СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Буддизмдин Борбордук Азия менен Кыргызстанга таркашы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Буддизмдин Борбордук Азия менен Кыргызстанга таркашы»

Буддизмдин Борбордук Азия менен Кыргызстанга таркашы

Будданын окууларынын Борбордук Азия менен Кыргызстанга тарашы?

Кыргызстандын аймагынан табылган буддизмдин тарыхый эстеликтери.

Кыргызстандын буддизм же анын багыттарынын бири менен тааныштыгы.

Борбордук Азия аймагындагы жана Россиядагы буддизмдин тарыхы каралат. Буддизмдин таралышынын негизги мезгилдери жана өзгөчөлүктөрү жана анын жергиликтүү калктын маданиятына тийгизген таасири белгиленген. Россиядагы жана Борбордук Азиядагы буддисттердин сангасынын азыркы абалы каралат.
Борбордук Азия аймагы буддизмдин дүйнөлүк дин катары пайда болушунда маанилүү роль ойногон.

I-III кылымдарда Орто Азиядан келген миссионерлер буддисттердин окууларын таратышкан. Археологиялык табылгалар аймактын бир топ бөлүгү Кушан падышачылыгынын курамына кирген мезгилде буддизмдин таралышы кеңири жайылганын көрсөтүп турат.

Гүлдөөнүн экинчи этабы VIII кылымдын биринчи жарымында болот.
аймакта башка диндер менен тынчтыкта жанаша жашаган буддизм географиясынын кеңейиши байкалганда. Качан гана IХ кылымда
Азыркы Өзбекстандын, Кыргызстандын, Түркмөнстандын жана Тажикстандын аймактары Омейяд жана Аббасид халифаттарынын карамагына өтүп, ислам бара-бара буддизмди бул жерлерден сүрүп чыгарган.

Кыргызстандагы буддизм
Кыргыздар жана учурунда азыркы Кыргызстанда жашап өткөн элдер ар кандай диний ишенимдерди колдонуп келгени белгилүү. Чыгыш Теңир –Тоо, Чыгыш Түркстан аймагы байыртадан эле буддизм, христианчылык, манихейчилик, бакшылык жана теңирчилик тараган аймак болгонун түрдүү тарыхый булактар тастыктайт.

Олег Цой: Буддизм башка диндерди колдойт.

Айрым изилдөөчүлөрдүн пикири боюнча, Чүй өрөөнүндөгү буддизм маданиятына тиешелүү бир катар эстеликтердин табылышы жергиликтүү буддисттик жамааттардын Кытай, Түндүк Индия менен тыгыз байланышта болгонун да көргөзүп турат.Учурда Кыргызстанда жападан-жалгыз «Чамсен» аттуу буддисттердин коому Бишкек шаарында иш жүргүзөт.

Бул коомдун жетекчиси Олег Цой жалпы эле өлкөдөгү буддисттердин ишмердүүлүгү, алардын сандык курамы, диний жөрөлгөлөрү, башка диндер менен болгон байланыштары боюнча мындай маалымат берди:«Биздин коом 1994-жылы юстиция органдарында каталган. Анын улуттук курамын орустар, корейлер, кыргыздар, украиналыктар түзөт. Коомубузга мүчө болгон кыргыздар бир нече эле киши, басымдуу бөлүгү орус улутундагылар. «Чамсен» сөзү корей тилинен которгондо «эркиндикке чыгуу» деген маанини билдирет.

Кыргызстанда биз буддизмдин белгилүү бир багытын жактабайбыз. Учурда өлкөдө буддизмдин эки багыты өз ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Жапондук Ниппондзан Меходзи багытын будда кечили Дзюнсэй Тэрасава жетектейт. Ал дайыма жер кыдырып, көбүнесе Индияда болот. Кыргызстанга жылына 3-4 жолу эле келет. Бул жерде анын шакирттери менен жолун жолдоочулары бар. Бул мектептин Кыргызстандагы өкүлү - кечил Алексей Шмыгля. Алар Тоолуу Маевка айылындагы «Сапар Орду» деп аталган буддисттердин кичи ибадатканасында табынышат. Булардын сыйнуу жөрөлгөлөрү буддизмдин башка багыттарына окшош. Алсак, жыйындын чыгыш бөлүгүндө жайланышкан алтарь, чоң будда коңгуроосу бар. Негизги айырмачылыгы - алар барабан кагып, мантраларды окушат.

Мындан тышкары, Карма Кагью деп аталган дагы бир багыт бар. Алардын курамы 15ке жакын адам. Ал эми Ниппондзан багытына сыйынууга келген адамдарды санаган жокпуз. Сыйынуу жөрөлгөлөрүнө, Будданын туулган күнүнө, ушул мектептин түзүүчүлөрүнө арналган майрамдарга арналган иш-чараларга дайыма катышкан адамдардын саны 40-50 кишини түзөт, кээде 100 адамга чейин жетет. Өлкөдө буддизмди жактаган адамдардын так санын билбейбиз. 150 кишиге жакын деп боолголоп жүрөбүз. Биз адамдардын санын көбөйтүүгө умтулбайбыз. Себеби ал бизге эч нерсе бербейт.

Дагы караңыз Диний сабырдуулуктун күңгөй-тескейиТоолуу Маевкадагы ибадатканага байланышкан бир эле түшүнбөстүктү эске албаганда, коомубузда башка диндер, алардын өкүлдөрү менен эч кандай чыр-чатак болгон эмес. Түшүнбөстүктүн башында турган киши ушул айылдын жашоочусунун тууганы болуп чыкты. Бул адам Ички иштер министрлигине «булар эмне менен алектенип жатканын тактагыла» деген мааниде кат жазып, бир канча убакыт териштирүү иштери жүргөн. Жыйындыгында бардык нерсе өз жайында болуп, мыйзам бузуу аныкталган эмес.

«Чамсен» коому - Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясында 1998-жылы эсептик каттоодон өткөн жападан-жалгыз буддисттик уюм.

Негизинен буддизмдин негизги принциптеринде эч ким менен чатакташпоо идеясы, башка ишенимдерди жана диндерди сыйлоо орун алган. Буддизм ишениминин өзөгүнөн алып караганда да биз кайсы дин болбосун чатакташпайбыз. Карма мыйзамдарына ылайык, «эгерде чыр-чатак болсо, анда сен күнөөлүүсүң» деп айтылат. Ошондуктан бизде эч кандай чыр-чатак, түшүнбөстүк болушу мүмкүн эмес».

Борбордук Азия аймагындагы жана Россиядагы буддизмдин тарыхы каралат. Буддизмдин таралышынын негизги мезгилдери жана өзгөчөлүктөрү жана анын жергиликтүү калктын маданиятына тийгизген таасири белгиленген. Россиядагы жана Борбордук Азиядагы буддисттердин сангасынын азыркы абалы каралат.
Борбордук Азия аймагы буддизмдин дүйнөлүк дин катары пайда болушунда маанилүү роль ойногон.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!