СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Балдар биздин келечегибиз. Азыркы мезгил тарбиялоонун стандарттуу эмес формасын талап кылууда

Категория: Психологу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Башталгыч класс мугалими баланын жербайын түптөөчүсү

Просмотр содержимого документа
«Балдар биздин келечегибиз. Азыркы мезгил тарбиялоонун стандарттуу эмес формасын талап кылууда»

БАЛАНЫН ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ОЙЛООСУН ӨСТҮРҮҮ.

БКМк-04-18 группасынын студенти

Камалдин кызы Элиза

Жетекчи: Досалиева М.М.

Аннотация

Бул макалада баланын чыгармачылык ойлоосун калыптандыруу балалык мезгилден башталып, чоң адамдардын ролу чоң экендиги ачылып берилет. Ар бир баланын оюн түшүнүү менен уга билип, кызыктуу чечимдерин тыңдап, аны баалап, чыгармачылыгын андан ары өркүндөтүүгө салым кошуу керектиги берилет.

Бир да бала гений болуп төрөлбөйт, бир да бала келесоо болуп туулбайт. Бардыгы баланын жашоосундагы чечүүчү жылдарда баш мээсинин өнүгүү даражасына жана шыктануусуна жараша болот.

Азыркы мезгилде биздин мамлекетибиздеги чыгармачылык менен ой жүгүрткөн стандарттык эмес чечимдерди кабыл алууга жөндөмдүү инсандар зарыл. Мындай инсанды калыптандыруу албетте балалык мезгилден, баланын ой жүгүртүүсү калыптана баштаган учурдан башталат. Баланын чыгармачылык менен ой жүгүртүүсүнө чоң адамдардын ролу абдан таасирдүү. Бала өзү жасап жаткан ишмердүүлүгүнө жана андан чыккан жыйынтыкка толугу менен анализ жасай албайт. Ошондуктан, чоңдор адамдар ар бир баланын ойюн түшүнүү менен стандарттык эмес жана кызыктуу чечимдерин уга билип, аны баалап, өз оюн эркин айтууга, чыгармачылыгын андан ары өркүндөтүүгө салым кошуусу керек. Ошол эле учурда мезгилде баланын жообун чыдамдуулук менен кабыл алып, баланын чечимдери чектен чыккан фантазиялуу болсо да аны жөн гана талкуулап, “сеники туура эмес” деп айтуудан алыс болушубуз керек.

Анкени чыгармачылык менен ой жүгүртүү бул албетте фантазияга жакын болот. Жана кээде такыр садырак кеп болушу мүмкүн, бирок турмуштагы реалдуу нерселердигн баары алгачкы чыгармачылыктан туурдүсү экенин эч ким танбайт. Бирок балалык чыгармачылык менен жасап жаткан ишин жана билдирген оюн системага салып, көзөмөл жүргүзүү ашыкча болбойт. Анткени балада өтө көп идея болсо, ошол идеялардын ортосунда калып, акырын жыйынтыктай албай кыйналуусу мүмкүн. Бул нерседе чоң адамдар тарабынан ар бир ойдун акырына чыгууга көмөктөшүүгө карата суолор менен жетелеп отуруу керек. Айрыкча мектепке чейинки жетелеп курактагы балдарда ой жүгүртүү ипотениалык жана өз алдынчалуулу чектелүү болот. Бул курактагы балдарда ойлоо предметтик аракеттик деңгээлде жүрөт. Ошондуктан тапшырмалар, салыштыруулар чоңдордун карашында аткаылгандыгы жакшы. Бирок дайыма көзөмөлдөп туруу баланы чечкинсиз жана айланадагыларга көз каранды кылып коюуусу мүмкүн. Ал эми 4-5 жаштагы балада аракеттер анын ой жүгүртүүсүнө калыптанышына шарт түзүп берүүсү керек.

Баланын ойлоосу түрдүү иш аракеттерди оюнда, окууда, сүрөт тартууда, кол өнөрчүлүк менен жасалган буюмдарда өнүгөт. Көп изилдөөчүлөр баланын ойлдоосу анын жашынын деңгээлине жараша болот деген ойду негиздөөгө аракет жасашат. Ал эми акыркы изилдөөлөр окуунун формасын мазмунун өзгөртүү менен баланын ойлоо мүмкүнчүлүгүн кеннейтүүгө боло тургандыгын далилдеди. Мектеп жашына чейинки курактагыь балдарда болсо ойнотулуучу оюндардын мазмуну баланын чыгармачыл ойлоосунун булагы болуп эсептелинет. Ошондуктан оюндарды балага ой жугуртуп ойной турган деңгээлде аткаруусуна шарт түзүүбүз керек. Мисалы бир нече оюндардын түрлөрүн сунуштайт.

“Сыйкырдуу көз айнек” оюну.

Балага сен тегерек көздүү сыйкырдуу көз айнекти тагып алып көчөгө чыктын дейли. Көзүндү жум. Эми көчөдөн сен жалаң тегерек нерселерди көрүп жатасың. Сен алардын атын ата Мисалы: светафор, машинанын фарасы, фонтандын жайгашуусу, тегерек скамейклар, тегерек айнектер, дагы эмнелерди тегерек түрүндө элестете аласың? Эми комнатанын ичиндеги тегерек нерселерди ата? Мисалы? Стол, топ, шар дагы эмнелерди тегерек турундө жасаса болот деп ойлойсун? Мындан баладагы жаштайынан ойлоп табуучу касиеттерин шыктанандууга болот

“Ашыкча буюм” оюну.

