СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Информатика кабинетиндеги техникалык коопсуздук эрежелери

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Информатика кабинетиндеги техникалык коопсуздук эрежелери»

Информатика кабинетинде иштѳѳ үчүн техникалык коопсуздук эрежелери


  1. Мугалимдин уруксатысыз кабинетке кирбѳѳ.

  2. Компьютердик кабинетте иштѳѳдѳ ѳтѳ кылдаттыкты сакта.

  3. Электр тармагы менен компьютерди ѳз алдынча туташтырба.

  4. Электр түйүндѳрүнѳ кол тийгизбѳѳ.

  5. Жарык кылуучу контраст берүүчү түйүндѳргѳ тийбѳѳ.

  6. ЭЭМде иштѳѳдѳ ашыкча программаларды жумушчу орундарга койбоо.

  7. Мугалимдин кѳргѳзмѳсүн так аткарып этият, зээндүү болгула.

  8. Суу же ным кол менен иштѳѳгѳ ѳзгѳчѳ тыюу салынат.

  9. Компьютерде иштеп жатып жумушчу орунду таштап кетпегиле.

  10. Капкагы ачык ЭЭМди иштетүүгѳ ѳзгѳчѳ тыюу салынат.

  11. ЭЭМдин экранына 55-56см аралыкта түз отуруп иштѳѳ керек.

  12. Жумушту аткаруудан мурда, ЭЭМдин иштѳѳ тартиби менен таанышкыла.

  13. ЭЭМде иштеп бүткѳндѳн кийин машинаны ѳчүрүүнү унутпагыла.

  14. Мектептеги жана үйдѳгү электр точкаларын этияттык менен пайдалангыла.


Информатика кабинетинде окуучулар үчүн эмгекти коргоо боюнча эрежелер.

Информатика кабинети кооптуу кабинеттердин катарына кирет, информатика кабинетинде бул инструкциялардын так аткарылышы зарыл.

1 инструкция

  1. Кабинетке мугалимдин уруксаты жок кирүүгѳ тыюу салынат.

  2. Танапис убагында дежур окуучулардан башка окуучулар коридорго чыгыш керек.

  3. Кабинетте кир бут кийим менен жана сырткы кийим менен кирүүгѳ болбойт.

  4. Кабинетте чуркоого болбойт! Анткени трамва алуу же оборудованиени бузуу коркунучу бар.

  5. Кабинетке мусор таштоого болбойт., муну менен силер ѳрт коопсуздугун жаратасыңар.

  6. Мугалимдин кѳрсѳтмѳсүн так жана туура аткарып, тартиптүү болуңуздар.

  7. Мугалимдин уруксатысыз жумушту баштабагыла.

  8. Электро розеткаларды кармоого, колдонууга тыюу салынат, бул силердин ден-соолугунарга жана ѳмүрүңѳргѳ кооптуу!

2 инструкция

КОМПЬЮТЕРДЕ ИШТООНУН ЭРЕЖЕЛЕРИ ТАПШЫРМАНЫ АТКАРУУ АЛДЫНДА.

Кантип тапшырманы аткаруу жѳнүндѳ мугалимдин айтканын кунт коюп угуу зарыл.

ЖУМУШ УЧУРУНДА.

  1. Компьютерди мугалимдин уруксаты менен гана иштетиш керек.

  2. ТЫЮУ САЛЫНАТ:

  • изоляциясы жок проводдорго тийүүгѳ

  • корпусу жок компьютерди иштетүүгѳ

  • иштеп турган компьютерге ар кандай кошумча кошулуулар

  • кол менен же учтуу нерселер менен мониторго тийүүгѳ

  • компьютерде отурганда тамактанууга

  • компьютер ѳчкѳндѳн кийин кайра бат иштетүүгѳ(10-15 секунд күтүү зарыл.

  1. Эгерде иштеп турган электр приборлорунда бузулуу байкалса, дароо электр тогун ѳчүрүү зарыл.

  2. Жумуш орунун мугалимдин уруксаты жок калтырууга болбойт.

ЖУМУШ АЯКТАГАНДАН КИЙИН

  1. Компьютерди мугалим үйрѳткѳндѳй туура ѳчүрүү зарыл.

  2. Жумуш оруну мугалимге тапшырылышы керек.

3 инструкция ѳрт коопсуздугунун эрежелери.

  1. Кабинет ар дайым таза сакталышы керек. Жеңил күйүүчү мусор ар дайым чыгарылып турушу зарыл.

  2. Кабинетте жеңил күйүүчү суюктуктар сакталуусуна жол берилбейт.

