СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Индия. Улуу Моголдор дөөлөтү. Дүйнө тарых. 10-класс. Слайд.

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Индия. Улуу Моголдор дөөлөтү. Дүйнө тарых. 10-класс. Слайд.

Просмотр содержимого документа
«Индия. Улуу Моголдор дөөлөтү. Дүйнө тарых. 10-класс. Слайд.»

Оригинальные шаблоны для презентаций: https://presentation-creation.ru/powerpoint-templates.html  Бесплатно и без регистрации. Индия. Улуу Моголдор дөөлөтү

Оригинальные шаблоны для презентаций: https://presentation-creation.ru/powerpoint-templates.html

Бесплатно и без регистрации.

Индия. Улуу Моголдор дөөлөтү

Сабакка колдонулган медиа материалдар

Сабакка колдонулган медиа материалдар

Орто кылымдагы Чыгыш мамлекеттеринин өзгөчөлүктөрү Орто кылымдагы Чыгыш мамлекеттеринин өзгөчөлүктөрү: Патриархалдык уруулук мамилелер жана феодалдык тартиптер сакталган; Кээ бир жерлерде кулчулук үстөмдүк кылган; Көчмөндөрдүн басып кириши дыйканчылыкты кыйраткан; Азия өлкөлөрүнүн өз ара байланышы начар болгон; 16-17кк. Европада мануфактуралар пайда болуп, темир, болот иштетилген, замбиректер, мушкеттер чыгарылган; Европа өлкөрундө капиталисттик мамилелер пайда болсо, ал эми Чыгышта алар үчүн шарт болгон эмес.

Орто кылымдагы Чыгыш мамлекеттеринин өзгөчөлүктөрү

Орто кылымдагы Чыгыш мамлекеттеринин өзгөчөлүктөрү:

  • Патриархалдык уруулук мамилелер жана феодалдык тартиптер сакталган;
  • Кээ бир жерлерде кулчулук үстөмдүк кылган;
  • Көчмөндөрдүн басып кириши дыйканчылыкты кыйраткан;
  • Азия өлкөлөрүнүн өз ара байланышы начар болгон;
  • 16-17кк. Европада мануфактуралар пайда болуп, темир, болот иштетилген, замбиректер, мушкеттер чыгарылган;
  • Европа өлкөрундө капиталисттик мамилелер пайда болсо, ал эми Чыгышта алар үчүн шарт болгон эмес.
Улуу Моголдор дөөлөтү Моголстандан чыккан, адегенде Фергананын, андан кийин Кабулдун ханы, Темирландын урпагы Бабур 1526-ж. Индияга басып кирип Улуу Моголдор дөөлөтүн түзгөн. Бабур Захиреддин Мухаммад ( 1483-1530-жж)-хан, акын, ойчул, тарыхчы Фергананы башкарган Омор Шейхтин уулу болгон. 12 жашында атасынын ордуна такка отурган, 1504-ж. Шейбаны хандын көчмөн өзбек уруулары Орто Азиядан кууп чыккан. Ысар тоолору аркылуу Афганистан, кийин Индияга жортуул жасаган. Улуу Моголдор династиясы 1526-1858-жж. жашаган. «Бабур-наме» (1493-ж.) деген китепти жазган, анда 1525-жылга чейинки окуялар жазылган.

Улуу Моголдор дөөлөтү

  • Моголстандан чыккан, адегенде Фергананын, андан кийин Кабулдун ханы, Темирландын урпагы Бабур 1526-ж. Индияга басып кирип Улуу Моголдор дөөлөтүн түзгөн.
  • Бабур Захиреддин Мухаммад ( 1483-1530-жж)-хан, акын, ойчул, тарыхчы Фергананы башкарган Омор Шейхтин уулу болгон. 12 жашында атасынын ордуна такка отурган, 1504-ж. Шейбаны хандын көчмөн өзбек уруулары Орто Азиядан кууп чыккан. Ысар тоолору аркылуу Афганистан, кийин Индияга жортуул жасаган.
  • Улуу Моголдор династиясы 1526-1858-жж. жашаган.
  • «Бабур-наме» (1493-ж.) деген китепти жазган, анда 1525-жылга чейинки окуялар жазылган.
Шер шахтын реформалары 1530-ж. Захиреддин өлгөндөн кийин уулу Хумаюн келген, бирок бир туугандары менен бийлик талашуудан пайдаланып бийликке Бихар менне Бенгалиянын башкаруучусу Шер шах болгон, ал башкарган беш жылда (1540-1545-жж.) борбордук бийлик чыңдалган. Шер шахтын жүргүзгөн реформалары: Делини Бенгалия, Ражпутана, Инди менен туташтырган кербен жолдорду курдурган; Кербен-сарайларды салдырган; Жер маселеси чечилген; Салык системасы (түшүмдүн үчтөн бири)киргизилген; Аскер-башчы (жагирлер)лардын жер ээликтери такталган; Айрым индустарун абройлуу кызматтарды коюу менен алардын статусу жогорулаган.

