СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан түзүлгөн АКЫЛ ОРДО

Категория: Литература

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан түзүлгөн АКЫЛ ОРДО»

Акыл ордо

Сабактын максаты: Окуучулар тема аркылуу тапкычтыкка, ой жүгүртүүлөрүн, сөз байлыктарын өстүрүүгө көнүгүшөт. Аң-сезимдери өсүп, сабакка болгон активдүүлүгү кеңейет. Бири-биринин оюн уга билүүгө, сыйлоого тарбияланышат.

Оюн үч тур менен өткөрүлөт.

Тесттик суроолор, категориялар, логикалык суроолор:

1.Уул  деген сөздө канча тамга, канча тыбыш бар?

А) 2 тамга, 3 тыбыш     В) 3 тамга, 3 тыбыш

Б) 3 тамга, 4 тыбыш        Г) 3 тамга, 2 тыбыш

2.Эски деген сөздүн синонимин белгиле ?

А) байыркы                      В) колдонуу

Б) жаңы                             Г) жаман

3.А.Осмоновдун “Толубай сынчы ” поэмасында Толубайдын көзүн ким ойдурган?

А) баскынчы калмактар    В) Азиз хан

Б) Кара кан                           Г) падышанын акылсыз кызы

4.”Маанс ” эпосунда “Айкөл ” деген эпитет кайсыл каарманга карата колдонулат?

А) Алманбет                    В) Бакай

Б) Кошой                          Г) Манас

5.Жатыш жөндөмөдө турган сөздү белгиле:

А) китепканада                   В) шаардын

Б) мугалимден                     Г) табактан

  1. Оп майда” ыры элдик ооз эки чыгармачылыктын кайсыл жанрына кирет?

А) эмгек ыры                     В) сүйүү ыры

Б) баатырдык ыр    Г) дидактикалык чыгарма

Ч.Айтматов категориясы

1.Ч.Айтматов төрөлгөн айыл?     (Шекер)

2.Ч.Айтматовдун эң алгачкы ангемеси кайсы? (“Гезитчи Дзюе”)

3.Жазуучу кайсы жылы төрөлгөн ? (1928)

4.Ал кандай жазуучу ? (билингвист)

5.Ч.Айтматов кайсы чыгармасында мугалим Дүйшөндүн образын чагылдырган ? (“Биринчи мугалим”)

6.Ч.Айтматовдун атасы ким болгон ? (Төрөкул, коомдук ишмер)

7.Атасы Төрөкул качан,кантип көз жумган? (1937-жылы репрессияланган)

8.Ч.Айтматов “Ак кеме” повестинде келген апталаптан таятасы балага эмне сатып берди ? (кара портфель)

9.Мүйүздүү Бугу Эне  бала менен кызды кимден сурап алып калды ? (Майрык чаар жезкемпирден 0

10.Ч.Айтматов кайсы чыгармасында 3 короо, 3түтүн, 3 эркек, 3 аялды сүрөттөйт? (“Ак кеме”)

11.”Ак кеме” повестиндеги башкы каармандардын бири Момун кандай адам ? (жоош, кой оозунан чөп албаган)

12.”Ак кеме повестиндеги башкы каарман баланын аты ким ? (аты жок)

13.Жазуучу кайсы чыгармасында кандай айбанаттарга адамдык касиет берилип сурөттөлөт? (“Гулсарат” Гулсары, “Кыямат” Акбара, Ташчайнар)

14.Аруу дүйнөлүу баланы кайгылуу өлүмгө дуушар кылган ким? (Орозкул)

15.Ч.Айтматов кайсы чыгармасында Инкамал апанын образын жараткан? (“Эрте келген турналар”)

   “Ак” категориясы

1.Чечен, төкмөлөрдү кандай аташат? (ак таңдай)

2.Кыргыздарды дүйнөгө тааныткан жети кереметтин бири? (ак калпак)

3.Ким менен Кулмырза деген дастан бар? (Аксаткын)

4.Бул нерсе баарыбызга керек, ансыз жашоо кыйын? (акча)

  1. “Акылдуу дыйкан” жомогунда каардуу хан вазирлерине кимди таап келгиледейт? (акмакты)

6.Азамат жерин эңсейт, эмне көлүн эңсейт? (ак куу)

  1. “Керемет көчтөгү” каармандын аты? (Актан)

8.Белгилүү обончу Т.Эшбаев кайсы айылга арнап обон жараткан? (Акман)

9.Ч.Айтматовдун повесттеринин бири? (“Ак кеме”)

10.Музыкалык аспаптын аталышы? (аккардеон)

11.Кыргызстандагы белгилүү балдар хору? (“Ак шоола”)

12.Кыргыз Республикасынын эң көп мөөнөттө президенттик милдетти аткарган адам? (Акаев)

13.Жалал-Абад областынан чыккан коомдук-саясый гезиттин аталышы? (“Акыйкат”)

  1. “Манас эпосундагы Манастын минген аты? (Аккула)

