СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Болочок мугалимдерге педагогикалык билим берүүдөгү компетенттүүлүк мамиле

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Авторская статья

Просмотр содержимого документа
«Болочок мугалимдерге педагогикалык билим берүүдөгү компетенттүүлүк мамиле»

УДК: 378.2(575.2)(04)

БОЛОЧОК МУГАЛИМДЕРГЕ ПЕДАГОГИКАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮК МАМИЛЕ


Сулайманова Рахат Токтогуловна – Ж. Баласагын атындагы КУУнун доценти, педагогика илимдеринин кандидаты, 0703787780, E-mail: [email protected]

Кыскача мазмуну

Аталган макалада ЖОЖдо болочок мугалимдерди даярдоодо компетенттүү мамилени ишке ашыруу тажрыйбасы көрсөтүлгөн. Педагогикалык билим берүүдө компетентүүлүк мамиле инсандын баалуулук, мотивациялык түзүлүшүн өстүрүү, ошондой эле билимди, билгичтиктерди жана педагогикалык ишмердүүлүктүн ыкмаларын өздөштүрүүгө карата кызыкчылыктарын, ага тартылуусун жана даярдык абалын, көз карашын, инсандык маанисин өнүктүрүү контекстинде каралат.

Макалада болочок мугалимдерде жалпы маданий, жалпы кесиптик жана кесиптик компетенцияларды өнүктүрүү жаатында «Педагогика» окуу дисциплинасынын мүмкүнчүлүктөрү кандайча пайдалангандыгы көрсөтүлгөн. Педагогикалык билим берүүнү модернизациялоо шартында болочок мугалимдерди даярдоого карата заманбап талаптар компетенттүү мамиле контекстинде каралып, педагогдо инсандык жалпы маданий, кесиптик жана социалдык-адептик өнүгүүнүн биримдиги аркылуу ачылып берилди.

Ачкыч сөздөр: компетенттүү мамиле, кесиптик-инсандык өнүгүү, кесиптик тандоонун баалуулугу жана мааниси, педагогикалык билим берүүнүн натыйжалуулугу.


КОМПЕТЕНТНОСТНЫЙ ПОДХОД В ПЕДАГОГИЧЕСКОМ ОБРАЗОВАНИИ БУДУЩИХ УЧИТЕЛЕЙ


Аннотация

В данной статье представлен опыт реализации компетентностного подхода в подготовке будущих учителей в вузе. Компетентностный подход в педагогическом образовании рассматривается в контексте развития ценностных, мотивационных структур личности, ее интересов, установок, позиций, личностных смыслов в овладении знаниями, умениями, способами педагогической деятельности.

В статье показано, как использовались возможности учебной дисциплины «Педагогика» в плане развития у будущих учителей общекультурных, общепрофессиональных и профессиональных компетенций. Современные требования к подготовке учителя в условиях модернизации педагогического образования определяются в контексте компетентностного подхода и раскрываются через единство общекультурного, профессионального и социально-нравственного развития личности педагога.

Ключевые слова: компетентностный подход, профессионально-личностное развитие, ценности и смыслы профессионального выбора, эффективность педагогического образования.


COMPETENCE APPROACH IN PEDAGOGICAL EDUCATION OF FUTURE TEACHERS


Annotation

This article presents the experience of implementing the competence approach in the training of future teachers at the University. Competence approach in pedagogical education is considered in the context of development of value, motivational structures of the person, her interests, attitudes, positions, personal meanings in mastering knowledge, skills, methods of pedagogical activity. The article shows how the possibilities of the discipline "Pedagogy" were used in terms of the development of future teachers of General cultural, General professional and professional competencies. Modern requirements for teacher training in the conditions of modernization of pedagogical education are determined in the context of competence approach and are revealed through the unity of General cultural, professional and socio-moral development of the teacher's personality.

Key words: competence approach, professional and personal development, values and meanings of professional choice, effectiveness of pedagogical education.


