СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Дүйнө окуган 10 китеп

Нажмите, чтобы узнать подробности

Дүйнө окуган 10 китеп

Просмотр содержимого документа
«Дүйнө окуган 10 китеп»

Дүйнө окуган 10 китеп.

Негизи “Акылдуу болуш үчүн он китепти окуп чыгуу жетишерлик, ал эми он китепти табыш үчүн миң китеп окуш керек”-дегендей алдыңыздарга сунула турган 10 китептин бирөөсү сиздин керегиңизге жараса, анда биздин максатыбыз дарегине жетти деген ишеничтебиз. Анда эмесе дүйнөлүк мартабага ээ болгон он китепке саресеп салыңыз окурман.

1.Алхимик

Бул китептин автору-өзүнүн кайталангыс чеберчилиги менен дүйнөлүк адабиятта окурмандардын арзуусуна айланган Пауло Коэльо. “Алхимик” романы бүгүнкү күндө эң көп сатылган китептердин бири. Ал дүйнөнүн 67 тилине которулуп, 35 млн. нускада жарыяланган. Ал эми роман 1998-жылы “Лир” журналынын сурамжылоосу боюнча дүйнөдө эң көп окулган китептердин ичинен экинчи орунга чыккан.

Чыгарма адамдын өзүн-өзү таанууга жана максатка тынымсыз умтулууга шык берет. Окурмандардын айтуусу боюнча, китеп эрксиз адамдарга мотивация, дем-күч берүүдө таасири күчтүү, эрдик жасоого үндөгөн китеп.

 

2. \»Жүз жылдык жалгыздык\»

Чыгарма Латын америкалык Габриэль Гарсиа Маркестин эң таанымал эмгеги. Окурмандардын көңүл чордонунан орун алган бул чыгарма жарым кылым мурун жазылса да, бүгүнкү күндө эң көп окулган китептердин тизмесинен түшпөй келет. Чыгарма үчүн жазуучу 1982-жылы Нобель сыйлыгына татыктуу болгон. Өзгөчөлүгү жалпак тил менен жазылып, философиялык ой –жүгүртүүгө негизделбейт. Өзөгүндө Мокандо кыштагынын жашоо-турмушу, андагы социалдык, саясий жана экономикалык өнүгүүлөр жана чегинүүлөр сүрөттөлөт.

Эң кызыгы китеп испан тилинде жарыкка чыккандыгы жана китептердин ичинен эң көп которулгандыгы. Анан да Испанияда “Дон Кихоттон” кийинки орунда турат.

 

3. “Чал жана деңиз”

Китеп атактуу америкалык жазуучу Эрнист Хеменгуэйдин калемине таандык. Повесть 1952-жылы жазылып, окурмандардын калың катмарына жарыяланган. Дал ушул чыгарма аркылуу жазуучу 1954-жылы Нобель сыйлыгын алган. Чыгармада кубалык Сантьяго аттуу карыя 84 күндүк балык улоосунда эч бир олжого ээ болбой 85-күнү анын торуна беш метр узундуктагы марлин балыгы илингендиги, экөөнүн ортосунда айыгышкан күрөш жүрүп, аягында өжөрлүгүнөн тайбаган карыя жеңишке жеткендиги баядалат.

 

4. “Гарри Поттер жана философиялык таш”

Аталган чыгарманы автор басмага 12 жолу берип, бирок, бири да кабыл албай койгон. Ал 1997-жылы жазылып, нускасы 150 миллионду түзгөн. Чыгарманын автору Джоан Роулинг 1965-жылы Англияда төрөлгөн. 1999-жылы Манчестерден Лондонго болгон сапарында анда “Гарри Роттер” чыгармасын жаратуу идеясы пайда болгон. Бирок чыгарма 7 жылдан соң гана жарыяланган. 2007-жылы “Форбс” журналы Роулингге “Жыл адамы” деген номинация ыйгарган. 2010-жылы бул айым “Англиянын эң таасирдүү аялы” деген наамды алууга жетишкен.

