СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эр Төштүктүн кумурска менен достошкону

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Эр Төштүктүн кумурска менен достошкону»

Классы: 4-а

Мөөнөтү: 13.02.2024–жыл Сааты: 1 саат

Өтүлүүчү тема: Эр Төштүктүн кумурска менен достошкону



САБАКТЫН МАКСАТТАРЫ:



КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ:

а) Когнитивдик: Эр Төштүк эпосу менен таанышат.Негизги ойду таап,айтып бере алышат.

  • Эпостун окуясы боюнча берилген 2-3 суроого жооп берсе

  • Эпосту окуп түшүнө алса;

  • Эпостогу негизги ойду көрсөтө алса.

б) Ишмердүүлүк: Эпостун негизги мазмунун билишет.Элестете алышат.

Эпос боюнча суроолорго жооп бере алса.Кабыл алуусу өссө

в) Баалуулук: жаратылышка аяр мамиле жасашат

Дайыма жан-жаныбарларга камкор болсо.

Сабактын тиби: жаӊы билим берүү сабагы


Колдонулуучу усулдар:Жекече, жупта, топтордо иштөө,иллюстрация усулу

«Бекеттер» стратегиясы.


Сабактын жабдылышы: таркатма материалдар, слайд, окуу китеби, проектор, ноутбук,


Предмет аралык байланыш: Адабий окуу


Негизги компетенттүүлүктөр: маалыматтык (5.1.3.4;), социо-катнаштык (5.3.2.16), өзүн өзү уюштуруучулук жана көйгөйлөрдү чечүү (5.3.2.17; 5.3.3.19)


Предметтик компетенттүүлүктөр: окурмандык (5.3.2.16; 5.1.3.4) баалуулук-дүйнө таанымдык (5.3.2.17; 5.2.1.10), адабий чыгармачылык (5.3.3.19; 5.1.3.4)














Саб-н этап-ы

Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучунун ишмердүүлүгү

Күтүлүүчү натыйжа

Мотивдештирүү

Саламдашам. Окуучулардын көӊүлүн сабакка тартуу максатында

Жагымдуу маанай тартуулайм.

Балдар,бүгүн менин маанайым эң жакшы.Себеби алыскы жолду басып,ат арытып районубуздан биздин мектепке мугалим келип олтурат.Ошого кубанып олтурам.А силердин маанайыңар кандай?

Окуучулар:Эң сонун!

Мугалим: Кантип далилдейсиңер?

Кайгы капа билбейбиз,

Жалкоолукту тилдейбиз.

Окуп,билим алууга,

Биз баарыбыз бирдейбиз.

Азаматсыңар!

Предмет аралык байланыш:

  • Кайыкчынын калагындагы эки жазуу – «максат» жана «ишеним». Ушул экөө болгондо гана адам өзүнүн көздөгөнүнө жете аларын билдик.


  • Анда биз бүгүнкү сабагыбыздын максаттарын билип, өзүбүзгө ишеним топтосок (окуучулар менен сабакка максаттарды коём).


Саламдашышат. Окуучулар жагымдуу маанайы менен сабакка даярданышат. Максаттары менен таанышышат, төмөнкү сүйлөмдөрдү ар бир топ өзүнчө хор менен кайталат:

1-топ: «Биз - аракетчилбиз!»

2-топ: «Биз окуганыбызды түшүнөбүз!»

3-топ: «Биз окуганыбыздан жыйынтык чыгара алабыз!»

4-топ: «Биз изденебиз!»


Учурдагы сабактын маанилүүлүгүн түшүнүшөт.

Билимдерин актуалдаштыруу


Үй тапшырманын аткарылышын текшерем:

Learning Apps сайты аркылуу өтүлгөн теманы бышыктап алам

  • Баалоо баракчасына (2-тиркеме) бири бириӊерге бааӊарды белгилегиле.


Айрым окуучулардын иштерин жалпы класста талкуулатам. Ушул аркылуу жыйынтык чыгарылат.




Окуучулар сайт аркылуу берилип жаткан суроолорду жекече жана жупта талкуулап жооп бере алышат.

Окуучулар туура жооп беришсе,жооп берген окуучу 1 упай алат.

5.3.3.19.Чыгармалардын негизинде суроолорго жооп бере алат.

Жаңы материалды өздөштүрүү

  • Дал келтирүү оюну

  • Мында сөздүктөр жана маанилери өз-өзүнчө берилет.

Балдар көздү жумабыз жана чыгарманы мультфильм катары элестетебиз.

Эр Төштүктүн кумурска менен достошкону.

Дагы Төштүк жол жүрдү,

Аябастан мол жүрдү,

Түнөргөндөн караган

Түз талаага кез болду.

Ал талаанын боюнда

Оргуп түтүн бөлүнөт.

Уюгу менен кумурска

Өрткө кеткен көрүнөт.

Күйгөн отту өчүрүп,

Эрдикти эпсиз салды эле

Кумурсканы ал өрттөн,

Аман алып калды эле,

Кумурсканын пашаасы

Алкыш айтты мындай деп:

-Күйгүзбөй калдың жанымды,

Алып калдың баарымды.

