СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кайтарым байланыш анкетасы

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кайтарым байланыш

Просмотр содержимого документа
«Кайтарым байланыш анкетасы»

Кайтарым байланыш анкетасы

.КИРИШYY.

Кайтарым байланыш билим берүү процессине оӊ таасир берет жана ал аркылуу окуучу-ларга билим алууда алдына койгон максаттарына жетүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Окуучу-лардын билим алуу процессинин кайсы жактарына көңүл буруу керек экенин көрсөткөн кайтарым байланыш окуучуларга билим алууда өз күчүнө ишенип, өздөрүнүн жетишкен-диктерин жогорулатууга түрткү берет.

Калыптандыруучу баалоо билим алуу процессинин катышуучуларынын баарына өз убагында так маалымат алууга:

1) мугалимге – окутуу программасына өзгөртүү киргизүүгө, окуучулардын муктаж-дыктарына жараша окутуу методдорун жана ыкмаларын ыңгайлаштырууга;

2) мугалимдин окуучуга берген кайтарым байланышын, билим алуу ыкмаларынөзгөртүүгө, билим алууда окуучулардын жетишкендиктерин жогорулатууга мүмкүн -чүлүк берет.Кайтарым байланыш боюнча бир кыйла изилдөөлөр жүргүзүлгөн. 1998-жылы П. Блэк жана Д. Уильям кайтарым байланыштын окуучулардын жетишкендиктерине болгон таасирин изилдешкен. Алар кайтарым байланыштын окуучулардын билим алууга шыктануусуна, алардын интеллектуалдык жана окуп-үйрөнүү жөндөмдөрүнө таасирин тийгизерин аныкташкан.

Калыптандыруучу баалоонун беш компонент:

1. Мугалимдин окуучуларга натыйжалуу кайтарым байланыш берүүсү.

2. Баалоонун натыйжаларын эске алуу менен окутуу процессин ыңгайлаштыруу.

3. Окуучулардын өздөрүнүн билим алуу процессине активдүү катышуусу.

4. Баалоонун окуучулардын шыктануусуна болгон таасири.

5. Окуучулардын өздөрүнүн билимин өз алдынча баалай билүүсү.



Окуучулар кайтарым байланыш жөнүндө маалыматы болгон сон: – Баяндоо түрүндөгү кайтарым байланыштын өзгөчөлүктөрүн түшүндүрө алышат

;– баалоо жана баяндоо түрүндөгү кайтарым байланыштарды айырмалай алышат;

– окуу максаттары, баалоо критерийлери жана кайтарым байланыштын ортосундагы байланышты түзө алышат;

– окуу көндүмдөрү боюнча жазуу жана оозеки түрүндөгү кайтарым байла-ныштарды иш жүзүндө колдоно алышат.



. КАЙТАРЫМ БАЙЛАНЫШТЫН МААНИСИ

Кыргыз Республикасынын жалпы мектептик билимдин Мамле-кеттик билим берүү стандартынын 70-пункутунда төмөнкүдөй айтылган: «Баалоонун максаттарына жетүү үчүн башталгычкласстардын мугалимдери:

1) позитивдүү эки тараптуу байланышты (окуучунун ишине баяндама берген жазуу жүзүндөгү жана оозеки отчёттор) түзөт, окуучуларга азыркы натыйжалары менен мурдагы натыйжаларын салыштырууга жардам берет, шыктануусун, таанып-билүү процесстерин өнүктүрүүгө, окуу натыйжасы катары компетенттүүлүктү өнүктүрүүгө оозеки баа берет;

2) натыйжаларга жетишүүгө жана инсандын өнүгүшүнө тие-шелүү окуучунун прогрессине көз салат жана ар бир окуу жылынын аягында сыпаттоо баасын берет»1.

КАЙТАРЫМ БАЙЛАНЫШ Окуучуга

• күтүлүүчү натыйжаларга карата жетишкендиктеринин деӊгээли тууралуу түшүнүк берет;

• ишмердүүлүгүн өркүндөтүү үчүн кеп-кеңештерди берет.

Мугалимге

• окутуу процесси кандай өтүп жаткан-дыгы жөнүндө; ар бир окуучунунийгиликтери жана жетишпегендик-тери боюнча маалымат берет.Кайтарым байланыш жөнүндө кеп кылып жатканда мугалим жана окуучу үчүн кайта-рым байланышка көңүл буруу керек.

Кайтарым байланыш– белгилүү бир максатка жетүүгө багытталган конкреттүү иш- аракеттер, жагдайлар жана көйгөйлөр тууралуу маалымат берүү жана алуу процес -си. Кайтарым байланыш өз ара сый-урмат жана ак ниеттүүлүк шарттарында берилип, окуучу ларга каталарын оңдоп, туура жооп берүүгө убакыт бөлүнгөндө гана жогорку ийгиликтерди камсыз кылат.Кайтарым байланыш окуучулардын ишмердүүлүгүнө жана анын натыйжасына карата мугалимдин көңүл буруусу болгондуктан билим берүү сапатына чоң таасирин тийгизет. Мугалимдин көңүл буруусу – бул окутуу процессинде окуучунун түшүнбөй калуу көйгөй -лөрүн жоюу үчүн мугалим тарабынан берилүүчү кеп-кеңештер, сунуштар жана түшүндүр-мөлөр. Кайтарым байланыш жеке окуучуга, анын окуудагы конкреттүү көйгөйүнө багыт-талат жана окуучуларды өздөрүнүн кетирген каталарын оңдоо.

