СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Башталгыч класс мугалиминин аткаруучу иш-аракеттеринин багыттары

Нажмите, чтобы узнать подробности

Башталгыч класс мугалиминин аткаруучу иш-аракеттеринин багыттары жана алардын максаты

Просмотр содержимого документа
«Башталгыч класс мугалиминин аткаруучу иш-аракеттеринин багыттары»

Сабактын темасы: Башталгыч класс мугалиминин аткаруучу иш-аракеттеринин багыттары


Сабактын максаты

Күтүлүүчү натыйжалар

Билим берүүчүлук жагы: Башталгыч класс мугалиминин аткаруучу иш-аракеттеринин багыттары жөнүндө маалымат алышат.

  • Башталгыч класс мугалиминин аткаруучу иш-аракеттеринин багыттары жөнүндө маалымат алат

Өнүктүрүүчүлүк жагы: Студенттер чыгармачылык менен даярданууга, усулдарды туура колдонууга үйрөнүшөт жана өз алдынча иштөө жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүшөт

- чыгармачылык менен даярданууга, усулдарды туура колдонууга үйрөнөт

- өз алдынча иштөө жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүшөт

Тарбия берүүчүлүк жагы: Бири-бирин уга билүүгө жана өз кесибин сүйүүгө тарбияланууга багыт алышат

  • Бири-бирин уга билүүгө жана өз кесибин сүйүүгө тарбияланууга багыт алат


Негизги компетенттүүлүктөр

Предметтик компетенттүүлүктөр

(калыптануучу компетенциялар)

НК 1. Маалыматтык компетенттүүлүк

КК 2.3.


НК 2. Социалдык- коммуникациялык

НК 3. Өз ишин уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү

Сабактын тиби: Аралаш сабак

Сабактын усулу: Интерактивдүү усул

Сабактын түрү: Аралык сабак (ZOOM программасы аркылуу)

Окутуунун натыйжасы: ОН1- Окуучулардын сабактан тышкаркы ишмердигин, баарлашуу процессин жана анын натыйжаларын баалай алат жана аларды көзөмөлдөйт.

Сабактын жабдылышы: Слайд, видео-ролик.

Сабактын жүрүшү:


Сабактын этаптары

жана убакыты


Мугалимдин иш аракети


Студенттин иш аракети

Компе-р

Баалоо усулдары

НК

ПК

1.

Сабакты уюштуруу

1 мүнөт

- Студенттер менен саламдашат;

- сабакка даярдыкты текшерет;

- сабактын алтын эрежесин жарыялоо;

- сабактын максатын жарыялайт;

- баа коюунун критерийлери менен тааныштырат;

- жагымдуу маанай түзөт;


-Сабактын алтын эрежесин түзүү





2.

Өтүлгөн материал-ды кайталоо.

4 мүнөт

- Өтүлгөн материалды “Акыл ордо” оюну аркылуу суроо:

1. Сабактын максатын атагыла ?

2. Тарбиянын жалпы усулдары деген эмне?

3. Класс жетекчинин окуу-тарбиялык иш планы кайсылар?

4. Окуучунун социалдык паспортунун түзүлүшү?

5. Класстан тышкаркы иштер кайсылар?

6. Окутууну жекелештирүү деген эмне?

Окутуучу тарабынан даярдалган суроолорго студенттер жооп беришет.

НК3


Калып-танды-руучу баалоо усулу колдо-нулат

3.

Актуал-даштыруу.

8 мүнөт

Класстер:

Башталгыч класс мугалиминин аткарган окуу-тарбиялык иш-аракеттерине класстер түзөбүз.





4.

