СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Бүгүнкү мугалим(тарбиячы) кандай педагогикалык философияга таянышы керек?

Категория: Завучу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Немистин улуу ойчулу Гетенин: «Ойлонуу, ой-жүгүртүү-бул эң татаал эмгек»-деген

Просмотр содержимого документа
«Бүгүнкү мугалим(тарбиячы) кандай педагогикалык философияга таянышы керек?»

УИ боюнча директордун орун басары М. Б. Асанова

Бүгүнкү мугалим(тарбиячы) кандай педагогикалык философияга таянышы керек?



Сөзүмдүн башын немистин улуу ойчулу Гетенин: «Ойлонуу, ой-жүгүртүү-бул эң татаал эмгек»-деген сөзу менен баштамакмын. Анын сыңарындай, дүйнөнүн акылман-педагог ойчулдары тээ илгертеден бери, тарбия берүү-бул мурдатан бери жашап келе жаткан даяр адеп-ахлак нормаларын жана эрежелерин үйрөтүү гана эмес, баарынан мурда баланын акыл-эсин өстүрүү, ойлоо жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү катары түшүндүрүп келишкен. Бирок, акыл-тарбиясын өнүктүрүү идеясы дайыма эле жетекчиликке алынып турбагандыгын көрөбүз. Акылды тарбиялоо дегенди күн мурунтадан эле эреже-жоболорду, даяр чындыктарды тыштан алып келип, авторитардык жол менен баланын акылына орнотуу катары түшүнгөндөр көп болгон жана азыркы учурда дагы мындайлар бар десем жаңылышпаймын.

Улуу педагог, новатор, жазуучу В. А. Сухомлинскийдин: «Айрым тарбиячылардын эмгекке, эмгек тарбиясына примитивдүү карашкандыгы таң калтырат. Кээ бирөөлөр адам колуна күрөк-кетменди, же шыпыргыны алган жерде эмгек башталат деп ойлошот. Эмгек деген-бул күрөк же соко гана эмес, ал-ойлонуу, толгонуу, акыл жүгүртүү дагы. Акыл эмгеги кыйын, түйшүктүү жана татаал эмгек экендигин, бирок ал ошондой кыйындыгына карабай адамга рахат да тартуу кылаарын биздин жеткинчектер өздөрүнүн жеке тажрыйбасы аркылуу түшүнүүлөрү керек»-деген ою көңулдү бурат.

Бул учурда тарбиялануучунун өз алдынча ойлонуусу эмес, тарбиячынын айтканы айткандай, дегенин дегендей болуп, автомат сыяктуу эске сактап, кайра аны тотукушча кайталап берүүсү биринчи орунда болуп калат. Жаш муундарга өзүнүкүн туура деп таңуулап үйрөтүп, баланы баш ийдирип, сөзсүз угууга милдеттендирип, түшүнүктөрдү катасыз деп кабыл алып талдабастан, механикалык түрдө кабыл алууга үйрөтүп, из менен ээрчип басууга таңуулаган, башкача айтканда диктат менен калыптандыруу-бул антигумманизм болуп эсептелет.

«Адат адамдын экинчи жаратылышы»-дегендей, кичинекейинен эркин ойлоосу тумчуктурулуп, тууроого, сырттан таңуулаган түшүнүктөрдү чайнабастан бүкүлү жута бергенге көнгөн өспүрүм, кийин чоң киши болгондо да бул көнүмүштөн оңойлук менен кутула албайт. Бул жөнүндө эл мугалим Бектур Исаков агайыбыз:- «Ой жүгүртүүдөгү эң коркунучтуу душман далилге таянбай, таңуулаган даяр пикирди, жоболорду, цифраларды үстүртөн жаттап, билип алуу, көкүрөктөн кайнап чыгуучу менчик ойлорунун тоңуп калышы жана шек санатпаган маңыроо ээрчимелик » -деп айткан.

Чын-чынында, мындай тарбия баланы акыл эмгегинен ажыратуу дегенге тете. Бул жерде бала өзүнүн акылы менен эмес, бирөөнүн акылы менен жашап жатат.

