СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ден-соолуктун душманы -тамеки

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарбиялык сабак

Просмотр содержимого документа
«Ден-соолуктун душманы -тамеки»

Ден-соолуктун душманы - тамеки.


А: Окуучуларга суроолор.


  1. Тамеки эмнеден жасалат?

  2. Тамеки тарткан ден-соолукка зыянбы? Эмнеге?

  3. Тамеки тарткан адам кандай оорууларга туш келиши мүмкүн?


Б: Теманы түшүндүрүү.


Тамеки чегүү азыркы күндө эң эле кеңири таралган адаттардын бири. Көбүнчө өспүрүмдөрдүн чоңдорду тууроосунан калыптанат. Тамеки чегүүнүн адатка айланып кетишине андагы негизги заттын- никотиндин бир аз дүүлүктүрүүчү касиетке ээ болгондугу да түрткү берет. Мунун негизинде тамеки чегүүнүн сергитүүчү таасири бар. Интеллектуалдуу активдүүлүктү стимулдаштырат деген ой пайда болот. Бирок мындай физиологиялык эмес стимулдоо акырында адамдын нерв системасын бошоңдотот. Стимулдаштыруунун натыйжасына жетүү үчүн ден-соолукка зыяндуулугуна карабастан тамекини көп чегүүгө туура келет. Психикалык күчтү талап кылуучу кырдаалда тамеки чеккендер үзгүлтүксүз чегет. Натыйжада көп учурда никотинге катуу ууланышы мүмкүн (башы ооруп, оозу кургап, уйкусу бузулат ж.б.). Тамекини узак убакыт чегүүдөн никотинге көнүп алат, абалы начарлап, тамеки чекпей калса же аз чексе кыйналат. Никотин жана тамекинин күйүү продуктулары ден-соолукка өтө зыян болгондуктан тамекиден баш тартуу зарыл. Тамекинин баштапкы стадиясында эле дем алуу жана жүрөк кан тамыр системаларынын бузулушуна, органдар жана тканьдардын кычкылтек менен камсыз болуусунун начарлашына байланыштуу бузулуулар болот. Себеби тамекинин түтүнү артерия канын кычкылтек менен камсыз кылуучу гемоглобинге терс таасир этет. Тамеки чеккендер инфекциялык ооруларга тез кабылып, жаратылыш жана өндүрүштүк жагымсыз факторлорго чыдамсыз келишет. Мисалы алар тамеки тартпагандарга караганда сасык тумоо менен 4 эсе көп оорушат. Тамеки чегүү жүрөк кан тамыр системасын, дем алуу жана тамак сиңирүү органдарынын ооруларынын, коркунучтуу шишиктин пайда болуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Айрыкча оорулуу адамдар үчүн тамеки чегүү коркунучтуу. Тамеки чекпегендерге караганда тамеки чеккендерде өлүм өпкө эмфиземасынан 25 эсе, өнөкөт бронхиттен 21 эсе, жүрөктүн ишемиялык оорусунан 3-5 эсе көп болот. Ичеги- карынында жара бар орулуулардын абалын абдан начарлатат. Тамеки чегүүдөн баш тартуу-миокарддын инфарктын, облитерациалоочу эндатерритти ж.б. айрым ооруларды даарылоонун бирден бир шарты.

Кош бойлуу мезгилде тамеки чегүү түйүлдүктүн өсүшүнө тескери таасир тийгизет. Тамеки чегүү өзүнө гана эмес, аны менен бирге болуп, тамекинин түтүнү менен дем алгандар үчүн да зыяндуу. Айрыкча тамеки чегилген үйдө балдардын болушу коркунучтуу, ошондуктан жалпы бөлмөдө тамеки чекпөө керек, үйдү тез- тез желдетип туруу зарыл. Тамеки адамдардын ден-соолугуна чоң зыян келтиргендиктен, көп өлкөдө анын ичинде Кыргызстанда тамеки чегүүгө каршы күрөшүү, башкача айтканда атайын чаралар көрүлүүдө. Мисалы тамекини рекламалоого, коомдук жайларда чегүүгө жана башка тыюу салуулар иштөөдө. Ар бир эрки күчтүү адам тамекини таштай алат. Аны дароо таштоо керек, тамекини аз-аздан чегип, акырындык менен таштоого аракет кылуу максатка жеткирбейт, мындай чектөөдөн чегүүгө кумарлануу күчөйт,ал эми дароо таштаганда үч-төрт күн эле кыйналат. Тамекини таштоону жеңилдетүүчү атайын медициналык каражаттар да бар. Аны пайдалануу үчүн врач менен кеңешүү зарыл. Көп учурда тамеки чегүүнү таштаганда, аппетит жакшырып, адам толот. Бирок демейде ал тез эле калыбына келет. Тамекини таштагандан кийин толуп кетпөө үчүн сүт-өсүмдүк диетасына жана акырындык менен күч эмгегине өтүү керек.


































































Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!