СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эч Ким, эч нерсе унутулбайт . Доклад

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Эч Ким, эч нерсе унутулбайт . Доклад»





«Эч ким, эч нерсе унутулбайт»

Өткөн тарых барактарына көз жүгүртсөк Улуу Ата Мекендик согуш 1941-жылы 22- июнда таӊдан кечке чейин немецтик авиация чек араны талкалап, тынч жашоо кечирген СССР дин чегине кирип барган.

Фашисттик Германия үч багытта Ленинградга, борборго- Москва менен Минскиге, түштүгү-Киевге карай сокку урган.

Улуу Ата Мекендик Согуш 1418 күнгө созулуп, Советтик армиянын катарын 11 944 100 аскер толуктаган, анын ичинен Кыргызстандан 360 миӊ эр азамат согушка катышкан.

Улуу Ата Мекендик Согушта курман болгондордун саны 1998-жылдагы Россия куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын статистикасына ылайык 6 885 000и каза таап, дайынсыз жоголгондор болсо, 4 559 000и колго түшкөндөр болуп, жалпы жонунан Совет эли 26 600 000 жаранынан айрылган.

Талас жергебизге согуштан 14083 жоокер кайтып келишкен. Согуш талаасында көрсөткөн эрдиги үчүн Таластан чыккан беш эр азамат Советтер Союзунун Баатыры наамын алууга татыктуу болушкан. Алар: Чолпонбай Түлебердиев, Асанбек Оторбаев, Петрищев Василий Петрович, Роденко Константин Герасимович, Сухин Семен Захарович.

ДүйшөнкулШопоков, Дайыр Асанов, И.В. Панфилов өндүү баатырлар менен бирге согушка катышкан ар бир кыргызстандык жоокер душманга каршы туруп, атуулдук милдетин аткарышкан.

150 миӊ жоокер , миӊге чукул ооруктагы эмгекчилер орден-медалдар менен сыйланып, 72 жоокер «Советтер Союзунун Баатыры»наамына жана «Алтын Жылдызга» татыктуу болушкан.

Согуш маалында тылда калгандар кичине- чоӊ дебей «Бардыгы фронт үчүн» деген ураанды карманып, жеӊиш күнүн күн санап күтүшкөн. Күттүргөн жеӊиш 1945-жылы, май айында келип, бүгүнкү күнгө чейин ар бир жылы 9-майда салтанаттуу түрдө майрамдалып келүүдө.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 1 612 согуш ардагери Улуу Жеӊиштин 70 жылдык салтанатын жалпы эл менен бирге белгилөөдө. Бизге жаркын келечек тартуулаган баатырлардын эрдигине таазим этип, эмгегин эч качан унутпайбыз. Алардын жаркын элеси ар дайым биздин жүрөгүбүздө жашайт.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!