СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Электронная таблица

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Открытый урок по теме Электронная таблица проведено во время декады Математики и информатики

 

Просмотр содержимого документа
«Электронная таблица»

Математика жана информатика сабагынынын эки жумалык декадасы.

Информатика сабагыда өтүлгөн ачык сабактын планы.

Сабактын темасы: Электрондук таблица. Microsoft Excel. (8 класс)

Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк:

  • Электрондук таблицада сандык берилиштер менен иштөөнү жана эсептөөлөрдү жүргузүүнү үйрөнүшөт(Excel);

  • Электрондук таблица жөнүндө жалпы маалымат алышат.

Өнүктүрүүчүлүк:

  • Окуучулардын электрондук таблицада өз алдынча иштөөсү, билгичтиги, ой жүгүртүусү өнүгөт.

Тарбия берүүчүлүк:

  • окуучуларды бири-бирин сыйлоого үйрөтүү;

  • компьютерде иштөөдө жоопкерчиликке жана өз алдынча иштөөгө үйрөтүү ;

  • окуучулардын сабакка кызыгуусун арттыруу.

Сабактын жабдылышы:

  • проектор, презентация;

  • компьютердик класс, таблицалык процессор Microsoft Excel;

  • карточкалар.

Сабактын тиби: жаңы теманы түшүндүрүү.

Сабактар аралык байланыш: кыргыз тил, англис тил, математика, сүрөт, адеп, тарбиялык саат.

Сабактын формасы:

  • киришүү(өткөн теманы кайталоо);

  • теориялык бөлук;

  • практикалык бөлук.

Сабактын жүрүшү:

I. Уюштуруу (1 мүнөт). Мугалим окуучулардын сабакка даярдыгына көңүл бурат(1-слайд).

II. Киришүү (2 мүнөт). Кайталоо үчүн суроолор(2-слайд).

  1. Тексттик редактор эмнеге арналган(MS Word)?

  2. Тексттик файл деген эмне?

  3. Текстти редакциялоо дегенди кандай түшүнөбуз?

  4. Текстти форматоо деген эмнени тушүндүрөт?

  5. Тексттин фрагменти деген эмне? Аны менен кандай операцияларды аткарууга болот?

  6. Сандык маалыматтар менен иштөө үчүн кандай программаларды билебиз?

III. Сабактын теориялык бөлүгү (15 мүнөт).

Мисалы үчүн бизге төмөнкүдөй маалымат берилсин дейли(3-слайд):

Азык түлүктөрдүн баасын эсептөө

Азыктар

Баасы(1 кг, сом менен)

Саны(кг менен)

Жалпы баасы

1

Май

228

1

228

2

Алма

43

2

86

3

Ун

56

3

168

 

 

 

Жыйынтыгы:

482

Тексттик редактордо оңой эле таблица чийүүнү үйрөндүк. Бул таблицадан азыктын баасы жана саны берилген, эгерде биз санын өзгөрткүбүз келсе, тексттик редактордо кайрадан таблица чийип санын өзгөртөбүз. Электрондук таблицада ушул эле маалыматты бир нече жолу өзгөртсөк болот жана иштөө да ыңгайлуу.

Электрондук таблицаны колдонуу сандык берилиштер менен иштөөнү жана эсептөөлөрдү жүргүзүүнү жеңилдетет. Экономикалык жана бухгалтердик эсептерде кеңири колдонулушка ээ, ошондой эле электрондук таблицаны төмөнкүдөй илимий-техникалык маселелерде эффективдүү колдонууга болот(4-слайд):

  • Чоң берилиштер жыйыны үстүнөн бирдей амал жүргүзүү;

  • Жыйынтык эсептөөлөрүн автоматташтыруу;

  • Параметрлердин маанисин тандоо жолу менен эсеп чыгаруу;

  • Тажрыйба жыйынтыктарын иштетүү;

  • Параметрлердин оптималдуу маанисин тандоо;

  • Таблица документтерин даярдоо;

  • Берилген маалыматтар боюнча диаграмма жана график түзүү.