  3. ТЫЮУ САЛЫНАТ:

  • Коопсуздук эрежелери менен таанышпаган окуучулар компьютерде жумуш аткаруусуна;

  • Мугалим жокто окуучулардын компьютерде иштѳѳсүнѳ;

  • электр приборлорун иштеген абалда кароосуз калтырууга;

  • электр зымдарын мыктарга илүүгѳ, изоляциясы жок электр проводдорун колдонууга;

  • стенддерди, таблицаларды электр проводдоруна илүү жана электр лампаларын кагаз же бѳлѳк материалдар менен ороого;

  • кабинетте жылуулук берүүчү приборлорду колдонууга;

  • компьютердик техниканын ондоосун жүргүзүүгѳ;

  1. Жумуш аяктагандан кийин каананы карап чыгуу зарыл, бардык нерселерди текшергенден кийин электр кубаттуулугун ѳчүрүү.

  2. ѳрт чыккан учурда:

  • электр кубаттуулугун ѳчүрүү;

  • дароо окуучуларды эвакуациялоо;

  • ѳрт ѳчүрүүгѳ чара колдонуу

  • ѳрт тууралуу 101 телефонуна чалуу.

Өзгөчө кырдаал учурунда окуучулар төмөнкү иш аракеттерди аткаруу зарыл.


1.Өзгөчө кырдаал жөнүндөгү маалыматты уккандан кийин,токтоолук менен жакын жерде жайгашкан ачык эшикти көздөй багыт алыш керек.

2.Эгер жолунарда тоскоол болгон нерселерди көрсөнөр, аларга алаксыбай,алдыга умтулуп, эшикке чыгууга аракеттен.

3.Эгер имараттын түтүн каптай баштаса, дем алуу органдарыӊарды (мурунуӊарды) сууланган, нымдуу чүпүрөк менен (бет аарчы, шарф) жакап алгыла.

4.Имараттын дубалынан. Айнек тоскоолдордон алыс болуп, адамдар менен чогуу ортодо болгонго аракеттенгиле.

5.Адамдардын тебелендисинде калбаш үчүн « кирпидей» болуп, колуӊардын манжаларын бири-бири менен бириктирип,көкүрөктүн денгээлинде көтөрүп,чыканакты эки жакка тиреп , башыӊды көкүрөккө такап алдыга эл менен жылып,кенен дем алуу менен алдыга жылуу керек. (Бул машыгууну окуучулар менен бир нече жолу машыктырууну өткөрүш керек).

6. Эгер силер элдин арасында бушайман болуп, жыгылып кетсеӊер тоголок болуп бүрүшүп, башты моюнга катып, тизени курсакка бүктөп, башыӊарды кол менен кучактап жатуу элдин тебелендисинен жабыркаланбай калууга мүмкүнчүлүк түзөт.


Өрттүн чыгышын алдын алуу үчүн төмөндөгү эрежелерди сактоо керек.

1.Электр приборлору өзүӊөрдөн улуу адамдар тараптан өчүрүлбөй калса, аны аларга эскертүүӊөр зарыл.

2. Эгер электр розеткаларына көп тиричилик буюмдар сайылып күйүү жыттанып калган мезгилде да өзүӊөрдөн улуу адамдарга кабарлап коюшуӊар керек.

3. Элекрт точкасына бир эле учурда бир нече электр приборлорун сайып колдонуудан, электр тогунда чыӊалуу жогорулап, өрттүн чыгышына себеп болушу мүмкүн.

4. Электр өткөрүүчү зымдарда оттун учкуну, жылтылдоолор, жаракалар,түтүндүн жытын, бөлмөдөгү электр жарыгынын үлүӊдөп кеткенин байкап калган учурларда өзүӊөрдөн улуу адамдарга кабарлоо керек.





Предметтик каана башчысынын милдеттери:


  • Каананы окуу программаларына ылайык куралдар менен камсыз кылуу.

  • Кабинетти санитардык-гигиеналык режимге ылайык кармоо.

  • Каананы дайыма жуудуруп, тазалатуу, тазалыкты сактоо.

  • Каананы жашылдандыруу.

  • Каананы окуу китептери жана усулдук адабияттар менен камсыз кылуу.

  • Каананы ѳз убагында желдетип туруу.

  • Каананын ѳнүгүшүнүн 3 жылдык планын түзүү жана алардын аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ.

  • Окуучулардын каананын мебелдерин аяр мамиле жасоосуна жетишүү.

  • Предмет боюнча класстан тышкаркы иштерди уюштуруу.

  • Каананын техникалык коопсуздугун сактоону окуучуларга айтып түшүндүрүү менен журналга белгилѳѳ.

  • Окуучулардын чыгармачылык иштерин чогултуу боюнча иш-аракет жүргүзүү

2019-2020-окуу жылы үчүн информатика каанасынын инвентарларынын описи.