Адистер (А.Г. Бермус, Е.В. Бондаревская, И. А. Зимняя, В. В. Сериков, В.А. Сластенин, А.В. Хуторской ж.б.) педагогдун компетенттүүлүгү инсандын комплекстүү мүнөздөмөсү болуп эсептелет; өзүнө когнитивдик (билим), операционалдык-технологиялык (жөндөм, тажрыйба, практика), ошондой эле мотивациялык, этикалык, социалдык жана жүрүм-турумдук тутумду да камтыйт деп белгилешет. Болочок педагогдордун кесиптик-инсандык калыптануусу үчүн заманбап мугалимди мүнөздөөчү кесиптик жана жеке сапаттардын комплекси багыт катары кызмат кылат. Алар: балдарга карата ачык байкалган гуманисттик позиция, интеллигенттүүлүк, руханий маданият; жогорку кесипкөйлүк, педагогикалык чыгармачылык, тынымсыз өзүнө билим берүүдөгү муктаждык жана ага болгон даярдыгы. Педагогдун жеке-кесиптик потенциалы руханий-адептик өзүн өзү байытуу, өзүн чыгармачыл ишке ашыруу жана турмушта, кесибинде өзүн бекемдөө шартында ачылат [3].

Компетенттүүлүк мамиленин ичинде эки базалык түшүнүктү бөлүп кароого болот: компетенция жана компетенттүүлүк, бул учурда алардын биринчиси предметтердин жана процесстердин белгилүү чөйрөсүнө карата берилүүчү инсандын өз ара байланышкан сапаттарынын жыйындысын камтыйт, ал эми экинчиси адамдын компетенцияга жана ишмердүүлүк предметине карата жеке мамилесин камтыган тийиштүү компетенцияга ээ болуусу менен дал келет.

Билим берүүгө карата компетенттүүлүк мамиле инсандын баалуулук, керектөөчүлүк, мотивациялык түзүлүшүндөгү ички өзгөрүүлөргө, анын ишмердүүлүк ыкмаларына карата кызыкчылыктарды жаратып, ага тартылуусуна, даярдыгына, позицияларына ылайык билимдерге, билгичтиктерге ээ болуусуна багытталган. Билим берүүнүн инсандык маӊызын жана баалуулуктарын актуалдаштыруу менен, компетенттүүлүк мамиле билим алуучунун аӊ-сезиминде инсандык максаттардын жана маанилердин артыкчылыгын камсыздоо менен, ошол эле учурда социалдык баалуулуктарды жана компетенттүүлүктөрдүн системасына ээ болуунун социалдык маӊызын дагы жогорку деӊгээлге алып чыгат.

Педагогикалык ЖОЖдордо компетенттүүлүк мамиленин негизинде заманбап мугалимди даярдоо болочок мугалимдер өзүнүн кесиптик тандоосунда жетекчилик кылышкан маани жана баалуулуктарга жараша үзгүлтүксүз өзүн өнүктүрүү жана өзүн ишке ашыруу потенциалына ээ болгон педагогдун инсандык калыптануу жана өнүгүү процесси катары каралат.

Мугалимдин педагогикалык аӊ-сезиминин аксиологиялык аспектисин түзүүчү баалуулуктар катары студенттер жана жамааты менен продуктивдүү, гуманисттик карым-катышууда жана баарлашууда муктаждыкты канааттандыруучу, кесиптик-жеке калыптандырууда өзүн ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү кесиптик ишмердигинде чыгармачыл индивидуалдуулукту өнүктүрүүгө багытталган социалдык-кесиптик чөйрөдө инсандын өз ролун аныктоосу менен байланышкан [1].

Педагогикалык билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык, педагогикалык дисциплиналарды окуп үйрөнүүдө бүтүрүүчүнүн жалпы маданий (ЖМК), жалпы кесиптик (ЖКК) жана кесиптик (КК) компетенцияларын бөлүп кароого болот. Биз педагогикалык билим берүүдөгү (Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин педагогикалык факультети) компетенттүүлүк мамиленин тажрыйбасын изилдедик жана аны педагогикалык багыттар боюнча окутуу иштерин жүргүзгөн башка факультеттерде мугалимдерди даярдоодо компетенттүү мамилени ишке ашырууда пайдаландык.

Биринчи кезекте, биз болочок мугалимдерде жалпы маданий, жалпы кесиптик жана кесиптик компетенцияларды өнүктүрүү планында «Педагогика» дисциплинасынын мүмкүнчүлүктөрүн аныктадык.