Учурдагы практикадан мугалимдер өздөрүнүн ишинде баалоо жана баяндоотүрүндө-гү кайтарым байланышты колдонуп жүргөндөрүн көрүп жүрөбүз.Баалоо түрүндөгү кайтарым байланышокуучуларга жалпы эскертүү түрүндө кээ бир гана маалыматты берет, бирок окуучуларга эмнени жакшыртуу талап кылынары жана ага кантип жетүү боюнча сунуштарды бербейт. Баалоо түрүндөгү кайтарым байланышкөбүнчө оозеки түрдө түшүндүрмө берет, маалымдайт жана окуучуларды жетишкен-диктеринин натыйжасы боюнча салыштырат.Баяндоо түрүндөгү кайтарым байланыштын мисалдары:

Баалоо түрүндөгү кайтарым байланыштын мисалдары:

ശ Эң жакшы

!ശ Азамат! Туура

.ശ Сен кайра ошол эле катаны кетирдиң!

ശ Жакшы, көркөм окудуң! Мен сени менен сыймыктанам

!ശ Бардыгын туура аткардың. Азаматсың!

ശ Тапшырманы мыкты аткардың!

ശ Сен дайыма...!

ശ Сен кайрадан...!

ശ Текстти жакшы окудуң. Кийинки жолу окуганда сөздөрдүн мүчөлөрүнө көңүл бур.

ശ Жаныбардын үнүн абдан жакшы туурадың. Текстти кайра окуганда, жаңы сөздөргө көңүл бур.

ശ Суроого жооп берип жатканда башкы каармандын сөздөрүн эсте, бул сага туура жооп берүүгө жардам берет.

ശ Текстти кайра окуп чыгып, «эмне үчүн» деген сөз менен башталган 3–4 суроо түз.

ശ Аңгемедеги окуялардын ырааттуулугун эсте, алар сага су-роого жооп берүү үчүн жардам берет.

Баяндоо түрүндөгү кайтарым байланыш күтүлүүчү натыйжалар жана баалоо критерий-лери менен түздөн-түз байланыштуу. Ал окуучуларга билим алуу сапатын жогорулатуу үчүн кийинки иш-аракеттерине байланыштуу зарыл болгон көрсөтмөлөрдү, сунуштарды, кеп-кеӊештерди берет. Бул учурда окуучулар өз ишин жакшыртуу, оӊдоп-түзөөлөрдүкиргизүү үчүн жоопкерчиликти өзүнө алат. Баяндоо түрүндөгү кайтарым байланыш муга-лим менен окуучуну оозеки жоопту же жазуу түрүндөгү тапшырмасын жакшыртуу ыкма-лары боюнча активдүү диалогго тартат. Жазуу жана оозеки формадагы түшүндүрмөлөр менен берилген белгилүү бир маалыматтарды камтыйт.Мактоо же эскертүү окуучунун аткарган ишине эмес, жеке окуучу -га тиешелүү түрдө айтылса, терс таасирин тийгизүүсү ыктымал. «Азаматсың, тапшырманы биринчи аткардың!» же «Эң акылдуу -суң!» сыяктуу мактоолорду окуучу окуудагы жетишкендиктерине тиешелүү эмес, өзүнүн жеке сапаттарынын артыкчылыгы катары кабыл алуусу мүмкүн. Ошондуктан, мактоо сөздөрүн кылдаттык менен айтуу кажет.

ОКУУЧУЛАРГА НАТЫЙЖАЛУУ КАЙТАРЫМ БАЙЛАНЫШ БЕРYY

Натыйжалуу кайтарым байланыш төмөнкү үч суроого жооп берет:

1. Эмнени жакшы аткара алды?Тапшырманы кандай аткарганына карабастан, окуучуну колдоо.

2. Эмнени жакшыртуу керек?Кайсы жерин жакшыртуу муктаждыгы бар экенин көрсөтүү.

3. Кантип жакшыртуу керек?Жакшыртуу боюнча кеп-кеӊештерди, сунуштарды бере аласын

Сен ... кыла аласың.

Бул тапшырмада ... көӊүл бурууну унутпа....

кандай кылат элең?

Сенин ... окуганың мага ... билдирет.

Сенин оюңча, ... үчүн эмне кыла аласың?

Балким, ... аткарып көрөсүӊ.

Сен ... туура, ыраатттуулук менен ой-жүгүртүп жата-сың

.Сага дагы бир ... керек.

Сенин кийинки кадамың ... болушу мүмкүн

Сен ... абдан жакшы аткардыӊ.... учурду дагы жакшыртуу керек.

Эки жылдыз бир каалоо






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!