15.Эмнеси бар билимди самайт,

Эмнеси аз кийимди самайт. (акылы)

Табышмактар  категориясы

1.Келгени да кол берет,кеткени да кол берет. (эшиктин туткасы)

2.Тогуз төөгө жүк келсе да тойбоду, такыр-такыр менин чөнтөгүм. (тегирмен)

3.Олоңдоп долу келген, от кармайт колу менен. (кычкач)

4.Кичинекей бечел, сүңгүп барып суу ичер. (кашык)

5.Диң-диң чолок жер казат. (тамчы)

6.Союп жатам жаны жок, эти кызыл каны жок. (дарбыз)

7.Бир топ кыз элек, шыпка илиндик, жипке тизилдик. (калемпир)

8.Жер алдында төлдөгөн , төлүн өзү бөлбөгөн. (картошка)

9.Ойлонгула кандай кичинекей шардай,

Жармашат тийсең акысы бардай. (уйгак)

10.Үлбүрчөккө кан куюп, үйлөп талга байладым. (карагат)

11.Сырты бирөө тоголок, ичинде миң сан томолок. (анар)

12.Ээ эпилдек, жөө жапылдак. (ооз)

13.Ыргытат жерди тиштеп, тыныгат иштеп-иштеп,

Жөнөрдө жумушка шап эле ийинге минет.(кетмен)

14.Өзөгү жок өзүндө, бутагы жок боорунда, жалбырагы жок башында. (козу карын)

15.Белбоодо беш ат, бешөө тең кашка ат. (тырмак)

Зат атооч категориясы

1.Зат атооч заттын эмнесин билдирет? (атын)

2.Зат атоочтун суроолору кандай? (ким?, эмне?кимдер?эмнелер?)

3.Зат атоочтун өзүнө тиешелүү морфологиялык белгилери кайсылар? (жөндөлөт, жакталат, таандык мүчөлөр менен өзгөрөт, жекелик, көптүк санда)

4.Көптүктү билдирүүчү мүчө кайсы ? (-лар)

5.Жөнөкөй зат атоочко мисал келтир. (асман, окуучу, чогулуш)

6.Зат атооч кандай жолдор менен жасалат? (морфологиялык, синтаксистик)

7.Энчилүү зат атоочторго кайсылар кирет? (адам аттары, жер-суу, географиялык аттар)

8.Жак, таандык мүчөлөргө кайсылар кирет? (-ым, -ың, -ы же -сы)

  1. -ңыз, -ңиз, -ңуз таандык мучөнүн кандай түрү? (сылык)

10.Жалпы таандык -ныкы мүчөсү канча вариантта өзгөрөт ? (12вариантта)

11.Энчилүү аттар кандай жазылат? (баш тамга менен)

12.Жалал-Абад, күн карама, ак куу түзүлүшү боюнча кандай зат атоочтор? (татаал)

13.Зат атоочтор сүйлөмдө кандай милдетти аткарат? (баш жана айкындооч мүчөсүнүн милдетин аткарат)

14.Зат атоочтор грамматикалык түзүлүшүнө карай кандай болуп бөлүнөт? (жөнөкөй, татаал)

  1. -кеч, -поз, кана мүчөлөрү зат атоочтон эмнени жасоочу мүчөлөр? (зат атоочту)

“Т” категориясы

1.100 сомдук акча бирдигинде кимдин сүрөтү чегерилген ? (Токтогулдун)

2.Кыргыз тилиндеги жөндөмөлөрдүн бири? (табыш)

3.Тилдик каражаттардын табиятын мүнөздөө, сыпаттоо кандайча аталат? (талдоо)

4.Жазууда фонемаларды белгилөө үчүн колдонулган шарттуу белги эмне деп аталат? (тамга)

5.Адам баласынын пикир алышуу куралы? (тил)

6.Жазууда сызык түрүндө коюлуучу тыныш белги? (тире)

7.Кыргыз тилиндеги айкындооч мучөлөрдүн бири? (толуктооч)

8.Ызы-чуу, күрү-гүү, балпаң-салпаң булар кандай сөздөр? (тууранды сөздөр)

9.Т.Молдонун балдарга арналган чыгармасы? (“Телибай тентек”)

10.Жылкынын бут кийими? (така)

11.Тилди билбеген адамдардын ортосунда көмөк көрсөткөн адам? (тилмеч)

12.Кыргыз тили кайсы тилдердин катарына кирет? (түрк)

13.Кыргыз алфавитинде 22-катарда турган тамга? (Т)

14.Жети дубандын биринин аталышы? (Талас)

15.Кыргыздын улуттук оюндарыны бири  (тогуз коргоол)

Жөндөмөлөр категориясы

1.Кыргыз тилинде канча жөндөмө бар? (6)

2.Атооч жөндөмөсүнүн мүчөсү барбы? (жок)

3.Илик жөндөмөсүнө мисал келтир? (окуучунун,китептин)

4.Барыш жөндөмөсүнүн мучөсү? (-га)

5.Илик жөндөмөсүнүн канча варианты бар? (12)

6.Сабырдуулук адамга көрк берет. Кайсы жөндөмөнүн мүчөсү бар? (барыш)

7.Шаарды көрүү сөз айкашы кайсы жөндөмөнүн мүчөсү менен айкашып турат? (табыш)

8.Сүйлөмгө кайсы жөндөмөнүн мүчөсү уланат? Эртеси Жапар, Чүкөбай… ээрчитип талаа жумушуна чыкты. (табыш)

9.Мугалимден,китепканада. Жатыш жөндөмөдө турган сөздү белгиле? (китепканада)

10.Чыгыш жөндөмөсүнүн суроолору? (Кимден?, эмнеден?, кайдан?)

