СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эл башчысы - эл ичинде

Нажмите, чтобы узнать подробности

Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгына арналат 

Просмотр содержимого документа
«Эл башчысы - эл ичинде»

Сабактын темасы: Эл башчысы-- эл ичинде



Сабактын максаты

Күтүлүүчү натыйжа

Окуучулар Абдыкадыр Орозбековдун өмүр таржымалын, үй-бүлөсүн, анын айткан сөздөрүн жана ага арналган ырларды көркөм айтууну билишет.

Окуучулар Абдыкадыр Орозбековдун өмүр таржымалын, үй-бүлөсүн, анын айткан сөздөрүн жана ага арналган ырларды көркөм айтууну билишсе.

Берилген суроолорго так жооп бере алышат.

Берилген суроолорго так жооп бере алышса

Жуптарда иштөө менен бирге бири-биринин сөзүн угууга, сыйлоого багыт алышат.

Жуптарда иштөө менен бирге бири-биринин сөзүн угууга, сыйлоого багыт алышса.

Сабактын тиби: Аралаш

Сабактын формасы: Жуптарда иштөө

Сабактын жабдылышы: сүрөттөр, ноутбук, таратмалар.

Сабактар аралык байланыш: Тарых, адабият,география, адеп

Тарбиялык сабактын жүрүшү:

Мугалим сабакты “Шеригиңди тааныштыр” оюну менен баштайт.Оюн төмөндүгүдөй тартипте өткөрүлөт.

Шеригинди тааныштыр

Окуучулар экиден жуп болуп турушат.Мугалим баштоого корсотмо бергенде кезек менен бири-бирин тааныштыра башташат.М: бул менин досум.Аты Самат . Мунозу токтоо.Коп кулбойт.Классташтарынын баарына бирдей мамиле кылат.Шериктерин тааныштырууда терс сапаттарын айтып айтып, келекелоого жол берилбейт. Оюндун максаты бири-биринин жаман сапаттарын жаап жашырып жакшы сапаттарын ашкерелоого уйронуу.

Оюн ойнотулуп буткөндөн кийин

Мугалим сурөттү жашырып коет. Окуучулар өз ойлорун айтышат.

........................................................................................................................................

  1. Турдакун Усубалиевке быйыл 100 жыл болду.

  2. Кадамжай районунуна быйыл 80 жыл болду.

  3. Баткен облусуна быйыл 20 жыл болду.

  4. А.Орозбековдун быйыл 130 жылдыгын белгилейбиз.

Андан соң мугалим бүгүн биз силер менен Кыргызстандын совет доорундагы ири мамлекеттик ишмери, кыргыз совет мамлекетин негиздөөчүлөрдүн бири Абдыкадыр Орозбеков жөнүндө сөз кылабыз.

Кыргыз элинин сан кылымдык тарыхында көзү өткөндөн кийин элеси көп жылдар бою элдин эсинде сакталып калган бөтөнчө адамдар бар... Элдин сүймөнчулүгүнө ээ болуп, сый – урматына арзыган адамдардын арасында татыктуу орун Кыргызстанда Совет бийлигин орнотуу жана чыңдоо үчүн күрөштүн активдүү катышуучусу, Кыргыз АССРнин Борбордук аткаруу комитетинин биринчи төрагасы Абдыкадыр Орозбековго да таандык.

Узун журттун учуна, кыска элдин кыйырына “Аксакал”, “Биринчи төрага” “Тунгуч президент” наам менен тарыхыбызда аттын кашкасындай таанымал инсан ---Абдыкадыр Орозбеков 1889 – жылы Кадамжай районундагы Охна кыштагында туулган. Балалык күндөр ал үчүн кызыктуу оюндар, жаркын турмуш менен эсте калбастан,турмуштун азап-тозогу менен көңүлдө калды. Анын жаш кезинен эле акыл-эси тунук, эрки күчтүү, намыскөй, эр жүрөк болгону келечектен көптү үмүттүрөөр эле. Абдыкадыр кабыргасы ката элек чагынан тартып байлардын пахта талааларында маңдай терин агызып, андан соң Фергана, Кокон, Анжиян калааларындагы ишканаларда жумушчу болуп иштеп, кедейчиликтин азабын жакшы эле тарткан.