Жаңы тема

25

мүнөт

Башталгыч класс мугалиминин аткаруучу иш-аракеттеринин багыттары

1. Ден соолукту чыңдоо багыты

2. Мамиле түзүүгө үйрөтүү багыты

3. Адептик аң-сезимди өнүктүрүү багыты

4. Бош убакытты туура пайдалануу багыты

5. Жарандык аң-сезимди калыптандыруу багыты

6. Үй-бүлө менен иш жүргүзүү багыты


-Слайд аркылуу түшүндүрүү

Инсан ар тараптан жана гармониялуу өнүгүшү үчүн тарбиялоонун бардык багыттары бир эле учурда көңүлгө алынып, окутуу жана тарбиялоо процесси комплекстүү жүргүзүлүшү тийиш. Биринчи ирээт ар бир инсандын ден-соолугунун сак саламатта болушу, анын физиологиялык жактан чың, куунак болушу анын өнүгүшүнүн негизги шарттарынын бири. Мындан тышкары, инсан психикалык жактан калыптанып, акыл-эс мүмкүнчүлүгү жогору болууга тийиш. Анын социалдык тажрыйбага ээ болушу, руханий жактан аруу касиеттерге ээ болушу зарыл факторлорго кирет. Демек, ар бир инсан өзүн курчап турган дүйнө менен, жаратылыш менен, социалдык чөйрө менен бирге гармониялуу байланышта болуп, бардык мүмкүнчүлүктөрүн иш жүзүнө ашырууга аракеттениши керек.

Класс жетекчинин балдарды тарбиялоодо иш-аракеттеринин багыттары төмөнкүлөр: ден соолукту чыңдоо багыты, мамиле түзүүгө үйрөтүү багыты, адептик аң-сезимди өнүктүрүү багыты, бош убакытты туура пайдалануу багыты, жарандык аң-сезимди калыптандыруу багыты, үй-бүлө менен иш жүргүзүү багыты.

Ден-соолукту чыңдоо багыты

Класс жетекчинин максаты - окуучулардын физикалык, психикалык ден соолугун чындоого камкордук көрүү, ушул багытта педагогикалык технологияларды жана методикалык ыкмаларды көрсөтүү (демонстрациялоо).

Ал эми милдеттери:

– мектептен тышкары мекемелер менен кызматташуу, балдардын ден-соолугу, гигиена маселери боюнча камкордук көрүү;

– дене-тарбия жана спорт менен байланышкан иш-чараларды уюштурат, балдардын дене жана жан дүйнөсүнүн гармониялуу өсүшүнө, эрктүүлүк, сабырдуулук ж.б. сапаттарынын калыптанышына камкордук көрүү;

– дене-тарбия мугалими менен бирдикте спорттук конкурстар (класс ичиндеги, класс аралык), спартакиада, олймпиада уюштуруу, көрүнүктүү спортсмендер менен жолугушуу, спорт боюнча предметтик кече, викторина, фестиваль уюштур) спортко арналган газетага конкурс уюштуруу;

– ден-соолук менен байланышкан тематикалык талкууларды уюштуруу, "Менин турмушумда дене тарбия жана спорт", "Биздин өлкөнүн спортсмендери", "Спорттун түрлөрү, алардын тарыхы", "Спорт жана интеллект", "Спорттун түрлөрү", "Жаман адаттан кутулуунун жолдору";

– медициналык кызматкер менен бирдикте жыныстык тарбия боюнча жеке жана группалык консультация;

- өспүрүмдөрдүн проблемалары боюнча газета, журналдардан макалаларды талкуулоо.

Интеллектти өнүктүрүү багыты.

Класс жетекчинин максаты - окуучуну жөндөмүн өнүктүрүү, натыйжалуу ой жүгүртүүгө үйрөтүү, интеллектуалдык потенциалын жогорулатуу.

Милдеттери:

  • окуучунун реалдуу мүмкүнчүлүгүн, өнүгүү зоонасын аныктоо, өзүн – өзү өркүндөтүүгө шарт түзүү;

  • окуучулардын билим сапатын, жетишүүсүн көзөмөлдөө, жеке мүмкүнчүлүгүнө жараша дифференцирленген иш жүргүзүү (предметтик мугалимдер менен кызматташуу);

  • акыл эмгегин уюштуруу маданиятын көзөмөлдөө, интеллектуалдык жактан өнүгүүсүн көзөмөлдөө, консультация берүү, акыл тарбиясы боюнча иш-чараларды уюштуруу;

  • психолог менен бирдикте окуучулардын интеллектуалдык өнүгүүсү боюнча коррекциялык иштерди уютуруу;

