайда жакшы окууга, тартиптүү болууга шыктандыруучу баарлашуу болгону жакшы, бирок, насаат айтуу эмес.
Тамактануу.
Кечкисин үй-бүлө мүчөлөрү менен баарлашууга, балдар үчүн таанып-билүүчү телеберүүлөрдү бирге көрүүгө жумшоо пайдалуу.
Түнкү уйкуга даярдануу
Туура уюштурулган күндөлүк
режимге эмнелер кириши мүмкүн?
Өзүнө милдеттендирилген жумуштарды жасатуу (идиш жууганды, кийимдерин жыйнаганды, дүкөнгө барып нан алып келгенди ж.б.)
Рационалдуу тамактануу
(убагында,
витаминдүү
ж.б.)
Күн сайын биргелешип китеп окуу (мүмкүн болсо бир убакытта окуу менен окуганы боюнча түшүнгөнүн айтып берүүсүн сурануу керек.Мында сөздөрүндөгү туура эмес айтылгандарын тактоого, оюн топтоп айта билүүгө ж.б. үйрөнөт)
Бала үчүн эмгегинин акыркы продуктусу эмес процесстин өзү негизги б.а. жыйынтыгын жөн гана көзөмөлдөбөстөн бала берилген жумушту кантип аткарганына кызыгуу керек.
• Канча алдың?
ж.б. ушул сыяктуу суроолорду берүү максатсыз.
Врачтын кеңеши
3 сааттан аз эмес убакытты таза абада эс алуу жана кыймылдуу оюндарды ойноо керек
30-40 минута колунан келген үй жумуштарын жасоого жумшоо керек
1 саатты өзү-өзү тейлөөгө кетирүү керек
«Канча алдың?»
«Тапшырманы аткардыңбы?»
«Эч ким менен мушташкан жоксуңбу?»
«Эч нерсеңди жоготкон жоксуңбу?» ж.б.
«Бүгүн эмне эң кызыктуу болду?»
«Адабий окуу сабагында эмне тууралуу окудуңар?»
«Дене тарбия сабагында эмне кылганда көңүлдүү болду?»
«Силер кандай оюндарды ойнодуңар?»
«Сен класстан кимдер менен достоштуң?» ж.б .
Ата-энелер үчүн эскертме:
Мектепте ийгиликтүү окуусунун шарттары: ден-соолугу, кругозору, психологиялык даярдыгы, өзүн-өзү баалай алышы, таанып-билүүчүлүк мотивдин болушу, окуганды каалоосу.
1
Окуу ишмердүүлүгүнүн калыптануусунун өбөлгөлөрү: иштөөдө эрежелердин системасына карата ориентациясы, башкаларды уга билүүсү, чоңдордун көрсөтмөсүн аткаруусу, үлгү боюнча иштей алуусу.
2
Сиздин балаңыз үчүн жагымдуу мотивация түзүүчү жагдайлар: сиздин мектепке карата кубанычтуу мамилеңиз, балаңыздын ийгилигине карата өтө жогору талаптын коюлбаганы, мектеп тууралуу оптимистик аңгемелерди айтып берүү, мүмкүн болгон ката кетирүүлөр үчүн баладагы коркунучтун жоктугу, курчап турган чөйрөгө карата таанып-билүүчүлүк кызыгуусунун өнүгүүсү.
3
Ата-энелер үчүн эскертме:
Бала ката кетирүүдөн коркпошу керек. Бир нерсени үйрөнүүдө ката кетирбестен үйрөнүү мүмкүн эмес экендигин түшүндүрүү менен баладагы ката кетирүүдөн коркуу сезимин жоюуга жардамдашуу керек.Коркуу сезими-бул жаман кеңешчи. Ал инициативалуулукту, окууга карата каалоону дегеле жашоого болгон, таанып билүүгө болгон кубануунусун басаңдатат.
3
Эстегиле: бала үчүн бир нерсени жасай албоо, бир нерсени билбегендик бул нормалдуу эле көрүнүш. Ошондуктан ал бала.
Баланы башкалар менен салыштырбагыла, ийгиликтери, жетишкендиктери үчүн мактагыла. Эч качан кыз менен уулду салыштырбагыла, аларды бири-бирине мисал кылбагыла: алар ал гана эмес биологиялык жактан да ар башка да.
4
Ата-энелер үчүн эскертме:
Эстегиле: Сиздердин балаңыздар сиздер окугандай мектепте окубаганын. Эч качан бир нерсени жасай албагандыгы үчүн же түшүнбөгөндүгү үчүн таарынгандай сөздөр менен урушпаңыз. Өтө суранаарыбыз балаңыздын ийгиликтери жетишээрлик болбогонун билсеңиздер дагы оң баа бергенге аракет кылыңыздар.
5
Балаңыз менен бирге окуңуз, пайда болгон кыйынчылыктарды бирге жеңгенге биригиңиз ага сиз душман же байкоочу катары карабаңыз. Балаңызга ишениңиз, мугалимге ишениңиз.
6
АНКЕТА-ПИКИР
2017-2018-окуу жылы ___-классы _________________________________________
окуучунун аты-жөнү
- Ата-энелер чогулушуна карата сиздин пикириңиз __________________________________________________________________
__________________________________________________________________
- Сизге өзгөчө эмнелер жакты? __________________________________________________________________
- Ата-энелер чогулушу кандай формада өтүлүшүн каалар элеңиз?
Эмне үчүн? ________________________________________________________
__________________________________________________________________
- 4. Сиз кийинки чогулуш кайсы темада өтүлүшүн каалар элеңиз?____________________________________________________________
___________________________________________________________________ Кызматташууңузга ыраазычылык билдиребиз!
Балдарды таң эрте урушпагыла –алар үчүн күн бүркөлүп көрүнөт ; Күндүз балдарды урушпагыла – асман аларга тумандап көрүнөт; Түндөсү балдарды урушпагыла – жылдыздар алар үчүн жымыңдабайт.
«Сиздин балаңыз окуучу болду!»