СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Дидактика-окутуунун теориясы

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Дидактика-окутуунун теориясы»

Ош Мамлекеттик Педагогикалык Университети МЖКТФ  Тема: Дидактика-окутуунун теориясы Окутуучу: Умарова Рита Студент: Советбек кызы Зулайка Тайпа: Ин-20б

Ош Мамлекеттик Педагогикалык Университети

МЖКТФ

Тема: Дидактика-окутуунун теориясы

Окутуучу: Умарова Рита

Студент: Советбек кызы Зулайка

Тайпа: Ин-20б

Тема: Дидактика-окутуунун теориясы. План 1.Окутуу процессинин негизги мүнөздөмөлөрү: маңызы түзүлүшү, деңгээлдери. 2.Окуту процессинин мазмуну жана максаты. 3.Дидактиканын предмети милдеттери категориялары

Тема: Дидактика-окутуунун теориясы.

План

1.Окутуу процессинин негизги мүнөздөмөлөрү: маңызы түзүлүшү, деңгээлдери.

2.Окуту процессинин мазмуну жана максаты.

3.Дидактиканын предмети милдеттери категориялары

Окутуу процессин уюштуруунун теориялык негиздерин, анын мыйзам ченемдүүлүктөрүн, принциптерин, усулдарын педагогиканын эӊ маанилүү тармагы – дидактика үйрөтөт. Дидактиканын илим катары өнүгүшүнө Я.А.Коменский, И.Г.Песталоцци, И.Ф.Гербарт, Д.Дьюи, К.Д.Ушинский, П.Ф.Каптерев, М.А.Данилов, Б.П.Есипов, М.Н.Скаткин, Л.В.Занков сыяктуу окумуштуулар салым кошушкан.

Окутуу процессин уюштуруунун теориялык негиздерин, анын мыйзам ченемдүүлүктөрүн, принциптерин, усулдарын педагогиканын эӊ маанилүү тармагы – дидактика үйрөтөт. Дидактиканын илим катары өнүгүшүнө Я.А.Коменский, И.Г.Песталоцци, И.Ф.Гербарт, Д.Дьюи, К.Д.Ушинский, П.Ф.Каптерев, М.А.Данилов, Б.П.Есипов, М.Н.Скаткин, Л.В.Занков сыяктуу окумуштуулар салым кошушкан.

“ Дидактика” термини didakticos – үйрөтүүчү жана didakco-үйрөнүү деген сөздөрдөн келип чыгат. Бул түшүнүктү илимий айлампага эӊ алгач немец педагогу Вольфранг Ратке (1571-1635) окутуу өнөрүн белгилөө катарында киргизген.

“ Дидактика” термини didakticos – үйрөтүүчү жана didakco-үйрөнүү деген сөздөрдөн келип чыгат. Бул түшүнүктү илимий айлампага эӊ алгач немец педагогу Вольфранг Ратке (1571-1635) окутуу өнөрүн белгилөө катарында киргизген.

Окутуу процесси деп, узак убакыт бою негизинен сабак окутууну, б.а. мугалимдин ишмердүүлүгүн гана түшүнүп келишкен. Мезгилдин өтүшү менен окуучулардын ишмердүүлүгүнө өгөчө көӊүл бурушуп, бул түшүнүктүн маанисин кеӊейте башташты.

Окутуу процесси деп, узак убакыт бою негизинен сабак окутууну, б.а. мугалимдин ишмердүүлүгүн гана түшүнүп келишкен. Мезгилдин өтүшү менен окуучулардын ишмердүүлүгүнө өгөчө көӊүл бурушуп, бул түшүнүктүн маанисин кеӊейте башташты.

Ю.К.Бабанский эсептегендей, “окутуу процесси – окутуучу менен окуучулардын максат багыттуу өз ара аракеттенүүсү, мунун жүрүшүндө окуучуларга билим берүү милдеттери чечилет” деген.

Ю.К.Бабанский эсептегендей, “окутуу процесси – окутуучу менен окуучулардын максат багыттуу өз ара аракеттенүүсү, мунун жүрүшүндө окуучуларга билим берүү милдеттери чечилет” деген.

Окутуу процесси – бул окутуп жаткандар менен окуп жаткандардын максат багыттуу өз ара аракеттенүү процесси, мунун жүрүшүндө окуп жаткандарга билим берүү, аларды тарбиялоо жана өнүктүрүү ишке ашырылат.

