СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Иш кагаздарды жазуу эрежеси

Категория: Завучу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Иш кагаздарды жазуу эрежеси»

Иш-кагаздардын жазылуу тартиби.

Маалымдама-тигил же бул фактыларды маалымдоочу иш-кагазы.

Ал иш стилинде жазылат жана жетекчи тарабынан кандайдыр бир чечимдерди кабыл алууну талап кылбайт.

Маалымдамалар төмөнкүдөй болуп бөлүнөт:

-ички (мектептин жетекчисине багытталат).

-сырткы (мектеп жетекчисинин колу коюлат жана жогорку инстанцияларга арналат).

Мазмунуна карата: анализдөөчү, отчёттук, баяндап жазылуучу болуп бөлүнөт.

Анализдөөчү маалымдамалар 3 бөлүктүн турат.

Биринчи бөлүктө маалымдама жазуунун себептери берилет, экинчи бөлүктө кырдаалга анализ берилет. Учүнчү бөлүктө жыйынтыктар жана сунуштар айтылат.

Отчёттук маалымдамаларда иш боюнча жыйынтыктоочу маалыматтар берилет.

Ошондуктан, баш жагына мөөнөтү көрсөтүлөт.

Информациялык-баяндап жазылуучу маалымдамалар жетекчиликти иштин жүрүшү менен тааныштыруу максатында жазылат.

Маалымдаманы даярдоодо төмөнкүлөр сөзсүз эске алынышы керек:

-фактылардын толук берилиши,

-мөөнөтүнүн так көрсөтүлүшү,

-билим берүүчү мекеменин толук аталышы,

-датасы, регистрациялык номери,

-кимге арналгандыгы,

-маалымдама жазган адамдын кызматы, колу.

Маалымдама.

05.06.2008-ж 9 «В»-класста жүргүзүлгөн класстык жалпылоочу көзөмөлдүн жыйынтыгы боюнча 2008-ж. 15.04. өткөрүлгөн №5 педкеңештин чечиминин негизинде, 18-апрелден 28-апрелге чейин 9-класстарда класстык жалпылоочу көзөмөл жүргүзүлдү. Көзөмөл жүргүзүүнүн максаты 9-класстын окуучуларынын жыйынтыктоочу аттестациялоого болгон даярдыгын, сабактардын өтүлүү деңгээлин, класстагы тарбиялык иштердин жана иш кагаздарын алып барууну аныктоо болду.


Төмөнкүдөй топ түзүлдү:

1. Козубаева А.К.-ОТИ боюнча директордун орун басары

2. Эргешова С.Э.-УИ боюнча директордун орун басары

3. Арунова Б.Ж.-ТИ боюнча директордун орун басары

4. Иманкулова Д.-мектептин психологу


Төмөнкүдөй иш чаралар аткарылды:

-окуучулардын өздөштүрүүсүн, сабактарда колдонулган усулдардын жеткиликтүүлүгүн билүү максатында, сабактарга, класстык сааттарга катышуу.

-окуучулардын жазуу дептерлери, класстык журналдарды, өздүк делолору текшерилди.

-алгебра, кыргыз адабияты, орус тили сабактары боюнча экзаменге чейинки жазуу иштери алынды.

Сабактарга катышуудан мугалимдердин салттык жана интеактивдүү усулдарды пайдалангандыгы (өзгөчө топтук иштер), окуучулардын жекече психологиялык өзгөчөлүгү, жөндөмү эске алынгандыгы байкалды.

Кыргыз тили жана адабиятынын мугалими Кадырманбетова А.А негизинен кошумча адабияттар менен көп иштегендиги, сабактын структурасын мыкты түзгөндүгү жана окуучулардын өз алдынча изденүүсүнө өбөлгө түзөөрү көрүндү.

Окуучулардын сөз байлыгынын көптүгүнө жана туура, таза сүйлөөсүнө көп көңүл бурат.

Жогоруда белгиленген фактыларга таянып, төмөнкүдөй жыйынтык чыгарууга болот:

1.Кыргыз тили жана адабиятынын мугалими салтык жана интерактивдик усулдарды айкалыштырып өтүү менен окуучулардын иш-аракетин активдештирет.

2.Окуучулардын жазуу дептерлери, класстык журналдар системалуу текшерилип турат.

3.Сабакты начар өздөштүргөн окуучулар менен предметтик мугалимдер тарабынан жекече иш алынып барылбайт.

4.Экзамендик материалдарга даярдык предметтк мугалимдер тарабынан жүргүзүлөт.


Сунуштар:

1.Сабактын бышыктоо бөлүмүнө өзгөчө көңүл бурулсун (үй-тапшырмасына окуучуларга коюлган баага комментарий берүү).

2.Окуучулардын сүйлөө кебин өнүктүрүү максатында монологго өзгөчө көңүл бурулсун.

3.Сабакты начар өздөштүргөн окуучулар менен жекече иш алып барылсын.

4.Класс жетекчилер тарабынан окуучулардын сүйлөө маданиятына, жүрүш-турушуна өзгөчө көңүл бурулсун.




Аты-жөнү____________________________________________________________________________

Колу________________________________________________________________________________



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!