Электрондук таблицанын программалык жабдуусу сандык берилиштерди электрондук таблица деп аталган жумушчу баракта же таблица калыбында уюштурууга мүмкүндүк берет.Электрондук таблица 255 барактан турган китепчеге окшош жана электрондук таблицанын каалаган электрондук барагын чыгарыш үчүн ошол баракка туура келген табуляторду басып коюу жетиштүү. Ар бир барагы төмөн жагында жайгашкан ысымга ээ. Электрондук таблицада берилиштер мамыча жана сaпча түрүндө уюшулат. Мамычалар латын ариптери, ал эми саптар катар номерлер менен белгиленет. Ар электрондук таблица 256 мамычадан жана 65 536 саптан турат. Мамыча ысымдары А менен башталып IV менен, ал эми сап ысымдары 1 менен башталып 65 536 менен аяктайт. Сап менен мамычанын кесилишинде уяча жайгашкан. Уячалардын бири ар дайым активдүү болуп, рамкага алынат. Бул рамка Excelде курсордун ролун аткарат, башкача айтканда ошол активдүү уяча ичинде берилиштерди киргизүү жана оңдоо аткарылат жана анын дареги формула сабында көрсөтүлүп турат. Электрондук жадыбал 16 000 000 уячадан турат жана аларга берилиштер киргизилет. Уячалар электрондук таблицада жайгашкан орду боюнча аталат. Мисалы, В мамычасы менен 12 саптын кесилишиндеги уяча В12 деп аталат. Формулалар менен иштөөдө жанаша жаткан уячаларга кайрылууга мүмкүн. Мындай уячалар жыйыны диапазонду түзөт. Мисалы А1:С15 диапазону А1 уячасынан баштап С15 уячасына чейинки тик бурчту камтыйт. Окуучуларга слайддан активдүү уячаны жана ар кандай түстөгү диапазондорду жазып көрсөтүү(5-слайд):

Уячаларга тексттик, сандык жана формула сыяктуу үч типтеги маалыматтар киргизилет. Формулага сандар, уячалардын аттары жана программалык жабдууда камтылган функциялар катышат жана алардын типтери автоматтык түрдө аныкталат. MS Excel берилиштердин төмөнкүдөй форматтарын колдойт(6-слайд):

  • текст жана сан маанилери;

  • сан маанилерин көрсөтүүнүн жалпы ыкмасы;

  • акча бирдиктери;

  • бүтүн жана бөлчөк бөлүктөрү бөлүнгөн акча бирдиктери;

  • дата,убакыт;

  • 100 гө көбөйтүлгөн жана аягында % белгиси бар уяча мааниси(процент);

  • ондук бөлчөк.


Мугалим электрондук таблицаны ишке киргизип, уячаларды толтурууну, формулалар менен иштөөнү көргөзөт(6-слайд). Мисал келтирет. Уячалардын түсүн, стилин кандайча өзгөртүү керек экендигин көрсөтүп берет.

IV. Сабактын практикалык бөлүгү (20 мүнөт).

Мугалим окуучуларга компьютерде сабактын башталышындагы көрсөтүлгөн таблицанын үстүндө иштөөнү сунуштайт. Кошумча карточкалар таратылат. Карточкада иштин жүрүшү көрсөтүлгөн(MS Excel,7-слайд).



Биринчи бүткөн окуучуга кошумча тапшырма берилет(8-слайд).


V. Жыйынтыктоо (2 мүнөт). Мугалим сабакты бышыктоо үчүн суроолорду берет.

Бышыктоо үчүн суроолор(9-слайд):

  • Электрондук таблица деген эмне?

  • Электрондук таблица кандай маселелерди чечүүдө колдонулат?

  • Уяча деп эмнени айтабыз?

  • Диапазон деген эмне жана кандайча белгиленет?

  • Электрондук таблицада саптар, мамычалар кандайча белгиленет?

  • Электродук таблицада маалыматтардын кайсы типтери колдонулат?

VI.Тапшырма. Параграф бирди окуп келүү.





Бишкек шаарындагы

№55 жалпы билим берүү мектебинин

Математика жана информатика мугалими

Ашыралиева Саадат.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!