Анын саясий көз караштарынын калыптануусу колониялдык режимдин катаал шарттарында майда ишканаларда эмгектенген көп улуттуу жумушчулар арасында жүргөн.1907-1916-ж наабайчыга жалданып иштеген.

1916–жылы А. Орозбеков администрациянын резервдеги жашы өйдөлөп калган жумушчулар катышкан. Ошондо ал биринчи жолу Фергана шаарындагы жандармдардын куугунтугунан качпай, ээн – эркин жүрө алган

1917-жылы Ферганада А.Орозбеков жергиликтүү жумушчулардын айлык акысын көбөйтүү талабын койгон саясий демонстрацияны уюштурууга тикеден-тике жетекчилик кылгандыгы үчүн губернатор Иванов тарабынан камакка алынган. Жумушчулардын кысым көрсөтүүсүнүн натыйжасында губернатор аны бошотууга аргасыз болгон.

1918–жылы А. Орозбеков коммунисттик партиянын катарына кабыл алынган. Ошол жылдары А.Орозбеков Чимион революциячык коммитетинин төрагасы болуп дайындалган. Совет бийлигин орнотууда кошкон эмгеги үчүн А.Орозбеков Түркестан Республикасынын “Алтын белгиси” менен сыйланган.

1920-1923-ж айылдын,болуштун,райондун революциячыл комитеттерин башкарган.

1924-1925-ж Ош округдук эмгекчилер советинин жер бөлүмүнүн башчысы, катчысы болгон.Тоолуу Кара Кыргыз областынын жумушчу,дыйкан жана солдат депутаттар советинин уюштуруу съездине делегат болуп, анда Тоолуу Кара Кыргыз областтык АКнын (Аткаруу Комитетинин) төрагалыгына шайланган.

1925-жылдын 31-мартында Кара Кыргыз автоном облусунун биринчи уюштуруу курултайында Кара Кыргыз автоном облусунун Төрагалыгына депутаттар тарабынан шайланган. Ошентип, бүгүнкү эгемен Кыргыз мамлекетинин биринчи Президенти Абдыкадыр Орозбеков болгон десек акыйкат кеп болот.

1926-жылы Кыргыз АССР Борбордук Аткаруу Комитетинин Төрагасы болуп депутаттар тарабынан шайланган.

Жусуп Абдрахмановду Кыргыз АССР Эл комиссарлар Кеңешинин төрагалыгына дайындоо жөнүндөгү токтомго кол койгон.

Кыргыз АССР Конституциясын иштеп чыгууга чоң салым кошкон. Касым Тыныстановду Эл агартуу министри кылып дайындаган. Төрөкул Айтматовду( Чынгыз Айиматовдун атасы) Жалал Абадга аким кылып дайындаган.

1936-ж Кыргыз ССР Борбордук Аткаруу Комитетинин төрагасы болуп депутаттар тарабынан шайланган.

Ошентип, чыгаан инсан Абдыкадыр Орозбеков 1925-жылдан 1937-жылдын 16-сентябрына чейин Кыргызстандын биринчи мамлекет башчысы кызматын аркалап, элине ак кызмат өтөгөн.

Бүт өмүрүн элинин эркиндиги, жакшы жашоосу, эртеңки келечеги үчүн арнаган кыргыз ак шумкары А.Орозбеков 1937-жылдын 20-сентябрында жалган жалаа менен кой терисин жамынган эл душмандары тарабынан камакка алынган. Сегиз ай кыйноодон кийин, 1938-жылдын 28-май күнү мыкаачылык менен өлтүрүлүп, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө түн ичинде жашырылган.

1956-ж 21-майда партиялык жагынан акталган. 

Анын урпактары сталинизм доорунда ал камакка алынган соң куугунтукка учурашкан.

А.Орозбеков НКВДнын түрмөсүндө жатканда акыркы деми калганча: “Ак жерден күйүп жатабыз. Акыйкат акыры жеңет. Ажал бизди алып кетсе, эл эмгектен эскерет”—деп чындыктын салтанат кураарына терең ишенген.