Инвентардын аты

Саны

1

Компьютердик стол, стулдар

14

2

Компьютерлер

14

3

Принтерлер

2

4

Проектор

2

5

Кондиционер

1

6

Экран

1

7

Шкафтар

2

8

Интерактивдүү доска

1





Информатика каанасында эмгекти коргоо боюнча иш чаралар.

Иштелүүчү иштин мазмуну

Мөөнөтү

Ким аткарат

1

Информатика каанасында окуган окуучулардын эмгек тартибинин бирдиктүү талаптарын иштеп чыгуу

Сентябрь

Артыков У

2

Информатика каанасынын ички тартибинин сакталышын көзөмөлдөө

Дайыма

Артыков У

4

Информатика каанасында иштегенде техниканын коопсуздук эрежелеринин сакталышына көзөмөл жасоо

План боюнча

Артыков У

5

Өрт коопсуздугунун алдын алуу эрежелерин окуучуларга тааныштыруу

Сентябрь, январь

Артыков У

6

Өзгөчө кырдаал учурунда окуучуларга окуучулардын иш-аракеттерин үйрөтүү

Октябрь, февраль

Артыков У

7

Эвакуациялык план жөнүндө түшүнүк берүү жана тааныштыруу

Ноябрь, март

Артыков У





Каана жетекчиси: Артыков У













Информатика каанасынын 2019-2020-окуу жылына карата жылдык иш планы

Иштелүүчү иштин мазмуну

Аткаруу мөөнөтү

Ким аткарат

Аткарылышы жөнүндө белги

I. Уюштуруу иштери

1

Информатика каанасына техникалык коопсуздук эрежелерин илүү. Мед.аптечканы толуктоо

Август

Артыков У.


2

Информатика каанасынын ички бөлүгүн сабактын окуу-программасына жараша планшет, плакат менен жабдуу

Август

Артыков У.


3

Информатика каанасынын описин түзүү

Август

Артыков У.


4

Каананын планын иштеп чыгуу

Август

Артыков У.


5

Мамлекеттик символикаларды жаӊыртып илүү

Август

Артыков У.


6

Кабинетти жашылдандыруу, бөлмө өсүмдүктөрү менен жабдуу

Сентябрь

Артыков У.


7

Каананын тазалыгына көз салууну уюштуруу

сентябрь

Артыков У.


II. Окуу-методикалык иштер

1

Каананын мет. бурчун методикалык китептер жана көрсөтмө куралдар менен жабдуу.

Сентябрь

Артыков У.


2

Каананы тех. каражаттар менен жабдуу

Октябрь

Артыков У.


3

Мет. бурчту колго жасалган көрсөтмө куралдар, буклеттер, схема, сүрөттөр менен жабдуу жана жасалгалоо

Дайыма

Артыков У.


4

Предмет аралык усулдук бирикмелер менен байланышып туруу

Дайыма

Артыков У.


5

Чыгармачыл, алдынкы мугалимдердин иштери менен таанышып туруу

Дайыма

Артыков У.


6

Өз билимин көтөрүү

Дайыма

Артыков У.


7

Календардык-план боюнча практикалык сааттардын өтүлүшүн көзөмөлдөө

Дайыма

Артыков У.


8

Каанадагы техникалык каражаттардын туура иштѳѳсүнѳ кѳзѳмѳл жүргүзүү.

дайыма

Артыков У.


III.Класстан тышкаркы иштерди уюштуруу

1

Информатика предмети боюнча ийрим түзүү.

Сентябрь

Артыков У.


2

Кошумча билим берүүнү уюштуруу.

План боюнча

Артыков У.


3

Информатика предмети боюнча окуучуларды олимпиадага даярдоо.

Дайыма

Артыков У.


4

Каана башчыларынын тажрыйба алмашууларын уюштуруп туруу.

Дайыма

Артыков У.


Каана башчысы: Артыков У


Бердалы Календеров атындагы орто мектебинин инофрматика каанасынын перспективалык иш планы

2018-2021-жыл

  • Республикадагы, областтагы, райондогу алдыӊкы мектептердеги каана башчылары менен тажрыйба алмашуу жана семинарларга катышып туруу.

  • Каананы жаны компьютердик техникалар менен жабдууга жетишүү

  • Каананы нормалык санитардык-гигиеналык талапка ылайык жабдуу.

  • Информатика каанасын жабдууда өрт коопсуздугу боюнча уюштуруучу иш-чараларды эске алуу жана анын аткарылышын камсыз кылуу.

  • Каананы мезгил талабына ылайык жаӊы планшеттер менен жабдуу.

  • Каанада талапка жооп бергидей практикалык сабактарды өтүү үчүн жабдуу жана даярдоо.