  • мектептен тышкаркы мекемелер менен бирдикте балдардын интеллектин өнүктүрүү максатында кызматташуу;

  • ой жүтүртүүнү, эске тутууну өнүктүрүүгө карата (класстын ичинде) конкурс, (параллель класстарда) интеллектуалдык марафон, талкуу уюштуруу;

  • илимий изилдөө иштери боюнча конференция өткөрүү;

Интеллект багытындагы негизги түшүнүктөр: акылдын өнүгүшү, интеллектуалдык өнүгүү, чыгармачыл жөндөмүн өнүктүрүү, практикалык интеллектин, социалдык интеллектин, кругозорун өстүрүү, интеллектуалдык потенциалын жогорулатуу.

Мамиле түзүүгө үйрөтүү багыты

Класс жетекчинин максаты - эл менен мамиле түзүү боюнча улуу муундагылардын тажрыйбаларын өздөштуруугө, андагы позитивдуу жана негативдүү жагын ачуу аркылуу, социалдашуу боюнча билимге билгичтикке, көндүмгө ээ болууга үйрөтүү.

Ал эми милдеттери:

– мугалим, окуучу, улуу, кичуу менен мамиле түзүүгө үйрөтүү;

– ар башка муундагылардын мамиле тузүү тартиби менен тааныштыруу;

  • окуучулардын бири-бири менен мамиле тузүүсүн көзөмөлдөө, проблемаларын аныктоо, коррекциялоо;

– элдин мамиле түзүү боюнча тарыхый тажрыйбасына кайрылуу, эл менен мамиле түзө билүүнүн ролуна, билбестигинин натыйжасына (аягына), алардын кийинки муунга тийгизген оң (терс) таасирине кайрылуу;

– мамиле түзүүгө шарт түзүү, мамиле түзүүдө аналитикалык жана рефлексивдик (таасирге жообу) көндүмдөрүн калыптандыруу;

– ата-энелерге мамиле түзүү маселелери боюнча консультация берүү;

Мамиле түзүү багытындагы негизги тушүнүктөр: эмоция, сезим, рефлексия, эмпатия (санаалаштьж, тилектештик), боору-кердик, өзүн башкара билүү.

Класстан тышкаркы иштердин формасы: мамиле түзүүдө кездешуүчу проблемалар боюнча тематикалык класстык саат, интерактивдүү оюндар, ата-энелер менен окуучу мамиле түзүү боюнча тренинг, жеке консультация, окуучулардын чыгармачылыгын презентациялоо (көркөм окуу, тартуулоо, коргоо ж.б.).

Адептик аң-сезимди өнүктүрүү багыты

Класс жетекчинин максаты — окуучулардын адептик нормаларды, эрежелерди түшүндүрүү, билимин терендетүү, ой жүгүртүүсүн өстүрүү. Милдеттери:

— жолдоштору менен адептүү мамиле түзүүнүн жол-жоболорун үйрөтүү;

— жалпы адамзаттык дөөлөттөр, адептик баалуулуктар жөнүндө түшүнүк берүү;

– реалдуу турмуштагы адептик билимдин негизинде аракет кылуу;

– окуучулардын эркин өнүктүрүү, өзүнүн чабал күчтүү жа-гына сын көз менен кароо, ага маани берүү;

  • экстремалдык шартта туура жол табууга тарбиялоо, оор турмуштук шартта адептик позицияда болгон адамдардын үлгүсү менен тааныштыруу;

  • окуучулардын адептик билимин тереңдетүү жана аларга өзүн өзү өркүндөтүү жолдорун үйрөтүү;

  • элдик традицияларга, укумдан тукумга келе жаткан тарбиялык усулдарга жакшы мамилени калыптандыруу;

  • уккан нерсени эске тутуп калууга, көргөн нерсени көкүрөккө түйүп калууга, жыйынтык чыгарууга үйрөтүү;

  • аң-сезимге келген жаман ойлордон кутулууга, позитивдүү ой жүгүртүүгө көнүктүрүү;

  • маанисиз, жаман сөздөрдү сүйлөбөгөнгө үйрөтүү;

Адептик аң-сезимдүүлүктү өнүктүрүү багытында негизги түшүнүктөр: адептик баалуулуктар, адептик аң-сезим, позитивдүү (негативдүү) ойлор, этикалык окуу, адептик би-лим, адептик тажрыйба.

