СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Информатика 5 класс

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Информатика 5 класс»

Щелкните значок, чтобы добавить фото Тема: Кыргызстан Түрк кагандыктарынын курамында Аткарган:Орозова Сайкал Текшерген:Тагайбекова А.А 1

Щелкните значок, чтобы добавить фото

Тема: Кыргызстан Түрк кагандыктарынын курамында

Аткарган:Орозова Сайкал Текшерген:Тагайбекова А.А

1

Щелкните значок, чтобы добавить фото ПЛАН: “ Түрк” этноними жөнүндө. Улуу Түрк кагандыгынын түзүлүшү жана калыптанышы  2. Батыш Түрк агандыгы 3. Төргөштөр. Карлуктар 1

Щелкните значок, чтобы добавить фото

ПЛАН:

  • “ Түрк” этноними жөнүндө. Улуу Түрк кагандыгынын түзүлүшү жана калыптанышы
  • 2. Батыш Түрк агандыгы
  • 3. Төргөштөр. Карлуктар

1

1.“Түрк” этноними жөнүндө. Улуу Түрк кагандыгынын түзүлүшү жана калыптанышы. “Түрк” этноними кытай летопистеринде биринчи жолу 546-жылы эскерилген. Согдулар, перстер жана византиялыктар жаңы талаа багынтуучуларын “түрк” деп аташкан. Бул сөз элдин аты, руна сымал текст боюнча алганда “түбөлүктүү”, “бекем”, “күчтүү” дегенди билдирип, этностук мааниге караганда социалдык маанини көбүрөөк түшүндүргөн. “Түрк” дешип алгач аскердик аристократиянын өкүлдөрүн гана аташкан. Акырындап отуруп “түрк” этноними политонимдик (мамлекеттин атына) мааниге ээ болгон. VI к. ортосунда Борбордук Азияда биринчи түрк мамлекети пайда болгон. Түрк кагандыгы 552-жылдан - 744-жылга чейин жашаган. Түрк уруусунун негизги катмары V к. хуннулардын чөйрөсүндө калыптанган. Алар өздөрүнүн ата-тегин мифте айтылган карышкыр уулу Ашинаны эсептешкен. Vк. орто ченинде түрктөр жуан жуан кагандыгына баш ийген, бирок 552-жылы түрктөрдүн белгилүү каганы Бумын жуан-жуандарга кол салып, аларга кыйраткыч сокку урган. Бумын жуан-жуандардын мамлекет башчысынын “Илик-каган” деген титулун алып, өзүнүн ордосун Орхонго көчүргөн. Ал жер кийинчерээк түрк каганатынын административдик жана саясий борборуна айланган. Бумындын кичүү иниси Истеми өзүнүн Алтайдагы ээликтерине Жетисуу, Борбордук жана Батыш Теңир - Тоону ээлеген “он ок бодун” элин каратып алып кошкон. Ушундан кийин Истеми “он уруу каганы” деген титулун алган. Эфталиттерди талкалагандан кийин Иран менен Түрк кагандыгынын ортосунда карама-каршылыктар чыгат. Иранга каршы согдулуктар (Маниах башында турган) Истемиге Византия менен шериктештик түзүүнү сунуш кылган. Маниах Истеминин буйругу менен Константинополго элчиликке 568-ж. барган. Византиянын императору Истемиге жооп иретинде көп өтпөй аскер башчысы Земарх башчылык кылган элчилигин жөнөтөт. Земарх кагандын Теңир-Тоодогу ордосунда кабыл алынган. Иран эки жак менен согушуудан чочулап, түрктөр менен макулдашууга барган. Натыйжада эфталиттерге берген салыкты эми түрктөргө беришкен. Жибек менен соода кылуу маселеси да чечилген. Түрктөр менен тынчтык келишими түзүлгөндөн кийин Иран Византияга, Месопатамияга бир катар кыйратуучу соккуларды урууга мүмкүндүк берди. 576-жылы түрктөрдүн башкаруучусу Түрксанф Византияны, Багдадды каратып алган. Ал эми 580-жылы түрктөр Крымды алышкан. Натыйжада борбору Теңир-Тоодо жайгашкан Түрк кагандыгы ири европалык кубаттуу мамлекетке айланган. Бирок Истеми каган өлгөндөн кийин Түрк кагандыгында бийлик үчүн күрөш башталып, мамлекеттин абалы начарлай баштаган. Ушундай кырдаалдан мурда мурда турктөргө көз каранды болгон мамлекеттер пайдаланууга аракет жасаган. Тактап айтканда, 588- жылы ирандыктар түрктөргө Гераттын жанында катуу сокку урушкан. Византия болсо