Таалим-тарбия ишинде бала тышкы таасирлердин жардамы менен гана эмес, өзүнүн ички керектөөлөрү, муктаждыктары , каалоолору, жеке субъективдүү тажрыйбасы аркылуу да өнүгөт деген позицияны кармануу көбүрөөк түшүм берип, реалдуу натыйжа алып келмек. Тарбиялануучу өзүнүн мээси менен ойлонуп, башып катырып, өз акыл мээнети менен жашашы керек. Улуу педагог Лев Толстой минтип айткан: «Билим эс тутумуң менен эмес, өзүңдүн жеке ойлоруң менен жетишкенде гана билим болот»

Тарбиячынын насааттап үйрөтүп жаткан нерселерин тарбиялануучу өз ой «тегирменине» салып, акыл жаргылчагына тартып, жүрөгүнөн өткөрүп түшүнүп-туюнганы аба менен суудай зарыл. Инсан-личность ушундай жол менен түзүлөт. Мына ушул жерден орустун атактуу сынчысы Д. И. Писаревдун төмөнкү оюн да эске түшүрүү зарыл: «Даяр ишеним деген жок, аны жакшы көргөн таанышыңдан сурап алууга жана китеп дүкөнүнөн сатып алууга болбойт. Ишенимди жеке акыл жүгүртүңдүн, ой толгоолоруңдун процесси менен, өзүңдүн жеке башың, мээң менен иштеп чыгышың керек»-деген.

Ушундан улам эл мугалими Бектур Исаков агайыбыз:- «Окуучу ой жүгүртсүн, изденсин, шектенсин, арастасын, талдасын, өз оюн далилдесин. Ушунун баары баланын өзүнүкү болууга тийиш»-деп баса белгилеген.

Элдик педагогикада бул жөнүндө эмнелер айтылган?

  • Ою жоктун орду жок;

  • Өзгөнү ээрчиген өзүн унутат

  • Киши акылы-кишен менен тушоо

Өз акылың-өзүң менен тамыр

Бул жерде бирөөдөн жасалма түрдө үйрөнүлгөн акыл, тескерисинче кишиге тушоо болорун, өз мээ акылың өз түйшүк мээнетиң менен тапкан өзөгүңө сиңип, боюңа тамырлаган нерсе гана сенин чындыгың, ишенимиң боло алат деген ой камтылган.

Элдик педагогика дагы эмнелерди айтат:

  • Бала биздики-акылы өзүнүкү

  • Энеден сүт ич, акылмандан акыл ич

  • Кылыч курал эмес, акыл курал

  • Чаап айтканча, таап айт

  • Жүлүнгө жетер кеп айт, жүрөгүң өрттөп бек айт

  • Орой айтсаң адамга жукпайт, сылык-сыпаа сөз жетет

Бул макал, накыл кептердин түп маанисин жакшылап байкасак, кылыч менен зордоп таңуулабай, баланын акылы бирөөнүкү эмес, өзүнүкү болгудай кылып тарбиялайт.

Демек, дүйнөлүк педагогикалык алдыңкы ой да, кыргыздын элдик педагогикасы да баланын чындыкты таанууга өзүнүн жекече жолу менен келишинин, баланын өз башы менен ой-жүгүртүүсүн ырастап берип жатат.

Мындан улам жогоруда айтылган акылман педагогдордун:- Тарбия берүү деген нерсе даяр нормаларды жана эрежелерди үйрөтүү гана эмес, баарынан мурда баланын акыл-эсин ойготуу, өстүрүү, талантын ачуу,-деп айткандарына дагы бир жолу ынанабыз.

Мугалим-бул окуучунун эркин ой жүгүртүүсүн, көкүрөктөн кайнап чыгуучу менчик ойлорду стимулдоочу күч. Кыргызча айтканда, куш таптоочу мүнүшкөр, ат таптоочу саяпкер.

Азыркы учурда мектепте өз тагдырын өзү жасаган, өжөр мээнет, акыл ойдун бийиктигине көкөлөп чыгып, аналитикалык ой-жүгүрткөн бекем нравалык инсандык позициясы бар, атуулдук философиясы бар, көз карандысыз типтеги инсандын келечеги түптөлүшү керек.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!