ХХ кылымдын башында илимде жаңы бир аймак түзүлдү, ал материалдык өндүрүштүн сферасында жаңычылыктын мыйзам ченемдүүлүктөрүн үйрөнүүнүн алкагындагы жаңы нерселерди киргизүү илими болуп саналат. «Инновация» түшүнүгү латын тилинен которгондо «жаңыны киргизүү» дегенди билдирет. Бул илимий адабияттарда кээ бир процессти жүргүзүүнүн жаңыча жолу катары түшүндүрүлөт. Ошондуктан, инновация аркылуу кайсы бир системада бир сапаттык абалдан экинчи бир сапаттык абалга өтүү процесси жүрөт десек болот. Демек «инновациялык» процесс деген жаңычылдыкты жаратуучу, түзүүчү (иштеп чыгуучу), өздөштүрүүчү, колдонуучу жана жайылтуучу комплекстүү ишкер аракеттенүүнү өзүнө камтыйт. Эгер ушул жаңыча ишкер аракеттер тарбиялык ишке, өстүрүүгө, же башкарууга байланыштуу болсо, анда ал инновациялык тарбиялоо, өстүрүү же башкаруу деп аталат. Инновациялык ыкмалар ар түрдүү көп маселелерди чечүүдө өз ара аракеттенүү ыкмаларын ар башкача колдонууга ийкемдүү келет. Бирок кандай гана усулду колдонбойлу, окуучулардын турмуштук тажрыйбасы билим алуунун негизги башаты катары каралышы керек. Окуу процессинде инновациялык окутууда окуучу төмөндөгүлөр менен карым-катташта болуп, бирге аракеттенет: 1. Мугалим менен (б.а. окуучу мугалимдин суроосуна жооп берет). 2. Башка окуучу менен (эки-экиден болуп иштөө). 3. Чакан топ менен.(3-5 окуучу болуп иштөө). 4. Окуучулардын чоң тобу менен (көбүнчө ролдук оюндун, дебаттын, класстык талкуунун ж.у.с. түрлөрү). 5. Техниканын айрым түрлөрү менен. Окутуунун же өз ара карым-катыштын сапаты топтун санына жараша болбойт. «Өз ара аракеттенүү» усулунун негизги өзгөчөлүгү мында бул жаңыны ачуу процесси, анын жүрүшүндө окуучулар бири-бири менен карым-катышта болуу аркылуу өз алдынча билим алуу көндүмдөрүн өздөштүрүшөт. Окуучулар маалымат эле албастан, өздөрү сунуштаган жол жана чечим эмне үчүн туура же, эч болбосо айтылган башка варианттардан жакшы экендигин логикалуу кылып түшүндүргөнгө аргасыз болушат. Окуучулар идеяларды кыйла терең иштеп чыгышат, анткени логикасыз айтылган пикирлер оңой эле жокко чыгарыларын билишет. Маселе чечүү учурунда окуучулар өздөрүнүн жана башкалардын тажрыйбасын пайдаланышат. Эки-экиден болуп же чакан топтордо иштөө учурундагы өз ара аракеттенүүнүн төмөндөгүдөй артыкчылыктары бар: бүтүндөй класстын алдында өз пикирин айткандан тартынган же мугалимге гана жооп берүүгө көнүп калган окуучулар өз ойлорун чакан топто теңтуштары менен бөлүшө алат; окуучулар башкалардын да өз пикирлери болорун, ал пикирлер таптакыр башкача болушу мүмкүн экендигин көрүшөт. Негизги максат - окуй билүүгө үйрөтүү. Негизинен буларды төмөндөгүдөн байкасак болот. 1. Аларды өзүнө ишенүүгө тарбиялайт. 2. Чечендик өнөрдүн көндүмдөрү өздөштүрүлөт. 3. Уга билүү жөндөмү да өркүндөтүлөт. 4. Таанып билүүнүн маңызын түшүнүшөт. 5. Өзүнүн жеке пикирин айтууга үйрөнөт. Биз мындан инновациялык ыкмаларды колдонуу менен салттуу методиканы эми колдонбой коюу керек деп айта албайбыз. Чебер мугалим, керек болсо, бир эле сабактын ар кайсы этаптарында инновациялык усулдардан салттуу методикага өтүп, анан кайра жаңы ыкмаларды колдонуп иштей алат. Жаңы методдорду үстүртөн байкоодо абдан жеңил көрүнүшү мүмкүн, бирок чындап келгенде муну колдонуу алда канча татаал болот. Анткени бул усулдун ар кайсы варианттарында окуучулардын өз ара катышуусунун ар түрдүү формалары колдонулат, ал эми бул формалар окуу процессинин ар башка жактары үчүн пайдалуу, мисалы, тил практикасы үчүн мүмкүн болушунча көбүрөөк өз ара катышууга жана тартынчаактыкты жеңүүгө шарт түзгөн методдор керектелет. Кластер - бул идеяларды чагылдыруучу каражат, т.а. бир калыпта эмес ой жүгүртүүнү чагылдыруу жолу. Мында темага байланыштуу эмне айтылса, бардыгы жазыла берет, ал бир кылка эмес, бир кырдуу эмес, көп кырдуу, ар тараптуу ой жүгүртүүнүн ыкмасынын топтому болуп саналат. Синквейн - бул эреже боюнча жазылган ыр, сабактын чакыруу жана ойлонуу баскычында колдонсо болот. Япон миниатюраларына окушогон шарттуу ырдык форма. Синквейндин пайдалуулугу: ар бир окуучу жазуучу, философ боло алат, синквейнди ар бири жаза алат; ар бир окуучунун сөз байлыгы артат, ар бир окуучу кыскача айтып бергенди үйрөнөт; ар бир идея баалуу,ар бир ойду сыйлоо керек деген түшүнүк пайда болот. |