СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Фигуралардын аянттары боюнча көнүгүү иштөө (сабак иштелмеси)

Категория: Геометрия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Фигуралардын аянттары боюнча көнүгүү иштөө (сабак иштелмеси)»

Мугалим: Сагыналы кызы Бактыгүл №5 мектеп -гимназиясы

Предмет: Геометрия

Класс: 8-класс

Тема: Фигуралардын аянттары боюнча көнүгүү иштөө

Сабактын максаты:

А) Ар кандай типтеги көнүгүүлөрдү иштөө менен окуучулар билимдерин кеңейтишет жана жаңы билимдерге ээ болушат.

Б) Көнүгүүлөрдү көбүрөөк иштөө менен билим, билгичтик, көндүмдөрүн өнүктүрүшөт.

В) Окуучулар бири-бирин сыйлоого, геометриялык терминдерди туура айтууга тарбияланышат.

Сабактын тиби: Көнүгүү иштөө,

Сабактын методу: суроо-жооп, проблемалык

Сабактын формасы: фронталдык жана жекече иштөө

Сабактын жабдылышы: интерактивдүү доска, стикерлер,

Предмет аралык байланыш: География, тарых, кыргыз адабияты

Сабактын жүрүшү:

а) Уюштуруу. Саламатсыңарбы балдар? Бүгүн сабакта ким жок? Досканы сабакка даярдайбыз?

Жагымдуу маанай: Балдар бүгүн сабакты баштаардан мурун силер менен бир оюн ойнойбуз. Кайсы фигураны жактырасыңар бирөөсүн тандагыла. Натыйжада кимдин мүнөзү кандай экенин байкайбыз? Макулсуңарбы?

1. Сынык сызык же толкун сызык ушул сыяктуу фигураларды жактыргандар: Идеячыл,чыгармачыл, жаңы нерсеге умтулган өзгөчө таланттуу адамдар эсептелинет. 
2. Үч бурчтукту жактырган адамдар: Чыныгы лидерлер,башкаруучулук жөндөмү бар,айтканынан кайтпаган өжөр адамдар эсептелинет. 
3. Төрт бурчтукту жактыргандар- Тактыкты,мээнетти катуу талап кылган адамдар. Эгер булар жетекчи болуп калышса,кол астындагы адамдарын майын чыгара эзген адамдар болушат
4. Айлананы жактыргандар- шайыр,ак көнүл,боорукер, адамгерчиликтүү жана кызыктуу келишет.
5. Ал эми Тик бурчтукту жактырган адамдар- Өз ою жок,ээрчиме, өзгөрмөлүү сапатка ээ болгон адамдар.

Балдар бул оюн, албетте мына ушул 5 фигура менен адамдын ким экенин аныктоо кыйын. Адамды бир көрүп, же бир жолу эле баарлашып, анын кандайлыгы жөнүндө жыйынтык чыгарба деген сөз бар экен. Анда сабакты баштайлы.

б) Балдар ким дүйнө жүзүнө саякаттаганды жакшы көрөт? Мисалы, Париж, Америка ж.б. Азаматсынар, анда биздин бүгүнкү сабагыбыз дагы экскурсия сабагы болмокчу.

Сабактын темасы: Жөнөкөй фигуралардын аянттары боюнча көнүгүү иштөө.

Максатыбыз: Өтүлгөн жаңы теманы бышыктап, алган билимдерибизиди өнүктүрүү

Илгери-илгери геометрия деген чоң падышачылык өкүм сүргөн экен. Ал падышачылыкта планиметрия жана стреометрия деген хандыктар болуптур. Биз бүгүн силер менен планиметрия хандыгына саякатка барабыз. Планиметрия хандыгында эмне кызыктар бар деп ойлоп жатасыңарбы? Эң кооз жана эң соонун хандык мына ушул планиметрия хандыгы. Кеттик анда. Ой балдар карагылачы, вазир биз тараптан берилген суроолорго жооп бербесенер хандыкка кигизбейбиз дейтко. Суроолоруна жооп берели?

  1. Планиметрия бөлүгүндө биз кайсы фигураларга токтолобуз?

Бул бөлүмдө биз тегиздиктеги геометриялык фигуралар жана алардын касиеттерине токтолобуз.

  1. Аянт деген эмне?

Аянт –бул жагы узундук бирдигинен турган квадрат менен туюнтулуучу жалпак фигуранын чени болуп эсептелет.

  1. Тик бурчтуктун аянты? S= a b



  1. Параллелограммдын аянтынын формуласы?

S= a h

5. Үч бурчтуктун аянты кандай?

S= a h

6. Трапециянын аянты:

S= h

Азаматсынар,балдар планиметрия хандыгына кирдик. Хан сарайга кирип эле кооздугуна суктандык, айландык. Аңгыча эле Мисалдар паркына келип калдык. Ал паркта айлануу үчүн, ал жактын кооздугу үчүн мисалдарды ииштешибиз керек.

Көнүгүүлөр

1. ABCD квадраты берилген, анын Р=16 см. Аянтын тапкыла?

Р=4а

а=

S=

S=( =16

Жообу: 16

2. Квадраттын диагоналы 18 см болсо, аянтын тапкыла?

