Просмотр содержимого документа
«Ионосфера презентация»
Тема: Ионосфера
Жердин атмосферасы шарттуу
турдѳ 5 катмарга бѳлунѳт :
- Тропосфера;
- Стратосфера;
- Мезосфера;
- Ионосфера;
- Экзосфера;
Жер бетиндеги жашоо негизинен алдынкы катмарда – тропосферада орун алган. Тропосферанын бийиктиги 8-18 км. Булуттардын пайда болушу, чагылган чагылып, жамгырдын жаашы сыяктуу тарбигый кубулуштар ушул катмарда ишке ашат. Андан жогору озон катмары жайгашкан жана ал жерди зыяндуу космостук нурлардан, сууктан сактап турат. Андан жогору өзгөчөлүгүнө жараша башка катмарлар кетет.
Стратосфера (stratosphere) – 18ден 60 кмге чейинки бийиктиктеги жер атмосферасынын областы. Тропосфера менен мезосферанын ортосундагы катмар. Бул үч катмар биригип гомосфераны түзүшөт. Стратосферанын температурасы негизинен бийиктеген сайын жогорулайт: төмөнкү бөлүгүндө температура –45°Сден –75°Сге чейин, жогорку катмарында –55°Сге чейин жетет. Стратосферада суу буусу аз, булут жок, бийиктеген сайын озон көбөйөт.
Мезосфера (мезо… жана грекче spfira – шар) – атмосферанын ортонку катмары. Стратосферанын үстүнөн орун алган 50 кмден 80–85 кмге бийикте. Улам бийиктеген сайын температура төмөндөйт. Үстүнкү чегинде –70... –130°Ска (орточо –90°С) жетет.
Ионосфера (ionosphere) – 75 кмден 1000 кмге чейинки Жер атмосферасынын иондошкон калың катмары.
Ионосферанын бар экендиги жөнүндөгү оюн алгачкылардан болуп англ. физик Б. Стюарт 1882-ж. көтөрүп чыккан. Ионосферада Күндүн ультракызгылт-көк жана корпускулалык нурлары, ошондой эле космос нурлары газ молекулаларын кесикин ажыратып, иондорду жана электрондорду пайда кылат. Алар Күн нурун өзүнө сиңирип алгандыктан, Ионосферада бийиктеген сайын температура жогорулап, 800 – 1000°Сге жетет. Аба басымы Ионосферада өтө төмөн, 300 км бийиктикте вакуумга жакын.
Экзосфера – Жер атмосферасынын бир нече жүз километр бийиктиктеги тышкы катмары; андан суутектин жеңил атомдору космос мейкиндигине учуп чыгат. Экзосфера иондолгон газдардан турат. Экзосферадагы физикалык процесстер Жердин магнит талаасына күчтүү таасир тийгизет. Экзосферада Жердин радиациялык алкагы жайгашкан.
Дуйнѳлук станциянын жардамы аркылуу ионосферанын ѳзгѳргѳн картинасын окумуштуулар кѳрѳ алышкан.
Ионосферанын электрондук жана иондук тыгыздыгы бийиктиги боюнча турактуу эмес болгондуктан , ионосферадагы радиотолкундардын сынышына жана чагылышына алып келет.
- Радиотолкундар бирдей эмес чөйрөдө тараганда анын траекториясы ийри сызыктуу болот. Ионосферанын электрондук тыгыздыгында радиотолкундардын ийри сызыктуу траекториясы өтө күчтүү болуп, ал жердин үстүндөгү толкун чагылганда жерге чейин жетет. Ионосферада бул учурда радиотолкундардын чагылуу процесси болуп ѳтѳт.
Кыска радиотолкундардын жыштыгы 3 МГц тен 30 МГц ке чейин болот.
Кѳнул
бурганыныздарга
рахмат!