Биринчи дүйнөлүк согуш
____________________________________________________________
1. Ири дөөлөттөрдүн ортосунда дүйнөнү бөлүштүрүү саясаты качан аяктаган*
А) XIX к. ортосунда; Б) XIX к. аягында;
В) XX к. башында; Г) XX к. ортосунда;
2. XX к. башында дүйнөнүн көпчүлүк бөлүгүн ээлөөгө жетишкен ири колонизатор мамлекеттер кайсылар?
А) Иран, Турция; Б) Япония, Россия;
В) Италия, Германия; Г) Англия, Франция;
3. 1879-ж. кайсыл мамлекет согуш блогун топтоого киришкен?
А) Англия; Б) Франция;
В) Германия; Г) Россия;
4. 1882-жылы кандай согуштук союз түзүлгөн?
А) Үчтүктөр союзу; Б) Антанта союзу; В) НАТО;
Г) Советтик Социалисттик Республикалар Союзу;
5. Үчтүктөр союзуна кайсыл мамлекеттер кирген?
А) Англия, Франция, Россия Б) Германия, Австро-Венгрия, Италия
В) Россия, Украина, Белорусия; Г) Армения, Польша, Грузия;
6. 1907-жылы түзүлгөн согуштук коалиция эмне деп аталган?
А) Үчтүктөр союзу; Б) Антанта союзу; В) НАТО;
Г) Советтик Социалисттик Республикалар Союзу;
7. Антанта союзуна кайсыл мамлекеттер кирген?
А) Германия, Австро-Венгрия, Италия; Б) Россия, Украина, Белорусия;
В) Армения, Польша, Грузия; Г) Англия, Франция, Россия;
8. Австро-Венгриянын мураскору Франц Фердинанттын сербиялык улутчулдар тарабынан өлтүрүлүшү кандай окуяга себеп болгон?
А) Биринчи дүйнөлүк согуштун башталышына;
Б) Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышына;
В) Төрттүктөр союзунун түзүлүшүнө;
Г) Антанта союзуна Италиянын кошулушу;
9. Биринчи Дүйнөлүк согуш кайсыл жылдары болгон?
А) 1904 – 1905-жж; Б) 1914 – 1918-жж;
В) 1918 – 1920-жж; Г) 1939 – 1945-жж;
10. Биринчи дүйнөлүк согуштун алгачкы сценасы кайсыл мамлекеттер болгон?
А) АКШнын Германияга согушу
Б) Германиянын Фрранцияга согушу;
В) Австро-Венгриянын Сербияга согушу
Г) Германиянын Россияга согушу;
11. Биринчи дүйнөлүк согушка канча мамлекет катышкан?
А) 18 мамлекет; Б) 28 мамлекет;
В) 38 мамлекет; Г) 48 мамлекет;
12. Биринчи дүйнөлүк согушка канча адам мобилизацияланган?
А) 47,9 млн адам; Б) 64,7 млн адам;
В) 73,5 млн адам; Г) 85,3 млн адам;
13. Биринчи дүйнөлүк согушта болжол менен канча адам курман болгон?
А) 5 млн адам; Б) 10 млн адам;
В) 15 млн адам; Г) 20 млн адам;
14. Улуу Британиянын биринчи дүйнөлүк согушка кирүүсүнө эмне шылтоо болгон?
А) Германия менен Австро-Венгриянын Росссияга катуу сокку уруусу;
Б) Белгиянын бейтараптыгынын бузулушу;
В) Италиянын Антанта союзуна биригүүсү;
Г) Осмон империясынын үчтүктөр союзуна кошулуусу;
15. Төрттүктөр союзунун курамына кайсыл мамлекеттер кирген
А) Кытай, Япония, Индия, Россия;
Б) АКШ, Улуу Британия, Россия, Франция;
В) Австро-Венгрия, Болгария, Германия, Осмон империясы;
Г) Финляндия, Сербия, Дания, Герцоговина;
16. Биринчи дүйнөлүк согушта тарыхта биринчи жолу Германия кайсыл өлкөнүн аскерлерине каршы хлор-газдуу химиялык курал колдонгон?
