КЫРГЫЗ ТИЛИ
5-КЛАСС
Кара-Балта шаары №4 орто мектеби
Мугалими: Мырзагелдиева Э.К.
Билим кени - китеп, Тарбия кени - мектеп. Ким китепти көп окуса, Ал көптү билет.
Сабактын темасы:
Диалог,
анын тыныш
белгилери
Бүгүнкү сабакта:
Диалог, анын кепте колдонулушу тууралуу маалымат ала аласыңар;
Диалогдук кептин тыныш белгилерин туура коё аласыңар;
Ооеки кепте маданияттуу сүйлөөгө калыптанасыңар.
Сабакка коңгуроо болдубу?
Ооба.
Диалог – гректин diologos деген сөзүнүнөн алынып, ал аңгемелешүү дегенди түшүндүрөт.
Эки же андан көп адамдын пикир алышуусу (аңгемелешүүсү)- диалог деп аталат.
АҢГЕМЕЛЕШҮҮ
ДИАЛОГ
ТАЛКУУ
ИНТЕРВЬЮ
СҮЙЛӨШҮҮ
ДИАЛОГ
ООЗЕКИ КЕПТЕ
ЖАЗУУ КЕБИНДЕ
ДИАЛОГ
ООЗЕКИ КЕПТЕ...
Иш тууралуу аңгемелешүү
Маанилүү маселеге талкуу
Чай үстүндө сүйлөшүү
Интервью (маек)
Диалог байланыш каражаттары аркылуу да жүргүзүлөт…
Диалог жазуу кебинде…
Диалогдо ар бир адамдын сөзү абзацтан башталып, сызыкча (-) коюу менен башталат.
- Салам,Асан, бүгүн оюн саат канчада башталаарын билесиңби?
- Салам , Эрмек! Ал кечки саат беш отузда башталат.
- Анда мен оюнга кечигип калбашым үчүн бир саат эрте кетсем болобу?
- Жакшы, анда ошол жерден жолгушабыз
191-көнүгүү.
Текстти ролдорго бөлүп окугула. Жазылышына жана интонациясына көңүл бургула. Диалогго кимдер катышканын байкагыла.
- Кайдан келе жаткан баласың?
- Султанмаамыттын айылынан. Жаныбек ханга элчи болуп бара жатам.
- Оо, курган бала, айылыңарда чоңураагыңар жок беле?
- Таксыр ханым, мени кичине көрүп, чоң керек десеңиз, анда бул буура менен сүйлөшүңүз!
- Ээ, куураган бала, сакалдуу жокпу деп жатам?!
- куп болот, ханым, сакалдуу десеңиз мында теке турат, теке менен сүйлөшүңүз! Жок, кепке түшүнөр киши менен сүйлөшөм десеңиз, мына мен да кишимин, мени менен сүйлөшүңүз.
Карышкыр менен боз бээнин диалогу
— Ой, Боз бээ, мен сени жеймин! – дейт карышкыр.
— Эмне үчүн? – дейт бээ
— Курсагым ачка.
— Эмесе жакшы болуптур... Оболу мени баткактан чыгарып, анан жегин.
Карышкы макул болду да, Боз бээни араңданзорго баткактан сүйрөп чыгып:
— Эми жейинби? — деп тиштерин кычыратты.
— Эми жейсиң, бирок эң оболу менин туягыма өзүңдүн ким экенинди жазып коюп, анан жегин, — деп бээ туягын тосту.
Туягына кат жазып жаткан кезинде, боз бээ ач карышкырды кош аяктап жыга тепти да, өзү оюн салган бойдон жөнөп кетти.
Окуучу
Ата- эне
Диалог
Мугалим
- Саламатсызбы? Баламдын сабакка жетишүүсү, тартиби жөнүндө билейин дедим эле..
- Саламатчылык! Жакшы болот, келиңиз, отуруңуз.
- Асандын тартиби жакшы, бирок кээде тапшырмаларын аткарбай коёт.
- Балам, эмнеге кээде тапшырмаларыңды аткарбай келесиң?
- Сабактырымдын кээ бирлерин кээде аткарууга жетише албай калып жатам (уялып...).
Үйгө тапшырма:
192-көнүгүү.
Каалаган бирөө менен сүйлөшүп, ошол адам менен маек кургандагы интонацига көңүл буруп, диалог түзөсүңөр жана анын жазылышына көңүл бургула.
Кийинки сабакта
Көрүшкөнчө!