«Педагогика» курсунун “Педагогикалык кесипке киришүү” бөлүмүнүн жалпы максаты – тарыхый-педагогикалык жана тарыхый-маданий билимдердин, ошондой эле педагогикалык ишмердик жаатында жеке өсүү стратегиясынын негиздерин өздөштүрүү жолдору аркылуу жалпы кесиптик компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу. Педагогика боюнча программада аталган курсту өздөштүрүүнүн натыйжасында калыптануучу окуучунун компетенциялары төмөнкүчө берилген:

  • билим берүүчү жана кесиптик маселелерди чечүүдө илим жана билим берүүнүн заманбап маселелерин билүү (ЖМК);

  • кесиптик педагогикалык ишмердиктин тарыхый-маданий баалуулуктарын жана заманбап нормативдик-укуктук негиздерин билүү (ЖМК);

  • заманбап коомдо педагогикалык ишмердиктин баалуулук-маанилик табиятын түшүнүү (ЖКК);

  • кесиптик өзүн таануу жана өзүн өнүктүрүүнүн ыкмаларын билүү (ЖКК);

  • ар кандай булактардан алынган педагогикалык маалыматты алууну, иштеп чыгууну жана өздөштүрүүнү билүү (анын ичинде тарыхый, монографиялык, окуу, илимий-популярдуу, көркөм, публицистикалык ж.б.) (ЖКК);

  • педагогикалык билим берүүдө жеке маршрутун долбоорлоону билүү (ЖКК);

  • аймактын, облустун, өлкөнүн билим берүүчү мекемелеринин маалыматтык чөйрөсүнүн мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу аркылуу кесиптик билимдерди жана жөндөмдөрдү өнүктүрүү ыкмаларына ээ болуу (ЖКК);

  • өзүнүн болочок кесибинин социалдык маанисин түшүнүү, кесиптик ишмердикти жүзөгө ашырууга карата мотивацияга ээ болуу (ЖКК);

  • окуучунун инсандык руханий-адептик өнүгүүсүнүн жана тарбиялануу маселелерин чечүү ыкмаларына ээ болуу (КК);

  • окуу-тарбиялык процесстин сапатын камсыздоо үчүн окуучулардын жетишкендиктерин диагноздоо усулдарын, заманбап методикаларды жана технологияларды колдонуу жөндөмдүүлүгү (КК);

  • окуучулардын кызматташуусун уюштуруу, окуучулардын активдүүлүгүн жана демилгелүүлүгүн, өз алдынчалыгын, алардын чыгармачыл жөндөмдүүлүктөрүн колдоо жөндөмү (КК).

«Педагогика» курсу боюнча сабактар практикалык-багыттуу мүнөзгө ээ: педагогикалык ЖОЖго тапшыруу мотивдери ачыкталат, студенттер адамдар менен карым-катышуунун гуманисттик негиздери менен таанышат, ар кандай диагноздоонун жардамы менен өзүн изилдейт жана өзүн тарбиялоо программасын түзүшөт.

«Педагогика» курсунун “Педагогика илиминин жалпы негиздери” бөлүмүнүн максаты болуп объективдүү педагогикалык реалдуулукту илимий аӊдоого алып баруучу болочок педагогдордун теориялык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү аркылуу жалпы кесиптик компетенттүүлүктү калыптандыруу эсептелет. Мындан улам окуучунун компетенциялары төмөнкүчө берилген:

  • дүйнөлүк тарыхый-педагогикалык процессти өнүктүрүүнүн тенденцияларын, дүйнөдөгү билим берүүнү өнүктүрүүнүн заманбап этаптарынын өзгөчөлүктөрүн билүү;

  • билим берүү маселелерин (окутуу, тарбиялоо, социалдаштыруу) педагогикалык изилдөөнүн методологияларын билүү;

  • билим берүү процесстеринин маӊызын жана түзүлүшүн билүү;

  • баланы окутуу жана тарбиялоонун, педагогикалык процесстин субъектилерин коштоонун теориясын жана технолгияларын билүү;

  • билим берүү концепцияларын системдүү иликтөө жана тандоо жөндөмү;

  • кесиптик педагогикалык маселелерди чечүүдө педагогикалык көрүнүштөрдү, жалпы илимий усулдарды сүрөттөө, түшүндүрүү, прогноздоо (божомолдоо).

