СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Берилген сөздө туруу улуу -эрдик

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарбиялык саат 

Просмотр содержимого документа
«Берилген сөздө туруу улуу -эрдик»

Берилген сөздө туруу – бул эрдик.


А: Окуучуларга суроолор.


  1. Башкаларга сөз бергенден кийин аткарасыңарбы?

  2. Ата-энеңерге берген сөзүңөр барбы?

  3. Сөзүндө турбаган адамдарга көз карашыңар кандай?


Б: Теманы түшүндүрүү.


Берген сөзүндө туруу – бул адамдык жакшы сапат жана жогору бааланган мүнөз. Берген сөзүндө турган адамдар – ички дүйнөсү бай, сезимтал жана башкалардын көңүлүн оорутуп алуудан корккон, аларды сыйлаган адамдар. Ошол сапаттары үчүн элдин арасында сый-урматка жана ишенимге ээ болот. Сөзүндө турган адамдар өзүнүн жакын чөйрөсүндө кадыр-баркка ээ болгондой эле, мамлекеттик иштер ишенилип бергенден кийин аны да эң жогорку деңгээлде аткарып, ал жерде да жогорке ишенимге татыктуу болушат.

Берген сөзүндө турбагандарга болсо тетирисинче эч ким ишенбейт жана сыйлабайт. Аманат катары эч нерсесин тапшырбайт жана убактылуу сураган нерселерди да ишенип беришпейт. Сөзүндө турбаган адамдар менен иш кылууга, жолго чыгууга, сырдашууга, бирге жүрүүгө эч ким жолобойт. Аларга мамлекеттик иш мындай турсун, өзүнүн жакындары деле ишенип бир иш берүүгө жакындай бербейт. Эгерде мындай адамдар коомдо көбөйүп кетсе, адамдардын бири-бирине ишеними азайып жоголот, үй-бүлөлөр бактылуулуктан узак болуп, коомдун ичинде бөлүнүп жарылуулар көрүнө баштайт. Ал эми мамлекеттик башкаруу макамдарына мындай адамдар келсе, элдин бийликке болгон ишеними калбай, бийлик менен элдин ортосунда чоң жарылуу пайда болот.

Берилген сөздө туруу ар түрдүү болот. Жогоруда айтылган сөздөр жалгыз гана саат ондо келем деп келбеген, же болбосо карызга алган акчаны беш күндөн кийин берем деп бербей койгон адамдар жөнүндө гана болгон жок. Сөз берүү түз, ошондой эле кыйыр түрдө болушу мүмкүн. Мисалы, бир врачтык кесипке аттанганы турган адам, же болбосо депутаттын эл алдына чыгып берген сөзү түз эле убада бериши. Ошондой эле мугалимдик кесипти алып көрөлү. Жөнөкөй кесип эмес, абдан жоопкерчиликтүү иш. Бир адамды көчөдөн кармап келип эле, эч ким сен бүгүндөн баштап мугалимсиң деп, колуна 30 баланын тагдырын тапшырып койбойт. Мугалим болом деген адам бир канча жылдык даярдык көрөт. Жогорку билимди алат, практикасын өтөйт, анан аны сынап, кийин ишке алышат. Ошол киши мугалимдик кесипке даярданып жатып, эмнеге баратканын жакшы билиши керек, жоопкерчиликтүү иш экенин сезиши керек. Талаага картошка чапканы эмес, келечектин кадрларын өстүргөнү баратканын сезиши керек. Өзүн мугалим катары далилдей турганын, жогорку сапаттагы иш жасарын университетти ийгиликтүү аяктоо менен, кылган иштери менен башкаларын ишендириш керек. Дипломун алып, мектепке келип, мына мен иштегени келдим дегени: «мен бул ишке даярмын, мага ишенип балдарды тапшырсаңыздар болот, аларга татыктуу билим, тарбия берериме, туура жолду көрсөтөрүмө, аларга адилеттүү мамиле жасарыма сөз беремин», - дегендей эле маанини туюндурат. Кыскача, сөзүндө турууга алган же берилген жоопкерчиликти татыктуу аткаруу деп аныктама берсек да болот. Бирөөгө жоопкерчилик берилип жатканда, ал адам эгерде колунан келбей турганын билсе, анда ал жоопкерчиликти албай койуу анын эрки. А бирок алган болсо анда намысым менен иштейм дегени. Тарыхта, иштеринин аягына чыга албаса да, алган жоопкерчилигин намысы менен аткарып элдин алкышын алган Раззаков, Тыныстанов сыяктуу кыргыздын чыгаан уулдары жашап өткөн. Мына ушулар, эл үчүн иштейм деген сөзүндө турду десек болот.

Алла адамдардын баарын бул дүйнөгө келерден мурун рухтар ааламында топтоп: «Дүйнөгө төрөлүп барганда Мени унутуп койуп, Менден башкасына сыйынбагыла. Бул берген сөзүңөрдү эстетип туруш үчүн пайгамбарларымы жана Китебими жөнөтөм», - дегенде адамдардын баары «жалгыз гана Сага сыйынып жашайбыз», - деп сөз беришкен. Бирок, бир карап көрөлүчү, адамдар ошол сөздөрүндө туруштубу?! Көбү унутуп коюшту. Акчаң болсо бардык проблема чечилет деп, кээбирлери байлыкка, акчага сыйына башташты. Кээбирлери бийликке келери менен адамдык сапаттарын унутуп, элге зулумдук, адилетсиздик кыла баштады. Ар ким өзүн бир анализ кылып көрсүн. Алланын бизге табыштаган акыйкатты унутпадыкбы? Башкасынын акысын жебей, жалган сүйлөбөй, ата-эне жана жакындарыбызга аяр мамиле жасап жатабызбы?

Демек, баарыбыздын эле берген сөзүбүз бар экен. Биз ошол берген сөзүбүздү канчалык денгээлде кармап жатабыз.


В: Аңгеме


Мехмет Акиф Эрсой 20-кылымдын башында жашап өткөн элдик депутат, Туркиянын гимнинин автору. Бир күнү ал досу менен Стамбулдун Анатолия тарабында жолугушууга макулдашат. Бирок, ал күнү жамгыр жаап, суунун наркы бетине каттаган кемелер токтоп калат. Бирок Мехмет Акиф Эрсой сөз берген элем деп, сууну сүзүп өтөт жана убадалашкан жерине жетип, күтө баштайт. Көпкө күтөт, бирок досу келбейт. Досу да жамгырдан улам бара албай калат. Бирок, Мехмет Акиф Эрсойдун берген сөзүн сөзсүз аткарганын эстеп, чуркап жөнөйт. Жеткенинде, бир топ убакыт өткөн болсо деле, Мехмет Акиф Эрсой аны күтүп турган болот.


Г: Накыл сөздөр


Миң жолу сөз берип аткарбагандан көрө, бир жолу берген сөзүңдү аткар.

Берген сөзүндө турган адамдар - адамдык сапаттарга ээ болгон жана аларды баалаган адамдар.

Сөзүндө турбады деп бирөөгө күнөө артардан мурун, өзүңдүн аткарбаган сөздөрүңдү эсте.































Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!