Просмотр содержимого документа
«Боз үй - кыргыз элинин символу.»
Боз үй
Боз үй – кыргыз элинин байыртадан колдонулуп келе жаткан турак жайы. Андыктан ар бирибиз анын кандай бөлүктөрдөн турарын билгенибиз шарт. Боз үйдүн салмагы 300-400 килограмм. Бир төөнүн жүгүнө барабар. Боз үйдү 4-5 адам 1 саатта куруп бүтө алат.
Төргө жүк жыйылат. Эр жакта кожоюнга тиешелүү буюмдар турат. Эпчи жак – тамак-аш, ашкана буюмдары туруучу жай. Улага – отун, ат жабдык тары коюлчу орун. Боз үйдүн босогосу бийик болгону менен, эшигинин төбөсү жапыз. Үйгө кирген адам башын бир аз ийип, оң буту менен кирүүсү шарт. Бул үй ээсине болгон сый-урматты билдирет.
Түндүк – тукум улоонун белгиси. Андыктан аны өйдө каратып коюуга жана колдон түшүрүп жиберүүгө болбойт.
Керегенин бийиктиги 2 метр. Алгач кереге орнотулат. Боз үйдүн керегесинин бөлүктөрү канаттары деп аталат.
Боз үйдүн диаметри 4,5-8 метрге чейин болот. Түндүк бакан деп аталган учу ача таяктар менен көтөрүлөт.
Боз үйдүн бийиктиги 4-5 метр. Уук - түндүк менен керегени бириктирүүчү жыгачтар. Көлөмүнө жараша бир боз үйгө 40-100 уук керектелет.
Боз үй орнотулган соң атайын даярдалган кийиздер менен жабдылат.
Жабдуунун төрт түрү бар: 1. ТУУРДУК – боз үйдүн кереге жабдуусу. 2. ҮЗҮК - ууктардын үстүнөн жабылучу калың кийиз. 3. Түндүк жабуу. 4. Эшик жабуу.
Боз үйдүн кереге-ууктары кайың, арча, карагай, көк тал, мажүрүм тал жана кара жыгачтан жасалат.
- Түндүк – бул сырткы дүйнө менен байланыштыруучу терезе.
- Уук – бул биримдиктин символу. Кыргыз элинде «кырк» деген сандын өзгөчө орду бар.
- Кереге – бул кыргыз элинин басып өткөн жолун, татаал түзүлүшүн чагылдырган символ.
- Төр – бул сый-урматтын, жашоо жыргалдын символу.
- Босого – бул өмүрдүн ийгиликтүү башталыш символу. Ар бир иш босого сыяктуу чектен башталат.
- Ашкана – бул күч-кубат, азыктануунун символу.
- Очок – бул тиричиликтин, жашоо үчүн күрөштүн символу.
Даярдагандар: 9-класстын окуучулары БАКТЫБАЙ УУЛУ КАНЫБЕК, АКНАЗАР УУЛУ САБЫР, САГЫНБЕК УУЛУ ЭРБОЛ, КУБАТ КЫЗЫ АРЗУУ. Мугалим: Садиева Сейлихан