  • Методикалык бурчту жаӊы көрсөтмө куралдар, методикалык китептер, буклеттер менен жабдуу.





Каана башчысы: Артыков У.









Информатика каанасынын каталогу.



  1. Методикалык китептердин тизмеси.

  • Базалык курсту окутуунун методикасы Орускулов Т.

  • Маселелер жана алардын программалары Аманжолова С.У.

  • Берилиштер түзүмү жана Си++ Омуралиев А

  • Компьютердик технологиялар

  • Секреты программируемого микрокалькулятора

  • Мен билген компьютер

  • Компьютерные сети, интернет и мультимедиа технологии.

  • 9-класста информатиканы окутуунун методикасы

  • Программалоо тили

  • Информатика в образовании Кыргызстана

  • Практическое пособие по текстовому процессору

  • Работа с электронной почтой и Интернет

  • Практическое пособие по системе управления базой данных



  1. Планшеттердин тизмеси.

  • Компьютердин түзүлүшү

  • Компьютердин клавиатурасы

  • Колдонмо программалык камсыздоо

  • Эч бир жетишүү адам жашоосун ушунчалык ѳзгѳрткѳн эмес.

  • Сызыктуу программалоо

  • Тармактуу программалоо

  • Циклдүү программалоо

  • Стандарттык функциялар

  • Алгоритмдин схемаларындагы шарттуу белгилер

  • Техникалык коопсуздук эрежелери

  • Информатика кабинетинде окуучулар үчүн эреже



  1. Буклеттердин тизмеси.

  • Компьютердин аппараттык жабдылышы

  • Терминдердин кыскача сѳздүгү

  • Информатика

  • Компьютер жана маалымат



  1. Рефераттар

  • Компьютердик коммуникация

  • Информатика предмети



























Информатика каанасынын туруктуу жана

мезгилдүү жабдуулар.



  1. Туруктуу жабдуулар

  • Планшеттер.

  • Класстык бурчтар.

  • Шкафтар.

  • Мамлекеттик символикалар.

  • Медициналык аптечка.

  • Усулдук жабдуулар.

  1. Мезгилдүү жабдуулар.

  • Атактуу инсандар жөнүндө жана белгилүү даталарга карата дубал газеталарды уюштуруп туруу.

  • Ар түрдүү оорулардын алдын алуу үчүн ден-соолук бурчун толуктап жана мед. аптечканы керектүү дары-дармектер менен толуктап туруу.











Информатика каанасынын жасалгасы жана усулдук жабдылышы



Эмгекти коргоо

Эмгекти коргоо-эмгектенүү процессинде кызматкерлердин өмүрүн жана ден-соолугун сактоонун тутуму, ал укуктук, социалдык-экономикалык, уюштуруу-техникалык, санитардык-гигиеналык, дарылоо профилактикалык жана башка чараларды камтыйт.

Эмгектин коопсуз шарттары – иштегендер үчүн өндүрүштүн зыяндуу же кооптуу таасир этүүчү факторлору жок болгон, болбосо алардын таасирлери белгиленген ченемдерден ашпаган эмгек шарты.

Жумуш оруну – кызматкер жумушуна келип турууга же кетүүгө тийиш болгон жана иш берүүчүнүн түздөн-түз же кыйыр көзөмөлүндө болгон жер. Эмгекти коргоонун мыйзамдардагы жана башка ченемдик улуттук актылардагы мамлекеттик ченемдик талаптары эмгектенүү процессинде кызматкердин өмүрүн жана ден соолугун сактоого багытталган эрежелерди, жол- жоболорду процедураларды жана критерийлерди белгилейт.

Кызматкер же окуучулар төмөндөгүлөргө милдеттүү:

  • Эмгекти коргоо боюнча белгиленген эрежелердин, ченемдерин жана нускамалардын талаптарын сактоого:

  • Жекече жана жамааттык коргонуу каражаттарын туура колдонууга:

  • Эмгекти коргоонун талаптары боюнча окутуудан,үйрөтүүдөн жана билимин текшерүүдөн өтүүгө:

  • Адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген ар кандай кырдаал болбосун, өндүрүштө болгон ар бир кырсык тууралуу же өзүнүн ден соолугунун начарлагандыгы жөнүндө өзүнүн түздөн-түз же жогору турган жетекчисине дароо билдирүүгө:

  • Кызматкер алдын-ала медициналык текшерүүдөн өтүүгө:

  • Кызматкер эмгекти коргоонун талаптарына байланыштуу өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келген учурда ал жөнүндө тийиштүү жетекчиге билдирүү менен жумушту аткаруудан баш тартууга укугу бар.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!