СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Каадасы болбой- эл болбойт

Категория: ОРК

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Каадасы болбой- эл болбойт»

Сабактын темасыКаадасы болбой эл болбойт.

Сабактын максаты:
1. Кыргыз элинин каада-салттары жана алардын мааниси боюнча тушунук беруу. Элдик каада-салттарды урматоого чакыруу.
2. Окуучуларды оз элин, жерин суйууго тарбиялоо.
3. Оз оюн эркин айтууга конуктуруу.
Сабактын жабдылышы:  суроттор.
Сабактын журушу: 
I. Уюштуруу.
Сабактын темасы максаты менен тааныштыруу.
II. Киришуу.
Мугалим: Дүйнөдө түркүн элдер жашайт. Ар бир элдин тили, дини, салт-санаасы, үрп-адаты, кулк мүнөзү, ырым- жырымдары бар. Биздин кыргыз элинин үрп-адаты миңдеген жылдар бою жашап келет жана да жашай берет.
Абалтадан салт-санаасын сактаган,
 Акыл оюн алыс жолдо тактаган.
 Кылымдардан кылымдарды карыткан,
Кыргызымдын тили менен мактанам. 
  ӏӏӏ.    Жаны тема:
Балдар, биз бүгүн кыргыз элинин үрп адаты, каада–салты менен таанышабыз. Балага ат коюу, кыз узатуу, жентек той, келин келгендеги салттар ж.б. Бала торолгондо кандай салттар бар экенин силер да билсенер керек. Анда томонку инценировканы королу:
Бала: - Сүйүнчү, сүйүнчү, байкем уулдуу болду.
Чоң эне: Болсун айланайын, болсун! Оозуңарга май.
Чоң ата: Кана балдарым, жентек тойго келгиле, ырдап-бийлеп көңүл ачкыла. Ымыркай бала жарык дүйнөгө келген соң ага азан чакырып ат коюу кыргыз элинин улуу салты.
Ымыркай бала төрөлгөндө азан чакырып ат коюлбаса, ал чоңойгондо кайрымсыз болот экен.
Чоң ата:
Теңирим адам берди,
 Ааламга адам келди.
 Айыл калаа сүйүнчү,
 Азан айтып атын коем.
 Теңир берген затын коем.
 Уул болуп жоодон сактасын,
 Эне эмизген сүтүн актасын.
Чоң ата азан чакырып, небересине атын коет.
Мугалим :
Кыргыздар жашап келет бул ааламда,
 Дагы да жашай берет кылымдарга.
 Салттары, үрп-адаты, мурастары,
 Арналып эң бир асыл урпактарга.
Балдар, кыздар макал-ылакап айтышат.
1. Жакшы кыз жакадагы кундуз,
 Жакшы уул көктөгү жылдыз.
2. Адамдын сынчысы көпчүлүк.
3. Жакшы бала элпек, Жаман бала тентек.
4. Элпек болмок өзүңдөн,
 Сылык болмок сөзүңдөн.
5. Өз боюңа сак бол,
 Убадага так бол.
1. Эне сыйлаган элине жагат,
 Ата сыйлаган абийир табат.
2. Баланын билеги ооруса,
 Эненин жүрөгү ооруйт.
3. Эби жок эрке,
 Уят болоор элге.
4. Акыл көркү тил,
 Тилдин көркү сөз.
5. Баатырдын көркү маңдайда,
 Чечендин көркү таңдайда.

Мугалим: Илгертен келген дагы бир салт “Акыйнек айтуу”. Акыйнек оюнуна курбу-курдаштар, тели–теңтуштар, тамаша сынды көтөрө алган, жамактап ырдай билген кыздар чогулуп, бири-бирин сындап, ыр менен кайым, акыйнек айтышкан.

Балдар, кыздар акыйнек айтышат:  
Акыйнек ырын ырдашуу,
 Абалтан кыргыз салты экен.
 Акыйнек ырын улантуу,
Атабыз кыргыз наркы экен.

Ыр ырдашып сындашуу
Ыр жандуу кыргыз салты экен
Сынга сындай жооп айткан.
Атабыз кыргыз наркы экен.

Сени болсо топ кыздар,
Киймин чактап кие албас.
Кийсе да таза жүрө албас,
Жаман кыз экен деп жүрөт.

Сени болсо топ кыздар,
Уйкучу кыз деп жүрөт.
Сабагында үргүлөп,
Парта сүзөт деп күлөт.

Сени болсо курбулар,
Ата-энесин сыйлабас.
Акыл сөзүн тыңдабас,
Эси жок кыз деп жүрөт.

Сени болсо теңтуштар,
Мактанчаак кыз деп жүрөт.
Үй оокатка кош көңүл,
Жалкоо кыз экен деп күлөт.

ӏV. Жыйынтыктоо.
Мугалим : Ошентип, балдар!
 Карыяларыбыз нускалуу болсун,
 Байбичелерибиз нускалуу болсун.
 Келин-кыздарыбыз уяттуу болсун,
              Уулдарыбыз ыймандуу болсун,
— деген тилекти айтуу менен бүгүнкү сабагыбызды жыйынтыктасак.






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!