Просмотр содержимого документа
«Биологиялык сабактын иштелмеси»
6-класс
Сабактын темасы: Уруктун курамын аныктоо.
Сабактын тиби: Жаңы билимдин негиздердин өздөштүрүү
Сабактын методу: SEA методу
Сабактын максаты | Көрсөткүчтөрү |
Билим берүүчүлүк: Окуучулар уруктун курамын заттардын түрлөрүн түшүүнөт. | Органикалык жана органикалык эмес заттарды, алардын касиеттерин маанисин билишсе. |
Өнүктүрүүчүлүк : Эксперименттерди жасоо менен окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсү, байкоо жана баамдоо жөндөмдүүлүгү жакшырат. | Экспериментти туура, так аткарып, көргөндөрүнүн айта алышса, заттарды айырмалай алышса, сабактын аягында теманы таба алышса. |
Тарбия берүүчүлүк : Бири-бирин угууга, өз ойлорун эркин айтууга, алган билимдерин турмушта колдонууга тарбияланышат. | Бири-бирин укса, жардамдашса, топто чогу иштешсе, ишти бөлүштүрүп аткарышса, өз ойлорун эркин айтышат, турмушта колдоно алышса. |
Сабактын жабдылыш: уруктун түрлөрү, пробиркалар, шам, ун, суу, марли, чыпка кагаз, батмандар, маркерлер, ак кагаздар.
Сабактын жүрүшү.
1.Стартык эксперимент:
а) Колдонулуучу материалдар: шам кармагыч, күкүрт , пробирка, буудайдын, күн караманын уругу, идиш, ступня, ун, суу, картошка.
б) Старттык экспериментти мугалим жүргүзөт. Мында мугалим сүйлөбөйт. Ар бир окуучуга тажрыйбаны көрсөтөт. Балдар тажрыйбадан көргөн байкоолорун жазышат.
2.Байкоо:
Окуучулардын ар бири эксперименттеги болгон байкоолорун жазышат.
3.Тандалган байкоолор:
Экспериментти аткарып өз алдыларынча байкоолор боюнча текшерүүдө негизгилерин тандап алышат.
4.Сууроо
Мында тандалган байкоолордун негизинде суроо түзүлөт.
5.Божомол (гипотеза):
Суроонун негизинде окуучулар өз гипотезаларын башкача айтканда божомолдорун жазып беришет.
6.Эмне изилденет?
Изилдөө бөлүмү эмне изилденет экендигин тактап алабыз.
7.Эксперимент:
Топко бөлүнөт. Эксперимент жасашат, ар бир топ өз иштерин презентациялашат.
8.Концепция (латын. Conception “система понимания “ жаңы түшүнүк). Ар бир окуучу тажрыйбадан кийин жаңы түшүнүктөрүн жазышат.
9.Тема аныкталат: Окуучулар божомолдуу темаларды айтышат
жана такташат.
10.Колдонулушу: Уруктардын колдонулушу жөнүндө айтышат.
М: буудайдан ун, май алынат, дары-дармек жасоодо, тамак-аш даярдоодо ж.б.
11.Жыйынтыктоо: Суроо-жооп.
12. Окуучулардын билимин баалоо.
13.Үйгө тапшырма. Өтүлгөн теманы окуп келүү. Сүрөт тартуу.
Эскертүү: Презентацияда төмөнкү иреттүүлүктү сактоо керек.
Байкоолор.
Суроо.
Божомол.
Эмне изилденет.
Эксперимент (мында изилденип жаткан нерсенин түзүлүшү, өзгөчөлүгү сүрөт менен көрсөтүлүшү керек). Тажрыйба жүргүзүү үчүн керектелүүчү материалдар.
Жыйынтык (концепция).
Колдонулушу.