Ошентип, болочок педагог төмөнкүдөй компетенцияларды (жөндөмдүүлүктү жана даярдыкты) көрсөтө билүүсү зарыл:

    • билим берүү жана кесиптик ишмердикте дүйнөнүн заманбап табигый илимий картинасы тууралуу билимдерди пайдалануу, маалыматты математикалык иштеп чыгуу, теориялык жана эксперименталдык изилдөө усулдарын колдонуу (КК);

    • кесиптик жана социалдык мааниге ээ мазмундагы тексттерди даярдоого жана редакциялоого жөндөмдүү болуу (ЖКК);

    • билим берүү жаатында изилдөө милдеттерин аныктоо жана чечүү үчүн системдүү теориялык жана практикалык билимдерди пайдалануу (КК);

    • окуу-тарбиялык ишмердикте илимий изилдөөнүн негизги усулдарын пайдалануу (КК).

«Педагогика» курсу 1-2-семестрлерде окулат жана педагогикалык ишмердиктин жеке стилин калыптандырууга өбөлгө түзүүчү педагогикалык маселелерди чечүү тажрыйбасын өнүктүрүү аркылуу жалпы кесиптик компетенттүүлүктү калыптандырууга багытталган. Студенттердин алдында билим берүү практикасында ишмердиктин практикалык ыкмаларын өздөштүрүү, педагогикалык долбоорлоо, баарлашуу, заманбап жалпы билим берүү технологияларын иштеп чыгуу жана колдонуу тажрыйбасына ээ болуу милдеттери турат.

«Педагогика» курсун өздөштүрүүнүн натыйжасында окуучуда калыптануучу компетенцияларды бөлүп кароого болот:

  • педагогикалык процесстин ар кандай субъектилери менен педагогдун карым-катнашынын ыкмаларын билүү;

  • окуучуларды психологиялык жана педагогикалык изилдөө ыкмаларын билүү;

  • практикалык педагогикалык ишмердикте долбоорлоочу, коммуникативдик жана уюштуруучу жөндөмдөрдү колдонуу жөндөмү;

  • инсандын курактык өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрүнө жана тийиштүү жалпы жана атайын мыйзамдарга ылайык заманбап технологияларды пайдалануу менен билим берүү процессин долбоорлоо жөндөмү;

  • билим берүү процессинде ар кандай ресурстарды, анын ичинде башка окуу предметтеринин потенциалын пайдалануу жөндөмү;

  • педагогикалык процесстин ар кандай субъектилери менен кагылышуусуз баарлашуу жөндөмү;

  • окуучунун окуудан тышкаркы ишмердигин уюштуруу жөндөмү;

  • педагогикалык карым-катнашта студенттердин ар кандай өзгөчөлүктөрүн эске алуу жөндөмү;

  • ар кыл кесиптик милдеттерди чечүү үчүн психологиялык жана педагогикалык диагноздоонун усулдарын пайдалануу жөндөмү;

  • кесиптик өзүн таануу милдеттерин чечүү жөндөмү.

Мындан аталуучу компетенциялар (жөндөмдүүлүк жана даярдык) төмөнкүчө көрүнүп турат:

  • ар кандай билим берүү мекемелеринде базалык жана элективдик курстардын окуу программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу (ОК);

  • окуучуларда инсандык тарбиялоо жана руханий-адептик өнүктүрүү милдеттерин чечүү (КК);

  • окуу-тарбиялык процесстин сапатын камсыздоо үчүн окуучулардын жетишкендиктерин диагноздоонун заманбап методикаларын жана технологияларын колдонуу (КК);

  • окуу ишмердигинин универсалдык түрлөрүн калыптандыруу жана окуу-тарбиялык процесстин сапатын камсыздоо үчүн билим берүү чөйрөсүнүн мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу (КК);

  • окуучулардын кызматташуусун уюштуруу, окуучулардын активдүүлүгүн жана демилгелүүлүгүн, өз алдынчалуулугун, алардын чыгармачыл жөндөмдүүлүүктөрүн колдоого алуу (КК);

  • билим берүү процессинин өзгөчөлүктөрүн, тарбия берүүнүн жана инсанды өнүктүрүүнүн милдеттерин эске алуу менен заманбап педагогикалык технологияларды иштеп чыгуу (КК) [2].