Кыргыз журтунун көч башында турган улуу инсан ак иштеп, адал эмгектенип,эли, жери үчүн кашык канын аябаган жетекчи болгон. Буга далил: Чимиондо ревкомду жетектеп турганда Фергана фронтунун башкы командачысы Сафановдун “Исфайрам жана Ак-Суу боюнда жайгашкан айыл- кыштактардагы элди жети жаштан жетимиш жашка чейинкисин басмачылар катар кырып салуу жөнүндөгү ” туура эмес буйругун токтотуу менен күнөөсүз кыргыз,тажик, өзбек ж.б. улуттардан турган жүз миңдеген адамдардын өмүрүн сактап калган.



Ачарчылык жылдары Ысык-Көлгө баратып,жолдо вагондорго сүйрөгөн поездди токтотуп: “Вагондун ичинде эмне бар?”- деп сурайт.

“Жалпы союздук фондго жөнөтүлүп жаткан буудай ”-деп жооп беришет. А.Орозбеков ошол жерден буудайларды артка кайтарып, ачкалыктан кырылып жаткан Көл аймагындагы элдерге бөлүп берүү жөнүндө буйрук берген.

Окуучуларга кыскача видео ролик көрсөтүлөт.

Андан соң таркатмалар таркатылат (Таркатмаларга жооп беришет)

Үйгө тапшырма берүү: А.Орозбеков жөнүндө эссе жазып келүү.





























































А. Орозбеков 1956 – жылы 21 – майда Кыргызстан К(б)П БКнын бюросунун чечими менен акталган. 1994 – жылы толук акталган [1].

Анын айткан сөздөрүнөн

Эгемен Кыргызстан маалында Орозбековдун эстелиги ар кыл жерлерде орнотулду. Анын ишмердиги иликтенүүдө. Ал айткан осуят сөздөр кайра таразаланууда."Акыйкат акыры жеңет"

"Ажал бизди алып кетсе, эл эмгектен эскерет"

"Бул дүйнөдө ким карып? Карышкырдан кайыр күткөн кой карып, Каркчыдан кайыр күткөн калк карып"



Окуучулар синквейн түзүшөт.

1.Абдыкадыр

2. Ишмер,жөнөкөй

3. Башкарат,уюштурат, аткарат

4. Кыргыз совет мамлекетин негиздөөчүсү

5. Президент



Үйгө тапшырма: Абдыкадыр Орозбековдун портретин тартуу

























Кошумча маалымат

Кыргыз элинин сан кылымдык тарыхында көзү өткөндөн кийин элеси көп жылдар бою элдин эсинде сакталып калган бөтөнчө адамдар бар... Элдин сүймөнчулүгүнө ээ болуп, сый – урматына арзыган адамдардын арасында татыктуу орун Кыргызстанда Совет бийлигин орнотуу жана чыңдоо үчүн күрөштүн активдүү катышуучусу, Кыргыз АССРнин Борбордук аткаруу комитетинин биринчи төрагасы Абдыкадыр Орозбековго да таандык.

Абдыкадыр Орозбеков 1889 – жылы Кадамжай районундагы Охна кыштагында өмүр бою жалчылык кылып, алакандай жерин иштетип, өлбөстүн күнүн көргөн чайрыкердин үй – бүлөсүндө туулган. Абдыкадыр кабыргасы ката элек чагынан тартып байлардын пахта талааларында маңдай терин агызып, андан соң ФерганаКоконАнжиян калааларындагы ишканаларда жумушчу болуп иштеп, жалчылыктын азабын жакшы эле тарткан.

Анын саясий көз караштарынын калыптануусу колониялдык режимдин катаал шарттарында майда ишканаларда эмгектенген көп улуттуу жумушчулар арасында жүргөн.

1916–жылы А. Орозбеков администрациянын резервдеги жашы өйдөлөп калган жумушчуларды аскерге алуу жөнүндөгү буйругу менен чакырылган Анжиян шаарындагы иш таштоого катышкан. Ошондо ал биринчи жолу Фергана шаарындагы жандармдардын куугунтугунан качпай, ээн – эркин жүрө алган. Ал эми 1917–жылдын январында ал өзү иш таштоого жетекчилик кылган, анда наабайкананын жумушчулары жеңишке жетишкен эле. А. Орозбеков кожоюнунун жалаасы боюнча камакка алынып, бирок, жумушчулардын кысымы менен абактан тез эле бошонуп чыккан.