Окутуу процесси – бул окутуп жаткандар менен окуп жаткандардын максат багыттуу өз ара аракеттенүү процесси, мунун жүрүшүндө окуп жаткандарга билим берүү, аларды тарбиялоо жана өнүктүрүү ишке ашырылат.

«ОКУТУУ» деген түшүнүктѳ эки компонент бар. Окутуу -бул мугалимдин иши. Окуу - бул окуучунун иши.

«ОКУТУУ» деген түшүнүктѳ эки компонент бар.

Окутуу -бул мугалимдин иши.

Окуу - бул окуучунун иши.

Окутуу процесси эки жактуу мүнөзгө ээ. Окутуу – окуу материалын өздөштүрүүнү уюштуруу боюнча педагогун окутуу ишмердүүлүгү Окуу – билимдерди өздөштүрүү боюнча окуучулардын ишмерүүлүгү

Окутуу процесси эки жактуу мүнөзгө ээ.

Окутуу – окуу материалын өздөштүрүүнү уюштуруу боюнча педагогун окутуу ишмердүүлүгү

Окуу – билимдерди өздөштүрүү боюнча окуучулардын ишмерүүлүгү

Азыркы түшүнүк боюнча окутуу процессине тѳмѳнкү белгилер мүнѳздүү. Окутуу процесси эки жактуу процесс. Мугалим менен окуучунун ишмердүүлүгүн камтыган процесс. Мугалим тарабынан жетекчиликке алынган процесс. Атайын уюшулган, жетекчиликке алынган процесс. Бүтүн жана биримдүү. Окуучулардын курактык ѳнүгүүсүнѳ дал келиши. Окуучуларды тарбиялоо жана ѳнүктүрүүнү башкаруу.

Азыркы түшүнүк боюнча окутуу процессине тѳмѳнкү белгилер мүнѳздүү.

Окутуу процесси эки жактуу процесс.

Мугалим менен окуучунун ишмердүүлүгүн камтыган процесс.

Мугалим тарабынан жетекчиликке алынган процесс.

Атайын уюшулган, жетекчиликке алынган процесс.

Бүтүн жана биримдүү.

Окуучулардын курактык ѳнүгүүсүнѳ дал келиши.

  • Окуучуларды тарбиялоо жана ѳнүктүрүүнү башкаруу.
Педагогикалык мамиле окуучуга мотив берип, окуучуну окууга кызыктырып, моралдык, психологиялык жагымдуу шарт түзөт. Мугалимдин өз предметин сүйүүсү, окуучуларга туура мамиле жасоосу, аларга өз убагында жардам берүүсү жана билимди баалоодо калыстыгы окутуу процессинин ийгиликтүү жүрүүсүнө жардам берет. Мотив – бул дидактикалык процессти алдыга жылдыруучу негизги күч болуп, окуучунун предметке, окуу ишмердүүлүгүнө каалоосун, умтулуусун билдиирет. Мотив аркылуу окуучунун кызыгуусу менен керектөөсүн, умтулуусу менен эмоциясынын байланыштарын билүүгө болот.

Педагогикалык мамиле окуучуга мотив берип, окуучуну окууга кызыктырып, моралдык, психологиялык жагымдуу шарт түзөт. Мугалимдин өз предметин сүйүүсү, окуучуларга туура мамиле жасоосу, аларга өз убагында жардам берүүсү жана билимди баалоодо калыстыгы окутуу процессинин ийгиликтүү жүрүүсүнө жардам берет.

Мотив – бул дидактикалык процессти алдыга жылдыруучу негизги күч болуп, окуучунун предметке, окуу ишмердүүлүгүнө каалоосун, умтулуусун билдиирет. Мотив аркылуу окуучунун кызыгуусу менен керектөөсүн, умтулуусу менен эмоциясынын байланыштарын билүүгө болот.

О кутуу системасында окуу мотивдери төмөндөгүдөй болуп бөлүнүп каралат: Социалдык; Таануучулук. Ал эми мотивдер деӊгээли боюнча төмөндөгүдөй бөлүнөт: Кенен социалдык мотив (окуунун социалдык маанисин түшүнүү); Тар социалдык мотив (келечекте кесипке ээ болуу); Таануучулук мотивдер (эрудициясын көтөрүү үчүн); Окуу-таануучулук мотивдер (тереӊ билим алуу үчүн); Өз билимин өркүндөтүү мотивдери (кошумча билим алуу үчүн) .

