СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Fdsfasfsafafasfasfagsdv dfasdf sdfasd

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Fdsfasfsafafasfasfagsdv dfasdf sdfasd»


Маалыматтык технологиялардын азыркы мезгилдеги орду



Маалыматтык технологиялар биздин өлкөдө гана эмес дүйнөгө жана күндөлүк турмушка үзгүлтүксүз таасирин тийгизүүчү кызыктыруучу, татаал жана кулач жайып өнүгүп бараткан тармак болуп эсептелет. Учурда жазуу жана окуу көндүмдөрү сыяктуу эле, компьютерди билүү да ушулардын ажырагыс бир бөлүгү болуп калды. Маалыматтык технологияларды талдоодо биз биринчи кезекте “маалымат” өзү эмне экенин талдап өтөлү. «Маалымат» латындын «informatio» деген сөзүнөн келип чыгып, маалымат, түшүндүрүү, билдирүү дегенди туюнтат. Бул терминдин кеӊири тарагандыгына карабай, маалымат илимде абдан бир талаш – тартышты жараткан түшүнүктөрдүн бири. Мисалы, кимдир бирөөнү кызыктырган каалагандай берилиштерди же түшүнүктөрдү маалымат деп аташат. Өз учурунда, техникада, мисалы, маалымат деп белгилер же шарттуу берилиштер формасында берилген жаӊылыктарды түшүнөт. Кибернетикада анын негиздөөчүсү Н.Винер тарабынан берилген аныктама колдонулат: маалымат башкаруунун активдүү иш аракеттерин багыттоо үчүн б.а. системаны сактоо, жетилтүү, өнүктүрүү максатында колдонулуучу билимдин бөлүгүн түшүндүрөт. Маалымат теориясында (илимде, маалыматтарды берүү, кабыл алуу, өзгөртүү жана сактоо менен байланышкан процесстерди изилдөөчү) анын негиздөөчүлөрүнүн бири К.Шеннондун аныктамасы колдонулат: маалымат – бул бир нерсе жөнүндө биздин билимибиздеги аныксыздыкты жоюу. Кеӊири таралган аныктамасы төмөндөгүдөй: маалымат – бул биздин сырткы дүйнөдөн алынган мазмунундун белгилерине ылайыкташуу процесси жана аларга биздин сезимдердин ылайыкташуусу. Берилиштерди компьютердик иштетүүдө, маалымат деп мааниге ээ жана компьютерге түшүнүктүү түрдө берилген символдук белгилердин кандайдыр бир удаалаштыгын түшүнөбүз (тамгалар, цифралар, кадировкаланган графикалык элестер жана үндөр ж.б.у.с.).

Биз белгилеп кеткендей маалыматтык ресурстар абдан баалуу байлыктардын катарына кирет. Өз учурунда, маалыматтык ресурсту колдонуу процессинде маалыматтык технологиялар орчундуу роль ойнойт. Маалыматты кайра иштеп чыгуу процесси маалыматтык технологияларды түзөт. Маалыматтык технологиянын кеӊири тараган аныктамасына токтололу: Маалыматтык технология (МТ) – бул кубулуштун, процесстин, объекттин абалы жөнүндө жаӊы сапаттагы маалыматтарды алуу



максатында берилиштерди чогултуу, кайра иштетүү, жаӊы түрдө берүү каражаттарынын жана ыкмаларынын көптүгүнүн жыйындысын колдонуу процесси. Материалдык өндүрүш чөйрөсүндө технологиялык процесстер ар түрдүү техникалык каражаттардын жардамы менен ишке ашырылат: автоматташтырылган жана роботтоштурулган жүк ташуулар, станоктор, курал-жабдыктар ж.б.у.с. колдонулат. Ушул сыяктуу эле, маалыматтык технологиялар үчүн да техникалык каражаттардын көптүгүн кароого болот. Мисалы, программалык, аппараттык, математикалык каржылоолор, булардын жардамы менен маалыматты кайра иштеп чыгуу процессинин технологиялык жагы ишке ашат. Бүгүнкү күндө маалыматтык технологиянын негизги техникалык каражаты катары жекече компьютер саналат.

Мектеп программасында МКТнын азыркы учурдагы көрсөткөн кызматы:

Padet - онлайн такталарды түзүү үчүн платформа болуп саналат. Бул жерде мугалим ар кандай татаалдыктагы тапшырмалардын карталарын түзө алат.

Quizlet - бул тилдерди окутуу жана өз алдынча үүйрөнүү үчүн эң ыңгайлуу кызмат. Ар кандай форматтагы тексттерди түзүү үчүн колдонулат.

Wizer.Me - интерактивдүү барачаларды түзүү кызматы.

