СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Инновациялык окутуунун усулу

Нажмите, чтобы узнать подробности

ИННОВАЦИЯЛЫК ОКУТУУНУН УСУЛУ ЖӨНҮНДӨ ТҮШҮНҮК

Просмотр содержимого документа
«Инновациялык окутуунун усулу»

Сабактын темасы: Инновациялык окутуунун мааниси

Сабактын максаты:

а ) билим берүүчүлүк жагы:

Студенттер инновациялык окутуунун мааниси жөнүндө билим алышат жана түшүнүктөрүн тереңдетишет.

б) өнүктүрүүчүлүк жагы:

Студенттер чыгармачылык менен даярданууга жана усулдарды туура колдонууга үйрөнүшөт, жаңы усулдарды колдонуу ыктарына ээ болушат жана өз алдынча иштөө жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүшөт

в ) тарбия берүүчүлүк жагы:

Мугалимдик кесипти жана балдарды сүйүүгө , чыгармачылык менен иштөөгө тарбияланууга багыт алышат

Сабактын тиби: Жаңы билимдерди өздөштүрүү сабагы

Сабактын усулу: Интерактивдүү усул

Сабактын жабдылышы: Усулдук адабияттар, дидактикалык материалдар, сүрөттөр, магниттик доска, буклет, банер, ватман, маркер, скотч ж.б.


Сабактын жүрүшү:

1. Уюштуруу:

Өтүлө турган сабактын жүрүшү, максаты жөнүндө түшүнүк берүү жана студенттер менен биргеликте сабактын алтын эрежесин кайталоо.

Алтын эреже:

-Сөз биринчи кол көтөргөндүкү.

-Башканын сөзүн уга билүү.

-Тартынбай пикирин айта билүү.

-Бири-биринин пикирин сыйлоо.

-Сабак учурунда уюлдук телефонду өчүрүү.


Студенттердин табитин сабакка тартуу, маанайын көтөрүү максатында “муз жаргыч” колдонуу.

-Сабак жылмаюудан башталат. Бири-бирибизге жагымдуу маанай тартуулайбыз


2. Билимдерди актуалдаштыруу:

Слайд аркылуу өтүлгөн тема менен жаңы теманы байланыштыруу

3. Жаңы тема:

Инновациялык окутуунун мааниси

План:

1. Инновация жөнүндө түшүнүк

2. Инновациялык окутуунун мааниси

3. Инновациялык окутуунун өзгөчөлүктөрү

ХХ кылымдын башында илимде жаңы бир аймак түзүлдү, ал материалдык өндүрүштүн сферасында жаңычылыктын мыйзам ченемдүүлүктөрүн үйрөнүүнүн алкагындагы жаңы нерселерди киргизүү илими болуп саналат. «Инновация» түшүнүгү латын тилинен которгондо «жаңыны киргизүү» дегенди билдирет. Бул илимий адабияттарда кээ бир процессти жүргүзүүнүн жаңыча жолу катары түшүндүрүлөт. Ошондуктан, инновация аркылуу кайсы бир системада бир сапаттык абалдан экинчи бир сапаттык абалга өтүү процесси жүрөт десек болот. Демек «инновациялык» процесс деген жаңычылдыкты жаратуучу, түзүүчү (иштеп чыгуучу), өздөштүрүүчү, колдонуучу жана жайылтуучу комплекстүү ишкер аракеттенүүнү өзүнө камтыйт. Мына ушул санап өткөн бардык ишкер аракеттенүүлөр окуу процессине киргизилгенде гана ал инновациялык окутууга жатат. Эгер ушул жаңыча ишкер аракеттер тарбиялык ишке, өстүрүүгө, же башкарууга байланыштуу болсо, анда ал инновациялык тарбиялоо, өстүрүү же башкаруу деп аталат.