О кутуу системасында окуу мотивдери төмөндөгүдөй болуп бөлүнүп каралат:

Социалдык;

Таануучулук.

Ал эми мотивдер деӊгээли боюнча төмөндөгүдөй бөлүнөт:

Кенен социалдык мотив (окуунун социалдык маанисин түшүнүү);

Тар социалдык мотив (келечекте кесипке ээ болуу);

Таануучулук мотивдер (эрудициясын көтөрүү үчүн);

Окуу-таануучулук мотивдер (тереӊ билим алуу үчүн);

Өз билимин өркүндөтүү мотивдери (кошумча билим алуу үчүн) .

Окуучунун окууга болгон оӊ мамилесин мугалимдер активдүүлүк деп мүнөдө беришет. Активдүүлүк төмөнкү компоненттерди өз ичине камтыйт: Тапшырманы аткарууга даяр болуу; Өз алдынча аткарууга умтулуу; Тапшырманы сапаттуу аткаруу; Системалуу билим алуу; Өзүнүн билим деӊгээлин көтөрүүгө умтулуу.

Окуучунун окууга болгон оӊ мамилесин мугалимдер активдүүлүк деп мүнөдө беришет. Активдүүлүк төмөнкү компоненттерди өз ичине камтыйт:

Тапшырманы аткарууга даяр болуу;

Өз алдынча аткарууга умтулуу;

Тапшырманы сапаттуу аткаруу;

Системалуу билим алуу;

Өзүнүн билим деӊгээлин көтөрүүгө умтулуу.

Окутуу процессинде тѳмѳндѳгү милдеттер чечилет: Окуучунун окуу-таанып билүү активдүүлүгүн жогорулатуу; Окуучунун илимий билимдерге, билгичтиктерге, кѳндүмдѳргѳ ээ болушу үчүн анын таанып-билүү ишмердүүлүгүн уюштуруу; Ой жүгүртүүсүн, чыгармачылык жѳндѳмдүүлүгүн ѳстүрүү; Дүйнѳгѳ илимий кѳз карашын калыптаныдыруу. Окутуу процессинде тѳмѳндѳгү милдеттер чечилет: Окуучунун окуу-таанып билүү активдүүлүгүн жогорулатуу; Окуучунун илимий билимдерге, билгичтиктерге, кѳндүмдѳргѳ ээ болушу үчүн анын таанып-билүү ишмердүүлүгүн уюштуруу; Ой жүгүртүүсүн, чыгармачылык жѳндѳмдүүлүгүн ѳстүрүү; Дүйнѳгѳ илимий кѳз карашын калыптаныдыруу.

Окутуу процессинде тѳмѳндѳгү милдеттер чечилет:

Окуучунун окуу-таанып билүү активдүүлүгүн жогорулатуу;

Окуучунун илимий билимдерге, билгичтиктерге, кѳндүмдѳргѳ ээ болушу үчүн анын таанып-билүү ишмердүүлүгүн уюштуруу;

Ой жүгүртүүсүн, чыгармачылык жѳндѳмдүүлүгүн ѳстүрүү;

Дүйнѳгѳ илимий кѳз карашын калыптаныдыруу.

Окутуу процессинде тѳмѳндѳгү милдеттер чечилет:

Окуучунун окуу-таанып билүү активдүүлүгүн жогорулатуу;

Окуучунун илимий билимдерге, билгичтиктерге, кѳндүмдѳргѳ ээ болушу үчүн анын таанып-билүү ишмердүүлүгүн уюштуруу;

Ой жүгүртүүсүн, чыгармачылык жѳндѳмдүүлүгүн ѳстүрүү;

  • Дүйнѳгѳ илимий кѳз карашын калыптаныдыруу.
Окутуу процессинин мазмуну. Окутуу процессинин мазмуну дидактиканын негизги маселелеринин бири. Окутуу процессинин мазмуну «кимге?», «кандай?» кѳлѳмдѳгү билимди, кандай? Деӊгээлде берүү керектигин аныктайт.

Окутуу процессинин мазмуну. Окутуу процессинин мазмуну дидактиканын негизги маселелеринин бири. Окутуу процессинин мазмуну «кимге?», «кандай?» кѳлѳмдѳгү билимди, кандай? Деӊгээлде берүү керектигин аныктайт.