Биз педагогикалык курстарды өздөштүрүү процессинде болочок педагогдордун компетенттүүлүктөрүн өнүктүрүү мугалимдин кесибине багытталган инсандык жана баалуулук-маанилүү окуу-таанып билүү ишмердигине негизделген окутууну уюштурууга, изденүүчү-изилдөөчү мүнөздөгү маселелерди чечүүгө, жеке жана кесиптик-багыттуу технологияларды пайдаланууга негизделген.

Андыктан, педагогикалык маалыматты изилдөө активдүү усулдарды пайдаланууну талап кылды, алардын катарында:

    • проблеманы аныктоону болжоочу, аны жамааттык талкуулоочу, конкреттүү көйгөйлүү кырдаалдын маселелерин чечүүнүн варианттары менен студенттерди тааныштырууга мүмкүндүк берүүчү конкреттүү педагогикалык кырдаалды иликтөө;

    • проблемалык лекция, мында студенттерди окутуу процесси издөө, изилдөө ишмердигине жакындаштырылган;

    • семинар-дискуссия, «мээге чабуул жасоо» элементтерин камтыган, ал теориялык жана практикалык маселелерди талкуулоо жана чечүү процессинде катышуучулардын диалогдук баарлашуусунун негизинде курулат;

    • студенттердин чыгармачыл потенциалын өнүктүрүүнү камсыздоого мүмкүндүк берүүчү долбоорлор менен иштөө.

Биз билим берүү процесси бир ишмердикти (окуу-таанып билүү) муктаждыктардын, мотивдердин, максаттардын, аракеттердин, каражаттардын, предметтин жана натыйжалардын тийиштүү деӊгээлде экинчи бир ишмердикке (кесиптик) трансформацияланышын камсыздоосуна умтулабыз. Бул учурда ЖОЖдогу билим берүү процесси өзүн ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды ачуу менен инсандын өзүнүн «ичинен» багытталат.

Мына ушуга байланыштуу, аталган курсту окуп үйрөнүү процессинде студенттердин компетенттүүлүүктөрүн өнүктүрүү билим берүүчүлүк эле эмес, тарбиялык да милдеттерди коюу жана чечүү аркылуу ишке ашарын көрсөтүү менен, алардын катарында төмөнкүлөрдү баса белгилеп кетүүгө болот:

    • педагогдун кесибине карата баалуулук-маанилик мамилени өнүктүрүү;

    • өзүн педагог жана инсан катары жаратууга болгон муктаждыкты өнүктүрүү;

    • болочок педагог катары өзүнө өзү билим берүү, өзүн тарбиялоо, өзүн жаратуу процессин активдештирүү;

    • педагогикалык ишмердикте чыгармачыл индивидуалдуулукту өнүктүрүүгө багытталган инсандын чыгармачыл потенциалын өнүктүрүү;

    • жарандык-укуктук жана руханий-адептик маданияттын баалуулуктарына негизделген баарлашуу тажрыйбасын уюштуруу;

    • студенттин индивидуалдуулугу катары кесиптик маанилүү жеке сапаттарын өнүктүрүү.

Биздин милдет педагогикалык курстарды окуп үйрөнүү процессинде түздөн-түз жана кыйыр, тышкы жана ички мотивацияны интеграциялоону камсыз кылуу үчүн окутуучулардын ишмердүүлүгүндө төмөнкүдөй конкреттүү милдеттерди аныктоону талап кылууга негизделет:

  • болочок педагогдордо алардын кесиптик-жеке калыптануусун, өзүн өнүктүрүүсүн, өзүн тарбиялоосун аныктоочу сапаттар катары өзүнүн артыкчылыктарын жана жеке жоопкерчилик сезимдерин өнүктүрүүгө аныктоо-мотивацияларын актуалдаштыруу;

  • заманбап билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган инновациялык долбоорлорду иштеп чыгуу менен байланышкан чыгармачыл окуу-кесиптик ишмердикке багытталуу;

  • студенттин турмуштагы чыгармачыл жөндөмдүүлүктөрүн, билим берүү ишмердигиндеги креативдүүлүктү ишке ашырууда ага жардам берүүчү чөйрөгө аралаштыруу;

  • ар кыл формадагы биргелешкен ишмердикти жана кызматташууну уюштуруу (ишкер, ролдук оюндар, дискуссиялар, тандоо кырдаалы, чыгармачыл долбоорлоо, проблемалуу маселелерди чечүү).

