Просмотр содержимого документа
«Генная инженерия. Гендик инженерия»
ГЕНДИК ИНЖЕНЕРИЯ
Гендик инженерия
- Рекомбинанттык РНК жана ДНК алуу технологияларынын, организмден гендерди бөлүп алуу жана башка организмдерге киргизүү, гендерди башкаруучу методдор менен технологиялардын жыйындысы – гендик инженерия деп аталат.
Гендик инженерия методунун кыска тарыхы:
- 1972- ж. П.Берг, С.Коэн, Х.Бойер үч тектүү - SV40 вирусунун + бактериофагдын + E.coli нин ДНК фрагменттеринен турган рекомбинант ДНК ны алышкан жана ушул жылдан баштап гендик инженерия багыты өнүгө баштайт.
- 1972-жыл – гендик инженериянын жаралуу жылы.
Генетикалык инженерия
- Генетикалык инженерия - жасалма түзүлгөн генетикалык программаны биообьекттерге кийирүү жолу менен аларды модификациялоо аракеттери аталат.
Генетикалык инженериянын деңгээлдери :
- Гендик - рекомбинанттык ДНК менен манипуляциялоо (манипуляция деген термин башкаруу дегенди түшүндүрөт):
- Хромосомдук - гендердин тобун же хромосомаларды башкаруу:
- Геномдук (клеткалык)- генетикалык материалды бир клеткадан экинчи клеткага өткөрүү (клеткалык инженерия).
Гендик инженерияны негиздеген окумуштуулар
Стенли Коэн
Пол Берг
Нерберт Бойер
Гендик инженериянын мүмкүнчүлүктөрү:
- Генетикалык трансформация;
- Өсүмдүктөр, жаныбарлар жана микроорганизмдердин клеткаларына бөтөн гендерди кошуу;
- Уникалдык, жаңы генетикалык, биохимиялык жана физиологиялык сапаттарга ээ болгон гендик модификацияланган (өзгөргөн) организмдерди алуу.
Гендик инженериянын маселелери:
- Обочолонгон генди алуу;
- Башка организмге кошуу үчүн генди векторго улоо;
- Векторго уланган генди модификацияланган организмге киргизүү;
- Организмдин клеткаларын өзгөртүү;
- ГМОди (генетикалык өзгөргөн организмдерди) тандап алуу.
Гендик инженерия методунун этаптары:
- Керектүү генди алуу;
- Репликацияланууга жөндөмдүү векторго генди улоо;
- Вектордун жардамы менен генди организмге киргизүү;
- Жаңы ген уланган клеткаларды азыктандыруу жана селекциялоо
Трансген чычкандарды алуу
Агробактерияларды колдонуу
- Rhizobium radiobacter ( Agrobacterium tumefaciens) деген аталышта да кездешет) – Ризобиум тукумуна кирген, топуракта кездешүүчү, терс грамдуу облигаттык аэробдук таякча сымал бактериялар. Өзгөчөлүгү – өсүмдүк клеткаларын атайын плазмиданын жардамы менен трансформацияга учуратат. Фитопатоген болуп эсептелет жана өсүмдүктөрдө шишик илдетин ( корончатый галл ) пайда кылат. Гендик инженерияда трансген өсүмдүктөрүн алууда колдонулат.
Өсүмдүктөрдүн шишик илдети жана агробактерия
Өсүмдүктөрдүн гендик инженериясы
- Агробактериялардын плазмидалары өсүмдүк клеткаларынын ичине өтүү механизмине ээ. Алар өсүмдүктүн мертинген ткандарына жабышып плазмидалык ДНК өсүмдүк клеткасынын ичине кирет. Натыйжада өсүмдүк клеткалары галл деп аталуучу шишик дартына чалдыгат.
- Бактериянын плазмидалык гендеринин эукариот клеткаларына өтүү механизми генетикалык инженерияда кеңири колдонулат.
- Азыркы күндө көптөгөн трансген өсүмдүктөрү алынган жана пайдаланып келе жатат. Алар: күрүч, жүгөрү, томат, картошка, мөмө жемиштер, жашылча жемиштер.
Гендик модификацияланган күрүч
Генетикасы өзгөртүлгөн куруч курамында темир жана цинктин жогору болушу менен айырмаланат. Бул күрүчтүн гендик активдүүлүгү вирустун жардамы менен өзгөртүлгөн жана данында макро-микроэлементтерди көбүрөөк топтойт .
Трансгендик помидор
Курамында пайдалуу белоктору бар, рак оорусун, кант диабетин , көз ооруларын айыктыруучу, ашыкча салмакты жок кылуучу касиетине ээ, шор топурактарда мол түшүм берүүчү трансген помидорлору алынган. Бул помидорго антирринум гүлүнүн гендери уланган.
Биологиялык коопсуздук маселеси
- 1975-ж. АКШнын Калифорния штатында биохимик Пол Бэрг дин демилгеси менен I- Асиломар конференциясы уюштурулат.
- Конференцияга катышкан окумуштуулар « Биологиялык көп түрдүүлүккө ГМОнун потенциалдык негативдик таасири барбы?» деген орчундуу маселени талкууга алышат.
- Ошол мезгилден тартып азыркы кунгө дейре гендик инженериянын күчөп өнүгүшү менен биргеликте жаңы багыт - БИОЛОГИЯЛЫК КООПСУЗДУК өнүгүп келүүдө.
Биокоопсуздук
Айыл-чарбаны өнүктүрүү
АДАМ УКУГУНУН БУЗУЛУШУ
Гендик инженерия
Генетикалык өзгөртүлгөн азыктар
ГМО коркунучу
- Балдардын кем акылдуулук ооруларынын пайда болушу;
- Тукумсуздук;
- Онкологиялык оорулар;
- Мутация;
- Жаш балдардын өлүмү;
- Аллергиялык оорулар;
- Иммунитеттин жабыркоосу;
- Зат алмашуунун бузулуусу.
КӨҢҮЛ БУРГАНЫНЫЗДАР ҮЧҮН РАХМАТ!