БИЛЕРМАН ОРДО
ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТЕЛЕОЮНУНА 10 ЖЫЛ!
Ι ТУР
@bіlermandar_оffcіal
20
СУРОО
@bіlerman_оrdо
БИЗДИН ӨНӨКТӨШТӨР:
БАРБОЛ ӨНДҮРҮШ ФИРМАСЫ
ОШ ШААРДЫК ЖАШТАР ИШТЕРИ БОЮНЧА КОМИТЕТИ
ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРЕБИЗ!
1 -СУРОО
@bіlermandar_оffcіal
Бул коңуз жер көгөрүп, күн жылыган кезде пайда болот. Кызыгы, байыркы мезгилдерде эле кыргыздар бул коңузду көрүшөөрү менен мындан ары күн жылуу болоорун билишкен жана ал кайсыл жакка учса, демек, ошол жакта көк чөп мол болоорун да аныкташкан. Мына ошондуктан да бул коңузга кыргыз эли ушундай аталыш берген. Жардам иретинде айта кетүүчү сөз бул коңуз көзгө жөнөкөй жана жагымдуу көрүнгөнү менен жырткыч жаныбарлардын катарына кирет. Суроо: жогоруда кайсыл коңуз тууралуу сөз болуп жатат?
1 -ЖООБУ
@bіlermandar_оffcіal
Эл кайда көчөт коңузу
2 -СУРОО
@bіlermandar_оffcіal
Цейлондун зергер буюмдар сатылуучу эки дүкөнүндө чакан гана уурулуктар болуп өттү. Кийинчерээк бул «уурулар» Австарлия мамлекетинде да уурулуктарды жасагандыгы белгилүү болду. Суроо: эгерде сиздер сөз эмне жөнүндө болуп жаткандыгын сезген болсоңуздар, мага ошол «уурулар»ды айтыңыздар?
2 -ЖООБУ
@bіlermandar_оffcіal
Канаттуулар
3 -СУРОО
@bіlermandar_оffcіal
Мындай кыймыл – аракетти, же болбосо өнөрдү айбанаттарга үйрөтпөсө да болот, себеби аларда тубаса инстинг бар. А бирок адам баласына, албетте, үйрөтүү керек. Суроо: ал кандай өнөр?
3 -ЖООБУ
@bіlermandar_оffcіal
Сүзүү
4 -СУРОО
@bіlermandar_оffcіal
Бул белгилүү мультфильм каарманынын жаралуу тарыхынын автору ошол каармандын жаралуу идеясын төмөндөгүдөй айтып берет. Мен көчөдө бара жатып үйдүн дубалына жөлөнүп турган бир хулиган баланы көрдүм. Анын чачтары кара жана узун, курсагы бир аз чыккан болчу жана ал оозуна сигарета тиштеп турган эле. Суроо: жогорудагы мүнөздөмөлөрдүн жыйынтыгында кайсыл белгилүү каарман жаратылган?
4 -ЖООБУ
@bіlermandar_оffcіal
“ Ну, погоди! ” мультфильминдеги кары шкыр
5 -СУРОО
@bіlermandar_оffcіal
Күндөрдүн биринде граф Заводовский улуу жазуучу А. С. Пушкин менен болгон маегинде өзүнүн чоң өлчөмдө каражаты бар экендигин жана алардан түшкөн киреше да ошончолук экендигин айтып мактанат. Ага жооп кылып жазуучу:
“ Андай болсо мен сизден да бай экенмин, себеби менде 33 даана ар дайым пайда келтирип туруучу байлык бар” деп айтат. Суроо: А. С. Пушкин эмнени назарда туткан?
5 -ЖООБУ
@bіlermandar_оffcіal
Орус алфавитин
6 -СУРОО
@bіlermandar_оffcіal
«Илим жана турмуш» деп аталган журналда мындай бир цитата бар: «Эгерде кайсыл бир эркек бир аял үчүн барына даяр болсо, анда ал эркек ошол аялды сүйөт. Ал эми кайсыл бир аял бир эркек киши үчүн барына даяр болсо анда ал ........». Суроо: көп чекиттин ордун толуктап айтыңыздар?
6 -ЖООБУ
@bіlermandar_оffcіal
О шол
эркектин
апасы
7 -СУРОО
@bіlermandar_оffcіal
1873 – жылы “Ллойд” аттуу компания дарексиз жоголгон кемелердин тизмесин түзүп, аларды китеп кылып чыгара башташат. Суроо: аталган компания чыгарган китептерине эмне деген ат коюшкан?
7 -ЖООБУ
@bіlermandar_оffcіal
Кызыл китеп деп
8 -СУРОО
@bіlermandar_оffcіal
Индиялык даанышмандардын пикирине караганда, эгерде каргышка калбайын десеңиз, жаш балдарга, карыларга, аялдарга жана аларга кол көтөрбөө керектиги айтылат. Суроо: дагы эмнелерге?