12/03/2021

1

ДОБАВИТЬ НИЖНИЙ КОЛОНТИТУЛ

1

  • 2. Батыш Түрк кагандыгы. Кагандыктагы уруулардын жана элдердин массалык түрдө аралашып кетүүсү Кыргызстандын калкын да түрктөштүрүүгө алып келген. Алардын сырткы келбеттеринде монголоиддик өзгөчөлүктөр басымдуулук кыла баштаган. Батыш Түрк кагандыгынын курамына Чыгыш Түркстан, Орто Азиянын дыйканчылык аймактары, Арал деңизинин тегерегиндеги талаалар, Түндүк Кавказ кирген. Мамлекеттин борбору алгач Талас өрөөнүндөгү Миң Булак шаары болгон, ал эми 618- жылы Суяб шаарына көчүрүлгөн. VII к. аягында кытайда Тан династиясы күч алган. Империянын башында император Тайцзун турган, анын тышкы саясаты басып алуучулукка багытталган. Өзүнүн максатын иш жүзүнө ашыруу үчүн ал 630-ж. Чыгыш Түрк кагандыгын талкалап, Батыш Түрк кагандыгына чабуул кое баштаган. Түрктөр бир нече жылга чейин кытайлыктардын чабуулдарынын мизин кайтарьш келишкен. Акырында 565-ж. түрк аскерлери ири жеңилүүгө дуушар болушуп, Чүй өрөөнүнө жер которууга мажбур болушкан. Күрөш Теңиртоо аймагында туруктуу бийлик жүргүзүүгө мүмкунчүлүктүн жоктугуна байланыштуу Тан императору мамлекетти башкарууга Ашина династиясынын батыш бутактарынын өкүлүн койгон. Бирок шайланган башкаруучулар элдин урматгоосуна жетише алышкан эмес. Анын натыйжасында кагандыктын абалы улам начарлай берген. 3. Төргөштөр. 704-ж. Кулан шаарынын жанында төргөштөр Ашина династиясынын акыркы 23-каганын өлтүрүшкөн. Ошентип, Жетисууда жана Теңир-Тоодо төргөштөр бийликке келип, 704-706-ж. Үч элиг каган жаңы династиянын башкаруучулугуна шайланган. Жаңы түзүлгөн кагандыктын борбору Суяб шаары болуп калган. Сырдарыянын орто агымынан Иртьшка чейинки аймактар Төргөш кагандыгынын курамына кирген. Уч элигдин мураскору Сакал каган (706-711-жж.) башкарган мезгилде, мамлекеттин абалы татаалдаган. Ага түштүктөн Тан империясы, чыгыштан мамлекеттүүлүгүн калыбына келтирген түрктөр, ал эми түндүк-батыштан араб баскынчылары коркунуч түзүп турушкан. 708-ж. Сакал каган кытай аскерлерине катуу сокку урган. Кийинчерээк Бухаранын жанында Согдулуктар менен бирдикте арабдарды курчоого алган. Бирок, төргөштөргө негизги коркунуч Чыгыш Түрк кагандыгы тарабынан түзүлгөн. 711-ж. Болучу деген жерде түрктөр төргөштөрдүн аскердик күчтөрүн талкалашкан. Анын натыйжасында төргөштөрдүн ээликтери убактылуу Экинчи Түрк кагандыгынын курамына өткөн. Чабышчор Сулук каган (716-738ж.ж.) башкарган мезгилде төргөштөр көз каранды эместикке жетишкен. Ал кытай менен коңшулук мамилелерди калыбына келтирип, арабдарга каршы ийгиликтүү согуштук аракеттерди жүргүзгөн. Бирок 737- ж. арабдар төргөштөгө каршы кыйратуучу сокку урушкан. Сулук ири жоготууларга учурап, анын калган аскерлери Чүй өрөөнүнө кайтып келген. Жеңилүүдөн катуу ызага баткан Сулук 738-ж. өлөт. Кагандын өлүмү уруулар ортосундагы бийлик үчүн күрөштүн башталышына алып келген. Анын натыйжасында мамлекеттин абалы начарлаган. Учурдан пайдаланган Карлук уруулары VIII к. орто ченинде бийликти ээлеп алышкан. Карлуктар. Төргөш кагандыгынын ордуна Карлуктар бийлик жүргүзө башгашкан. Карлук биримдиги үч ири түрк урууларынан турган. Ал ар: булак, чигил жана ташлык уруулары. Карлуктар өтө согушчул жана жеңилбес уруулардан болушкан. Маалыматтарга караганда VIII к. 1-чейрегинде эле карлуктар үч жолу Чыгыш Түрк кагандыгына каршы көтөрүлүшкө чыгышкан. Карлуктар экинчи Түрк жана Төргөш кагандыктарынын кулашына алып келген саясий окуяларга активдүү катышышкан.