 

5.”Кичинекей ханзаада”

Чыгарманын ээси Антуан де Сент Экзюпери китепти 1943-жылы басмадан чыгарган. Ага атак-даңк алып келген, дал ушул китеп болгон. Бүгүнкү күндө да чыгарма окурмандар арасында өтө таанымал жана эң көп суроо-талапты жаратып келет. Китеп алгач 80 млн. нуска менен чыкса, көп өтпөй нускасы 200 млн. даанага жеткен. 180 тилге которулган. 2012-жылдан баштап дүйнөлүк балдар адабиятындагы эң алдыңкы чыгарма катары сыпаттала баштаган. Китеп балдарга арналып жазылгандыгы менен негизги аудиториясы чоң адамдар болгон. Мында достук, ишеним даңаза кылынып, ал эми карасантайлыкты жектөө кеңири орун алат. Китептин эң чоң өзгөчөлүгү андагы сүрөттөрдүн автор тарабынан тартылгандыгы болуп саналат.

 

6. “Досторго ээ болуу жана адамдарга таасир калтыруу өнөрү”

Китептин автору капиталисттик шарттагы адамдардын мамилесин чагылдырат. Чыгармадан автордун ой-жоромолдору бүгүнкү күндөгү кесипкөйлөрдүн ишмердигине багытталып, аларга кеп-кеңештер берилгенин байкай алабыз. Ошондой эле жакын адамдар, досторго болгон мамилени чыңдоодо дал ушул китеп жол көрсөткүч болуп берерин адистер айтышат. Баса, китептин автору Дейл Карнеги.

7. “ Акыркы лекция”

Ренди Пауш өзүнүн өмүрүнүн аз калгандыгын билгенде “Акыркы лекция” чыгармасын жазууга киришкен. Аталган эмгек аз убакыттын ичинде эле Америка элинин аң-сезимине төңкөрүш жасап, эң көп окулган китептердин катарын толуктаган. Чыгарма бардык аудиторияга арналып жазылган. Жашоонун жана убакытты баалай билүүнүн сырлары дал ушул китепте жазылган.

 

8. “Бай атам жана кедей атам”

“Бай атам жана кедей атам” Роберт Киосакинин калемине таандык автобиографиялык чыгарма. Эң кызыгы чыгарма акыркы 5 жылдын ичинде эле кирешелүү китептердин биринчи сабына чыккан. Китеп бир гана бизнес жаатында эмес, башка тармактагы окурмандардын да купулуна толгон. Алгач китеп 11 млн нускада чыкса, учурда 26 млн.го жетти. Киосакинин азыркы учурда 15 китеби бар.

 

9. “Оливер Твисттин укмуштуу окуясы”

Автору Чарльз Диккенс 1812-жылы Англияда жарык дүйнөгө келген. Чыгарманын өзгөчөлүгү, Диккенсдин экинчи романы жана англис адабиятында башкы каарманы бала болгон биринчи роман.

Негизги мазмунунда жетим калган Оливердин кыйынчылыктар менен күрөшүүсү, башынан өткөргөн ар кандай оор кырдаалдар сүрөттөлөт. Жанры: курч, социалдык турмушту чагылдырган роман.

 

10. “Шакектердин падышасы”

Аталган чыгарма Джон Рональд Руэл Толкиндин эң популярдуу китептеринин бири. Чыгарма бүтүн чыгарма болуп жазылганы менен басмаканада үчилтик кылып чыгарышкан. Алар “Шакектердин падышасы”, “Эки чеп”, “Падышанын кайтып келүүсү” деген аталыштар менен басылып чыккан. Китеп баш-аягы 12 жыл жазылган жана 19-кылымдын эң мартабалуу китептеринин катарын толуктайт. Экрандаштырылган чыгарма баш-аягы 150 млн. тиражда сатыкка чыккан.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!