СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Бейиш энелердин таманы астында

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарбиялык саат 

Просмотр содержимого документа
«Бейиш энелердин таманы астында»

Бейиш апалардын таманы астында.


А. Окуучуларга суроолор.


  1. Апалар адамдардын жашоосунда кандай роль ойнойт?

  2. Апаларга кандай мамиле кылыш керек?

  3. Силер апаларыңарга кандай сый-урмат көрсөтөсүңөр?


Б. Теманы түшүндүрүү.


Баланын эң эле биринчи көргөн адамы, эң биринчи сүйлөгөн сөзү “апа” болсо керек. Апалар ар бир адамдын жашоосунда чоң роль ойнойт. Апасы бар бала менен, апасы жок баланын мүнөзүндө, тарбиясында, билиминде абдан көп айырмачылыктар кездешет. Апа көрүп, анын мээримин таткан адам, албетте, тарбиялуу, жумшак мүнөздүү болууга мүмкүнчүлүгү көп. Бирок, апаны көзү барда көп киши ырастап барктабай жүрүп, көзү өткөндө өзүн өзү койгулайт.

Апалар аталардан да өйдө турат. Анткени, энелерибиз аталарыбызга караганда жумшак, назик, алсыз болушат. Бирок, ага карабастан Кудайдын буйругу менен жаратылган энелер баланы курсагында тогуз ай көтөрөт. Ушул тогуз ай бою курсагындагы ымыркай бала эненин ичкен суусун ичип, эненин жеген тамагын кошо жейт. Мындай көрүнүш алсыз апалардын кандай кыйналып, кандай учурларга дуушар болоорун ачык айтып турат. Тогуз айдан кийин, апалар эзели эч нерсе көрүп билбеген, эч нерсеге алы жетпеген балдарды багып, өстүрүп чоңойтушат. Ушундай иштерди аткаруу – бул улуу, бийик даражадагы адамдардын колунан келген иш.

“Бейиш апалардын таманы астында” деп айтылат эмеспи. Бул деген, апаларды сүйүү, аларды айоо, урматтоо, сыйлоо, аларга сылык-сыпаа болууну түшүндүрөт. Адам баласы качан гана апасын сыйлап, аны ыраазы кылса, ошондо гана бейишке кирүүгө татыктуу. Демек, дүйнөдө канчалаган чоң-чоң жумуш болбосун, апага урмат-сый көрсөтүп, аны көздүн карегиндей сактоо - бул улуу жумуштардын улуусу, чоң жетишкендиктердин чоңу экен. Адамдар жашоодо ар кандай чоң кызматтарда иштеп, көптөгөн дос күтүп, көп элди ыраазы кылышы мүмкүн, бирок, апасы андан ыраазы болбосо, демек анын кылган ишинин бир тамчы да баркы болбойт, наркы болбойт.

Апага төмөндөгү сыпаттар менен мамиле жасоо ар бир адамдын милдети:

Корс, орой мамиле жасабоо. Бой көтөрбөө. Апанын жүрөгү назик болот, аны таарынтып алуу бир көз ирмемдик нерсе. Андыктан, адам ар бир сүйлөгөн сөзү, ар бир көз карашы, ар бир кыймыл-аракети менен апасын кубантканга гана аракеттениши керек.

Чын жүрөгү менен апаны сүйүп, ага ар кандай жолдор менен жардам берип, ишин жеңилдетүү. Апалар көбүнчө кыйналып жаткандарын билгизбейт. Анткени, алар балдарын абдан сүйөт жана балдарынын алардын проблемаларын билип калып кошо капалангандарын каалабайт. Бирок, ага карабастан, кайдыгерлик мамиле кылбоо керек. Кайдыгерлик - адамда болгон эң терс, жаман, боорукерсиздикти көрсөткөн мүнөз. Мындай мамиле, албетте, ар бир апаны дагы-дагы көп терс өйлорго салып, алардын өмүрүн кыскартат. Ошондуктан, апаларыбызга алыбыз жетишинче дилибиз менен, мал-мүлкүбүз менен, сөзүбүз менен, жок дегенде ниетибиз менен каралашып, муктаждыктарын канааттандырышыбыз абзел.

