СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ч.Айтматовдун туулган кунуно арналып отулгон ачык сабактын планы

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата отулгон ачык сабактын планы. тексттик редакторду бышыктоо  сабагы

Просмотр содержимого документа
«Ч.Айтматовдун туулган кунуно арналып отулгон ачык сабактын планы»

Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата.

Информатика сабагы боюнча ачык сабактын планы. 8-Д класс.

Сабактын темасы: Текттик редактордогу “Ак кеме” повести.

Сабактын максаты:

Күтүлүүчү натыйжалар

Билим берүү максаты: Окуучулар “Ак кеме” повести жөнүндө окуп билишет. Тексттер менен иштей алышат.

-тексттик редакторду тереңирээк билишет;

- Ак кеме повестин айтып бере алышат;

-аталган повестин мазмуунуна токтолушат.


Өнүктүрүүчүлүк максаты: Тексттик редактордо тексттер менен иштөөнү өнүктүрүшөт. Ак кеме повести тууралуу алынган маалыматтарды талкуулап, талдай алышат жана сахна көрүнуш аркылуу толуктап окуп үйрөнөт.

-редактордун инструменттерин жакшы өздөштүрүшөт;

-талкуунун жыйынтыгы боюнча аргументтүү жыйынтыктарды жасап,сынчыл ой жүгүртө алышат;

-повестин өзгөчөлүктөрүн түшүндүрө алышат;

-сахналаштырышат.

Таалим-тарбия берүүчү максаты: билимдүүлүктүн, адептүүлүктүн жана маданияттуулуктун үлгүсүнө тарбияланышат.

-билимдүү, адептүү жана маданияттуу инсандын үлгүсүн көрсөтүшөт, түшүндүрүшөт.


Сабактын жабдылышы: Компьютерлер, сүрөттөр(Ч.Айтматовдун атактуу адамдар менен түшкөн сүрөттөрү, чыгармаларына тартылган сүрөттөр), проектор, колонка, окуу китеби, карточкалар(Ч.Айматовдун өмүр баяны жазылган, сыйлыктары, “Ак кеме” повестисинен алынган кыскача тексттер жазылган катрочкалар ).

Сабактар аралык башланыш: Адабият, адеп, музыка, сүрөт, математика, геометрия,

информатика, тарбиялык саат.

Сабактын тиби: Өтүлгөн теманы бышыктоо.

Сабактын формасы: Практикалык, видео, сахналаштырылган.

Сабактын жүрүшү:

Сабактын баскычтары

Мугалимдин ишмердиги

Окуучунун ишмердиги

1.Уюштуруу

1-2 слайддар

(2 мүнөт)

Мугалимдин саламдашуусу.

Жагымдуу маанай:

  1. Алтын эреже кабыл алуу:

  1. Бири-бирин сыйлоо;

  2. Кол көтөрүп сүйлөө;

  3. Өз оюн айта билүү;

  4. Бирөөнүн оюн уга билүү;

  5. Убакытты туура пайдалануу;

f) Сабакка активдүү катышуу.

Саламдашат. Сабакка даярданат.Алтын эрежени кабыл алышат.

2. Акыл чабуулу

Кайталоо үчүн суроолор 3-слайд

(4 мүнөт)

Мугалим окуучуларга суроо менен кайрылат:

  1. Тексттик редакторду атагыла.

  2. MS Word кандай версияларын билебиз?

  3. Ч. Айтматовду билесиңерби?

  4. Тексттик редактордогу каталар менен иштөө мүмкүнчүлүгү?

  5. Бугу кандай жаныбар?

  6. Кыргызстанда бугу жашайбы?

  7. Нургазы ким?

  8. WordArt программасы эмнеге арналган?

Окуучулар берилген суроолорго жоопторун айтышат.

3. Окуучуларга Ч. Айтматов жөнүндө маалымат берүү

(7 мүнөт)

Окуучулар Айтматов жөнүндө презентацияга көңүл бурушуп, маалыматтарды эске тутуп калышат.

4.Тексттик редактордо текст түзүү 4-слайд (7 мүнөт)



Карточкадагы тексттерди тексттик редактордо терүү(М: Ч.Айтматовдун чыгармалары, алган сыйлыктары жылдары менен, Момун чалдын образы жазылган текст, Нургазы(бала)жашаган дүйнө, жазылган текст ж.б.).

Окуучулар Чынгыз Айтматов жөнүндө слайддан алган маалыматтарына карап текст түзүшөт. Тексттерди компьютерге киргизишет.

5.Бугу эне жомогу боюнча маалымат

(7 мүнөт)

Бугу эне жомогу боюнча видео көрсөтүлөт.



Окуучулар өздөштүргөн ойлорун жана мүмкүнчүлүктөрүнө жараша ойлорун айтышат.

6.Образ жаратуу оюну 5-слайд (8 мүнөт)


Окуучуларга сүрөттөрду таратат.



Окуучулар жомоктогу каармандардын образын сүрөт аркылуу чагылдырат. “Ак кеме” повестин сахналаштырышат.




7.Бышыктоо үчүн суроолор берилет 6,7,8,9-слайддар(7 мүнөт)

1)Тексттик редактордо каталарды кантип билүүгө болот(орфографиялык, грамматикалык); 2)Орус алфавитинен Кыргыз алфавитене өтүү жолдору; 3)Повесте кандай маселелер көтөрүлгөн; 4)Геометриядагы симметрия түшүнүгү(повестеги окшоштуктар).

Окуучулар суроолорго мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жоопторун, ойлорун айтышат.

8.Рефлекция жана жыйынтыктоо

(3 мүнөт)

Мугалим окуучуларга өздөрүнүн оюн айтууга мүмкүнчүлүк берет жана сабакты жыйынтыктайт. Окуучулардын билимин баалап, үйгө тапшырма берет.

Окуучулар сабакты кандай өздөштүрүш- көндүгү тууралуу өз оюлорун айтышат.



Бишкек шаарындагы

№55 жалпы билим берүү мектебинин

Математика жана информатика мугалими

Ашыралиева Саадат


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!