Класстан тышкаркы иштердин формалары:

– адептик аң-сезимдүүлүктү өнүктүрүү боюнча изилдөө иштерди жүргүзүү;

– ооруканага, балдар бакчасына, жетим балдарга шефтик иштер;

– көрүнүктүү адамдардын адебине, позициясына анализ;

– өзүн өзү адептик жактан өнүктүрүү боюнча тренинг өткөрүү.

– адептүүлүктүн алтын эрежесин өздөштүрүү;

– илимий жана диний көз караштан карап, адептик баалуулуктарды салыштыруу;

– согуштун, эмгектин ардагерлерине жардам берүү;

– мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам берүү.


Бош убакытты туура пайдалануу багыты

Класс жетекчинин максаты – окуучуларды турмуштук ар кандай жагдайда өз алдынчалыкка, убакытты баалуулук катары таанууга, ага ак ниеттүү, жоопкерчиликтүү, демилгелүү мамиле кылууга үйрөтүү. Милдеттери:

– класстан тышкаркы иштердин стандартуу эмес, чыгарма-чыл формаларын уюштуруу;

  • окуучулардын шыгына, жөндөмүнө, кызыкчылыгына жараша ар кандай кружокко, секция, клубга катышуусуна камкордук көрүү;

— окуучулардын мектептен тышкары бирикмелердеги, класстан тышкаркы иштердеги изденүүлөрүн, ийгиликтерин ата-энелерге, мугалимдерге көрсөтүү;

  • башкалардын ийгилигине карата калыс болууга, өз ийгилигин туура (адекваттуу) баалоого үйрөтүү.

Бош убактыларын туура пайдаланууга үйрөтүү багытында аткарылуучу иш-аракеттердин түрлөрү:

– окуучуларга класстан тышкаркы иштерде өз алдынчалыкка, мүмкүндүк берүү, ишин пландаштыруусун байкоо, аны аткарууга, жоопкерчиликке үйрөтүү;

– окуучулардын демилгелерин колдоо.

Жарандык аң-сезимди калыптандыруу багыты

Класс жетекчинин максаты – окуучуга укуктук нормалар жөнүндө билим берүү, коомго, адамга, мамлекетке карата укуктук билимдин негизинде аң-сезимдүү (өз алдынча) мамиле түзүүгө үйрөтүү. Милдеттери:

– коомго (адамга) карата укуктук норманын негизинде мамиле түзүүнү, укуктук жактан маданияттуулукту калыптандыруу

– гуманисттик көз карашты калыптандыруу, башкалардын укугун сыйлоого, өз укугун билүүгө үйрөтүү;

– укуктук тарбия боюнча ар кандай маселелерди чечүүгө үйрөтүү, моралдык жактан өзүн өзү өнүктүрүү, проблемаларды чечүүгө үйрөтүү.

Жарандык аң–сезимди өнүктүрүү багытындагы иш аракеттердин түрлөрү:

– мамлекеттин укуктун нормаларына, мыйзамдарына, кара-та жоопкерчиликтүү мамиле кылууга үйрөтүү;

– укуктук билимдерди, билгичтиктерди, жүрүм–турум көндүмдөрүн калыптандыруу максатында класстан тышкаркы иш-чараларды уюштуруу;

– укуктук уюмдар менен кызматташуу, турмуштун ар кан-дай жагдайларында калыстык, ынсап, уят, милдет сыяктуу мо-гивдин негизинде адептүү укуктук чечим тандоого үйрөтүү;

– тематикалык класстык саат, атайын курс;

– укуктук структурада, коргоо мекемесинде иштеген, закондун тартибин билген кызматкерлери жана аскердик бөлүмдүн кызматкерлери менен жолугушуу;

– укуктук тематикада викторина, конкурс, өткөрүү, конституция күнүн белгилөө;

– «менин кандай укуктарым бар» деген темада интерактивдүү оюн, маек, талкуу уюштуруу;

– укуктук тематикада окурмандардын конференциясы.