А) Англиянын; Б) Франциянын;
В) Россиянын; Г) Япониянын;
17. Россиянын кайсыл партиясы февраль революциясынан кийин төрттүктөр союзу менен келишим түзүүгө жетише алышкан?
А) Меньшевиктер партиясы Б) Эсерлер партиясы;
В) Большевиктер партиясы; Г) Коммунисттер партиясы;
18. Антанта союзунун биринчи дүйнөлүк согушта жеңишке жетишине кайсыл фактор негиз болгон?
А) АКШнын согушка кирүүсү
Б) Улуу Британиянын согушка кирүүсү;
В) Россия менен төрттүктөр союзунун келишими;
Г) Франциянын Германияга карата контр чабуулга өтүүсү;
19. Париж конференциясында кайсыл мамлекеттер үстөмдүк кылып турган?
А) АКШ, Франция, Улуу Британия;
Б) Индия, Япония, Кытай;
В) Россия, Украина, Белориусия;
Г) Германия, Болгария, Австро-Венгрия;
20. Биринчи дүйнөлүк согушта жеңген мамлекеттер менен жеңилген мамлекеттердин ортосундагы тынчтык келишимдеринин долбоорун кайсыл конференция иштеп чыккан?
А) Ялта конференциясы; Б) Подстам конференциясы;
В) Вашингтон конференциясы; Г) Париж конференциясы;
21. Төрттүктөр союзу биринчи дүйнөлүк согушта жеңилип баратканын түшүнгөн Германия кандай келишим түзүү менен өзүн сактап кала алган?
А) Компьен жарашуу келишимин; Б) Брест тынчтык келишимин;
В) Версаль тынчтык келишимин; Г) Үчтүктөр пактысына;
22. Улуттар лигасын түзүү боюнча чечим кайсыл конференцияда кабыл алынган?
А) Ялта конференциясы; Б) Подстам конференциясы;
В) Вашингтон конференциясы; Г) Париж конференциясы;
23. Польша менен Чехословакиянын түзүлүшүн бекемдеген конференция кайсыл?
А) Ялта конференциясы; Б) Подстам конференциясы;
В) Вашингтон конференциясы; Г) Париж конференциясы;
24. Париж тынчтык конференциясына кайсыл мамлекет чакырылган эмес?
А) Улуу Британия Б) АКШ В) Советтик Россия; Г) Франция;
25. Брест тынчтык келишими кайсыл жылы түзүлгөн?
А) 1917-ж.; Б) 1918-ж.; В) 1919-ж.; Г) 1920-ж.;
26. Брест тынчтык келишими кайсыл мамлекеттердин ортосунда түзҢүлгөн;
А) Австро-Венгрия менен Сербиянын; Б) Германия менен Россиянын;
В) Улуу Британия менен Индиянын; Г) Россия менен Япониянын;
27. Версаль келишими кайсыл жылы түзүлгөн?
А) 1917-ж.; Б) 1918-ж.; В) 1919-ж.; Г) 1920
28. Версаль келишиминин негизинде Германия ээлеген аймагынын канча бөлүгүн жоготкон?
А) 4/1; Б) 6/1 ; В) 8/1; Г) 10/1;
29.Париж келишиминин негизинде мурда Россия империясынын курамынан бөлүнүп чыккан кайсыл мамлекеттер негизделген?
А) Финляндия, Литва, Латвия, Эстония,
Б) Армения, Грузия, Украина, Белорусия;
В) Сербия, Босня, Герцоговина, Белгия;
Г) Дания, Румыния, Швелция, Швейцария;
30. Кайсыл конференцияда Кытайдын аймагынын бүтүндүгүн таанып, аны бөлүштүрбөө жөнүндө макулдашылган?
