Просмотр содержимого документа
«Чынгыз Айтматов "Ак кеме" повести»
«Ак кеме- аруулуктун символу»
Символдор жана симметриялар
дүрбү – алысты жакын, жакынды алыс кылып көрсөтүүчү оптикалык прибор гана эмес, ал дүйнөнү таанып билүүнүн символу
китепкап – чоңоюнун, турмуштун ак-карасын ажыратып калуунун, билимдин символу.
ак кеме – актыктын, тазалыктын, келечектин символу. Ар бир каарман өзү символ.
булар жашаган жердин корук (кардон) болуп турушу да символ.
кордондо жашагандар үч түтүн, үч короо, үч эркек, үч аял. кийин портфель сатылып алынгандан кийин Бала да үчөө болот: өзү, дүрбүсү, китеп кабы .
Сюжет да үч күндүк окуя: портфель алынган күн, мүйүздүү эне келген күн, мүйүздүү эне өлгөн күн
Баланын /Ч ЖОМОГУ: ЪЗ/ ОЙЛОП ТАПКАН, ЖАН БИЛБЕГЕН ЖОМОГУ, Мүйүздүү Бугу-Эне ЖОМОГУ, Чыпалак бала ЖОМОГУ
Бала үчүн үч дүйнө бар: бири өзү жашап жаткан Жер дүйнөсү, экинчиси – баланы дайыма кызыктырган, күндүз булуттар каалгып сүзүп жүргөн, түнү Ай жана жылдыздары менен өзүнө арбап алган Асман дүйнөсү, үчүнчүсү – өзү баргысы келген, балык болуп жүргүсү келген Суу дүйнөсү.
«ак кеме» повестин жазууга т/ртк/ болгон окуя
Айтматов анда борбордук газетанын өз кабарчысы катары иштеген кези экен, бир жолу иш сапар менен Соң-Көлгө барат да, келе жатканда булардын машинасына браконьерлер атып алган бугуну жүктөшөт. Ошону карап отуруп, катуу көңүлү калат да, ошондон чыгарманын түпкү түйүлдүгү пайда болот.