СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эки орундуу сандарды кошуу жана кемитүү.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Эки орундуу сандарды кошуу жана кемитүү.

Просмотр содержимого документа
«Эки орундуу сандарды кошуу жана кемитүү.»

Алай району. И. Адишев атындагы №12 орто мектеби.

2-класс Ѳткѳрүү мѳѳнѳтү: 09.12.2019

Предмет: Математика. ______________________________________

Сабактын темасы: Эки орундуу сандарды кемитүү.

Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү.

Сабактын жабдылышы: темага байланыштуу түстүү сүрѳттѳр, окуу китеби, түстүү карандаштар, ѳчүргүч, фишкалар, таякчалар, карточкалар, таблица.


Негизги компетенттүүлүктѳр



Предметтик компетенттүүлүктѳр:

1. Маалыматтык компетенттүүлүк (НК1): Ѳз ишин пландаштырат, маалыматты пайдаланат, маалыматты максатка багыттап изденет, салыштырат, чечимдерди кабыл алат.

  1. Математикалык жаӊы маалыматтарды таанып билүү, аны колдонуу жана элементи менен жаза билүү компетенттүүлүгү (ПК1)

  1. Математикалык түшүнүгүн тереӊдетүүдө иш-аракеттерди аткара алуу компетенттүүлүгү (ПК2)


2. Социалдык коммуникациялык компетенттүүлүк (НК2): Башкалар менен мамиле түзѳт, сүйлѳшѳ билет, маектешет, бири-бирин баалайт, ѳз оюн айтат, башкаларды уга билет.


3. Ѳз ишин уюштуруу жана көйгөлөрүн чечүү компетенттүүлүкгү (НК2): Ѳз алдынча иштейт,машыгат, ѳз ишин талдап, баа берет, жѳндѳмдүүлүккѳ, билгичтикке каалоого ээ болот.

  1. Математикалык көндүмдөрдү талдоо компетенттүүлүгү (ПК3)

  2. Жашоо тиричилик менен байланыштыруу компетенттүүлүгү (ПК4)



Сабактын максаты:


Кѳрсѳткүчтѳр:


Билим берүүчүлүк:

Эки орундуу сандарды кемитүү жөнүндө түшунүк алат, аларга мисал келтирет.



  • Эки орундуу сандарды кемитүүнү билсе

  • Маалыматты колдонуп мисалдарды аткарса

  • Эки орундуу сандарга мисал келтирип, аларды аткарса


Ѳнүктүрүүчүлүк:

Окуу китебиндеги мисалдарды, кошумча мисал-маселелерди чыгарат, ошондой мисал-маселелерди өзү түзөт. Эки орундуу сандарды кемитүүнү кошуу менен салыштырат.




  • Эки орундуу сандарды кемитүүгө карата мисал-маселелерди чыгарса жана ошондой мисал-маселелерди ойлоп таба алса

  • Сандарды кемитүүнү кошуу менен салыштырса


Тарбия берүүчүлүк:

Сандарды кошуу жана кемитүү менен тактыкка, окуу куралдарга этият мамиле жасоого тарбияланат.


  • Мисал-маселелерди иштөөдө окуучуларда тактык сапат калыптанса

  • Алар окуу куралдарына аяр мамиле кылууга көнүксө



Сабактын жүрүшү:

Сабактын этаптары:


Мугалимдин ишмердиги

НК

ПК

Окуучулардын ишмердиги


Уюштуруу:

  • Сабакка даярдыгын карап, окуучулар менен саламдашам.

  • Жагымдуу маанай:

  • Топторго бөлүү


НК1



ПК2


  • Окуучулар мугалим менен саламдашат.

  • Оюн: сандарды салыштырууга карата “Менин ордум кайда” оюну ойнотулат.


Ѳтүлгѳн теманы кайталоо:

Балдар! Үй тапшырмага эмне берилди эле? Аларды кантип аткардыңар? Жооптору кандай болду?