Шер шахтын реформалары

1530-ж. Захиреддин өлгөндөн кийин уулу Хумаюн келген, бирок бир туугандары менен бийлик талашуудан пайдаланып бийликке Бихар менне Бенгалиянын башкаруучусу Шер шах болгон, ал башкарган беш жылда (1540-1545-жж.) борбордук бийлик чыңдалган.

  • Шер шахтын жүргүзгөн реформалары:
  • Делини Бенгалия, Ражпутана, Инди менен туташтырган кербен жолдорду курдурган;
  • Кербен-сарайларды салдырган;
  • Жер маселеси чечилген;
  • Салык системасы (түшүмдүн үчтөн бири)киргизилген;
  • Аскер-башчы (жагирлер)лардын жер ээликтери такталган;
  • Айрым индустарун абройлуу кызматтарды коюу менен алардын статусу жогорулаган.
Акбардын башкаруусу  (1556-1605-жж.) Шер шахтын көз жумушу менен бийлик талашуу башталып, 1555-ж. Хумаюн келген, ал капысынан каза болуп бийликке анын 13 жашар уулу Акбар келген. Акбардын башкаруусу «алтын доор» болгон. Улуу Моголдор территориясын кеңейткен, Раджпутананы, Гондвананы, Гужаратты, Бенгалияны, Кашмирди, Ориссаны ээлеген. Реформаларды жүргүзгөн. Салык реформасын иштеп чыккан, салыктардын жалпы жыйымы 166млн рупийге жеткен.

Акбардын башкаруусу (1556-1605-жж.)

  • Шер шахтын көз жумушу менен бийлик талашуу башталып, 1555-ж. Хумаюн келген, ал капысынан каза болуп бийликке анын 13 жашар уулу Акбар келген.
  • Акбардын башкаруусу «алтын доор» болгон.
  • Улуу Моголдор территориясын кеңейткен, Раджпутананы, Гондвананы, Гужаратты, Бенгалияны, Кашмирди, Ориссаны ээлеген.
  • Реформаларды жүргүзгөн.
  • Салык реформасын иштеп чыккан, салыктардын жалпы жыйымы 166млн рупийге жеткен.
Таж-Махал Таж-Махал –Улуу Моголдор мезгилиндеги инди архитектурасынын көрүнүктүү эстелиги. Шах-Жахандын 38 жашында каза болгон аялы Мумтаз-Махалдын мавзолейи (кийин Шах-Жахандын да сөөгү коюлган). Жубайы экөө 8 кыз, 6 уулдуу болушат. Мумтаз Махал 14-ымыркайын төрөп, каза болот. Хан 2 жылга чейин аза күтүп, ыр-күлкү, майрамдарга тыюу салат. 1630-1652-жж. Агра шаарына жакын, Жамна дарыясынын жээгинде курулган. Аны архитектору уста Исанын жетекчилиги менен 20 миң жумушчу 22 жылда куруп бүткөн. Таж-Махал –бурчтарында 4 мунарасы бар, беш кумпалуу имарат(бийиктиги 74м). Дубалы жылмакай ак мрамордон салынып, Кытай, Ирандан алып келинген асыл таштар менен кооздолгон. Таж-Махал күмбөзү-сүйүүнүн символу болуп эсептелет.