8 -ЖООБУ
@bіlermandar_оffcіal
Жаныбарларга
9 -СУРОО
@bіlermandar_оffcіal
Амир Темирдин небереси Мухаммед Султан Индияга жортуул жасоонун алдында кеңешмеде мындай пикирин айтат: «Индияны колго киритүү үчүн бизге 3 нерсе тоскоол болот. 1 – дарыя жана токойлор, 2 – толук куралданган жоокерлер. Суроо: ал эми 3 – тоскоолдук эмне?
9 -ЖООБУ
@bіlermandar_оffcіal
ПИЛДЕР
10 -СУРОО
@bіlermandar_оffcіal
Абу Али Ибн Сина адам баласын дары чөптөр менен дарылоону алгач китептерден окуп билген. Ал эми ал учурга чейин да ал кайсы бир кесип ээлеринен дары чөптөр тууралуу маалыматтарга ээ болгон. Суроо: Ибн Сина дары чөптөр тууралуу алгач кайсыл кесип ээлеринен уккан?
10 -ЖООБУ
@bіlermandar_оffcіal
Чабандардан
11 -СУРОО
@bіlermandar_оffcіal
Белгилүү космонавт Алексей Леонов алгачкы жолу космоско көтөрүлгөндө ал жер бетинен адамдын көзү сыяктуу сууну көрөрт. Суроо: ал эмнени көргөн эле?
11 -ЖООБУ
@bіlermandar_оffcіal
Ысык-Көлдү
12 -СУРОО
@bіlermandar_оffcіal
Барганда карды ач ырдап барат, келгенде карды ток ыйлап келет. Табышмактын жандырмагын табыңыздар?
12 -ЖООБУ
@bіlermandar_оffcіal
ЧЕЛЕК
13 -СУРОО
@bіlermandar_оffcіal
Алишер Навоинин чыгармаларынын биринде Азирети Али менен байланыштуу рываят келтирилген. Ал рываятка көрө Азирети Али согуштардын биринде душмандын жаа огунан аябай каттуу зыянга учурап, а түгүл жебенин учу анын сөөгүнө чейин жетип барат. Оору канчалык каттуу болбосун окту сууруп алуу эч да мүмкүн эмес эле. Бирок анын жакындары Азирети Алиге ооруну сездирбей окту сууруп алышкан. Суроо: алар окту кайсыл учурда сууруп алышкан?
13 -ЖООБУ
@bіlermandar_оffcіal
Азирети Али намаз окуп жаткан учурда
14 -СУРОО
@bіlermandar_оffcіal
Өзү кичине, бутун асманга каратып койсо чоң көрүнүп калат. Бул эмне?
14 -ЖООБУ
@bіlermandar_оffcіal
6 САНЫ
15 -СУРОО
@bіlermandar_оffcіal
Белгилүү актёр Уилл Смитт журналисттерге берген интервьюларынын биринде төмөндөгү маалыматтарга токтолот: Голливудда расизм деген түшүнүк жок. Ал жердегилерге сенин түсүңдүн таптакыр кереги жок. Сен аксыңбы, карасыңбы аларга баары бир. Ал жердегилерге бир гана түс маанилүү. Суроо: Уилл Смиттин билдирген маалыматы боюнча ал жерде кайсы түс маанилүү жана эмне үчүн?
15 -ЖООБУ
@bіlermandar_оffcіal
Жа шыл түс. Себеби алар доллар менен гонорар алышат
16 -СУРОО
@bіlermandar_оffcіal
Түрктөр эмнени “кагаз вампири” деп аташат?
16 -ЖООБУ
@bіlermandar_оffcіal
СТЕПЛЕРДИ
17 -СУРОО
@bіlermandar_оffcіal
Адам аны жасайт, бирок өзүнө керек эмес; адам аны сатып алат, бирок аны өзү пайдаланбайт; адам андан пайдаланат, бирок өзү билбейт. Суроо: ал эмне?
17 -ЖООБУ
@bіlermandar_оffcіal
Табыт
18 -СУРОО
@bіlermandar_оffcіal
Эл ичинде мындай бир сөз бар, бул кесип ээлери эки жолу жаңылышат. Биринчи жолу – кесип тандап жатышканда. Суроо: кайсыл кесип ээлери тууралуу сөз болуп жатат?
18 -ЖООБУ
@bіlermandar_оffcіal
19 -СУРОО
@bіlermandar_оffcіal
Дарыгерлердин айтымында бул нерсе менен алектенген адамдардын басымдуу бөлүгү өздөрүнүн сол кулагынын ооруп жаткандыгы менен арызданышат. Суроо: эмне менен алектенген адамдар туурадуу сөз болуп жатат?
19 -ЖООБУ
@bіlermandar_оffcіal
Скрипка ойногон адамдардын
20 -СУРОО
@bіlermandar_оffcіal
Эмнеге ишенип
болбойт?
20 -ЖООБУ
@bіlermandar_оffcіal
Аба-ырайы тууралуу маалыматка
ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ!!!
ЫРАХМАТ!!!
КИЙИНКИ ТУРГА ИЙГИЛИК!!!
@bіlermandar_оffcіal
@bіlerman_оrdо