СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Биология предметинен глоссарий

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Биология предметинен тузулгон глоссарий.

Просмотр содержимого документа
«Биология предметинен глоссарий»

Дисциплинанын окутуу курсунун глоссарийи:

Адаптация (лат. аdaptatio - ыңгайланышуу) - организмдердин түзүлүшүнүн жана функциясынын жашоо шартына ыңгайлануусу.

Автотрофтор - Органикалык эмес заттардан органикалык заттарды синтездөөгө жөндөмдүү клеткалар аталат. Жердеги башкы автотрофтор - жашыл өсүмдүктөр.

Белоктор – амин кислоталардан турган ири молекулалык органикалык бирикмелер, алар организмдин түзүлүшүндө жана тиричилигинде негизги роль ойноочу биологиялык полимер.

Биосфера – тиричиликтин чел кабыгы (био - тиричилик, сфера - шар, чөйрө) жерде, сууда жана абада таралган тиричиликтин жашаган жалпы чөйрөсү.

Биосинтез - заттардын клеткада синтезделиши.

Биотехнология - тирүү организмдердин биохимиялык активдүүлүгүн өнөр жай өндүрүшүндө ар кыл тамак - аш сырьелорун ачытуу, ферменттерди, витаминдерди синтездөө, антибиотиктерди чыгаруу ж. б. үчүн пайдаланат. Атайын азык чөйрөдө, чоң биореакторлордо (ферменттерде) бактериялар, ачыткычтар керектүү заттарды иштеп чыгат.

Биоценоз - жерде жана сууда жашаган микроорганизмдер, козугарындар, өсүмдүктөр жана жаныбарлардын чогулушуп, ар түрдүү жашоосу жана бири - бири менен болгон байланыштары.

Вирустар - кишинин, жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана бактериялардын жугуштуу ооруларын пайда кылуучу өзгөчө түзүлүштөгү майда организмдер.

Ген – (грек. genos – тукум, тек, тукум куугучтук фактор) –кандайдыр бир белгиге жооп берүүчү тукум куугучтук материалдын бирдиги.

Гидросфера – (гидро – суу, сфера – шар, чөйрө) жер шаарынын бардык сууларынын бирикмеси: океан, деңиздер, дарыялар, көлдөр, суу сактагычтар, жер астындагы суулар, мөңгүлөр.

Гомеостаз – организмдердин айлана чөйрөнүн таасирлерине жараша өзүнүн химиялык курамын жана физиологиялыкабалын туруктуу кармап туруусу. Ошондуктан, айлана – чөйрө менен организмдин жашоосу бири – бирине так келип, айкалышып турат.

Гетеротрофтор - органикалык эмес заттардан органикалык заттарды синтездөөгө жөндөмсүз клеткалар аталат. Гетеротрофторго бардык жаныбарлар, адам, көпчүлүк бактериялар, өсүмдүктөрдүн хлорофиллсиз клеткалары, козугарындар кирет.

ДНК (дезоксирибонуклеин кислотасы) – клеткада тукум куугучтук информацияны сактайт. ДНКнын молекуласы бири - биринин айланасында спиралдай буралган эки жипче түрүндө болот.

Иммунитет же иммундук система – бул организмге тышкы чөйрөдөн кирген заттардан коргоп жана картайган клеткаларды жок кылууну көзөмөлдөп турган система.

Клетка – бул клеткалуу организмдердин эң кичине бирдиги, клеткасыз өсүп өөрчүү болбойт. Клетка деңгээлинде заттардын, кубаттын (энергиянын) алмашуусу жана бардык маалыматтар берилет.

Клетка ядросу. Бир клеткалуу жана көп клеткалуу жаныбарлардын, ошондой эле өсүмдүктөрдүн ар бир клеткасында ядро болот. Ядронун формасы менен өлчөмү клетканын формасы менен өлчөмүнө жараша болот. Ядронун негизги кызматы көбөйүү.