Ошентип, компетенттүүлүк мамиленин негизинде «Педагогика» дисциплинасын окуп үйрөнүү процесси педагогдун жөндөмдүүлүгүндө жана даярдыгында көрүнүп туруучу үзгүлтүксүз өзүн өнүктүрүү жана өзүн жүзөгө ашыруу потенциалына ээ инсандык калыптануусунун жана өнүгүүсүнүн процесси катары каралат: өзүнүн болочок кесибинин социалдык маанисин түшүнүү; окуучунун инсандык окутуудагы, тарбиялоодогу жана руханий-адетик өнүгүүдөгү милдеттерин аныктоо; окуу-тарбиялык процесстин сапатын камсыздоо үчүн окуучулардын жетишкендиктерин диагностикалоонун заманбап методикасын жана технологияларын, усулдарын колдонуу; педагогикалык ЖОЖдо өзүнүн кесиптик-инсандык калыптануусунун жеке билим берүү траекториясын аныктоо жана ишке ашыруу.

Окутуучу коллективдин милдети – студенттердин баалуулук-маанилик багытталуусун өнүктүрүүнү стимулдаштырууда, алар болочок педагогду маданияттуу адам, кесиптик-жеке компетенттүүлүктөрү жогорку деӊгээлде өнүккөн жаран жана адептүү инсан катары калыптандырууну аныктап турат.

Биздин тажрыйба көрсөткөндөй, компетенттүү мамиленин негизинде педагогикалык ЖОЖдордун стуленттеринин педагогикалык курстарды үйрөнүүсүнүн натыйжалуулугун камсыздоочу шарты катары төмөнкүлөрдү аныктоого болот:

  • инсандын кесиптик өзүн аӊдоосунун баалуулук-маанилик түзүлүшүндө өзгөрүүлөрдү билдирүүчү болочок педагогдордун жеке потенциалын ишке ашыруу; болочок кесипте чыгармачыл өзүн ишке ашырууну камсыздоо, инсандык өнүгүүдө муктаждыктарды актуалдаштыруу;

  • окуу-таанып билүү жана кесиптик-багыттуу ишмердикти интеграциялоого багытталган студенттердин өз алдынча изденүү-чыгармачыл кесиптик-багыттуу ишмердигин уюштуруу жана заманбап мугалимдин кесиптик-жеке өзүн өнүктүрүүсү үчүн шарттарды түзүү;

  • инсандын кесиптик өзүн аӊдай билүүсүн өнүктүрүүгө багытталган болочок педагогдордун окуу-таанып билүү ишмердигинин мотивациясын инсандык-рефлексивдүү байытылышы;

  • ЖОЖдогу педагогикалык процессте билим берүүнүн, өнүктүрүүнүн жана өзүн өнүктүрүүнүн жеке маанилерин актуалдаштыруу;

  • Студенттерди илимий-изилдөө ишмердигинин ар кандай формаларына тартуу аркылуу өз алдынча изденүү активдүүлүгүн жогорулатуу.

Бүтүрүүчүнүн жалпы маданий, жалпы кесиптик жана кесиптик компетенцияларын өздөштүрүүгө багытталган компетенттүүлүк мамиленин негизинде педагогикалык билим берүүнү уюштуруу инсандын кесиптик өзүн аныктоосун, кесиптик өнүгүүсүн камсыздайт, ошондой эле болочок педагогдун өзүнүн аракеттерин, процесстерди, өзүнүн жеке-кесиптик «Менин» аӊ-сезимдүү түрдө чагылдырышын актуалдаштырат деп жыйынтык чыгарууга болот.


Адабияттардын тизмеси:

1. Бабенко Н.Л. Развитие социально-личностной компетентности студентов в процессе изучения педагогических дисциплин // Известия Южного федерального университета. – 2010. – № 6. – С. 157-162.

2. Бондаревская Е.В. Теория и практика личностно-ориентированного образования. – Ростов н/Д., 2000. – 351 с.

3. Сулайманова Р.Т. Рабочая программа дисциплины «Педагогика». – Бишкек, 2018. 16 б.

5



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!