СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Экзамендик билеттер 11-класс

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Экзамендик билеттер 11-класс»



  1. Атом. Молекула. Атомдук масса. Моль масса. Заттын саны. Авагадро саны.

  2. Үн толкундары. Үндүн ылдамдыгы,үндүн бийиктиги.

  3. Индукциясы 8 мТл болгон бир тектүү магнит талаасында, магнит индукциясынын вектору менен 300 тук бурч түзүп, 5 м/с ылдамдык менен которулган активдүү бөлүгүнүн узундугу 0,25 м өткөргүчтөгү индукциянын ЭККүн тапкыла.



Билет №2



  1. Нерселердин электрлениши.Электр заряды. Электр зарядынын сакталуу закону. Заряддалган нерселердин өз ара аракеттенишүүсү. Кулон закону.

  2. Толкундар. Узатасынан жана туурасынан кеткен толкундар. Толкун узундугу, термелүү жыштыгы,мезгили жана алардын таралуу ылдамдыгы менен болгон байланышы.

  3. Фотон металлдын бетинен 1,7 эВ чыгуу жумушун жумшап, 1,3 эВ энергияга ээ болгон электронду бөлүп чыгарат. Фотон кандай минималдуу энергияга ээ эле?



Билет №3

  1. Электр талаасы. Электр талаасынын чыӊалышы.

  2. Газ закондору.

  3. Кемеге 200 000 Н түртүү күчү таасир этсе, анда ал кандай көлөмдөгү сууну сүрүп чыгарган болот?



Билет №4

  1. Потенциал. Потенциалдардын айырмасы. Чыӊалуу .

  2. Демормация. Деформациянын түрлөрү. Серпилгич күчү. Гук закону.

  3. Бир суткада ар бир үй-бүлө болжол менен 7 кВт∙саат энергияны коромжулайт. Эгерде токтун чыӊалуусу 220 В болсо, анда анын күчүн кантип табууга болот?



Билет №5

  1. Электр кыймылдаткыч күчү. Толук чынжыр үчүн Ом закону.

  2. Механикалык жана электрдик термелүү системаларындагы эркин термелүүлөр.

  3. Индукциясы 20 мТл болгон магнит талаасында жаткан 40 см2 аянт аркылуу өткөн магниттик агымды тапкыла. Магнит индукциясынын вектору менен беттин ортосундагы бурч 300.









Билет №6

  1. Токтун магнит талаасы. Магниттик индукция. Ампер күчү. Лоренц күчү.

  2. Термоядролук реакциялар. Күн жана жылдыздардын энергиясы.

  3. Трансформатордун биринчи катушкасындагы оромдордун саны экинчисине караганда 2 эсеге көп. Мындай трансформаторго 570 В чыӊалуу берүү менен, кандай чоӊдуктагы чыӊалууну алууга болот?



Билет №7

  1. Электромагниттик индукция кубулушу. Бул кубулуштун тажрыйбада далилдениши. Электромагниттик индукция закону. Ленц эрежеси.

  2. Жылуулук кыймылдаткыч. Жылуулук кыймылдаткычтарынын иштөө принциби. Жылуулук кыймылдаткычтарынын ПАКи.

  3. Чөнтөк фонарынын лампочкасынын цоколунда: 3,5 В, 0,28 А деп жазылып турат. Ушул лампочканын иштөө режиминдеги каршылыгын жана пайдалануучу кубаттуулугун тапкыла. Тармактын лампочканын баллонунда 220 В, 60 В т деп жазылып турат. Иштөө режиминдеги ток күчүн жана каршылыгын тапкыла.



Билет №8

  1. Электромагниттик талаа. Электромагниттик толкундар, алардын касиеттери, Радиолокация жана анын колдонулушу.

  2. Орточо кинетикалык энергиянын температура менен байланышы. Больцман турактуулугу.

  3. Айдын массасы Өз орбитасы боюнча Жерди 1,022 км/с ылдамдык менен айланат. Айдын кинетикалык энергиясын эсептеп тапкыла.



Билет №9

  1. Электромагниттик нурлануу спектри. Электромагниттик нурлануунун касиеттеринин анын жыштыгына көз карандылыгы. Электромагниттик нурлануу иш жүзүндө колдонуу.

  2. Газ абалынын негизи теӊдемеси.

  3. Маятник 1 мин 40 с ичинде 50 термелүү жасайт. Термелүүнүн мезгилин, жыштыгын жана циклдик жыштыгын тапкыла.













Билет №10

  1. Толкундун дифракциясы. Когеренттик толкундун булактары. Интерференция кубулушу.

  2. Металдардагы электр тогу. Металл өткөргүчтүн каршылыгы. Салыштырма каршылык.