Февраль революциясынын күндөрүн А. Орозбеков Фергана шаарында өткөргөн. Анда ал наабайчылардын, кол өнөрчүлөрдүн шахтёрлордун ж.б. секцияларын уюштуруу иштери менен алектенчү. Кийин ошол секциялар Чебер жумушчулар жана кызматчылар союзуна биригип, большевиктердин жетекчилиги астында кезектеги саясий күрөштө маанилүү роль ойногон.

Убактылуу өкмөткө каршы күрөштүн тушунда А. Орозбеков Чебер жумушчулар жана кызматчылар союзу тарабынан Жумушчу – солдат депутаттардын Фергана областык кеңешине, Маргалаң уездик жана шаардык аткаруу комитеттеринин президиумуна мүчө болуп шайланат.

1918–жылы 6–августта А. Орозбеков большевиктердин катарына өтөт. Ушундан баштап ал Совет бийлиги үчүн революциялык күрөш жолунда тикесинен тик турат. Алгач ал Ак – Арык айыл чарба коммунасын жана андагы коммунисттер ячейкасын уюштурат.

1920 – жылы бир эле мезгилде Чимион революциялык комитетинин төрагасы, Үч – Коргон кантондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, Маргалаң кантондук аткаруу комитетинин төрагасы кызматтарын ээлеп турганда, басмачылар одряддарына каршы согуштарга катышкан, айыл – кыштактарда Совет бийлигин чыңдоо үчүн күрөшкөн, “Кошчу” союзун уюштурууга, аны бай – манаптар менен дин кызматчыларынан арылтууга көмөктөшкөн.

1927 – жылы 7 – 12 – мартта Пишпекте өткөн Кыргыз АССРинин Советтеринин 1 – уюштуруучу курултайында А.Орозбеков Кыргыз АССРнин Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланат. Балтыр эти толо элек чагынан кедейчиликти башынан кечирип, ысык – суукка урунуп жүрүп, республиканын жетекчилик кызматына келген Абдыкадыр дайыма эмгекчил элдин абалына күйүп – бышып, аларды бакубат жашоого келүүгө бүт күчүн жумшаган.Ал элеттин жашоосун, эмгекчил элдин турмушун жакшы билген, ошондуктан, акыркы деми калгыча, каруусун казык, канын азык кыла өзүн элдик ишке арнаган.Партия менен өкмөт анын жарандык согуш жана социялисттик курулуш жылдарындагы эмгегин жогору баалап, контрреволюция менен болгон күрөштө корсөткөн эрдиги үчүн согуштук курал жана мотоциклет менен сыйласа, комсомолдук жана коомдук уюмдар ага алтын төш белги таккан, ал эми Өзбек ССРнин өкмөтү аны Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйлаган.

Системалуу билим албай, жазганды жана окуганды Октябрь революциясынан кийин гана үйрөнгөн А. Орозбеков Коммунисттик партиянын эл ичинен суурулуп чыккан кадрларды өстүрүү

Тууралуу камкордугунун аркасында таптык күрөштүн чоң мектебинен өтүп, Кыргызстандагы чарбалык жана маданий курулуштун маанилүү тапшырмаларын чечүүгө катышкан ири масштабдагы мамлекеттик ишмер деңгээлине чейин көтөрүлө алган. Бирок, анын социалисттик курулушка арналган өмүрү 1938 – жылы 28 – майда ак жеринен кыйылып, сөөгү Ала – Арча көрүстөнүнө түн жамына жашырылган...

А. Орозбеков 1956 – жылы 21 – майда Кыргызстан К(б)П БКнын бюросунун чечими менен акталган. 1994 – жылы толук акталган [1]

  • Окуучулар синквейн түзүшөт.

  • 1.Абдыкадыр

  • 2. Ишмер,жөнөкөй

  • 3. Башкарат,уюштурат, аткарат

  • 4. Кыргыз совет мамлекетин негиздөөчүсү

  • 5. Президент


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!