СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Cабактын темасы:   Анимация, үн жана видео кошуу.

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Cабактын темасы:   Анимация, үн жана видео кошуу.

Сабактын максаты:

А) билим берүүчүлүк:

Окуучулар азыркы заман талабына ылайык билим алышат.  Power Point программасы жөнүндө билишет.Окуучулар мультимедия жана презентация жөнүндө  кеңири түшүнүк алышат.

Б) өнүктүрүүчүлүк:

Окуучулар логикалык ой жүгүртүүлөрүн өстүрүшөт. Сабакка болгон кызыгууларын арттырышат.

В) тарбия берүүчүлүк:

Өз ара жардамдашууга, биримдүүлүккө, бирин – бири баалай билүүгө, топтор менен иштөөгө, теориялык алган билимин колдоно билүүгө тарбияланышат.

Просмотр содержимого документа
«Cабактын темасы:   Анимация, үн жана видео кошуу.»



Cабактын темасы: Анимация, үн жана видео кошуу.

Сабактын максаты:

А) билим берүүчүлүк:

Окуучулар азыркы заман талабына ылайык билим алышат. Power Point программасы жөнүндө билишет.Окуучулар мультимедия жана презентация жөнүндө кеңири түшүнүк алышат.

Б) өнүктүрүүчүлүк:

Окуучулар логикалык ой жүгүртүүлөрүн өстүрүшөт. Сабакка болгон кызыгууларын арттырышат.

В) тарбия берүүчүлүк:

Өз ара жардамдашууга, биримдүүлүккө, бирин – бири баалай билүүгө, топтор менен иштөөгө, теориялык алган билимин колдоно билүүгө тарбияланышат.

Сабактын усулу: Интерактивдүү, топтор менен иштөө.

Сабактын жабдылышы: Интерактивдүү доска, компьютер, карточкалар, ватман, маркер,слайдтар,сүрөттөр.

Сабактын жүрүшү:

А) Уюштуруу: Саламдашуу – Саламатсыңарбы, балдар!

Балдар, маанайыңар кандай?

Окуучулар: Маанайыбыз жарык,көңүлүбүз ачык. Анда балдар биз көңүлүбүздү сергитип алуу үчүн азыр сабакта силер каалаган жерге барып келебиз.

Андай болсо кайда баргыңар келет?

Биз Ысык – Көлгө барабыз!

Муг: Анда кеттик.Жүрүштө курсагыбыз ачпасын үчүн тамак аштан, суусундуктан, жана башка керектелүүчү азыктарды камдап алалы.

Мен Акмөөр алма алып барам. А силер эмне аласыңар?

Окуучулар улантып кетет.

Ысык – Көл, слайд көрсөтүлөт.

Мына балдар, биздин эң кооз, эң ыйык, эң сулуу,болгон Ысык – Көлүбүзгө биз барып келдик.

Балдар биз сабакта өзүбүздү кантип алып жүрүшүбүз керек.

Окуу-лар: 1.Тартипти сакташ керек.

2.Мугалимдин сөзүн кунт коюп угабыз.

3.Бири бирибизди сыйлайбыз.

4.Электр точкаларына уруксатсыз тийбейбиз.

5.Компьютерди уруксатсыз жандырбайбыз жана өчүрбөйбүз.

6.Сабакка активдүү катышабыз.

Муг: Мына балдар биз Алтын эреже менен таанышып алдык.

Балдар биз бүгүнкү сабакта, өтүлгөн тема боюнча оюн таймаш сабагын өтөбүз.

Эки топко бөлүнүп алабыз ээ!

Окуучу: 1 – топ Презентация тобу.

Окуучу: 2 – топ Мультимедия тобу.

Муг: Балдар силер командаларыңардын атын коюп алдыңар, силердин билимиңерди бул экран боюнча баалап, сабактын аягында жыйынтык чыгарамын. Балдар биз мурунку сабакта Power Point программасы менен таанышканбыз. Эми балдар биз Power Point программасына кеңири токтололу...

Интерактивдүү доскадан слайд көрсөтүлөт, слайддан окуучуларга суроо берилет.Окуучулар жооп беришет.

Муг: Power Point программасын канча жол менен жүктөп алабыз?