  3. Учурдун эӊ мыкты машинасы эсептелген Toyota Land Cruiser 200” үлгүсүндөгү унаа түз жолдо максималдуу 210 км/саат ылдамдык менен 5,6 МДж кинетикалык энергияга ээ боло алат. Автомашинанын массасын аныктагыла.



Билет №11

  1. Суюктуктардын бууланышы. Каныккан жана каныкпаган буу. Абанын нымдуулугу.

  2. Кайноо. Кайноо температурасынын басымга көз карандылыгы.

  3. Сүрөттө көрсөтүлгөн маанилерди пайдаланып амперметрдин жебеси көрсөтүп турган маанини тапкыла.







Сурот 99 бет 7-9 китебиндеги









Билет №12

  1. Ньютондун биринчи закону. Классикалык механикадагы жана салыштырмалуулук теориясындагы салыштырмалуулук принциби.

  2. Радиотелефондук байланыштын принциби. Амплитудалык модуляциялоо жана детектирлөө. Эӊ жөнөкөй радио кабылдагыч А.С.Поповдун радиону ойлоп табышы.

  3. Берилген схеманы пайдаланып жалпы каршылыкты тапкыла.





















Билет №13

  1. Масса, аны өлчөөнүн ыкмалары. Күч. Күчөрдү кошуу. Ньютондун экинчи закону.

  2. Электролиттердин эритиндисиндеги жана эритмелериндеги электр тогу. Электролиз закону. Электролиздин техникада колдонулушу

  3. Берилген жарык булагынын күчү 180 Кл болгон жарыктын агымынын маанисин тапкыла. Нерселик бурчтун мааниси 0,9 стер.



Билет №14

  1. Бүткүл дүйнөлүк тартылуу закону. Оордук күчү. Нерсенин эркин түшүшү. Нерсенин салмагы. Салмаксыздык.

  2. Резерфорддун тажрыйбасы. Атомдун ядролук модели. Бордун кванттык постулаттары.

  3. Күндөн Сатурн планетасына чейинки орточо аралык 9,58 а.б. (астрономиялык бирдик) түзөт. Бул аралыкты м (метр) менен туюндургула.

1а.б.=150 млн км=1,51011м



Билет №15

  1. Ньютондун үчүнчү закону. Нерсенин импульсу. Импульстун сакталуу закону. Реактивдүү кыймыл К.Э.Циолклвскийдин ишмердүүлүгүнүн космонавтика үчүн мааниси.

  2. Өзүнчө индукция. Индуктивдүүлүк деген эмне?

  3. Практикалык иш: өткөргүчтөрдү жарыш туташтыруу.



Билет №16

  1. Өзгөрмө ток. Өзгөрмө токтун генератору.

  2. Трансформатор. Электр энергиясын өндүрүү жана аралыкка берүү.

  3. Бири-биринен 10 см аралыкта жайгашкан 1мкКл оӊ жана терс чекиттик заряддардын ортосундагы аракеттешүү күчүн тапкыла.













Билет №17

  1. Резерфорддун тажрыйбасы. Бордун кванттык постулаттары.

  2. Термоэлектрондук эмиссия, электр-вакуумдук куралдарда пайдаланышы, Электрон-нур түтүгү.

  3. Сыйымдуулугу 100 мкФ конденсатор 0,5 с ичинде 500 В чыӊалууга чейин заряддалат. Заряддалуучу толук күчүнүн орточо мааниси кандай?



Билет №18

  1. Фотоэффект закондору. Фотоэффект теориясы. Жарык кванттары. Фотоэффектин техникада колдонулушу.

  2. Электр сыйымдуулугу. Конденсатор жана анын түзүлүшү.

  3. Бүткүл дүйнөлүк тартылуу законун айтып жана формуласын жазып бер.



Билет №19

  1. Жарыктын толкундук касиетери. Жарыктын интерференциясы жана техникада колдонулушу. Жарыктын дифракциясы.

  2. Аргасыз термелүү. Резонанс. Аргасыз термелүүнүн амплитудасынын сырткы күчтүн жыштыгына көз карандылыгы.

  3. Линза . Линзанын түрлөрүн айтып бергиле.



Билет №20

  1. Атом ядросунун составы. Изотоптор. Атомдун ядролук байланыш энергиясы.

  2. Жарым өткөргүчтөрдөгү электр тогу. Ашыкча өткөрүмдүүлүк деген эмне?

  3. Дүйнөгө белгилүүбоулинг оюнунун тобу (шары) 2,7 кг массаны түзөт. Оюнчу аны алып 0,3 м/с2 менен тоголоткон болсо, ал кандай чоӊдуктагы күч жумшаган болот?








Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!