СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

«Башталгыч класстарда окутуунун активдүү формаларын колдонуп сабак өтүү»

Нажмите, чтобы узнать подробности

Студенттер учун семинар-тренинг.

Просмотр содержимого документа
««Башталгыч класстарда окутуунун активдүү формаларын колдонуп сабак өтүү»»



Таштан Эрматов атындагы

Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжи.



Семинар-тренинг


«Башталгыч класстарда окутуунун активдүү формаларын колдонуп сабак өтүү»



Даярдаган: математика предмети боюнча

ментор Нуруева Жаңыл Болотовна











Бишкек




Семинардын темасы:

«Башталгыч класстарда окутуунун активдүү формаларын колдонуп сабак өтүү»

Лозунг:

«Мен уксам….. унутам,

Көрсөм … эске түшүрөм

Өзүм жасасам… түшүнөм!» (кытай макалы)


Семинардын максаты:

А) Студент-практиканттарга окутуунун активдүү формаларын колдонуп сабак өтүүнү- этаптарга бөлүп, конкретүү мисалдар менен көрсөтүү.

Б) Студенттердин замандын талабына жооп берүүчү, жогорку деңгээлдеги сабактарды өтүүсүнө көмөктөшүү, өз тажырыйбасында колдонууга жардам берүү.

В) Мугалимдик кесипти, балдарды сүйүүгө, чыгармачылык менен иштөөгө, заманбап технологиялар менен сабак өтүүгө, өз билиминин үстүндө ар дайым талыкбай эмгектенүүгө чакыруу.

Семинардын жабдылышы: лозунг, сүрөттөр, плакаттар, тексттер, түстүү кагаздар, пазлдар, слайд-шоу, SMSкарточкалар, тесттер, ребустар, кроссворддор, анкеталар.

Семинардын жүрүшү:

-Саламатсыздарбы урматтуу коноктор, мугалимдер жана менин студенттерим.

Бүгүн мен семинарды кытай элинин макалы менен баштагым келип жатат.

«Мен уксам… унутам,

Көрсөм … эске түшүрөм

Өзүм жасасам… түшүнөм!» (кытай макалы)

Ооба адам баласы өз колу менен жасаган нерсесинин 90%ын эстеп калышат экен. Ошол себептүү бүгүнкү семинарыбыз семинар-тренинг формасында өткөрүлөт.

Семинардын темасы- «Башталгыч класстарда окутуунун активдүү формаларын колдонуп сабак өтүү». Биз бул убакка чейин кээ бир студенттер бул формаларды колдонуп сабак өтүп келгенбиз. Бүгүн сабактын структурасы боюнча этаптарга бөлүп кандай ыкмада колдонуу керектигин карап көрөлү.


1.Сабактын уюштуруу моментине.

(ар бир пункт студенттер аркылуу аткарылат)

1.Саламдашуу ритуалы (жаңсоо да кирет)

2. Бири-бирине жылуу сөз тартулоо.

3. Бири-бирине жылмаю тартуулоо

4. Сыйкырдуу микрофон

5. Алтын эрежелер

6. Өз ысымын катыштырып сүйлөм түзүп, улам кийинкиси мурдагыны кайталап анан өзүнүкүн айтат


  1. Үй ташырма текшерүү.

(ар бир пункт студенттер аркылуу аткарылат)

  1. Светофорду колдонуу менен текшерүү. Окуучулардын ар биринде өз колдору менен жасалган светофор болуу керек. Доскага окучу чыгып мисалды жазат, отурган окуучулар эгерде туура болсо жашыл түстү, жарымы туура болсо сары түстү, туура эмес болсо кызыл түстү көрсөтүшөт. Мугалим окуучулардын ызы-чуу түшүүсүн жоё алат жана бирин-бирин баалоону негизгиси үй тапшырмасын туура эмес аткарып келген окуучуларды да текшере алат.

  2. Математикалык белгилерди колдонуу (+,-)

Туура болсо колдорун үн чыгарбай «+» формасында көрсөтүшөт. Туура эмес болсо «-» көрсөтүшөт.

  1. Логикалык амалдар «чын», «жалган» деп да текшерүүгө болот.


3.Сабактын негизги бөлүгүнө (оозеки саноого машыктыруу, саноого көнүктүрүү, мисал-маселелерди чыгарууда, бышыктоодо, ж.б)

(студенттер топторго бөлүнүшөт жана ар бир пункт аркылуу тапшырмаларды аткарышат)

1. «Маш ботой» музыкасынын кошотоосунда мисалдар иштөө.

2. «Окулган текстти тарткыла»,

3. «Математикалык жомок»,

4.«Менин башымдагы кино»,

5. «Математикалык диктант»,

6. «Лото оюну».

7. «Чымчыктарды өз уясына жайгаштыруу»

8. «Магазин» оюну.


4. «Мен көргөн окуя»-сүрөттөр боюнча өз ойлорун жазат, бири-бири менен пикир алмашат.

(мекен таануу, адабият, табият таануу ж. б. сабактарына колдонууга болот)

4 топко 4 сүрөт таркатылат. Ар бир топ сүрөт боюнча байкоо жүргүзүп, барака жазышат. Кайра айланып бири-биринин ойлорун толукташат. Жыйнтыгында баары 4 сүрөт боюнча ойлорун, байкоосун салыштырышат.


5. Оозеки кепти өстүрүү.

