СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Чынгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча табышмактар

Категория: Литература

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Чынгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча табышмактар»

Чынгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча табышмактар.


1.

Бай-манаптар тийип намыс арына,

Кайсы аган чыдап конуп баарына ,

Алтынайдай канча жашты окутту,

Даракка окшоп момо байлап шагына.( Дуйшон).


2.

Эн жакшы Айтматовдун чыгармасы ,

Эрте келген турналар анын аты ,

Инди океанда жайгашып орун алган,

Инкамал эжей айткан арал кайсы,(Шириланка).

3.

Капа болбо апакем капа болбо,

Курал алып согушуп журот колго,

Келечектин ээлерин окутмакмын,

Катаал согуш эгерде болбогондо.(Майсалбек)

4

Улуу -кичуу билчу начар жактарын ,

Уят сыйды жыйнаштырып салганын,

Учурунда пулдап арак ичкен ким ,

Урдап келип карышкырдын балдарын .(Базарбай)

5..

Таалайлуу бир кезекте ушул адам,

Тагдыры кийинчерээк талкаланган,

Жоногон жаны турмуш баштаганы,

Жол тарткан Памир жакка кайсы каарман.(Ильяс)

6..

Каза болду карыябыз Казангап ,

Комуш керек ардагерди ардактап,

Тапшырманы аялына берип жатты,

Тааныш ысым анын атын издеп тап.(Эдигей).

7.

Эли-журту,башкармасы мактанган,

Эч тушпогон ардак тактадан,

Келечектин камын коруп иштеген,

Кайсы чабан парторго жакпаган,(Бостон).

8.

Кинодогу баатыр менин атам деп ,

Анын оюн апакеси бекемдеп ,

Чынгыз жазган ангеменин биринде ,

Чыгармада анын аты кездешет,(Авалбек).


9.

Тоодой толкун каптап жатты ,

Балыкчылар ажал менен алышты,

Тируу калып кайсы жалгыз баладан,

Тике олумго бут баары барышты (Криск)


10..Жайлоолордо жылкы олду уу чоп жеп,

Жака белден доктур келди иликтеп,

Тилмеч болгон ким эле беш жашта,

Тан калтырып орус тилин жиликтеп.(Чынгыз).,


11..Кайсы манкурт тааныбастан энесин ,

Кере тартып туз багыттап жебеси,

Апасынан айрылганын билген жок,

Ажал огу тешип отту денесин,(Жоломан).


12.

Чыгармада кездешкен кайсы каарман ,

Чынында мээрими жок кандай адам,

Аялына бирге иштеген адамдарга ,

Абдан корс мамилени жасаган (Орозкул).


13.

Бала ооруп озу жалгыз калганда ,

Бардыгы мас эч ким келбей жардамга ,

Ыйык бугу эне этин жебестен,

Ысык-Колго чогуп кетти арманда,(Нургазы)


14.

Суук болмо тутун, ыштар жыттанган ,

Саман отун куйо албай тутанып,

Султанмурат ,Мырзагулдор олтурат,

Сабак откон эжейине суктанып,(Инкамал).


15..

Бору энеге кимдер айтат арманын,

Бейбаш адам уурдап кетип балдарын,

Мун-кайгысын коз жашынан чыгарган,

Муздак тоодо озу жалгыз калганын.(Акбара).


16.

Жаздым катты унутпай ушуну эстеп,

Жаны мектеп салтанаты болгон кезде,

Дуйшон агай отурса жакшы болмок,

Мен олтурган айылда сыйлуу тордо.(Алтынай).




17.

Кайсы эжейдин жашоодогу арманы ,

Начар чыгып озу окуткан балдары,

Таланттуу акын Сабыр досун коро албай,

Турмолорго олтургузуп салганы (Айша).


18.

Арабада жол тартып ырдап ырын,

Айталбай коптон берки журок сырын ,

Жаныртып обондору аскаларды,

Жамийланын ойготкон журок кылын.(Данияр).


19.Айылдагы адамдардан чочулап,

.Апасына сала албай топурак,

Катаал согуш болбогондо каарманым,

Качкын болбой катарларга кошулмак,(Ысмайыл)


20.Токсон жылдык татыктуу мааракесин,

Тосуп алды белгилеп аалам эли,

Адамзатка шам чырак келечекте,

Бул инсандын калтырган эмгектери.(Ч.Айтматов).


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!