  1. “Бак”сөзү барыш жөндөмөдө кандай айтылат? (бакка)

12.Уңгу, мүчөлөр, жөндөмөлөр жөнүндө тил илиминин кайсы бөлүмү  үйрөтөт? (морфология)

13.Атооч жөндөмөсүнүн суроолору? (ким?, эмне?, кимдер?, эмнелер?)

14.Барыш жөндөмөсү кыймыл аракеттин эмнесин билдирет? (кимге, эмнеге багытталгандыгын)

15.Чыгыш жөндөмөсүнүн мүчөсү кайсы? (-дан)

Синоним категориясы

1.Жыйын, жыйналыш, чогулуш. Синонимдик тизмек боло алабы? (боло алат)

2.Даам деген сөздүн синоними? (наар)

3.Кыз сөзүнүн синонимин тап? (беш көкүл, селки, бийкеч, сулуу)

4.Синоним деген эмне? (айтылышы ар башка, бирок мааниси бирдей сөздөр)

5.Синоним деген сөз кайсы тилден кирген? (грек)

6.Гректин “sinonimos”деген сөзү бизче которгондо кандай маанини билдирет? (мааниси бирдей)

7.Ар кандай тыбыштык түзүлүштө болсо да, жалпы бир түшүнүктү билдиреби? (Ооба)

8.Адам деген сөздүн синоними (киши)

9.Байлык, дүнүйө, оокат. Мааниси боюнча кандай сөздөр? (синонимдер)

10.Жаан деген сөздүн синоними (жамгыр, нөшөр)

11.Область, район, айыл. Синонимдик тизмек боло алабы? (жок, боло албайт)

12.Илимпоз деген сөздүн синоними (окумуштуу, аалым)

13.Какшык деген сөздүн синонимин тап (мыскыл, келеке, шылдың)

14.Синонимдер бирдей сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткара алабы? (ооба)

“С” категориясы

1.Заттын сын-сыпатын билдирген сөз түркүмү? (Сын атооч)

2.XX кылымдын Гомери аталган манасчы? (Саякбай)

3.Нооруз күнү жасалчу ыйык тамак? (Сүмөлөк)

4.Эл башы болгончо, эмне башы бол? (суу)

5.Сактыгынан өлбөй, суктугунан өлгөн канаттуу? (сагызган)

6.Кыз-жигит айтыш оюну? (Сармерден)

7.Аны менен биз кайсыл убак болгонун билип турабыз? (саат)

8.Кыргыз кино, театр искусствосуна зор салым кошкон актриса? (Сабира)

9.Жалал-Абад областында жайгашкан, далайды суктандырган көлдөрдүн  бири? (Сары — Челек)

10.Жаңы төрөлгөн баланы эмне менен оозандырып, ырымдашкан? (сары май)

11.Ачытылбаган кымызды эмне деп айтабыз? (саамал)

12.Кыргызстандан чыккан биринчи учкуч? (Салижан)

13.”Манас” трилогиясынын үчүнчү бөлүмү эмне деп аталат? (“Сейтек”)

14.Тил илиминин бир бөлүгү? (синтаксис)

15.Жаш балдарга биринчи кандай тиш чыгат? (Сүт тиш)                                                                                           Логикалык суроолор

1.Ар бир беш кыз бир туугандын экиден агасы болгон, бардыгы болуп канча ага бир тууганы болот? (2 агасы)

2.Чоң эне шаарды көздөй баратса астынан  үч мырза чыгат, ар биринин колунда бирден кабы бар, капта бирден мышык салынган. Бардыгы болуп шаарга канча жандык бара жаткан? (шаарга чоң эне гана бараткан, ал эми үч мырза жөн гана алдынан жолугуп калган)

3.Үйдө чоң эненин Амантай небереси, Борсолдой күчүгү жана Чокчолой мышыгы бар. Бардыгы болуп чоң эненин канча небереси бар? (1 Амантай)

4.Бир буттап турган тооктун салмагы 2 кг. Ал эми эки буттап турган тооктун салмагы канча болот ? (2 кг)

5.Абдылданын 15 кою бар, 14нөн башкасы өлүп калды, анын канча кою  калат?  (14)

6.Ташмат 1895- жылы туулган. Ал эми Асан 1995-жылы туулган, экөөнүн айырмасы эмнеде? (I кылым)




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!