Таж-Махал

  • Таж-Махал –Улуу Моголдор мезгилиндеги инди архитектурасынын көрүнүктүү эстелиги. Шах-Жахандын 38 жашында каза болгон аялы Мумтаз-Махалдын мавзолейи (кийин Шах-Жахандын да сөөгү коюлган). Жубайы экөө 8 кыз, 6 уулдуу болушат. Мумтаз Махал 14-ымыркайын төрөп, каза болот. Хан 2 жылга чейин аза күтүп, ыр-күлкү, майрамдарга тыюу салат.
  • 1630-1652-жж. Агра шаарына жакын, Жамна дарыясынын жээгинде курулган. Аны архитектору уста Исанын жетекчилиги менен 20 миң жумушчу 22 жылда куруп бүткөн.
  • Таж-Махал –бурчтарында 4 мунарасы бар, беш кумпалуу имарат(бийиктиги 74м). Дубалы жылмакай ак мрамордон салынып, Кытай, Ирандан алып келинген асыл таштар менен кооздолгон.
  • Таж-Махал күмбөзү-сүйүүнүн символу болуп эсептелет.
Жахангирдин башкаруусу  (1605-1627-жж.) Акбардын уулу Жахангир(1605-1627-жж)дин башкаруу жылдарында Декан жана Пенжабдагы синдхилерге согуш ачкан. Жахангирдин уулу Жахан шах Ахмаднагарды басып алган. Жахан шахтын уулу Аурангзеб(1658-1707-жж.) атасын зынданга салып, бийликти тартып алган. Ал каардуу, канкор болгон, элдин абалы начарлап, ачарчылык болуп турган. 1702-1704-жж. Деканда ачкачылыктан 2 млн адам каза болгон. Ал дүйнөдөн кайтары менен бийлик талашуу жүрүп, 1707-ж. англдар да ички иштерине кийлигише баштаган.

Жахангирдин башкаруусу (1605-1627-жж.)

  • Акбардын уулу Жахангир(1605-1627-жж)дин башкаруу жылдарында Декан жана Пенжабдагы синдхилерге согуш ачкан.
  • Жахангирдин уулу Жахан шах Ахмаднагарды басып алган.
  • Жахан шахтын уулу Аурангзеб(1658-1707-жж.) атасын зынданга салып, бийликти тартып алган. Ал каардуу, канкор болгон, элдин абалы начарлап, ачарчылык болуп турган. 1702-1704-жж. Деканда ачкачылыктан 2 млн адам каза болгон.
  • Ал дүйнөдөн кайтары менен бийлик талашуу жүрүп, 1707-ж. англдар да ички иштерине кийлигише баштаган.
Англдар Индиянын басып алуусу Соодада Гуджарат портунун даңкы чыккан, Индияга өзгөчө европалык жарым дубана көпөстөр байлыкка туйтунуу үчүн экспедицияларды уюштурушкан. 1498-ж. Африканы айланып Васко да Гама Индияга келген. Индияга деңиз жолун ачкандар португалдар, соода-сатык жолдого көзөмөлдүк кылган. Кийин голландиялыктар Индонезия аралдарын ээлешкен. Андан кийин француздар жана англдар келишкен. 1739-ж. Индияга ирандык Надир шах анан афганистандык Ахмад шахтар басып ала башташкан.

Англдар Индиянын басып алуусу

  • Соодада Гуджарат портунун даңкы чыккан, Индияга өзгөчө европалык жарым дубана көпөстөр байлыкка туйтунуу үчүн экспедицияларды уюштурушкан.
  • 1498-ж. Африканы айланып Васко да Гама Индияга келген. Индияга деңиз жолун ачкандар португалдар, соода-сатык жолдого көзөмөлдүк кылган. Кийин голландиялыктар Индонезия аралдарын ээлешкен. Андан кийин француздар жана англдар келишкен.
  • 1739-ж. Индияга ирандык Надир шах анан афганистандык Ахмад шахтар басып ала башташкан.
Улуу Моголдор дөөлөтүнүн  майда хандыктарга бөлунүшү Бенгалия Улуу Моголдор мамлекетинен кийинки чоң мамлекет болгон. 1717-ж. могол наместниги башкарган Хайдарабад мамлекети тузүлгөн. 1739-ж. Моголдордон Ауд мамлекети түзүлгөн. 18 к. ортосунда Майсур мамлекети пайда болгон.

Улуу Моголдор дөөлөтүнүн майда хандыктарга бөлунүшү

  • Бенгалия Улуу Моголдор мамлекетинен кийинки чоң мамлекет болгон.
  • 1717-ж. могол наместниги башкарган Хайдарабад мамлекети тузүлгөн.
  • 1739-ж. Моголдордон Ауд мамлекети түзүлгөн.
  • 18 к. ортосунда Майсур мамлекети пайда болгон.
Ост-Индия компаниясы 17 к. башында тузүлгөн жана Индиядагы соода-сатык , согуштук, дипломатиялык, саясий ж. б. у. с. операцияларды өз колуна топтогон Ост-Индия компаниясы Индияга кирип, өзүнүн чиновниктери жана аскердик күчтөрүнө таянып башкарып турган. Англиялык колониячылар британдык үстөмдүктү чындоо үчүн Индиядагы бытырандылыкты пайдаланган. 18 к. аягынан тартып англиялык парламент Ост-Индиянын ишине кийлигишип, аны көз карандыт кылган.