Инновациялык окутуу окуу материалынын мазмунун, окутуунун методун жана формасын жаңылоо катары да көрүнөт. Эгер инновациялык окутуунун масштабы (көлөмү) боюнча аныктагыбыз келсе, ал жекече (локалдык), модулдук (комплекс түрүндө өз ара байланышкан, мис., бир түрдүү предметтер, же бирдей курактагы окуучулардын тобу), системалуу (жалпы мектепти камтыган) болуусу ыктымал. Эгер, мис., мектепте окулбай турган, программадан тышкаркы окуу материалы өздөштүрүлүүгө тийиш болсо, же класска жаңы технология  киргизилсе, бул жекече жаңычылдык деп мүнөздөлөт. Эгер бардык класстарга бирдей, же бир нече класстарга жарыш түрдө жаңыча программа киргизилсе, ал модулдук жаңычылдык деп аталат. Эгер, жаңычылдык бүткүл мектепти кайра курууга багытталса, же жаңычыл билим берүүчү мекеме уюштурулса, ал системалуу жаңычылдык деп аныкталат.

Инновациялык окутуунун негизги максаты – окутууну дифференцирлөөнүн жана индивидуалдаштыруунун негизинде инсандын керектөөсүнө ылайык окуучулардын кызыкчылыктары менен ынтызарлыгын эске алып, билим берүү процессинин структурасын, мазмунун жана уюштуруу формасын өзгөртүү. Ошондой эле, окуучулардын келечекте кесипти туура тандап алууга, кызыгууларына жана окуу тарбия ишин максаттуу уюштурууга жана чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу болуп саналат.

Инновациялык ыкмалар ар түрдүү көп маселелерди чечүүдө өз ара аракеттенүү ыкмаларын ар башкача колдонууга ийкемдүү келет. Бирок кандай гана усулду колдонбойлу, окуучулардын турмуштук тажрыйбасы билим алуунун негизги башаты катары каралышы керек.

Окутуунун же өз ара карым-катыштын сапаты топтун санына жараша болбойт. «Өз ара аракеттенүү» усулунун негизги өзгөчөлүгү мында бул жаңыны ачуу процесси, анын жүрүшүндө окуучулар бири-бири менен карым-катышта болуу аркылуу өз алдынча билим алуу көндүмдөрүн өздөштүрүшөт.

Окуучулар идеяларды кыйла терең иштеп чыгышат, анткени логикасыз айтылган пикирлер оңой эле жокко чыгарыларын билишет. Маселе чечүү учурунда окуучулар өздөрүнүн жана башкалардын тажрыйбасын пайдаланышат.

Эки-экиден болуп же чакан топтордо иштөө учурундагы өз ара аракеттенүүнүн төмөндөгүдөй артыкчылыктары бар: бүтүндөй класстын алдында өз пикирин айткандан тартынган же мугалимге гана жооп берүүгө көнүп калган окуучулар өз ойлорун чакан топто теңтуштары менен бөлүшө алат; окуучулар башкалардын да өз пикирлери болорун, ал пикирлер таптакыр башкача болушу мүмкүн экендигин көрүшөт.

Негизги максат - окуй билүүгө үйрөтүү. Негизинен буларды төмөндөгүдөн байкасак болот.

1. Аларды өзүнө ишенүүгө тарбиялайт.

2. Чечендик өнөрдүн көндүмдөрү өздөштүрүлөт.

3. Уга билүү жөндөмү да өркүндөтүлөт.

4. Таанып билүүнүн маңызын түшүнүүгө жардам берет.

5. Өзүнүн жеке пикирин айтуу укугу аңдап билинет.

Биз мындан инновациялык ыкмаларды колдонуу менен салттуу методиканы эми колдонбой коюу керек деп айта албайбыз. Чебер мугалим, керек болсо, бир эле сабактын ар кайсы этаптарында инновациялык усулдардан салттуу методикага өтүп, анан кайра жаңы ыкмаларды колдонуп иштей алат.