Жарандык аң-сезимдүүлүктү өнүктүрүү багытында ар кан-дай түшүнүктөр: укук, мыйзам, милдет, укук бузуу, кылмыш, жоопкерчилик, ар-намыс, моралдык сапат, нарктуулук, абийир, укуктук норма, адамдык кадыр.

Үй-бүлө менен иш жүргүзүү багыты

Класс жетекчини максаты – ата-эне менен педагогдордун кызматташуусу аркылуу окуучунун инсандык сапаттарын өнүктүрүү үчүн бирдиктүү аракет этүү.

Милдеттери:

– ата–энелер менен тематикалык жалпы же жекече маектешүү, ата-энелердин чогулушунда педагогикалык, психологиялык жактан агартуу иштерин жүргүзүү, окуу тарбия процессинин бардык катышуучуларынын өз ара карым – катышына нормалдуу атмосфера түзүү, чырчатакты, келише албастыкты (чыдамдуулук көрсөтүү менен) жеңип чыгуу.

Үй–бүлөлүк тарбия багытында иш-аракеттердин түрлөрү:

– мектептин психологиялык кызматы менен кызматташуу ата-энелерге коллективдүү консультация;

– окуучулардын үй-бүлөлүк традициялары, баалуулуктары менен таанышуу;

– мектептин жана класстын турмушуна активдүү катышкан ата – энелерге дем берүү, кызыктыруу;

– үй – бүлө түзүүгө даярдоо, үй – бүлөнүн мүчөсүнө шерик болууга үйрөтүү, турмушта кездешүүчү кыйынчылыктарды жеңүүгө карата билим берүү, социалдык даярдык көрүү жана алган билимдерин турмушта колдоно билүүгө үйрөтүү;

– башканын оюн туура түшүнүүгө, бири-биринин сөзүн уга билүүгө жана башканын сөзүн бөлбөөгө үйрөтүү;

– үй – бүлөлүк тарбия боюнча негизги түшүнүктөр: үй – бүлөлүк тартип, үрп – адат, тукум куучулук сапаттары, үй – бүлөнүн санжырасы, ата – эненин авторитети, бир туугандарынын ынтымагы, үй – бүлөнүн мамилеси, үй – бүлөнүн рухий абалы, кары – картаңдарга мамилеси.


Жаны теманы, анын максатын, күтүлүүчү натыйжасын жана

пландарын интерактивдүү досканын жардамында көрүшөт жана түшүнүшөт;

-План менен таанышып чыгышат.



НК1

ОН1


5.

Бышыктоо

30 мүнөт

-Видео-ролик

-Слайд аркылуу

1. Адептик аң-сезимди өнүктүрүү багытында класс жетекчинин максаты эмне?

2. Турмушта кездешүүчү кыйынчылыктарды жеңүүгө карата билим берүү, социалдык даярдык көрүү жана алган билимдерин турмушта колдоно билүүгө үйрөтүү. Кайсы багыт тууралуу сөз болуп жатат?

3. Бош убакытты туура пайдалануу багытында класс жетекчинин негизги максатын атагыла?

4. Ден-соолук менен байланышкан кандай тематикалык талкууларды уюштурса болот?

-Топко берилген суроолор боюнча топто талкуулашат, презентациялашат.

НК1

НК2

НК3

ОН1

Калып-танды-руучу баалоо усулу колдо-нулат

6.

Жыйын-тыктоо

8 мүнөт

Төмөнкү сүйлөмдү толуктагыла:

  • Бүгүнкү сабакта мага төмөнкүлөр кызыктуу болду ...

  • Мага көбүрөөк жакканы ...

  • Бүгүнкү сабакта мага кыйын болгону ....

Суроолорго жооп берип, талкуулашат

НК3



7

Баалоо

5 мүнөт

- Баалоонун критерийлери боюнча бааланат

Бири-бирин баалашат.



Бири-бирин баалоо

8.

Үйгө тапшырма берүү

3 мүнөт

“Мугалимдин аткаруучу иш-аракеттери” деген темада сабактын иштелмесин түзгүлө.

-үй тапшырмасын алышат








Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!