СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эне тилин баалай билели

Нажмите, чтобы узнать подробности

Эне тилсиз эл болбойт!

Просмотр содержимого документа
«Эне тилин баалай билели»

Эне тилин баалай билели



Эне тилим эчен кылым карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан. Ар бир эл өзүнүн тили аркылуу гана ата-бабаларынын руху менен байланыша алат. Өз тилин жоготкон Эл ата-бабалардын руху менен болгон байланышын да жоготот. Ата-Бабалардын руху менен байланышын жоготкон эл тарыхын жоготот. Тарыхын жоготкон эл - тамырын жоготот. Тамырын жоготкон эл - анан өзү да акырындап куурап жок болот. Кыргыз тили - "Улуу тил" экендигинде шек жок. Анткени, улуу тил болбосо, ал "Манас" баштаган оозеки чыгармачылыктын 40 томдук үлгүлөрүн жаратканга күч-кубаты жетмек эмес жана көптөгөн дастандардын баарын поэзия тилине салып сүйлөтө алмак эмес. Андай бийик деңгээлге жетүү үчүн Тил миң жылдык жолдорду басуусу керек.



Кылычты кыя чапкан тил,

Кыргызым барктап баккан тил.

Кызыл жалын от кечип,

Кылымдап жолду баскан тил.

Кырааты менен сүйлөсө,

Кытайга дагы жаккан тил.



Эчен ашуу ашкан тил,

Элибиз барктап баккан тил.

Элдигин элим жоготпой,

Энедей барктап баккан тил.

Эр Төштүк, Жаңыл, Курманбек

Эпостун баары баткан тил.



Акындын багын ачкан тил,

Акылды элге чачкан тил.

Башынан сактап жат айткан,

Бабабыз Манас баткан тил.

Ааламда элге таанытып,

Айтматов багын ачкан тил.



Кыргыз эли Теңирден Сөз өнөрүн мурастап алган улуу Манастын урпактары аны белгилүү чыгыш таануучу-түрколог, этнограф “Манас” изилдөөчү В. В. Радловдун кыргыздын ошол замандагы сөз кудуретине таң калып мындай айткан сөзү бар экен: “Кыргыздар өздөрүнүн түрк уруулаштарынан укмуштуудай сүйлөө чеберчилиги менен айырмаланат. Жөнөкөй эле сүйлөшүүлөрдөгү сүйлөмдөрү уйкалышып, ыр сыяктуу таасир калтырат. Сөздү айтканга да, укканга да кумарланган эл. Сөз башталганда ага чейин кыжылдаган эл мемиреп үн катпай кулак төшөйт. Чечендиктен чексиз рахат алып, сөз күчүн бул жарык дүйнөдөгү эң кудуреттүү көркөм өнөр деп баалайт. Кыргыздардын элдик поэзиясынын өтө өнүккөндүгүн табияты ушунда” ошондой эле кыргызча-орусча сөздүктүн автору белгилүү окумуштуу К. К. Юдахиндин: “Кыргыз тилин изилдеп, бүт жан дүйнөм арбалып чыга албай калдым, өзүнчө бир сырдуу касиети бар экен” – деп айтканы да бекеринен эмес.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!