Педагогикалык илимий-изилдѳѳлѳрдүн негизинде окуу процессинин мазмунун аныктоочу башкы факторлор аныкталган. Окутуу процессинин максаты; билимдин деӊгээли; окуучулардын ѳздүк муктаждыгы; алыскы жана жакынкы ѳлкѳлѳрдѳгү билим системасы; мамлекеттин мүмкүнчүлүгү; улуттук жана дүйнѳлүк маданият; жалпы коомдук муктаждык.

Педагогикалык илимий-изилдѳѳлѳрдүн негизинде окуу процессинин мазмунун аныктоочу башкы факторлор аныкталган.

Окутуу процессинин максаты;

билимдин деӊгээли;

окуучулардын ѳздүк муктаждыгы;

алыскы жана жакынкы ѳлкѳлѳрдѳгү билим системасы;

мамлекеттин мүмкүнчүлүгү;

улуттук жана дүйнѳлүк маданият;

жалпы коомдук муктаждык.

Окутуу процессинин түзүлүшү Окутуу процесси кандай метод жана форма менен уюштурулбасын анын ички түзүлүшү дээрлик бирдей болот.Окутуу процесси төмөнкү бөлүктөр менен мүнөздөлөт: стимул, кабыл алуу, ички сезим менен туюу, бекитүү жана колдонуу.Ар бир бөлүктүн өтүшү мнен окуу процессинин жыйынтыгы улам жогорулап, өзгөрүп турат. Окутуу процессинин маселесин коюу менен бирге сөзсүз түрдө белгилүү бир стимулду пайда кылуу зарыл.

Окутуу процессинин түзүлүшү

Окутуу процесси кандай метод жана форма менен уюштурулбасын анын ички түзүлүшү дээрлик бирдей болот.Окутуу процесси төмөнкү бөлүктөр менен мүнөздөлөт: стимул, кабыл алуу, ички сезим менен туюу, бекитүү жана колдонуу.Ар бир бөлүктүн өтүшү мнен окуу процессинин жыйынтыгы улам жогорулап, өзгөрүп турат. Окутуу процессинин маселесин коюу менен бирге сөзсүз түрдө белгилүү бир стимулду пайда кылуу зарыл.

Азыркы учурдагы дидактикалык концепцияларга анализ Азыркы дидактиканны негизги максаты кыска убакыттын ичинде эӊ сапаттуу каражаттарды колдонуу менен бирге, окуучулардын окуу деӊгээлин жогорку баскычта көтөрүү негизин сапаттуу окуу процессин жүргүзүү.

Азыркы учурдагы дидактикалык концепцияларга анализ

Азыркы дидактиканны негизги максаты кыска убакыттын ичинде эӊ сапаттуу каражаттарды колдонуу менен бирге, окуучулардын окуу деӊгээлин жогорку баскычта көтөрүү негизин сапаттуу окуу процессин жүргүзүү.

Дидактиканын категориялары  Категория тигил же бул илимдин эн негизги кабыл алынган илимий түшүнүгүү болуп саналат. Категориялардын негизинде жалпы закон ченемдүлүктөр жана закондор аныкталат. Бардык эле илимдер сыяктуу дидкатиканын өздүк категориялары бар.

Дидактиканын категориялары

Категория тигил же бул илимдин эн негизги кабыл алынган илимий түшүнүгүү болуп саналат. Категориялардын негизинде жалпы закон ченемдүлүктөр жана закондор аныкталат. Бардык эле илимдер сыяктуу дидкатиканын өздүк категориялары бар.

Окутуу- аныкталган максатка жетүү үчүн педагог менен окучуулардын ортосундгы ырааттуу өз ара аракеттенүү. Максат – окутуу процесси жете турган чек, алдын ала белгиленген жыйынтык.  Мазмун – окутуу процессинде окучуу кабыл алуучу илимий билимдердин, практикалык билгичтиктердин, көндүмдөрдүн жана ойлонуу ишмердүүлүгүнүн, ыкмаларынын системасы.

Окутуу- аныкталган максатка жетүү үчүн педагог менен окучуулардын ортосундгы ырааттуу өз ара аракеттенүү.

Максат – окутуу процесси жете турган чек, алдын ала белгиленген жыйынтык.

Мазмун – окутуу процессинде окучуу кабыл алуучу илимий билимдердин, практикалык билгичтиктердин, көндүмдөрдүн жана ойлонуу ишмердүүлүгүнүн, ыкмаларынын системасы.