А) Ялта конференциясы; Б) Подстам конференциясы;
В) Вашингтон конференциясы; Г) Париж конференциясы;
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 |
В | Г | В | А | Б | Б | Г | А | Б | В | В | В | Б | Б | В |
16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 | 22 | 23 | 24 | 25 | 26 | 27 | 28 | 29 | 30 |
А | В | А | А | Г | А | Г | Г | В | А | Б | В | В | А | В |
Экинчи дүйнөлүк согуш
____________________________________________________________
1. XX к. 30-жж. Европадагы согуш отун тутунтууга кызыктар мамлекет кайсынысы?
А) Улуу Британия; Б) Германия; В) Франция; Г) Дания;
2. XX к. 30-жж. чыгышта согуш отун тутунтууга кызыктар мамлекет кайсынысы?
А) Кытай; Б) Корея; В) Индия; Г) Япония;
3. Германиянын экинчи дүйнөлүк согушту уюштуруудагы башкы максаты кандай болгон?
А) Ири колонизатор мамлекетке айлануу;
Б) Дүйнөгө үстөмдүгүн орнотуу;
В) Биринчи дүйнөлүк согуштагы чыгымдарды төлөөдөн бошонуу;
Г) Эл аралык аренада кадыр-баркын чыңдоо;
4. Япония менен Италиянын XX к. 30-жж. башкы максаттары кандай болгон?
А) Ири державага айлануу; Б) Эл аралык кадыр-баркын чыңдоо;
В) Дүйнөнү кайра бөлүштүрүү;Г) Дүйнөгө үстөмдүгүн орнотуу;
5. XX к. 30-жж. Эл аралык мамилелердин катаалданышына башкы фактор катары эмне саналган?
А) Дүйнөлүк экономикалык кризис;
Б) Глобалдык экологиялык маселелер;
В) Чума пандемиясы;
Г) Азык-түлүк жана суу таңкыстыгы;
6. Япония Кытайдын Түндүк-Чыгыш бөлүгүндө жайгашкан Маньчжурия аймагын кайсыл жылы каратып алган?
А) 1930-ж.; Б) 1931-ж.; В) 1932-ж.; Г) 1933-ж.;
7. Япония Кытайдын Түндүк-Чыгыш бөлүгүндө жайгашкан Маньчжурия аймагын басып алуу менен кайсыл эл аралык конференциянын келишимин бузган?
А) Ялта конференциясынын;
Б) Подстам конференциясынын;
В) Вашингтон конференциясынын;
Г) Париж конференциясынын;
8. Экинчи дүйнөлүк согуш кайсыл жылдары болгон?
А) 1914 – 1918-жж.; Б) 1918 – 1920-жж.;
В) 1939 – 1945-жж.; Г) 1941 – 1945-жж.;
9. СССРге кол салуу качан башталган?
А) 22.06.1941; Б) 16.04.1941; В) 12.03.1941; Г) 29.07.1941;
10. Экинчи дүйнөлүк согушка канча өлкө катышкан?
А) 58; Б) 62; В) 66; Г) 70;
11. СССРдин фашисттик Германиянын жана анын союздаштарынын үстүнөн жеңишине төмөндө аталгандардын кайсынысы себеп боло алган эмес?
А) Германия жана анын союздаштарынын согуштук алсыздыгы;
Б) Советтик жарандардын патриоттуулугу;
В) Адамдык жана жаратылыш ресурстарын өтө көп пайдалануу;
Г) СССРдин катаал борборлоштурулган экономикасы;
12. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы белгилүү Советтик аскер башчысы ким болгон?
А) В. К. Блюхер; Б) Г. К. Жуков;
В) К. Е. Ворошилов; Г) М. Н. Тухачевский;
13. Москваны басып алуу жөнүндөгү Гитлердик план кандай аталган?
А) “Барбаросс” Б) “Ост” В) “Тайфун” Г) “Цитадель”
14. Германиянын СССРге чабуулу жөнүндөгү планы кандай аталган?