1 –окуучу: 2 жол менен биринчиси иш столундагы ярлыгынан, экинчиси пусктан Microsoft Office программасынан Power Point киребиз.

Программанын көрүнүшү эмнелерден турат?

Файл менюсунун көрүнүшү кандай, эмнелерден турат?

Главная менюсу эмнелерден турат?

Вставка менюсу кандай кызмат аткарат?

Дизайн менюсунда кандай кызматттар бар?

Переход менюсу кандай кызмат аткарат?

Анимация менюсу эмне кылат?

Силер Power Point программасында иштегенди үйрөндүңөр,

Ms Power Point программасында көргөзмөлүү графиктердин програмдарынын катарына кирип, текст, сүрөт, сызма, графиктер, анимация эффектери, үн, видиороликтерди, слайдтарды жасоо мүмкүнчүлүгү бар. Мен силерге телефонуңардан слайдшоу түзүп келгиле дегенмин түзүп келдиңерби?

Окуучу: ооба түзүп келдик

2 топтон тең слайд көрсөтүлөт...

Жакшы балдар азаматсыңар!

Эми силер өзүңөрдүн тобуңардын аты жөнүндө айтып бергилечи!

Презентация тобунан 1 окуучу:

Презентация - бул жасалган слайдтардын түрү жана аларды

көрсөтүү үчүн берилген файлдын аты болуп эсептелет.

2-окуучу:

Мисалы: Презентация 1-Power Point програмы ачылганда

негизги жолчодо пайда болуп, түзүлгөн же түзүлүп жаткан презентациянын аты болот.

3-окуучу:

Колдонуучу презентациянын атын өзү каалагандай кылып өзгөртө алат.

4-окуучу:

Мs Power Point программасынын ар бир презентациясы слайдтар жыйындысынан турат.

Мультимедия тобунан 1 окуучу:

Мультимедия – бул бирдиктүү интерактивдүү чөйрөдө маалыматтын ар кандай түрлөрүн бириктирүүчү программалык, аппараттык жана маалыматтык каражаттардын мүнөздөмөсү.

2 – оккучу:

Мультимедия програмдык жабдыгы текст, графика, аудио, фото жана анимацияны камтыган көрсөтүүлөрдү түзүүгө мүмкүндүк берет.

3-окуучу:

Мультимедияны көрсөтүү жеке эле аталган элементтердин комбинациясы эмес, ал компьютерде интерактивдүү көрсөтүлөт. Мультимедия програмдык жабдыгы тексти, графикти жайгаштырып, аудио жана видео,анимацияны башкаруу менен көрсөтүүнү түзүүгө жардам берет.

4-окуучу:

Multimedia ToolBook Asymetrix Corporation кеңири колдонулган мультимедия пакети болуп эсептелет.

5-окуучу:

Мультимедия үндү кайра угузууга мүмкүндүк берүүчү (үн карталары) жана лазердик компакт дисктер менен ишөөчү аппараттык каражаттарды билгизет.

Филворд оюну.Окуучулар тамгалардан сөздөрдү табышат.

Итерактивдүү доскадан презентация жана мультимедия жөнүндө слайд көрсөтүлөт,окуучулар түшүнүк беришет.

«Ким шамдагай» оюнун ойношот эки топко бирден сүрөт берем аны курашат.

Жыйынтыктоо: Азыркы өнүгүп жаткан техникадан жаңылытарды айтышат слайдтан көрсөтүлөт.

Окуй алган ручка. Бул ручка өзү окуп жана которот. Аны наушник аркылуу уга аласын. Ручка сөздүк. Бул ручка айтылган сөздүн котормосун өз котормосун өз экранына чыгарып берет жана тил үйрөнүүдө жакшы жардамчы болот ж.б.

Үй тапшырма: Балдар үйгө тапшырма өзүңөргө жаккан, же болбосо жакында 8 – март апалардын, эжелердин,сиңдилердин майрамы болот силер Power Point программасы аркылуу сүрөттөрүн кооздоп белек кылсаңар эң соонун белек болот.

Баалоо: Окуучуларды сабакта чогулткан карточкалары аркылуу баалайм.










Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!