1

1

  • 746-ж. уйгурлардын кысымынан жапа чеккен карлуктар Жетисууга журт которушкан. Төргөш каганатындагы оор саясий абалдан пайдаланууга аракетгенген кытай армиясы Чүй өрөөнүнө басып кирген. Кытайларга карлуктар активдүү жардам беришкен. Бирок, алардын бекемделүүсүнө каршы болушкан арабдар кытайларга каршы бет алышат. Эки тараптын аскердик күчтөрү 751-ж. июлда Талас өрөөнүндө Атлах деген жерде беттешишкен. Карлуктар өз союздаштары кытайлыктарга каршы чыккынчылык кылышып, арт жагынан кол салышат. Бул окуя абалды толугу менен өзгөрткөн. Кытайлыктар ири жеңилүүгө дуушар болушкан. Түрктөр үчүн бул жеништин мааниси өтө зор болгон. Анткени ушул женилүүдөн кийин кытайлыктар 100 жылдай Борбордук Азиянын чекгерине кол салышкан эмес. Ал эми карлуктар болсо кытайлыктарды талкалоодо маанилүү роль ойноо менен Жетисууда өздөрүнүн абалын бекемдешкен. Бирок аларга өз бийлигин чыңдоо жана бекемдөө үчүн уйгурлар жана огуздар менен күрөш жүргүзүүгө туура келген. Огуздар менен күрөш 20 жылга созулуп, карлуктардын жеңиши менен аяктаган. Уйгурлар менен согуш жүргүзүүдө болсо 812-ж. карлуктар жеңилүүгө дуушар болушкан. Карлуктардын оор абалынан пайдаланын, арабдар аларга каршы күрөш баштап, женишке жетишишкен. Ушул тарыхый окуядан кийин жүз жыл бою Теңиртоо, Жетисуу жана Чыгыш Түркстандын аймагында карлук урууларынын арасында жаңы мамлекеттик түзүлүштүн Караханийлер дөөлөтүнүн түптөлүү аракеттери жүргөн

12/03/2021

1

ДОБАВИТЬ НИЖНИЙ КОЛОНТИТУЛ

1


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!