Апанын сөзүн эки кылбоо, каяша айтпоо. Балдарын өстүрүп чоңойткон ар бир апа баласына буйрук берип, иш тапшырып, жада калса тилдеп койгонго толук укугу бар. Мындай кылган апалардын ишинде, демек, себеп бар. Жөн жерден апа баласын тилдебейт, ата-эне балдарын сүйгөнү үчүн, алардын жакшы болушун каалагандары үчүн гана анда-санда тилдешет. Ошондо, ошого чыдай албаган, асмандан түшө калгандай болгон балдар чоң күнөөгө батып, жашоосундагы көп эшиктерди жаап коюшат. Апасы же атасы урушуп койсо “кетем” деп жашоо – бул караңгылыктын, сабырсыздыктын, акылсыздыктын көрсөткүчү. Апа урушса, демек бала бейбаштык кылган. Аны ар бир адам өзү түшүнсө керек.

Кыскасы, апа ыйласа сооротуп, жыргаса сүйүнүп, иштесе көмөк көрсөтүп, колун жууса суусун куюп, сөз айтса кунт коюп угуп, иш тапшырса кечиктирбестен аткарып, үшүсө кийинтип, ысыса көлөкөлөтүп багышыбыз ар бирибиздин милдетибиз. Апаларыбызды кубантып бактылуу кылбай туруп, өзүбүз эч качан бактылуу боло албайбыз. “Энеси тепкен кулундун эти оорубайт” дегендей энелерибиз тилдеп койсо, аларга жылмаюуу менен, адамгерчилик менен, сабырдуулук менен мамиле жасашыбыз керек.


Б: Аңгеме.


Күндөрдүн биринде бир кичинекей бала апасына кат алып келип берет. Апасы жаңы эле суу болгон колдорун кийимине аарчып катты алып окуйт. Ал катта төмөндөгүлөр жазылып турган экен:

- Чөп оргонум үчүн 1 сом, бөлмөмдү тазалаганым үчүн 1 сом, дүкөнгө барып соода кылып келгеним үчүн 1 сом, кичинекей бөбөгүмдү караганым үчүн 1 сом, таштандыларды ыргытканым үчүн 1 сом, сабактарымды жакшы окуганым үчүн 1 сом, бакчаны тазалаганым үчүн 1 сом. Жалпы карыз – 7 сом.

Эне бир нерсе үмүт этип турган уулунун жазган кагазынын аркасына төмөнкүлөрдү жазат:

- Сени курсагымда 9 ай көтөрдүм, БЕКЕР, ооруп калганыңда жаныңда отурдум, колумдан келгенди кылдым, дуа кылдым, БЕКЕР, жылдар бою ар түрдүү себептерден улам сен үчүн ыйладым, БЕКЕР, сен үчүн сар-санаага баттым, түндөрүм уйкусуз өттү, БЕКЕР, оюнчуктарыңды жыйнадым, тамагыңды даярдадым, кийимдериңди жуудум, үтүктөдүм, БЕКЕР КАРАЖАНЫМ, жана булардын баардыгын топтогондо чыныгы сүйүүнүн акысыз болгонун түшүнөсүң, анткени ал бекер...

Уулу апасынын жазгандарын окуганда көздөрү жашка толот. Ал дароо апасын карап туруп “Апаке, мен сизди абдан жакшы көрөм” деп жиберет дагы калем сапты алып “БААРЫ ТӨЛӨНГӨН” деп жазат.


Эне - бир периште.


Жаңы төрөлө турган бир бөбөктүн бул дүйнөгө келгенге даярдык көрүп жаткан мезгили. Бир күнү ал Жараткандан сурайт:

- Аллахым, эртең менин дүйнөгө бараарымды айтышты, бирок мен ушунчалык кичинекей жана алсызмын да, мен ал жакта кантип жашайм?