Катализ - (грек. katalesis - бузулуу) катализаторлор таасири астында реакциянын ылдамдыгы өзгөрүү кубулушу.

Литосфера – Жер планетасынын каттуу бөлүгү башкача айтканда жер кыртышы.

Митоздук цикл – деп бир бөлүнүүдөн экинчи бөлүнүүгө чейин, жаны клеткалардын пайда болушу менен бүткөн клеткадагы процесстердин жыйындысы аталат.

Мутация (лат. mutation - өзгөрүү) – организмдин хромосомасында жана гендеринде болуучу тукум куугучтук өзгөргүчтүк.

Орган – организмдин жекече мүчө бөлүгү. Мүчөлөр түзүлүшү, аткарган кызматтары жагынан ар түрдүү, бирок бири – бири менен тыгыз байланышкан.

Организм – жекече тиричиликтин көрүнүшү, организм жеке жашабайт, алар топ – топ болуп, биригип, “үй бүлө” түзүп, популяция, биоценоз түрүндө жашайт.

Озон – кычкылтектин аллотроптуу модификациясы (О3); түзсүз, жыты кескин зат, күчтүү кычкылдандыруучу. Озон катмары тирүү организмдерди зыяндуу ультрафиолет нурларынан сактайт.

Прокариоттор - (грек тилинде рго - чейин, кагуоn - ядро) ядросу толук түзүлбөгөн. Башкача айтканда, тукум куума белгилерин алып жүрүүчү ДНК цитоплазмада жайгашкан жана ал ядро чели менен курчалган эмес.

Популяция – бир түргө кирүүчү жеке организмдердин жана майда популяциянын жыйындысы, алар мерчемдүү мейкиндикте жашаганга, көбөйүүгө жөндөмдүү.

РНК (рибонуклеин кислотасы) – жогорку молекулалык органикалык бирикмелер. Нуклеин кислоталарынын тиби.

Селекция - (латынча selektо) — тандоо, ылгоо дегенди билдирет. Бирок, азыркы түшүнүк боюнча, селекция негизинен айыл чарба өндүрүшүнүн өндүрүмүүлүгүн жогорулатууга багытталып, табигый тандалуу жөнүндөгү окуу менен бирге, биологиялык башка закон ченемдүүлүктөргө негиздеген комплекстүү илим болуп саналат.

Табигый тандоо – жашоо шартына жараша организмге пайдалуу касиеттер, алардын көбөйүшү жана сакталышы. Организмдердин эволюциясынын негизги кыймылдаткыч күчү.

Тукум куугучтук – организмдердин бардыгынын дене түзүлүшүнүн жана өөрчүшүнүн белгилерин укумдан тукумга сактоочу жана өткөрүп берүүчү жалпы касиети.

Ткань – клеткалардын жыйындысы, жалпы организмге керек кызматтарды аткарат.

Фотосинтез - жарык энергиясынын эсебинен органикалык заттардын синтезделиши. Күн энергиясы Жер жүзүндө жашаган бардык тирүү организмдер үчүн негизги энергия булагы болот. Бирок күн энергиясын түздөн - түз жашыл өсүмдүктөр гана пайдалана алат. Жашыл өсүмдүктөрдүн клеткалары жарык энергиясынын эсебинен органикалык эмес заттардан органикалык заттарды - углеводдорду, майларды, белокторду, нуклеин кислоталарын синтездөөгө жөндөмдүү.

Хромосома - (грекче «хрома» — боек, түс. «сома» — дене) — ядронун өтө маанилүү бөлүгү. Хромосома эки функциялык, структуралык абалда боло алат: конденсацияланган (спиралдашкан) жана деконденсацияланган (спиралдашпаган).

Эукариоттор - (грек тилинде eu - чыныгы, анык; кагуоn - ядро) тукум куума белгилерди алып жүрүүчү ядросу бар организмдер, ал тегерете эки кабат чел менен курчалган.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!