Принцип окутуу процессин закон ченемдүүлүктүн негизинде жүргүзүдөгү негиз.  Окутуунун технологиясы – алдын ала белгиленген, көрсөтүлгөн окутуунун максатына жетүү үчүн методдорду, каражаттарды, формаларды, шарттарды тандоонун, колдонунун жана текшерүүнүн жолу.  Метод аныкталган максатка жетүүнүн жана алдыга коюлган маселелерди чечүүнүн жолу, ыкмасы .

Принцип окутуу процессин закон ченемдүүлүктүн негизинде жүргүзүдөгү негиз.

Окутуунун технологиясы – алдын ала белгиленген, көрсөтүлгөн окутуунун максатына жетүү үчүн методдорду, каражаттарды, формаларды, шарттарды тандоонун, колдонунун жана текшерүүнүн жолу.

Метод аныкталган максатка жетүүнүн жана алдыга коюлган маселелерди чечүүнүн жолу, ыкмасы .

Каражат – окуу процессин өткөрүүдө колдонулучу куралдардын жана нерселердин жыйындысы.  Уюштуруу формасы – окуу процессин шке ашыруунун түзүлүшүү, иреттүүлүгү. Ал оку процессинин манызынын тышкы касиети, логикасы жана убактысы.  Жыйынтык – коюлган максаттын ишке ашуу денгээли окуу процессинин аякташындагы корутунду.

Каражат – окуу процессин өткөрүүдө колдонулучу куралдардын жана нерселердин жыйындысы.

Уюштуруу формасы – окуу процессин шке ашыруунун түзүлүшүү, иреттүүлүгү. Ал оку процессинин манызынын тышкы касиети, логикасы жана убактысы.

Жыйынтык – коюлган максаттын ишке ашуу денгээли окуу процессинин аякташындагы корутунду.

Түшүнүк – тигил же бул предметти теориялык жактан кабыл алуудагы идеялардын жыйындысы.  Билим – окуунун негизинде түшүнүккө, билгичтикке, көндүмгө жана ойлорунун ыкмаларына ээ болуу.  Билгичтик – ээ болгон түшүнүктөрдүн негизинде берилген шартка ылайык коюлган милдети чечүү үчүн ийгиликтүү иш аракеттин мүмкүнчүлүгү башкача айтканда билимди практикада колдонуу.  Көндүм – билгичтиктин автоматтык түрдө ишке ашырылышы.

Түшүнүк – тигил же бул предметти теориялык жактан кабыл алуудагы идеялардын жыйындысы.

Билим – окуунун негизинде түшүнүккө, билгичтикке, көндүмгө жана ойлорунун ыкмаларына ээ болуу.

Билгичтик – ээ болгон түшүнүктөрдүн негизинде берилген шартка ылайык коюлган милдети чечүү үчүн ийгиликтүү иш аракеттин мүмкүнчүлүгү башкача айтканда билимди практикада колдонуу.

Көндүм – билгичтиктин автоматтык түрдө ишке ашырылышы.

 Колдонулган адабияттар:  Абдыкеримова М.А., Токсомбаева Э.Т., Кадырбекова Р.Т. Жалпы педагогика. Бишкек-2013. 178-200-беттер. Бабаев Д.Акматов К., Кимсанов К. Педагогика. Бишкек-2017. 80-96-беттер. Мамбетакунов Э., Сияев Т. Педагогиканын негиздери. Бишкек-2008. 155-174-беттер. Рахимова М.Р., Абдыкеримова М.А. Педагогиканын теориясы, системасы жана технологиясы. Бишкек-2007. 55-59-беттер. Ташпынар М., Алимбеков А. Окутуунун методдору. Бишкек-2004.21-36-беттер.

Колдонулган адабияттар:

Абдыкеримова М.А., Токсомбаева Э.Т., Кадырбекова Р.Т. Жалпы педагогика. Бишкек-2013. 178-200-беттер.

Бабаев Д.Акматов К., Кимсанов К. Педагогика. Бишкек-2017. 80-96-беттер.

Мамбетакунов Э., Сияев Т. Педагогиканын негиздери. Бишкек-2008. 155-174-беттер.

Рахимова М.Р., Абдыкеримова М.А. Педагогиканын теориясы, системасы жана технологиясы. Бишкек-2007. 55-59-беттер.

Ташпынар М., Алимбеков А. Окутуунун методдору. Бишкек-2004.21-36-беттер.

Көңүл Бурганыңыздар Үчүн Чоң Рахмат!!

Көңүл Бурганыңыздар Үчүн Чоң Рахмат!!


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!