- Баардык периштелеримдин арасынан бирөөнү сен үчүн тандап койгом. Ал сени күтүп турган болот жана ал сени ар кандай нерселерден сактайт. Периштең сага күнүгө ыр ырдап, жылмайып турат. Ошондо сен анын сүйүүсүн сезип, бактылуу болосуң.

- Анда.... Адамдар мага бир нерсе айтканда мен алардын тилин билбей туруп аларды кантип түшүнөм?

- Периштең сага дүйнөдөгү баардык эң жакшы, жагымдуу сөздөрдү айтат жана сага сүйүү менен, кылдаттык менен сүйлөгөндү үйрөтөт.

- Андай болсо, Аллахым, мен Сени менен сүйлөшкүм келгенде кантем?

- Периштең сага алакан жайып мага дуа кылганды да үйрөтөт.

- Дүйнөдө жаман адамдардын болгонун уктум, мени ким коргойт?

- Периштең өз жашоосуна кайыл болсо да сени дайыма коргоп жүрөт.

- Бирок Аллахым, мен сени кайра көрө албаганым үчүн аябай капа болуп турам.

- Периштең ар дайым мен жөнүндө айтып турат, мага кайтып келиштин жолун да сага түшүндүрүп берет.

Бир маалда Бейиштин ичи жымжырт болуп дүйнөнүн үндөрү угула баштайт. Бөбөк өзүнүн кетүүгө убактысынын келгенин түшүнүп Жараткандан акыркы бир суроосун сурайт:

- Аллахым, менин кетеер маалым келген болсо, эртерээк айтчы, периштемдин аты ким?

- Анын атынын ким болгону маанилүү эмес, Бөбөк, сен аны бир гана “АПА” деп чакырасың...

Эне колдору


Энелер күнүнө мугалимибиз бир үй тапшырмасын берген эле. Апаларыбыздын колдору жөнүндө бир нерселерди жазып, даярдашыбыз керек болчу. Мугалимибиз бул тема жөнүндө көп деле түшүндүргөн жок. Апаларыбыздын мээнеткечтиги, жан аябастыгынан бир аз эле айтып жөн болду. Эки-үч күндөн кийин мугалимибиз, класста үй тапшырмаларыбызды окута баштады. Кезек чогуу окуган бир кызга келди. Ал мындай деп баштаптыр:

- Энелерибиздин колдору… Менин апам бир колу менен май сызгырса, экинчи колу менен кучагында китебибизди кармап алып, башкасы менен атамдын кийимин жамайт, башкасы менен тамак жасайт. Башкасы менен мен мектепке жөнөп жатканда чачтарымды өрүп берет, башкасы менен…

Мугалимибиз күлүп:

-Ал эмне дегениң, кызым? Башкасы менен… башкасы менен. Сенин апаң кырк аякпы, эмне? Акылга сыйбай турган нерсе бул, туурабы? Шылдыңдагансып күлө баштадык эле, чогуу окуган кызыбыз тартынбастан туруп, минтип жооп берди:

-Жок, андай эмес! Эки колу атам үчүн…Апамдын жети баласы бар. алардын ар бирине эки колдон бөлсөк, он төрт болот. Ашканага, атканага, бакчага экиден кол бөлсөк, алты болот. Жетимдерге эки кол жана дуба кылганга эки кол бөлүп, баарын кошсок, жыйырма алты болот. Ошондо апамдын жыйырма алты колу бар. Мурун күлүп, шылдыңдаганыбыз үчүн абдан уялдык, ал эми чочуган мугалимибиз болсо, олуттуу, титиреген үнү менен:

-Абдан туура жазыптырсың, кызым деди. Апаңды Кудай колдоп, жардам кылсын. Эң жакшы үй тапшырмасын сен жазыптырсың. Сага он деген баа койдум, жөнөкөй он эмес жылдыздуу он койдум, деди.


Г. Накыл сөздөр.


Эне сабырында чек жок.

Энеси тепкен кулундун эти оорубайт.

Эне көөнү - бешикте, бала көөнү - эшикте.

Эне сыйлаган элге жагат, ата сыйлаган абийр табат.











Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!