(Арбир мугалимдин каалоосу боюнча, чыгармачылык изденүүсүнө жараша сабактарга колдонсо болот)

«Бул эмне экенин тап?»-оюну (4 командага берилет)

А) 1. «Ышкырат, согот, жулат, көтөрөт, учурат.» (куюн)

  1. «Дарылайт, картайбайт, кубантат, баланы уктатат.» (Арча,балаты)

  2. «Ырдайт, жооп берет, угат, санайт, эскирет, бузулат.» (сотка)

  3. «Сүйүнтөт, күйүнтөт, кир болот, түгөнөт, сакталат, жыртылат, жуулат.» (акча)

Б) Командалардын лидерине же каалаган мүчөсүнө тапшырмалар

Этиштерден куралган сөздөрдү көрсөтөм, лидери же команданын атынан чыккан студент этиш сөздөрдү- кыймыл, жаңсоо иретинде көрсөтөт. Командасы ал сөздөрдү белгиленген минутанын ичинде табыш керек.

В) Балдар сүйүп көргөн мультфильмдердин каармандары көрсөтүлөт, ар бир топко өзүнчө тапшырма болот. Командлардан каалаган студент келип ал каармандарды кыймыл аракет, жаңсоо менен көрсөтөт. Командасы белгиленген убакытта табуу керек.

Г) Балдар сүйүп ырдаган ырлардын сөздөрү жаңсоо менен көрсөтүлөт, команда ал ырды табыш керек.


  1. «Эс тутум»

4 команда эки-экиден өздөрү каалаган композицияны жасашат. Кайра ошол жасаганын каршысындагы командага түсүн, формасын, ээлеген ордун , жасоо иретин түшүндүрүп айтып берет. Алар укканы боюнча жосоо керек. Аягында ачып көрүшөт, туура жасалдыбы, байкоолорду , талкууларды жүргүзүшөт.(убакыт чектелет).

  1. «Кыялдар өлкөсүнө саякат»

(ар бир пункт студенттер аркылуу аткарылат)

  1. «SМS» мисал

  2. «МиФ планетасына учуу»-сунуш иретинде

  3. «Менин кыялымдагы БМПК»-үй тапшырмасы.

  1. «Сабак -театр»

  1. «Чамгыр жомогун сахналаштыруу»

  2. Ролдоштуруу аркылуу сабак өтүү.

  1. Кошумча материалдар менен иштөө (тестер, карточка, ребус, кроссворд ж.б.)

  2. Математика сабагында колдонулуучу слайддарды презентациялоо.

  3. Баалоо боюнча критерийлер таркатылат.

  4. Үй тапшырма берүү формалары.

  5. Семинардын жыйынтык бөлүгү.

  6. Кофе-брек. Семинардын өтүлүшү боюнча студенттердин оюн билүү, ойлор, сунуштар менен бөлүшүү.

Семинардын II этабы башка күнү өтүлөт. Анда студенттер окуучунун жана мугалимдин ролунда бөлүнгөн топтору боюнча өздөрү каалаган сабакты, активдүү окутуунун формаларын пайдаланып сабактарды өтүшөт. Чогуу анализ берилет, бааланат, ойлор, сунуштар угулат. Аягында «Педагогикалык рефлекция», «Менин авто сүрөтүм» -анкеталары менен кайтарым байланыш түзүү, жагымдуу психологиялык абал түзүү.


Өтүлүүчү күнү: 14.12.2012-жыл

Семинарды өткөргөн мугалим: БКк 43-группанын практика жетекчиси, математика жана инфрматика мугалими Нуруева Жаңыл Болотовна.

Семинарга катышкан мугалимдер жана коноктор:

Чолпон Айтматова- GIZ Германиялык коомунун координатору.

Кутманалиева Динара -окуу-өндүрүштүк иштер боюнча директордун орун басары. Мамбетова Айдай –«Активдүү окутуунун формалары» боюнча тренер, математика мугалими.Семинарга катышкан студенттердин тизмеси:

1.Байтемирова Асел

2.Жоломанова Назира

3.Нурбек к. Зияда

4.Сапарбек к.Айгерим

5.Талантбек к. Жамила

6.Мырзагелди к. Жанара

7. Кыдырбек к.Насикат

8.Жусупова Салтанат

9.Жапаркул к. Элиза

10. Жайчыбекова Айбарчын

11.Эсенгулова Үмүт

12.Бакыт к. Айпери

13.Качкынбай к. Жазгүл

14.Эсенбек к. Гулиза

15.Мирлан к. Гүлайым

16.Калыбек к. Айгерим

17. Шайлообек к. Майрам

18.Нурманбетова Гүлжазы

19.Бердибек к. Кенжегүл

20.Каюмова Рухия

21.Сүйүнбай к. Жылдыз

22.Замирбек к. Айтолкун

23.Мураталы к. Батма

Семинарды өткөргөн : БКк 32-группасынын математика сабагы боюнча методисти-ментор Нуруева Ж.Б.

Өтүлгөн күнү: 22.12.2012-жыл

Семинарга катышкан БКк 32-группанын студенттеринин тизмеси


1.Толкунбек к.Акмарал

2.Алтынбек к Майрам

3.Алыбек к Айпери

4.Жаныбек к Нурзада

5.Нурбек к Рапия

6.Козубаева Алтынай

7.Талантбек к Мадина

8.Кенджаева Жыпара

9.Ишенаалы к Жазгүл

10.Шайлообек к Гулмира

11.Умарбек к Жаркынай

12.Шаршенбек к Таалайкан

13.Шаршен к Астра

14.Конокаалы к Айпери

15.Каленова Айдай

16.Рыскулбек к Наргиза

17.Эсенбай к Айпери

18.Талипова Жылдыз

19.Кудайбергенова Наргиза



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!