СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Бөлчөктөр" темасына сабактын планы

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Математикадан "Бөлчөктөр"  темасына  сабактын планы. Буруш жана дурус бөлчөктөр жөнүндө

Просмотр содержимого документа
«"Бөлчөктөр" темасына сабактын планы»

Математика 5-класс.

Сабактын темасы: Буруш жана дурус бөлчөктөр.

Сабактын максаты:

  1. Билим берүүчүлүк: дурус жана буруш бөлчөктөргө түшүнүк берүү.

  2. Билимди өнүктүрүүчүлүк: дурус жана буруш бөлчөктөрдү бир саны менен салыштырууга үйрөтүү.

  3. Тарбия берүүчүлүк: бири- бирине жардам берүүгө, улууларды сыйлап, так сүйлөөгө үйрөтүү.

Сабактын тиби: жаңы билимди өздөштүрүү.

Сабактын методу: көрсөтмөлүүлүк, суроо-жооп, аңгемелешүү, практикалык - текшерүү.

Сабактын жабдылышы: лозунгдар, карточкалар, ватман, маркерлер.

Предмет аралык байланыш: кыргыз тил, адабият, дене тарбия, сүрөт.

Сабактын жүрүшү:

  1. Уюштуруу. Окуучулардын көңулүн буруу, жагымдуу маанай түзүү.

  2. Үй ишин текшерүү. №410, №412 мисалдарды текшерип, бири-бирин катасын оңдотуу.

  3. Өтүлгөн теманы кайталоо. Жөнөкөй бөлчөктөрдүн окулушу жана жазылышы.

  4. Жаңы сабак:

  5. Сабактын теориялык бөлүгү:

Бүгункү сабагыбыздын темасын дептерибизге жазагыла жана доскага жазылган мисалдарды калтырбай жазып алып тургула.

Окуучулар, доскага жөнөкөй бөлчөктөрдү бирден чыгып жазалы:

,

Ар бир бөлчөктү окуп, алымын жана бөлүмүн атагыла, аларды салыштыргыла.

Аныктама: Алымы болүмүнөн кичине болгон бөлчөктөрдү дурус бөлчөктөр деп айтабыз. Алар дайымы бир санынан кичине болот.

М:



Аныктама: Алымы бөлүмүнөн чоң жана барабар болгон бөлчөктөрдү буруш бөлчөктөр деп айтабыз. Алар дайымы бир санынан чоң болот.

М:

Буруш бөлчөктөр бир санынан чоң болгондуктан, анын бүтүн жана бөлчөк бөлүмүн алууга болот. Бөлчөктүн бүтүн бөлүгүн алыш үчүн бөлчөктүн алымын бөлүмү бөлүп, толук эмес тийиндини бүтүн бөлүк кылып жазып, калдык алымга жазылып, бөлүмү ошол бойдон калат.

М: 15:12=1 (3 калдык) ,

Мындай бөлчөктөр аралаш бөлчөктөр деп аталат.

6)Өтүлгөн теманы бышыктоо:



Тегеректин канча бөлүгү көк тус менен боелгон?

Үчтөн бир бөлүгү, бир бүтүн бөлүктөн кичине.







  1. Берилген биринчи тик бурчтуктун бөлүгүн сары карандаш менен боегула.

  2. Калган бөлүгун кызыл карандаш менен боегула.

Демек, бул бөлчөктөр дурус бөлчөктөр деп аталат жана бир санынан кичине экендиги көрүнүп турат.

  1. бөлүгүн бое үчүн экинчи тик бурчтук сызылат. Анын бир бөлүгү кошо боелот.

Демек, бул бөлчөк буруш бөлчөк деп аталат жана бир санынан чоң экендиги көрүнүп турат.

Оозеки суроолор:

  1. Бөлчөктун алымы жана бөлүмү тууралуу эмнени айта алабыз?

  2. бөлчөгү буруш бөлчөк болуш үчүн х ке кандай маани берүү керек?

  3. бөлчөгү дурус бөлчөк болуш үчүн а га кандай маани берүү керек?

  4. Бөлчөктүн кандай түрүнөн аралаш сандарды алууга болот жана кантип?

7)Сабактын практикалык бөлүгү.

Ватманда тартылган бакты көрүп турабыз, бул мөмөлүү дарак бирок биз билбейбиз мөмөсү алма бы, алмурут бу, же өрук бү. Келгиле балдар барыбыз бирдик иштесек кайсы мөмөлүү бак экенин билебиз.

Биринчи жалбырагын үзүп алып, артында жазылган бөлчөктү доскага жазып, буруш же дурус экендигин атап, бир саны менен салыштырабыз:

  • Адилхан: -дурус бөлчөк,

  • Айдана: -дурус бөлчөк,

  • Азамат: -буруш бөлчөк, аралаш сан.

  • Эркингүл: -дурус бөлчөк,

  • Айзат: -буруш бөлчөк, аралаш сан.

  • Темирлан: -дурус бөлчөк,

  • Айзирек: -буруш бөлчөк, аралаш сан.

  • Ширин: -дурус бөлчөк,

  • Дөөлөт: -дурус бөлчөк,

  • Зина: -буруш бөлчөк, аралаш сан.

Баарынар азаматсыңар биздин бакты гулдөттүңөр. Эми гүлдөрдөгү жазылган болчөктөрдү сан түз сызыгында көрсөтөлү.

  • Тариэл:

0

  • Адилхан:

  • Зиядат:

  • Айдина:

0

  • Жанара:

  • Кудайберген:

  • Бүкатыча:

  • Арслан:

  • Самат:

  • Нургул:

0

Мына баарыбыз жакшы аракеттенип, алма бак экенин билдик, азаматсыңар эми балдар алма жеш үчүн кроссворду толтуралы.

8) Сабактын тыныгуу бөлүгү.

  1. Туурасынан: - бөлчөктүн ..... деп аталат.(алымы)

  2. - аралаш санында, 1 саны кайсы бөлүгү.(бүтүн)

  3. Бул кайсы фигура?(тегерек)

  4. саны бөлчөктүн кайсы бөлүгү?(бөлүмү)

  5. аралаш санында 2- саны бөлчөктүн алымы жана бүтүн бөлүгүн бөлүп алууда эмне деп аталат?(калдык)

  6. Тик бурчтуктун бир бөлүгүн алабыз.( төрттөн бир)



А чекит белгиленген бөлүк.(жетиден эки)

К) Бир санына барабар болгон бөлчөк.(экиден эки)

Л) дурус бөлчөк, у тин мааниси.(алты)

М)Тигинен: Илимдердин падышасы. (математика).























10)Сабакты жыйынтыктоо бөлүгү. Балдар биз бүгүн эмнелерди билдик? Дагы эмнелерди билгибиз келет? Биздин алма бактын мөмөсү абдан таттуу болду. Мен силерге “Мугалим- мөмөлүү дарак” деген макалды айткым келет. Силер кандай макалдарды билесиңер.

Адилхан: Алма сабынан алыс түшпөйт.

Эркингүл: Чырпык сайсаң чынар болот.

Айдана: Дарак жемишинен таанылат, Адам сөзүнөн таанылат.

Зиядат: Токой - жердин көркү, Илим- элдин көркү.

11) Окуучулардын билимин балоо.

12) Үйгө тапшырма: №427, №428, №429.

Бишкек шаарындагы

№ 55 жалпы билим берүү

Мектебинин мугалими

Ашыралиева Саадат


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!