2 =18

=9

S= =9

Жообу: 9

3. Квадраттын периметри 64cм болсо, анда анын диагоналын тапкыла?

3. Берилди:

ABCD

P= 64 см

d=?

Р= 4а

64= 4а

а= 64:4

а=16

d= a

d= 16

Жообу:d= 16






















4. Чиймеде берилген ABCD параллелелограммынын периметри 40 болсо, аянты канчага барабар?

(12+а) 2=40

24+2а=40

2а=16

а=8

S=a h=6 8=48

5. Трапеция берилген. Анын бир диагоналы 3 см ге, ал эми экинчиси анда эки эсе узун. Диаогналдарынын арасындагы бурч болсо, трапециянын аянтын тапкыла.

. S=

=3 cм

=2

S= =9

6. Чиймедеги квадраттардын аянттары алардын ичинде жазылган. х ти тапкыла.

16

6. S=

S=16

9

a=4

S=9

a=3

х

4+3=7

Жообу: 7

Азаматсынар балдар. Анда жолубузду улайбыз. Биз “Геометрия” деген музейге келдик. Кирип көрөлү э.

Геометриялык фигуралар биздин доорго чейинки «Москва папирусунан», «Ахместин папирусунан» жана байыркы Вавилондун шынаа түрүндөгү жазууларынан кездешет.

«Параллель» грек сөзүнөн алынган, «катар жүрүүчүлөр», дегенди түшүндүрөт. Эң алгач геометриялык термин катары Пифагордун мектебинде колдонула баштаган. Евклиддин «Башталма» китебинде түз сызыктардын параллелдик белгиси берилет. «Параллелограмм» терминин биринчи жолу Евклид киргизген.

«Диагональ» термини грек сөзүнөн алынган, диа-аркылуу, гониос-бурч. Бурчтардын чокусу аркылуу өтүүчү кесинди.

«Ромб» термини грек сөзүнөң алынган. «Айлануучу тело» дегенди түшүндүрөт.

«Квадрат» термини латын тилинен алынган, «Төрт бурчтуу кылуу» дегенди түшүндүрөт.

«Трапеция» грек сөзү, «Тамак ичүүчү стол» дегенди түшүндүрөт экен.

“Геометрия” музейинен силер үчүн пайдалуу маалымат болду деп ойлоймун. Анда саякатыбызды уланталы. Карагылачы балдар атракциондор бар экен түшүп көрөлүбү. Ал үчүн атракциондорго билет алуубуз керек. Билеттерди алуу үчүн көнүгүү иштейбиз кайсы атракционду тандайбыз.

1.Үч бурчтуктун каптал жактары 30см жана 25см. ге барабар. Негизи 11см, ушул жагына түшүрүлгөн үч бурчтуктун бийиктигин тапкыла.

=33

P=33

S=

=

S= a

132=

132

h=24

Жообу: 24 см

2. ABCD ромб берилди. Анын кыска диагоналы BD= 13 см, бийиктиги ВН= 12 см. Аянтын тапкыла.

, , AH=AD-HD=(AB-5) см,

=( + = -10AB+25+144

10AB=169

AB=16,9

AD=AB=16,9 см

3. Эгерде үч бурчтуктун жактары:

1)29 см, 25см, 6 см;

2) 5 м, 6м, 9 м болсо, аянтын эсептегиле.

  1. =30 cм

S=

= 10 cм

S=

Бышыктоо: Биз атракциондорго түшүп эс алып калдыкбы? Курсагыбыз ачты. Эми эмне кылабыз тамак ичебиз. Ал үчүн “Бышыктоо” кафесине кирели. Ал жакта тамак аштар көп экен, бирок бекер эмес. Ал үчүн суроолорго жооп беребиз.

1.Параллелограммдын диагоналдары аны бирдей аянтка ээ болгон төрт үч бурчтукка бөлөбү?

(ООБА)

2.Квадраттын жактары 4,5 м болсо, аянты канчага барабар?

(S=20,25 )

3. Тик бурчтуктун бир жагы 6см, экинчи жагы 7 см ге узун, периметрин жана аянтын тапкыла.

(S=42 , Р= 84см)

4. Үч бурчтуктун аянтын табууда Герондун формуласын кайсы учурда колдонобуз?

Бардык жактары белгилүү болгон учурда

5. Эгерде фигура бөлүктөргө бөлүнгөн болсо, анда анын аянты.......

Бөлүктөргө бөлүнгөн фигуралардын аянттарынын суммасына барабар.

Үй тапшырма: Мына балдар силер өзүнөргө жаккан тамакты алып, курсагыбызды тогозуп, үйгө кайтабыз. “8-КЛАСС” деген самолетту чакырабыз. Отуруп үйгө кайтабыз. Орун алгыла орундардан. Андан соң “Үй тапшырмасы” деген карточка таратылат. Тапшырмалар карточкаларга жазылат. .

1.Сабак мага аябай жакты.

2. Жакты, бирок пайдалуу эч нерсе үйрөнгөн жокмун

3. Сабак кызыксыз болду

Деп окуучулардын ою менен сабак жыйынтыкталды.

Баалоо: Гүлгө аты жазылган окуучуларды аракетине, билимине жараша бааладык








Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!