Ост-Индия компаниясы

  • 17 к. башында тузүлгөн жана Индиядагы соода-сатык , согуштук, дипломатиялык, саясий ж. б. у. с. операцияларды өз колуна топтогон Ост-Индия компаниясы Индияга кирип, өзүнүн чиновниктери жана аскердик күчтөрүнө таянып башкарып турган.
  • Англиялык колониячылар британдык үстөмдүктү чындоо үчүн Индиядагы бытырандылыкты пайдаланган. 18 к. аягынан тартып англиялык парламент Ост-Индиянын ишине кийлигишип, аны көз карандыт кылган.
1858-1859жж. көтөрүлүш 1858-1859-жж. замбирек жана мылтыктар менен куралданган 60 миң сыпайлардын көтөрүлүшү чыккан. Көтөрүлүшчүлөр Делини ж. б. шаарларды пайдаланган. Колониячылардан бошотулган жерлерде жаңы тартиптер киргизилген, кээ бир салыктар жоюлган. Англиялык өкмөт көп сандаган замбиректери, куралданган аскерлери менен көтөрүлүштү ырайымсыздык менен басып, аялдарды да, балдарды да, картандарды аяган эмес.  Ошентип 1858-ж. Августта Индиядагы бийлик Англиянын көзөмөлүнө өткөн мыйзамды кабыл алган.

1858-1859жж. көтөрүлүш

  • 1858-1859-жж. замбирек жана мылтыктар менен куралданган 60 миң сыпайлардын көтөрүлүшү чыккан. Көтөрүлүшчүлөр Делини ж. б. шаарларды пайдаланган. Колониячылардан бошотулган жерлерде жаңы тартиптер киргизилген, кээ бир салыктар жоюлган.
  • Англиялык өкмөт көп сандаган замбиректери, куралданган аскерлери менен көтөрүлүштү ырайымсыздык менен басып, аялдарды да, балдарды да, картандарды аяган эмес.

Ошентип 1858-ж. Августта Индиядагы бийлик Англиянын көзөмөлүнө өткөн мыйзамды кабыл алган.

Индиядагы Англиянын саясаты Англиянын Индиядагы саясаты: Султан, княздардын казыналары Англияга чыгарылып кеткен; Жогорку квалификациялуу кол өнөрчүлөр жумушсуз калган; Англиядан арзан баада келген кездемелер, индиялык токуучуларга зыяны тийген; Заминдерге жер ээсинин статусун берген, өз убагында салык төлөбөсө жерди тартып алган; Англдар темир жол, туруктуу почта байланышын,өнөр жай ишканаларын курушкан; Салтка айланып калган мамилелердин ордуна жаңыча мамилелер түзулгөн. Ошентип, Англия Индияны колонияга айлантса, экинчи жагынан машиналык өндүрүш, илим менен техниканын негиздери менен тааныштырган.

Индиядагы Англиянын саясаты

Англиянын Индиядагы саясаты:

  • Султан, княздардын казыналары Англияга чыгарылып кеткен;
  • Жогорку квалификациялуу кол өнөрчүлөр жумушсуз калган;
  • Англиядан арзан баада келген кездемелер, индиялык токуучуларга зыяны тийген;
  • Заминдерге жер ээсинин статусун берген, өз убагында салык төлөбөсө жерди тартып алган;
  • Англдар темир жол, туруктуу почта байланышын,өнөр жай ишканаларын курушкан;
  • Салтка айланып калган мамилелердин ордуна жаңыча мамилелер түзулгөн.

Ошентип, Англия Индияны колонияга айлантса, экинчи жагынан машиналык өндүрүш, илим менен техниканын негиздери менен тааныштырган.

Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат! Республикалык М. Абдраев атындагы атайын адистештирилген музыкалык орто мектеп-интернатынын тарых мугалими Ажыбаева Нурила Эргешбаевна

Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!

Республикалык М. Абдраев атындагы атайын адистештирилген музыкалык орто мектеп-интернатынын тарых мугалими Ажыбаева Нурила Эргешбаевна


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!