Learnis - бул билим берүү платформасы, ал квесттерди түзүүгө, викториналарды уюштурууга жана терминологиялык оюндарды ойлоп табууга жардам берет.

Nearprod - презентацияларды түзүү үчүн онлайн платформа. Жана башка ушундай МКТ программалары кеңири колдонулуп келет. Бул мугалимдердин ишин женилдетүү менен бирге окуучуларга да кызыктуу жана түшүнүктүү болот.

МКТ колдонууда кандай чектөөлөр бар?

Маалымат техналогияларынын пайдасы эле эмес, зыян жактары да бар. Мисалы: Компьютердик көз карандылыктын пайда болошу, баарлашуу каражаттарынын жоктугу, колдун манжаларына күч келүүсү, электромагниттик нурлануунун таасири. Буларды дагы жеңүүнүн жолдору бар. Ал үчүн режим сактоо зарыл. Керек маалымат үчүн гана МКТны колдонуу сунушталат.

Белгилүү болгондой, маалыматтык жана Интернет-технологиялардын өнүгүшү адамзаттын жашоосунун бардык

чөйрөсүнө күнүгө өзгөрүүлөрдү киргизүүдө. Бүгүн жаңы деп эсептелген технологиялар эртең эле эски болуп калып жатат. Мындай шартта адамдын ишмердүүлүгүнүн ар бир чөйрөсү четте «байкоочу» катары гана карап




турбашы керек, мезгил менен бирге аракеттенүү зарыл. Маалыматтык технологиялардын жардамы менен түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалануу, ошондой эле маалыматтын бир булагы катары интернетти пайдалануу боюнча сабаттуулукту арттыруу максатка ылайык. Санариптик билим берүү же санариптик сабаттуулук көп маселелерди (көйгөйлөрдү) чечүүгө негиз болуушу мүмкүн. Калктын санариптик жана медиа-маалыматтык сабаттуулугун (ММС) көтөрүү үчүн биз биринчи кезекте мектептер үчүн да, жогорку окуу жайлары үчүн да билим берүү стандарттарын жаңылап жана жакшыртышыбыз керек. Бул максаттарга жетүү үчүн комплекстүү иштерди аткаруу зарыл. Мындан тышкары, телекоммуникация жаатындагы технологиялык өнүгүүлөр массалык маалымат каражаттарынын жана башка маалымат жеткирүүчүлөрдүн (китепкана, архив, Интернет ж.б.) кеңири жайылышын шарттады, алар жарандарга эбегейсиз чоң өлчөмдөгү маалымат менен алмашууга жол ачты. Жана биз кабыл алып жаткан маалыматтын сапаты негизинен биздин келечектеги тандообузду аныктайт жана андан аркы аракеттерибизди, анын ичинде фундаменталдык эркиндикти, өзүн өзү аныктоого жана өнүгүүгө болгон укукту пайдалануу жөндөмдүүлүгүбүздү аныктайт.

Маалымат менен иштей билүү - жетпеген маалыматты максаттуу түрдө издөө, өз алдынча фактыларды салыштыра билүү, толук анализ жүргүзүү жана гипотеза коюу жөндөмүнө ээ болуу. Бул адамга маалыматты сынчыл талдоонун негизинде аң-сезимдүү чечимдерди кабыл алууга жол берет; аткарган ишин сунуштай билүү, маалыматтык коопсуздуктун негиздерине ээ болуу; МКТ жана Интернет тармагын коопсуз пайдалана билүү. МКТ каражаттары менен иштей билүү жөндөмдүүлүгүн калыптандыруудан сырткары, медиа-маалыматтык сабаттуулукту өнүктүрүүгө да өзгөчө басым жасалат, анткени бүгүнкү күндө медиабилим жалпы билим берүүдөгү баалуу инновациялык блок болуп калды, ал билим берүү мекемелеринин негизги жана атайын потенциалдарын эффективдүү жана сапаттуу ишке ашырууга жол берет жана билим алуучунун жана педагогикалык кызматкердин билим алуу жана өз алдынча билим алуусунун инсандыкка багытталган мейкиндигин түзүп берет. Билим берүү системасынын инновациялык блогу катары бул өзүнүн потенциалын эффективдүү жана натыйжалуу ишке ашырылышы үчүн илимийметодикалык камсыздоону талап кылат.

Санариптик сабаттуулукту калыптандырууда мугалимдин ролу чоң, анткени ал мамлекеттик окуу стандарттарын ишке ашырган негизги

кыймылдаткыч күч болуп саналат жана окуучулардын негизги жана предметтик компетенттүүлүгүн калыптандырууга жардам берет





Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!