Керекке берем бутумду,

Береним Төштүк алыңыз.

Мээнеттүү башка иш түшсө

Белекке берем бутумду,

Бир түтөтө салыңыз.

Кумурскаларды ээрчитип,

Дал өзүңө жетемин,-

Деп ошентип кумурска

Берен Төштүк баатырдын

Берендигин көрдү эми.

Жулуп алып бир бутун,

Сырттан Төштүк баатырга

Аманат кылып берди эми.

Окуучулар сөздүктөрдү дал келтирүү менен сөздүктөрдү дептерлерине жазышат.





Окуучулар чыгарманы элестетүү менен угушат.

Көзгө машыгуу жасашат.


Өз алдынча окушат.

Мында «Китепкана» оюну пайдаланылат.


Окуучулар топтор менен окуянын картасын түзүшөт.

«Бекеттер» стратегиясы аркылуу түшүнбөгөн окуучулар 4-топко келишет.Мугалим аларга жекече жардам берет.


Дене көнүгүүсүн жасашат.


5.1.3.4.Чыгарманын окуясын оозеки түрүндө көз алдыга келтирип, окуянын картасы менен иштейт.

Өтүлгөн материалды бышыктоо


Бул тапшырманы аткаруу менен жаӊы материалды өздөштүрүүнү бышыктоого шарт түзөм.

Окуучуларга 3 минутадан убакыт берилет.


5.3.2.17.Кыргыз тили предмети менен байланышта болот

Сабакты жыйын-тыктоо

  • Рандомдо иштешет.Суроолорго жооп беришет.

  • Анда биздин сабагыбызга койгон максаттарыбызга карап көрөлү. (Окуучулар менен бирге жогоруда белгиленген сабактын максаттары талкууланат).

Окуучулар берилген суроолорго так жооп берүүгө аракеттенишет.

Чыгармадан алган тарбиялык таасирлерин аныкташат.

Үй тапшырмасы

Үй тапшырмасы:

113-114-бет

Мазмунун айтып берүү

Үй тапшырмасын өздөрүнүн дептерлерине белгилешет.

Аткаруунун шарттарын түшүнүшөт.

5.2.1.10.

Сөз байлыгынын үстүндө иштешет

Баалоо

Критерийлер аркылуу баалайм (2-тиркеме)


Окуучулар баалоо баракчалары-на упайларды бел-гилешет. Упайлардын жыйын-тыгы менен бири-бирине баа коюшат.

Өз иш-ара-кеттерин туу-ра баалоого машыгышат.

1 – тиркеме


Бир кайыкчы дарыянын бир өйүзүнөн экинчи өйүзүнө адамдарды ташып оокат кылчу. Кайыгын кыймылга келтирген эки калагынын бирөөсүнө ”ишеним”, экинчисине болсо “аракет” деп жазып алган эле. Дарыядан өткөргөн ар бир кардары бул жазуулардын маанисин сурай берчү. Кайыкчы да ар бирине турмуштун чындыгын чагылдырган бул жазуулардын маанисин айтуудан жадачу эмес. Ал дайыма мындай деп айтып берчү: “Бул дарыянын бир өйүзүнөн экинчи өйүзүнө өтүү үчүн ушул эки калакка муктаждык бар. Эгер бирөөсү жок болсо, бир ордуңдан жылбай айланып тура бересиң. Жашоодо да ошондой: ишеним болуп, аракетиң болбосо, же тескерисинче, аракет кылганың менен, бир ийгиликке жетериңе ишенбесең, анда бир ордуңдан алыс кете албайсың. Бул кайыкты бир калак менен башкарганга тете. Калактарга береги жазууларды жазып алганымдын себеби ушундай.



2-тиркеме


Баалоо баракчасы


тапшырманын мазмуну

баалоо критерийлери

упайы

Үй тапшырмада берилген суроого жооп берсе.


1 упай

1-тапшырма:Окуянын картасын туура түзө алса

Башкы каармандарды туура тапса

1 упай

Окуя болгон жерди тапса

1 упай

Окуянын башталышын туура жазса

1 упай


Окуянын ортосун туура тапса

1 упай


Чыгарманын аягын жазса

1 упай


Окуядан кандай сабак алганын жазса

1 упай

2-тапшырма: Синквейн

Туура түзгөн топтун ар бирине

1 упай

Жообун негиздеп бере алса

1 упай

3-тапшырма: Рандомдо берилген суроолор

Туура так жооп берсе

1 упай

Турмуш менен байланыштыра алса

1 упай









жалпы:

10 упай

7-10 упай алса - “5”

6-5 упай алса – “4”

4-3 упай алса – “3”

2 же андан кем упай алса – “2”


















М.Сарыбаев атындагы № 27 жалпы орто билим берүүчү мектебинин «Жылдын мыкты мугалими» конкурсунун катышуучусу Акматова Элиза Субаналыевнанын 4-а классына «Эр Төштүктүн кумурска менен достошкону» темасында өткөн ачык сабагынын иштелмеси



Ачык сабак












Класс жетекчи: Акматова Элиза






















































Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!