СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Даосизм дининин пайда болушу

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Даосизм дининин пайда болушу»

Сабактын темасы: Даосизм


Сабактын максаты: -Окуучулар Даосизм дининин пайда болушу жөнүндө кеңири маалымат алышат жана түшүнүшөт.

Сабактын жабдылышы: Ноутбук, окуу куралдар

Сабактын жүрүшү: -Уюштуруу -Жагымдуу маанай түзүү -Үй тапшырманы суроо

Жаңы тема: Даосизм

Даосизм – 1) байыркы философиядиний окуулардын бири. Ал биздин заманга чейин 6–5-кылымдарда Байыркы Кытайда пайда болгон. Даосизм окуусунун негиз салуучусу катары Конфуцийдин замандашы Лао-Цзы эсептелет. Даосизм окуусунун негизги түшүнүгү – Дао, ал даосизм окуусунун философиялык идеясынын өзөгүн түзөт. Бул терминдин сөзмө-сөз мааниси кыргыздын байыркы дүйнө таанымы Теңирчиликтин – «Жол» нуска наамасынын мазмунуна жакын. Даосизм «дүйнөнүн түпкү себеби», «ааламдын маңызы», «жаратылыштын негизги мыйзамы» сыяктуу теориялык жоболорду камтыйт. Даосизмди ар тараптан өнүктүргөн Конфуцийдин окуусунда «дао» деп, мыкты башкаруучунун жолун, адилеттүүлүктү өркүндөтүүнүн жолун, ыйман-адеп ченемдеринин жыйындысын түшүнүшкөн. Даонун жолун жолдоо, табигый кубулуштарга жана процесстерге кийлигишпөө, табият менен таттуу мамиледе болуу гана ийгиликке алып келет дешкен. Ал эми «Дао Дэ Цзин» китебинде: бардык заттар өзүнүн «менчик» жолу – дао аркылуу жаралат жана өзгөрөт, дүйнөдө өзгөрүлбөс эч нерсе жок, бардыгы тең ошол өзгөрүүлөрдүн жүрүшүндө өзүнүн карама-каршысына айланышат деген философиялык тыянак бар. Биздин замандын 2–3-кылымында даосизм философиялык жана диний багыттарга бөлүнүп кеткен. 2) Кытай диндеринин бири, биздин заманда 2-кылымында пайда болгон. Даосизмдин негизги канондук жоболору: теологиясы менен теориясы 5-кылымдын башталышында иштелип чыккан, Тан доорунда (10-кылымга чейин) ал мамлекеттик бийликтин өзгөчө колдоосунда болгон. Даосизм кытайдын расмий дини катары классикалык дао философиясы менен аралашып, элдик синкреттик (бирикме, бүтүн) окуу катары 20-кылымдын ортосуна чейин сакталып келген. Даосизмди жактоочулардын максаты – дүйнөдө түркүн түрдүү ыкмаларды: атайын мүнөз тамак-аштан тартып, ар кандай дарылоочу дене тарбия көнүгүүлөрүнө чейинки ыкмаларды пайдалануу менен адам өмүрүн узартууга жетишүү болгон.

ДАОСИЗМ – дао жөнүндөгү окуу, философиялык-диний мектептердин бири. Дао терминин которуу кыйын, түздөн-түз  «Жол» дегенди түшүндүрөт. Мааниси жагынан алганда «Дүйнөнүн алгачкы себеби», «Ааламдын маңызы»,  «Жаратылыштын негизги мыйзамы». Конфуций окуусунда дао деп мыкты башкаруучунун жолу, адептүүлүктү  өркүндөтүүнүн жолу, моралдык-этикалык нормалардын жыйындысын түшүнүшкөн. Д-дин негиздөөчүсү катары  Конфуцийдин улуу замандашы Лао-Цзы эсептелет. Анын негизги китеби «Дао дэцзин». Бардык заттар өзүнүн менчик  жолу – дао аркылуу жаралат жана өзгөрөт. Дүйнөдө өзгөрүлбөс зат жок жана бардык заттар ошол өзгөрүү процессинде  өздөрүнөн карама-каршысына айланышат. Адам заттардын табигыйлуулугун таанууга жана куру акылдуусуна берүүдөн  баш тартууга тийиш. Д. үстөмдүк жана эзүүгө каршы туруп, адамдарды жашоонун алгачкы түзүлүшүн калыбына  келтирүүгө чакырган. Б. з. ч. IV–III к. жашашкан Ян Чжу, Инь Вэнь, Чжуан-цзы Д-дин көрүнүктүү өкүлдөрүнөн  болушкан. Ян Чжу боюнча жашоонун табигый мыйзамдарын (дао) сактоо адамга «өзүнүн жаратылышын жана  бөтөндүгүн сактоого жол берет», ал эми Инь Вэнь айткандай, дао адамга акылдуулукту алууга жана чындыкты түшүнө  билүүгө керек. Чжуан-Цзы ой жүгүртүүлөрүнө «асмандын жана жердин күзгүсү» деп атаган. Аны көпкө караганда  жекеликти, кыймылга караганда токтоп турууну (покой) көбүрөөк колдогону, даону заттардан бөлүп чыгуусу кийинки  мезгилде пайда болгон «иш кылбоо» (недеяние) теориясынын идеялык негизин түзгөн. Бүгүнкү күндө аны  философиялык саясий Д. катары диндик Д. бөлүп кароо керек.



Сабакты жыйынтыктоо: Суроо -жооп

Үйгө тапшырма берүү: Даосизм



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!