Бир нече сөздөрдү айтам силер ашыкчасын табасыңар. Кашык, вилка, бычак, дасторкон, чайнек, китеп - ашыкча китеп .Таранчы , карга, сагызган, чабалекей, коен, бүркүт - ашыкча коен. Пальто, шарф, тумак, телевизор, кол кап, байпак - ашыкча телевизор. Дептер, китеп, сумка, чана, калем, сызгыч, өчургүч - ашыкча чана.

Сюжеттүү аңгеме түзүү.

Элестетип көрчү сен үй жаныбары болуп калдын дейли. Мисалы: мышык, ит же тоок сен бирин танда. Сен эмне жейт элен? Кечкече эмне менен алектенет элең? Ар бир балага өзү жакшы көргөн жаныбарына ойлонуу менен кечкече эмне менен алектенгенин айтуусун өтүнөбүз. Бирөөнү түшүнү үчүн өзүн ошол нерсени отдуна коюп көрүу керек экендигин сездиришибиз керек. Үй айбандарына да кандай мамиле жасоо керек экендигин билишет, түшүнүшөт.

“Бүтпөгөн жомок”

Илгери - илгери бир убакта аябай кичинекей короз жашаган экен. Ал короздун чоңдугу чымын менен тең экен. Ага баары күлүшчү экен.Айрыкча бир чымын бар экен ошол аябай шылдыңдайт экен. Бир күну чымын короздун жинине тийиш үчүн бир бутакка конуп алып аны шылдыңдай баштаптыр. Жомоктун аягын ар бир бала өз фантазиясына таянып аягын ойлоп чыгарат.

Ал эми кенже мектеп окуучуларында болсо окуу ишмердүүлүгүнүн негизинде чыгармачы – лык ойлоосун өнүктүрөбуз. Башталгыч класс окуучуларынын негизги сүйүп окуган сабактары катары сүрөт,музыка, дене тарбия сабактары. Бул сабактарга болсо саат абдан аз каралган. Инсанга багытталган окутуу стратегиясынын негизги эле милдети болуп, бала эмнеге кызыгат, ошол кызыгуусунун негизине таянып билим берүү болуп саналат. Эгер бала сүрөттү, музыканы жакшы көрсө анда эмнеге ар бир сабагыбызды сүрөт, музыка сабагынын элементтерин кошуу менен өтүүгө болбосун. Мисалы эне тили сабагында чыгармадан каармандын сүрөтүн тарт, үйгө берилген ыр жаттоону өзүн жактырган ырдын обонуна салып ырдап көр, сыяктуу.

Ар бир сабакты баланын чыгармачылык деңгээлин, ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытташыбыз керек. Ар баланын эмнеге кызыгарын ага эмне керек экендигин билип, жекече өзгөчөлүктөрүн эске алып анын жөндөмүн өркүндөтүү менен , үйрөтүү өзгөчөлүгүн талдап мамиле жасоо мугалимдин кечиптик компетенттүүлүктөрүнүн бири болуп саналат. Ар бир окуучуну көз жаздымда калтырбай аракетин баалап, аракетенүугө түрткү берип турубуз керек. Үйгө берилген тапшырма сөзсүз түрдө өзүнүн ой жүгүртүусүнө таянуу менен, чыгармачылык менен аткарылуусун талап кылышыбыз керек.  

«Сыйкырдуу жумуртка»

Ар бир балага жумуртканын шаблону берилет, ал шаблонду кагазга түшүрүп, аны андан ары тартып башка предметке айландырып, ал нерсеге ат коюусу керек.


«Болот – болбойт» оюну

Төмөнкү сүйлөмдөр мугалим тарабынан окулат, эгер туура болсо балдар алакан чабышат, эгер туура эмес болсо буттары менен жерди тепкилешет. Сүйлөмдөр окулуп жатканда балдар кунт коюу менен угуп туруусу маанилүү. Мисалы, мышык токойдо жүрөт. Карышкыр бактын үстүндө отурат. Тамакта казан бышып жатат. Кой тамдын үстүндө жүрөт. Ит асманда учуп жүрөт. Кыз итти эркелетип отурат. Үй кызды тартып жатат. Короз кыйкырып жатат. Уй маарап жатат. Бала ойноп отурат. Аюу үрүп жатат. Ат кишенеп жатат.

Психологдор ошондой эле кыргыздын улуттук оюндарынын баланын социалдык жөндөмүн өнүктүрүүгө тийгизген таасири чоң экенин айтышат.

"Маселен, чүкөнү ала турган болсок, ал баланын көңүл буруусун жана жалпы моторикасын жакшыртат. Ошол эле топ таш оюну баланын майда моторикасын калыптандырат.

"Ата-энелердин балдарына көбүрөөк убакыт бөлүп, алар менен бат-баттан баарлашып туруусу зарыл. Бизде ата-энелер жанынын тынчына карап, балдарынын колуна телефон кармата салып, алаксыткан учурлар көп эле болот. Эң эле айласы кетсе, жок дегенде жайкы каникул учурунда айылга жиберсе балдар үчүн өтө пайдалуу. Айылдын тарбиясын көргөн балдардын эмоциясы жана акыл интеллекти чогуу өөрчүйт. Анткени, айылда балдардын бакка чыгып, тоок кайтарып же ошол эле чыбык ат минип ойногону алардын психологиялык өөрчүшүн жакшыртып, өз алдынча болууга тарбиялап, өзүнө болгон ишенимин арттырат".




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!