А) “Барбаросс” планы; Б) “Чуу салуу” планы;
В) “Ээлеп алуу; планы; Г) “Чабуул” планы;
15. Адамзаттын тарыхында эң чоң танкалык күрөш кайсыл жерде болгон?
А) Сталинграддын алдында; Б) Москванын алдында;
В) Берлиндин алдында; Г) Курсктун алдында;
16. Өзүн сегиз ай бою коргой алган баатыр шаар кайсыл?
А) Курск; Б) Киев В) Белгород Г) Севастополь;
17. Экинчи дүйнөлүк согуштагы кайсыл кармаш чечүүчү мааниге ээ болгон?
А) Курсктагы салгылашуу; Б) Москва үчүн салгылаш;
В) Сталинград салгылашуусу; Г) Берлиндин алдындагы салгылаш;
18. Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде СССРди ким башкарган?
А) Сталин; Б) Ленин; В) Хрушев; Г) Брежнев;
19. Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде канча өлкөнүн аймагында согуштук аракеттер жүргүзүлгөн?
А) 35; Б) 40; В) 45; Г) 50;
20. Ядролук курал колдонуу, т. а. Хиросима жана Нагасакиге карата атомдук бомбалоо качан болгон?
А) 6-, 9-августта 1945-жылы; Б) 8-, 12-июнда 1945-жылы;
В) 3-, 5-августта 1945-жчлч; Г) 4-, 9-сентябрда 1945-жылы;
21. Экинчи дүйнөлүк согуштагы согуштук аракеттер … аймакта орун алган.
А) Бир континентте; Б) Эки континентте;
В) Үч континентте; Г) Төрт континентте;
22. Төмөндө саналган мамлекеттердин кайсынысы улутчулдук блокто болгон эмес.
А) Италия; Б) Франция; В) Венгрия; Г) Япония;
23. АКШ качан согушка кирген?
А) Германиянын Польшага чабуулунан кийин эле;
Б) Франция капитуляциялангандан кийин;
В) Германиянын СССРге чабуулунан кийин эле;
Г) Япониянын АКШнын Перл-Харбор согуштук базасына чабуулунан кийин эле;
24. Сталинград салгылашуусунун хронологиялык чегин көрсөткүлө.
А) 17.07.1942 – 02.02.1943; Б) 30.08.1942 – 05.03.1943;
В) 17.04.1942 – 03.12.1943; Г) 30.05.1942 – 04.11.1943;
25. Кызыл Армиянын Москванын алдындагы контрчабуулу … болгон.
А) 05.12.1941; Б) 04.05.1941;
В) 07.03.1941; Г) 07.04.1941;
26. Германиялык куралдуу күчтөрдү сүйлөшүүсүз капитуляциялоо жөнүндөгү актысы качан күчүнө кирген?
А) 04.05.1945; Б) 06.05.1945;
В) 08.05.1945; Г) 09.05.1945;
27. Оттуу жебелер – бул?
А) Днепр үчүн салгылашуу; Б) Москва үчүн салгылашуу;
В) Курск салгылашуусу; Г) Берлин үчүн салгылашуу;
28. Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилиндеги эң мыкты танка деп табылган.
А) Т-34; Б) ПТ-76; В) “Тигр” Г) “Пушка”
29. Берлин качан ээленип алынган?
А) 01.05.1945; Б) 02.05.1945; В) 03.05.1945; Г) 04.05.1945;
30. Япониянын Хиросима жана Нагаски шаарларына кайсыл мамлекет ядролук курал колдонгон?
А) Улуу Британия; Б) Германия; В) АКШ; Г) Франция;
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 |
Б | Г | Б | В | А | Б | В | В | А | Б | А | Б | В | А | Г |
16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 | 22 | 23 | 24 | 25 | 26 | 27 | 28 | 29 | 30 |
Г | А | А | Б | А | В | Б | Г | А | А | В | В | А | Б | В |