Жаңы методдорду үстүртөн байкоодо абдан жеңил көрүнүшү мүмкүн, бирок чындап келгенде муну колдонуу алда канча татаал болот.

Анткени бул усулдун ар кайсы варианттарында окуучулардын өз ара катышуусунун ар түрдүү формалары колдонулат, ал эми бул формалар окуу процессинин ар башка жактары үчүн пайдалуу, мисалы, тил практикасы үчүн мүмкүн болушунча көбүрөөк өз ара катышууга жана тартынчаактыкты жеңүүгө шарт түзгөн методдор керектелет.

Кластер - бул идеяларды чагылдыруучу каражат, т.а. бир калыпта эмес ой жүгүртүүнү чагылдыруу жолу. Мында темага байланыштуу эмне айтылса, бардыгы жазыла берет, ал бир кылка эмес, бир кырдуу эмес, көп кырдуу, ар тараптуу ой жүгүртүүнүн ыкмасынын топтому болуп саналат.

Мугалим кластер түзүүдө сөзсүз суроолорду жана жоопторду окушун талап кылат. Кластер сабактын чакыруу же ой-жүгүртүү этабында колдонулат, суроолорду кластер түзүү менен ал суроолорго жооп жазышат. Берилген жооптордун тизмеги кыска аңгеме болуп эсептелинет. Качан пайда болгон? Башка шаарлардан өзгөчөлүгү эмнеде? Кандай шаар? Кандай окуу жайлары бар? Кайсы жерде жайгашкан? Кайсы улуттун өкүлдөрү жашайт?

Синквейн - бул эреже боюнча жазылган ыр, сабактын чакыруу жана ойлонуу баскычында колдонсо болот. Япон миниатюраларына окушогон шарттуу ырдык форма.

Синквейндин пайдалуулугу: ар бир окуучу жазуучу, философ боло алат, синквейнди ар бири жаза алат; ар бир окуучунун сөз байлыгы артат, ар бир окуучу кыскача айтып бергенди үйрөнөт; ар бир идея баалуу,ар бир ойду сыйлоо керек деген түшүнүк пайда болот.

РАФТ-стратегиясы менен чыгармага ар тараптуу ой жүгүртүү.

Р - роль.

А - аудитория.

Ф - форма.

Т - тема.

Педагогикалык көз караштан биз анализдей турган инновациялык көрүнүштөрдүн бир багытын көрсөтүп турган интерактивдүү окутуу сабактын негизги элементтеринде, максаттарында, мазмунунда, методдорунда, окутуу формаларында жана сабактын жабдылуучу каражаттарында орун алгандыгын байкайбыз. Ал өзгөчө гумандуу, демократиялуу, биргелешип, маалымат алмашуу, жигердүү алака түзө билген инсандын ишмердүүлүгүн активдештирүүгө багытталган окутуу технологиясы болуп саналат.

Интерактивдүү окутууга түздөн–түз тиешелүү инновациялык сабак жөнүндө педагогика илиминин доктору И.Б.Бекбоев: “Окутуунун негизги элементтерине (максаттарына, мазмунуна, методдоруна, жана окутуу формаларына) инновациялык технология киргизилген сабак инновациялык сабак деп аталарын белгилеген.

4. Бышыктоо:


5. Жыйынтыктоо:

Инновация латын тилинен которгондо “жаңы сунуш киргизүү, жаңылоо” дегенди билдирет. Демек, инновация бул жаңылык, жаңы сунуштарды киргизүү процесси жана кандайдыр бир системанын бир сапаттуу абалдан экинчи сапаттуу абалга өтүүсү болуп саналат. Азыркы кездеги билим берүү актуалдуу жаңы концепцияларга таянып, коомдогу тоталитардык окутуудан четтеп, кызматташууга демократиялык, гумандуу педагогикага багытталган.


6. Баалоо: Бири-бирин баалоо усулу аркылуу баалоо.

7. Үйгө тапшырма берүү: Инновациялык усулдардын түрлөрү




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!