НК2

НК3


ПК1

ПК2

Окуучулар 360-ишти кантип аткаргандыгы тууралуу айтып берүү менен тапшырманын жоопторун талдашат.



Жаңы материалды тааныштыруу:

“Эки орундуу сандарды кемитүү” темасы жана сабактын максаты боюнча слайддан көрсөтүп, маалымат берүү.

Таякчалардын жардамы менен эки орундуу сандарды кемитүүнү түшундүрүү. Телевизордон “Ай билим” сайтынан эки орундуу сандарды кошуу жана кемитүү боюнча көрсөтүү.

Мугалим менен бирдикте окуучулар жаңы маалыматты суроо-жооп аркылуу тактап №362 ишти аткаруу.


НК1




НК2


НК3

ПК1




ПК2


ПК3


ПК4

Окуучулар мугалимдин айтуусунан слайддагы көрсөтүлгөн сабактын темасын жана максатын угат.

Мугалим менен бирдикте окуучулар жаңы маалыматты суроо-жооп аркылуу тактап телевизордон алган маалыматтар боюнча 362-ишти аткарышат.

55-32=87 99-88=11 72-41=31

85-12=73 85-12=73 98-27=71


Практикалык иш:

Топторго тапшырмаларды берүү: 363-364-мисал-маселелер жана кошумча тапшырмалар берилет.

1-топ: Узундугу 3см кесинди чий. Аны эки жагынан 2смге узарт. Кандай узундуктагы кесинди пайда болду?

2-топ: Дүкөндө 65 кара, 32 көк чыгырык жип болгон. 54 чыгырык жип сатылды. Дүкөндө канча чыгырык жип калды?

3-топ: Жактары 2см ден болгон үч бурчтуктун периметрин тап?

4-топ: Амалдарды аткаргыла. 46+12 38+11 56+43

42-21 76-53 54-32


НК2


НК3


ПК2


ПК3


ПК4

Окуучулар топтордо берилген мисал-маселелерди аткарышат.

1-топ: Узундугу 3см кесинди чий. Аны эки жагынан 2смге узартат. Кандай узундуктагы кесинди пайда болгондугун айтып беришет.

2-топ: Дүкөндө 65 кара, 32 көк чыгырык жип болгон. 54 чыгырык жип сатылды. Дүкөндө канча чыгырык жип калганын маселенин шартын жазып чыгарышат.

3-топ: Жактары 2см ден болгон үч бурчтуктун периметрин табышат.

4-топ: Амалдарды аткарышат. 46+12=58 38+11=49 56+43=99

42-21=21 76-53=23 54-32=22

  • Тапшырмалардын аткарылышын ватманга жазып, презентацияга даярдайт.

  • Ар бир топ өз ишин презентациялашат.



Бышыктоо:


Перфокарталар таратылып, андагы мисалдарды оозеки чыгарышат


НК2

НК3


ПК3

Окуучулар мисалдарды аткарышат.

Балдардын баяндоосу менен өтүлгөн сабак бышыкталат.


Жыйынтыктоо:

1.Бүгүн кайсы теманы өттүк?

2.Эки орундуу сандарды кантип кемитет экенбиз?

3.Периметрди кантип табабыз

НК2

НК3

ПК3

Окуучулар суроолорго жооп беришет. Айрымдары өз ойлорун айтып толукташат.



Баалоо:

Таблица боюнча

Балдар, бүгүнкү сабакта силер өз иш-аракетинерди таблицанын мамычаларына өз белгиңерди коюу менен толтуруп баалайсыңар.


НК2

НК3

ПК3

Окуучулар иш-аракеттерин таблицаны толтуруп баалашат


Үйгѳ тапшырма:



365-иш

НК3

ПК2

ПК3

Үйгө 365-иш тапшырма. Эки орундуу сандарды кошууну жана кемитүүнү аткарышат.







Түзгөн: Маматова Укей


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!